Асыран Айдаралиев Айсулуу Токомбаева тууралуу

Айсулуу Токомбаева «Аккуу көлү» балети, 1987-жыл

Айдың көлдүн Аккуусу, атактуу Айсулуу эжекебиз

1987-жылы азыркы Астана шаарына (мурунку Целиноград) Абдылас МАЛДЫБАЕВ атындагы кыргыз опера жана балет театрынын жайкы сезондук гастролу менен барып, ал кездеги атактуу балерина, СССРдин эл артисти, ошондогу улуу держава СССР берген мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Айсулуу Токомбаеванын көл үстүндө көкөлөп учуп бараткан мобул аккуу сымал сүрөтүн казак калаасынын кичине-чоң көчөлөрүндөгү аялдамалардын бирин калтырбай чаптап чыкканым эсимде. Ошол учурдагы кыргыз опера жана балет искусствосуна аттын кашкасындай таанымал дөө-шаалары Болот Миңжылкыев, Кусеин Муктаров, Токтоналы Сейталиев, Чолпонбек Базарбаев, Айсулуу Токомбаева баш болгон чыгармачыл труппаны көп улуттуу Астана шаар тургундары жана казак баурдастарыбыз бир ай бою болуп көрбөгөндөй аншлаг менен кабыл алып, катуу сүйүнүп узатышкан.

Чолпонбек Базарбаев жана Айсулуу Токомбаева

Ошол атактууларыбыз азыр кайда? Мен билгенден балет өнөрүнүн өчпөс чебери, кайталангыс таланты Бүбүсара Бейшеналиевадан кийин кыргыз балет тарыхына кайрадан өзүнчө өң-түс, жаңы чыйыр, ачылыш алып келген Айсулуу эжекебиздин түрктөрдүн Анкара шаарына иштеп кеткенине быйыл он жети жылдын жүзү болсо керек. Анда санда келип, эл-жерине болгон эргүүсүн, сагыныч-бугун жазып кетээрин айтканы бар.

Эл каймактарынын элеси сиңген отургучтар

2006-жылдын башында атактуу балеринанын «Анкарадан келиптир» дегенин угуп, айласын таап, эжеге жолугуп көпкө маектешкем. «Үйгө кел» деген, айтылган үйдүн дарегин көздөй декилдеп кирип баратсам, эжекебиз жол жээгинде мени күтүп аркы-терки басып жүрүптүр. Учурашкан соң Эркиндик (Дзержинский) гүлбакчасын беттей жөнөдүк. Ичимен «эмнеге ошол жакка» деп койгом. Кеп учугун улай кете берип, темиржол бекетине бираз жетпей барып узатасынан турган отургучтардын бирине отурдук. Ой учкулу оголе тереңге сүңгүй түшкөндөй болуп, тунжурай калган тынчтыкты тура калып бузуп, Айсулуу эже терең улутунуу менен сөзүн кайра улаган эле.

Айсулуу эже менен. Эркиндик гүлбагы, 2006-жыл, январь. Сүрөт Асыран Айдаралиевдики

«Ушул отургучтарда Түгөлбай Сыдыкбеков, Аалы Токомбаев, Токтоболот Абдумомунов, Темиркул Үмөталиев, Гапар Айтиевдер баш болгон ХХ-кылым соңундагы кыргыз улутунун улуу жүздөрү чогулуп алышып, укмуш сөздөрдүн учугун чубап отурушаар эле. Бул гүлбакча — ошолордун элестери, алардын калтырган издери. Жеке менин да балалык баео мүнөзүмдөн түмөн-түйшүктүү турмуш жолум, алгачкы кадамым, дүйнөгө болгон көзкарашымдын калыптанышы, баркы чексиз балет өнөрүнө багыт алган мезгил башатым ушул гүлбакчадан башталган. Жогоруда аты аталган аксакалдар биздин үйгө ар дайым үзбөй келишип, үй мүйүз тарта отуруп алышып, канчалык көп сүйлөшпөсүн, эч убакта биринен-бири сөз талашып, кыжылдашкан учурларын таптакыр көрбөптүрмүн. Апам ар дайым алардын капталына Гүлмира экөөбүздү отургузуп коет, а биз маашырлана угабыз. Ошолордун улуулугуна, акыйкат сөздөрүнө, адамдык бийик касиеттерине сугарылган балалык жандүйнөм мени өмүр бою ариет менен тазалыкка, абийирдүүлүк менен туруктуулукка, арбир кыймылыңды эл баалай тургандай патриоттуулукка үндөп келет. Мен ошон үчүн бактылуумун. Калыстыгы менен кара кылды как жарган карыялардын «Ай, балдар, уят эмеспи, ырыс алды ынтымак, кечиримдүү болгула, токтотпойсуңарбы…» деген сыяктуу акылман сөздөрү жетишпегендей, коркуп-үрккөн коом ошого суусап тургандай. Карабайсыңбы, эмнегедир азыр баары тең башкача, тээтиги үйлөрдүн тегерегин коргон кылып тосуп алышкан, мындай нерсе кыргыздын салтында качан бар эле? Ашыкча оокат, байлык адамды уламдан-улам коомдон алыстатып, бөлүп, өз көлөкөсүнөн корко тургандай абалга жеткирип салат тура. Мени ойлонткон азыр ушул коркунуч, өзгөчө кыргыздар башын сайып байлыкка умтулуп, жөнөкөй эле адамдык касиеттерден алыстап бараткандай» деди эле.

Асыран Айдаралиев

Соц тармактар:

Добавить комментарий