Каякка учат Лейлектин турналары, … Курбаналы?..

Кыргыз адабиятынын 70-жылдардагы поэзия гүлдөрүнүн бири Курбаналы Сабыров эле. Ооба, каркырадай катарлаш чыгышкан таланттуу акындар Жолон Мамытов, Турар Кожомбердиев, Табылды Муканов, Орозбай Көчкөнов, Сатыбалды Кадыров, Курбанбай Калдыбаев ыр менен жашап, бири-биринин көркү эле. Кайран таланттар өкүнүчтүүсү ошо катарын бузбастан мезгилинен эрте кайтпас күнгө калкылдап кете беришти.

Бу сапар кеп учугу Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээси Курбаналы Сабыров тууралуу болмокчу. Айтылуу Лейлек элинин кулуну, Козу-Багландын сүйүктүү уулу, кыргыздын кымбат акыны Курбаналы Сабыров тирүү болгондо 70 гана жашка чыкмак.

Ушу күнгө чейин не деген керемет ырларды жаратмак. Бирок, тагдырдан эч ким качып кутулабайт деген кептин чындыгындай, ал 39 гана жашка чыкты, арман – аз жашады. Анткени менен саз жашады, элинин жүрөгүндө ак башат ырлары менен жашап калды. Андай сүймөнчүккө жеткирген анын ошо канаттуу ырлары болду. Анын “Козу-Баглан”, “Нур булак”, “Өрүкзар”, “Жүрөктөгү күн”, “Орто жаш”, “Керээз”, “Лирика” аттуу ырлар жыйнактары түбөлүктүү экинчи өмүрү. Акындын мааракеси жердештеринин демилгеси менен Лейлек жергесинде өткөнү жатат. Чыгармаларынын 2 томдугу жарыкка чыгууда. Ага Кыргызстан Жазуучулар Союзунан акын жазуучулар чакырылган.

К.Сабыровдун чыгармачылыгы тууралуу замандаш-каламдаштарынын эр­те-кийин жарык көргөн эмгектери арбын. Акындын 70 жылдык мааракесинин урматына белгилүү акындардын, замандаштарынын эскерүүлөрүнөн окурмандарга сунуш кылабыз.

Сооронбай Жусуев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл акыны: Өмүрлүү поэзия

Акын көз жумгандан берки аралыкта өзүнүн баасы кемибес, өңү өчпөс чыгармалары аркылуу жумуриятыбыздын поэзия ышкыбоздоруна анын ысмы дагы кеңири таанылып, акындык дидары жаркырап даана көрүнүп, анын поэзиясынын сырлары таасын ачыла баштады десек, чындык гана айткан болобуз.

Ырлар жатпай жүрөгүмдө катылып,
Чачылып кал жер үстүндө оттордой.
Жарыктыкка жарылгыла атылып,
Мага кошо жер алдына жок болбой
, –

дейт акын өзүнүн бир ырында. Чындыгында да анын тирүүлөргө калтырган ырлары кечки оттордой тууган жерди жаркытып, адамдардын жүрөгүнө жылуу табын жиберип турган мезгили. Анын ырларынын бири Ата журт, тууган жер, өрүкзарлуу Лейлек, кыялына канат бүтүргөн кырка тоолор, ошол тоолордон агып чыгып, анын акындыгына ышкы болгон Козу-Баглан суусу.

Жумуриятыбыздагы миңдеген окурмандар Лейлек жергесинин кайталангыс сөөлөтүн, кереметтүү сулуулугун Курбаналы Сабыровдун ар кыл боёкко, ар кыл күүгө бай ырлары аркылуу көрүштү.

Лейлек жергем – өрүкзардын мекени,
Көп сагынып, көп эңсеймин мен сени.
Көргөнүмдөн артыгы жок өмүрдө,
Өрүкзарың гүлдөп турган кездеги
, –

дей турган, жерине кан-жаны менен берилген акын. Бул сыяктуу ырды окуганда өрүкзарлуу Лейлек көз алдыбызга тартылып, акындын сөзүнө ишенген биз анын Ата журтун аны менен кошо жакшы көрүп, урматтагыбыз келет.

Акын 1980-жылы басмадан чыккан ыр китебин “Өрүкзар” деп атап, өрүкзар жөнүндө мыкты ырларды жазып, байыртан бери түштүктө колдонулуп, бирок эмгиче К.Юдахиндин атактуу сөздүгүнө да, башка кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүктөрүнө да кирбей жүргөн бул укмуштай поэзиялуу сөздү кыргыз тилине түбөлүк киргизиши анын эмгеги экендигин ыңгайы келип турган кезде айта кетишибиз орундуу.

Эгемберди Эрматов, акын, КР ЖКнын депутаты: Сөз өлбөйт деген чындык

Бир ирет шашылып бараткан экен, көчөдөн жолугуп калды. “Үкөм, сага арнап бир ыр жазып койдум, Куда кааласа бир үйгө чакырып окуп берем. Ырларыңды жакшылап жаза бер. Мен сага ишенем”, – деп колумду кысты да шашылган жагына кете берди.

Кийин ошол ырды анын оозунан укпай калдым. “Жүрөктөгү күндү” окуп олтурсам ичинде баягы өзү айткан ыры жүрөт. “Исфайрамдын жээгинде өскөн жаш бала”, – деп баштаптыр. Кукемди эстеп өңгүрөп ыйладым. Бир тууган агамдай кеп-кеңештерин берчү эле. Бир жак капталып эңшерилгендей майыша түштүм. Сөз өлбөйт деген туура экен. Ырларын окуган сайын ал кадимкидей көз алдыма келип, тирүү адамдай сүйлөшүп тургансыйт.

Мен ага тирүү кезинде ыр арнай албай калдым. Деги арноо ыр тегин жеринен эле чыга бербейт экен. Ал кайгыдан же кубанычтан, жазбайын дегениңе карабай капилеттен жаралат экен.

Лейлектин көз мончоктой турналары,
Көрүнбөй учуп барат кырдан ары.
Өзөктү өрттөп ийчү кайрыктарын,
Сен эми укпай калдың Курбаналы.

Быйыл жаз жамгыры көп гүлдүү эле,
Өрүктүү өрөөндү эңсеп жүрдүң эле.
Кайдагы ажал келип жабышты экен,
Акындын бийик, таза өмүрүнө?!

Канатын кенен жайып талпынарда,
Кандай күч кармады бек алкымынан?
Ажырап акынынан аза күтүп,
Асмандын тамтыгы жок самтыраган.

Лейлектин көз мончоктой турналары,
Өмүрүң, жаның элеКурбаналы.
Кай жакка учуп кеттиң эрте жазда,
Үмүттүү караганда курбуларың?

Адам деген каниет кылуу керек го. Шүгүрчүлүк анын Лира деген кызы атасын тартып акын болом деп Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтунда окуп жатат. Жазган ырлары бир топ чыйрак. Курбаналынын уучу куру эмес экен. Ошол Лира кызы аман болсо, намыскөй, тырышчаак, эмгекчил болсо, Кукем жазам деп үлгүрбөй кеткен чыгармаларын жазып, атасынын ысмын өчүрбөй жүрөр.

Маркабай Ааматов, акын: 70-жазын тосмок…

Акындар журту гана эмес, мектеп окуучулары да, илхам даарып, Баткен жергеси ырдын мекени деп түшүнүп, К.Сабыров салып кеткен чыйырга түшкөнүн мезгил өзү тастыктап келет. Ошол Совет доорунда Кыргызстан жазуучулар союзунда Көркөм адабиятты жайылтуу бюросу иштеп, жазуучулар ат тезегин кургатпай айыл аралашып, калемгер менен элдин ортосунда тыгыз байланыш боло турган. Он эки жыл ал бюродо иштеген мен анын алты жылында директорлук кызмат өтөптүрмүн. 80-жылдардын аяк чени кыргыз адабиятынын да гүлдөгөн доору болуп-толуп турган убагы экен, көрсө. Таштын үстүнө да гүл өстүргөн чарбачыл, мээнеткеч, эл жазуучуларга каарман болуп берип, эргүүгө башат болуп бергенин аралашып жүрүп өзүм күбө болгон учурум да тарыхка айланып артта калган. Аны акын Курбаналы да:

Эми эле келдим тиги талаа жактан,
Эңшерип тракторчу айдап жаткан.
Ал салган санак жеткис бороздордой,
Ажеп эмес, баракка жайнап калсам.

Жуурулган иши менен ою, шыгы,
Кыйын иш чебер колдуу болуу чыны.
Сөздөрдөн шайы токуп аламын деп,
Ишендирип келдим мен токуучуну.

Бирок, аттиң дүйнө, ойлогонуңдай болбой, өмүрдүн кыскалыгы окурманыңды умсундуруп, дал ошол жазсам деген ырлар жазылбай, тээ асман түпкүрүнөн шукшурулган караан бет алдыдагы аскадан буйтап кете албай, тулкусу аскага согулгандай, бир жарк эткен чагылган отунчалык кыска өмүр сүрүп өттү да кете берди. Ошентсе да поэзия ышкыбоздору эч качан анын ысмын эстеринен чыгарбай, жыл жаңырган сайын өрүкзар гүлүн ачып, аалам кулпурган кезде Курбаналы Сабыровду эскерип, жаз элестеп, жаз жыттанган ырларын сезим элегинен өткөрүп турар. Акын көзү тирүү болгондо 70-жазын тосмок. Быйыл да буйруса илегилек куштары менен гүл дидарлуу Лейлек жергесин аралап, Ата журт аталарын түбөлүктүү ырга айлантып акын Курбаналы Сабыровдун балалыгы өтүп, изи түшкөн, сезимине алгач ыр жандырган куттуу жергесин зыяраттап келмекчибиз. Артында калган бир ууч замандаштарына, калемдештерине, инилерине парз болуп турат.

 

ЭСТЕЛИГИҢ – ЫРЛАРЫҢ

Курбаналы, курдаш элек бир өскөн
айтышчу элек тилектерди жүрөктөн.
Жоксуң эми… үйүңдө да, көчөдө,
Көз тигесиң ойлуу түшкөн сүрөттөн.

Жоксуң эми, биз тагдырга күнөөнү
артабыз да сүйөк таппай жүйөлүү.
Максатынын оордугуна чыдабай
Тытылдыбы кайран акын жүрөгү?!

Китептериң “Козу-Баглан”, “Нур булак”,
Элге тарап “өрүкзарың” гүл бурап.
Турган чакта өчтүң жалп деп, биз калдык,
Ыр-дайраңдын жээгинде тунжурап.

Муңдуу кошок, ый чубурду артыңан,
Оо, Лейлектин жаш шумкары талпынган.
Не кылабыз? Эстеп окуп жүрөбүз
ырларыңды эстеликке калтырган.
Жолон МАМЫТОВ

 

ӨРҮКТҮН ГҮЛҮ СЫМАЛ, ЖАЗЫЛБАЙ КАЛДЫ ЫРЛАР

Күркүрөп Баглан дайра,
күүлөнүп кирген маалда.
Орозбай, Жолон болуп,
өзүңдү жоктоп, тооруп
турдук биз шол дарада.

Ойлорду алакачып,
чамынган ташты жанчып,
шарындай Баглан суунун,
сен дагы чакмак атып,
турмуштун агымында бышсаң
не таштап катып…

Өрүктөй өмүр күтпөй,
өрүлдүң өзүңө не?
Өрүк гүл жүрөк күтпөй
өзөгү болсоң эмне?
Чагаарда тиш сындырган
таш данек болбодуң не?
Деген ой бизди тушап,
басып бек турду мүлдө.
Сүйөркул ТУРГУНБАЕВ, КРнын эл акыны

 

ЛЕЙЛЕКТИН ТУРНАЛАРЫ

Күчөп турса тоолордун бурганагы,
каякка учат Лейлектин турналары,
билесиңби табият табышмагын,
билсең айтчы жашырбай, Курбаналы?

Жаңы көчтү чакырып адабият,
жаткан кезде жашынсак жаман уят.
экөөбүздүн ырларды катар басып,
турбайт беле “Ала-Тоо”, “Маданият”.

Биз экөөбүз жаштарга акыл улап,
акыл сөзгө болсок да бышы кулак.
кыйын кезде эмне үчүн болалбадык,
бекемирээк, токтоороок, бышыгыраак?

Күчөп турса бороондун бурганагы,
каякка учат Лейлектин турналары,
айтсаңчы, Курбаналы?…
Акбар РЫСКУЛОВ

КОЗУ-БАГЛАНДА

Уучтап алып Козу-Баглан туманын,
уучум жазсам уу убайым угамын.
“Кимден көрөм жаштайында жайралган
жакшы акындын жан уктатпас убалын…”

Жамгыр чөптүн кулагынан чойгулайт,
жанга айтпаган сырын айтып, ойду улайт.
“Күнөөсү жок күм-жам болгон акындын,
көрөр күнү, ичер суусу оңдурбайт…”

Өмүрдөгү кайгынын зор кайгысы,
өлгөнүнө ыйлап турган эне ыйы.
Чыркыраса:”Чындыкты айт”-деп о чиркин,
кылымдарды күйгүзчүдөй көз жашы.

… Мен олтурам эл ичинде шаттанбай,
Козу-Баглан өрүкзары ак кандай.
Кулач жайып о дүйнөдөн бу күнгө,
Курбаналы күлүп келе жаткандай.
Анатай ӨМҮРКАНОВ, КРнын эл акыны

Даярдаган Бактыгүл ЧОТУРОВА, “Кыргыз Туусу”, 10.04.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий