Абдылдажан Акматалиев: «Манас» — бүтүн бир руханий Аалам…»

— «Манас» эпосу боюнча кийинки мезгилдерде бир топ карама-каршы пикирлер пайда болуп, талаш-тартыш башталды. Окурмандардын «мээсин айландырган» жаакташуунун зарылдыгы бар беле?
— Демократия өлкөлөрүндө сөз эркиндиги болушу керек деп биз анын маани-маңызын түшүнбөй эле сөздүн касиет-кудуретин, таасирин, кадыр-баркын, жоопкерчилигин жоготуп алдык окшойт. Азыр эч ким айткан, жазган сөзүнө жооп бербейт. Адамдын абийири, жан дүйнөсү таза болбогондон кийин ар ким өзүнө ылайыктап, буйлалаган төөдөй кылып, ээси жок сөздү ээрчитип албадыкпы! Баарыбыз эле «Манас» эпосуна жан тартып жатабыз. Ким кандай позициядан, көз караштан карагандан, ой жүгүртүүдөн, түшүнүктөн, аң-сезимден, билим-илимден чыгып жатат. Кайсы гана вариантты албайлы бири-бирине карама-каршы койбой, «Манасты» бүтүн бир руханий Аалам катары кабыл алышыбыз керек. А биз эмне кылып жатабыз?! Ар бир сабынан саясатты, тарыхты издеп, даректүү документ катары багыт алып, жыйынтык чыгарып жатабыз. Ар кимдин өз «Манасы» болуп калды, бул кооптуу көрүнүш. Кандай гана көз караш болбосун «Манас» эпосунан бүгүнкү күнгө жана келечекке керектүү, кыргыз элинин өсүп-өнүгүшүнө руханий күч-кубат берүүчү, бириктирүүчү сапаттарды табышы керек. «Манас» эпосун ар ким деңгээлине карап устукандай берсе, эпостон кемчилик издей берсе, терс жагына оодара берсе «Манастан» эмне калат? «Манас» эпосунан жалпы адамзатка, анын ичинде улуттук менталитетибизге зарыл проблемаларды изилдеп, жайылтып турсак гана! «Манаска» ушундай критерийден карасак, талаш-тартыштар болбойт эле, зарылдыгы да жок болчу. Биз канчалык «Манас» эпосун нары-бери тарткан сайын анын дүйнөдө теңдеши жок улуу, алп мааниси менен көлөмүнө шек келтирип, өтө майдалап, бырпыратып, уратып жатабыз. «Манас» эпосуна көздүн карегиндей аяр мамиле кылуу ар бир атуулдун милдети болушу керек.

— Быйыл 1952-жылы өткөн «Манас» эпосунун элдүүлүгү жөнүндөгү илимий конференцияга 60 жыл толот экен? 60 жылдан кийин кайра «Манас» эпосуна байланыштуу пикир келишпестиктер болуп жатат, бул кокустукпу, же мыйзамченемдүү көрүнүшпү? Өткөндөн сабак алган жокпузбу?
— Туура айтасың, ошончо мезгил өтүп кетиптир. 6-10-июнь айында «Манастын» тагдыры оң чечилип, бизге жетип отурат. А эгерде саясий чечим болуп, бизге жетпей калса эмне болмок?! Конференцияга Москва, Ленинграддан, Союздук республикалардан келип катышкан. Биз 1952-жылдагы конференциядан жыйынтык чыгарышыбыз керек. Чыңгыз агай сейилдеп жүргөндө айтып калар эле: «Ошондо биз студентпиз, азыркы Эркиндик бульварында, бул геология институтунда конференция болуп, катышуучулар батпай, чымын учса угулчудай болуп, жайдын аптабында ачылган терезеден шыкаалап турган элек «Манасыбыз» эмне болот?» — деп. Бири сүйлөсө «Манасты» жапырып кетет, экинчиси сүйлөсө тирилтип кетет. Биз ичибизден «Манаска» ынтызар болуп, ылым санап укканбыз. Талашкандар «кызыл-чеке» болушту. Акыры «Манас» акталып чыкты, кубанганыбызды айтпа!» Анда саясий идеологиянын капшабынан айрымдар «Манас» эпосун феодалдык эскинин калдыгы, бай-манаптардын чыгармасы деп, бүгүнкү күнгө жооп бербейт деп, эл душманына айлантып жибергенге аз эле калышкан.

А бирок бир нерсени так билишибиз керек, партия деле «Манасты» биротоло жок кылып жиберүүдөн чочулашкан, ошондуктан эпос-тун пантүркисттик, панисламисттик, диндик көз караштардан тазалап, курама, кошмо вариантты түзүү идеясын көтөрүп чыгышкан. Советтик мезгил «Манас» эпосуна өзүнчө мамиле кылган. Советтик учурду бир жактуу күнөөлөй бергенге болбойт. «Манасты» жаздырып алууда, жыйноодо, китеп кылып чыгарууда жана изилдөөдө камкор мамиле кылганын тарыхый фактылар күбөлөп турат.

— Конференцияда капилеттен «Манас-ка» жол таап берген ким эле?! Ар түрдүү фамилияларды укканым бар?
— Конференциянын жүрүшүндө М.Богданова, А.Токомбаев, Б.Юнусалиев, С.Табышалиев, К.Сооронбаев, В.Сухотин, М.Ауэзов ж.б. курама вариантты түзүүнү жактап чыгышкан. Бул пикир негизинен жалпы ой болгон, ошондуктан атайы бирөөнү бөлүп көрсөтүү мүмкүн эмес. Ошентсе да, Мухтар Ауэзов конкреттүү үч суроо коюп, «Манас» кыргыз элине керекпи, же жокпу? Курама вариантты түзүү мүмкүнбү? Кантип түзүү керек?» — деп кеңири оюн билдирген. Мындай кошмо вариантты өз мезгилинде В.Радлов колдонуп, үч манасчынын айткан тексттерин бириктирген. Ошону менен бирге союзда ал мезгилде курама вариант түзүүнүн тажрыйбасы болуп калган. Алсак, армяндардын «Сасундук Давид» эпосу 70 версиянын негизинде түзүлгөн.

— Конференция резолюция кабыл алса керек…
— Ооба, чечим кабыл алынган, он пункттан турган. Эпосто терс көрүнүштөр бар деп эсептелип, бирок негизи элдик деп баа берилген. Москвадан чыккан «Великий поход» (1946) китебинин басылышы кемчилик деп көрсөтүлгөн. Ошол мезгилдеги варианттардын бирин да толук элге жеткирүү болбойт делген, натыйжада «Манас» эпосунун курама вариантын түзүү чечими кабыл алынган. Сен экөөбүз бала кезде окуп чоңойгон төрт көк китеп көптөгөн чыгармачылык түйшүктөн кийин гана жаралган. Юнусалиев, Токомбаев, Маликов, Сыдыкбековдор күнү-түнү иштешкен. Азыр бул китепке да текебер мамиле кылып, таптакыр жаратпай атпайбызбы, а бул китептер кыргыз интеллигенциясынын аң-сезимине, жүрөгүнө бурулуш жасаган руханий байлык болуп кала берет. Азыр дагы ушул китептерди бир сыйра кайра карап чыкса, бастырса болот, анын эч кандай зыяны жок.

— «Манас таануу» институту жоюлуп кетти деп дуулдап жатышат, аныгын угалы дедим эле?
— Эми бул мындай, алардын бардыгы билбегендиктен айтып жатышат. Эч убакта атайы Манас таануу институту уюшулган эмес. 40-жылдардан бери Манас сектору, же «Манас бөлүмү» деп аталган түзүмдөр ар дайым «Тил жана адабият институтунун» жана «Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борборунун» курамында болуп келген. Институттун аталыштары ар кандай болгону менен баягы эле «Манас бөлүмү» болуп, беш-алты киши иштеген, азыр да иштеп жатат. Кээ бирлер жалган маалыматка ээ болушуп, Манас институтун Айтматов институтуна айлантып алышты дегени туура эмес. Айтматовдун аты гана Тил жана адабият институтуна берилди, ал эми Айтматов боюнча болгону бир эле штат бар. «Манас» бөлүмүнүн штатын кеңейтели, эпосту комплекстүү изилдөө (тил, тарых, философия, педагогика, психология ж.б.) кезеги келди, жок дегенде он штатка жеткирели, деп айтып келе жатканыбызга мен билгенден жыйырма жыл болду. Ага маани берген чоңдор жок. Кээ бирлер ойлогондой, чаташкандай — биз манасчыларды эмес, манастаануучуларды тарбиялайбыз.

— Адабиятчы катары «Манас» эпосуна кандай кызмат кылдың?
— Эң биринчиден, «Манас» эпосунун айрым проблемалары боюнча ондогон макалаларды жаздым, маектерди бердим. «Манас — эпос-океан» деген Ч.Айтматовдун ой-пикирлерин топтоп, түзүп чыгардым. «Алп манасчынын изи» деген С.Каралаев жөнүндөгү макалаларды түзүп, жарыкка чыгардым. Чет элдик жана республикалык конференцияларды уюштуруп, доклад жасадым. Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдин академиялык басылмаларынын тогуз томдугуна башкы редактордун орун басары болуп, 1000 жылдыкка чыгып калышына камкордук кылдым. 2010-жылы улуу манасчылар Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин варианттарында «Манас» эпосунун негизинен толук чыгышына түзүүчү, башкы редактор болуп катыштым. К.Нанаев менен З.Бектеновдун кара сөз түрүндөгү «Манас» эпосун орусча жана кыргызчасын чыгарууда жетекчилик кылдым. «Манас» эпосунун сөздүгүнүн» түзүүчүлөрүнүн, «Манас» энциклопедиясынын» авторлорунун биримин. Экинчиден, жаш манастаануучулар С.Дүйшембиев, Э.Усупбаева, Гүлчынар Доган сыяктууларды тарбиялап чыгардым. Мен диссертациялык советтин төрагасы болуп турганда Р.Сарыпбеков, Ж.Орозобекова, Т.Бакчиев, Бикмухамедова, К.Жумалиев сыяктуу манастаануучулар илимий эмгектерин жакташкан. Бардыгына шарт түзүп бергенге аракет кылып, атайы диссертациялык советке казак окумуштууларын чакырып, кол кабыш кылгам. Үчүнчүдөн, С.Мусаев, К.Кырбашев, Э.Абдылдаев, Р.Сарыпбеков, Р.Кыдырбаева, А.Жайнакова өңдүү манастаануучулардын илимий эмгектерине демөөрчү таап чыгардым. Эсимде калганы ушул. Бул бир кишиге оңойбу? Ар бирине токтолсом, газетанын көлөмү чак келбейт.

— Өкмөттөн «Манаска» акча талашып жатат, тим эле койбойбу, болбосо доо артпай эле өзү чыгарбайбы деп күнөөлөп да жатышпайбы?
— Эми эмне кыл дейсиңер? Баягы биз окуган жомоктордой болуп жатпайбы? Оңго бассаң өзүң, солго бассаң атың өлөт, түз бассаң атың дагы, өзүң дагы өлөсүң дегендей. «Манаска» Өкмөт каражат бербегенде ким берет?! Мамлекеттик мекеме болсок, арманыбызды Өкмөткө айтпаганда кимге айтмак элек. Айтсаң да күнөөлүүсүң, айтпасаң да күнөөлүүсүң. Мамлекеттик камкордук керек! Азыркы спонсорлор манасчыларга жардам берип жатышат, аларды толук колдойм, дагы беришсин, аларга кызгануу жок. Анткени, өзүнүн жеке каражатын кимге берет, канча берет өздөрү билишет. Орозбаков менен Каралаевдин академиялык басылмаларына спонсор чыкпаса, чаң басып жата береби?! Ал эми Тоголок Молдонун, Мусулманкуловдун, Сазановдун, Чокморовдун ж.б. варианттарын эмне кылабыз? Жатып калбай спонсор деле издеп жатабыз. Тилек Мураталиев менен Айнагүл Алымжановага рахмат, эки алптын «Манасын» чыгарып беришти. Азыр Бакыт Романов менен да сүйлөшүп жатабыз. Мен бизнесмен болсом өзүм деле «Манасты» чыгарып коймокмун. Каражат айрымдар ойлогондой бизге эмес, «Манаска» керек. «Манастан» пайда көрөм деп өз кызыкчылыгын ойлогон адам оңбойт.

Маектешкен Темирбек Алымбеков, «Алиби» («Кыргыз гезиттер айылы»), 10.04.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий