Кыргыз Эл акыны Эрнис Турсунов менен жаз күнүндөгү маек

— Агай, сизди кыргыз журту, адабият күйөрмандары атактуу акын, профессионал котормочу, кара сөздүн чебери Эрнис Турсунов деп билет. Бирок өз аты-жөнүңүз башка турбайбы.
— Менин өз атам Серкебаев Нурдин илгертен колунда бар тукумдун урпагы жана өз учурунун билимдүү, алдыңкы адамдарынан болгон. 28жашында эл душманы делип камалып кетиптир. Кийин сөөгү 90-жылдардын башында, азыр «Ата-Бейит» аталган жерден табылбадыбы. Атылып кеткен 138 кыргыздын чырактай жигиттеринин катарында жатат. Атам камалып кеткенде мен эки жаштагы наристе экем. Андыктан атамдын элесин эсимде элес-булас да кармай албай калдым. Азан чакырылып коюлган өз атым Эшмухамед. Атам камалып кеткенден кийин энем экинчи жолу Турсунов Кененбай деген кишиге турмушка чыгып, мага ошо кишинин фамилиясы берилип, атымды да өзгөртүп Эрнис деп коюшуптур. Албетте , өз атамдын атын алып жүрүүм, өзүң билесиң, ал кезде өтө коркунучтуу жана опурталдуу болчу. Өз атам тууралуу 18 жашка чыкканда гана билдим. Экинчи атам Кененбай Турсунов дагы ар дайым чоң кызматтарда жүрдү. Райкомдун биринчи катчысы болду. Совет өкмөтү менен Коммунисттик партия кайда жиберсе, ошол жакта иштеди. Кыргызстандын түндүк- түштүгүн койбой, алыскы райондорунда эмгектенди. Үй-бүлөсү бала-чакасы кошо илээшип, көчүп-конуп дегендей, мен да бир мектептен окубай ар кайсы мектептерден билим алдым. Биринчи, экинчи классты Ананьеводогу мектептен орусча окудум.

— Апаңыз Сабира Телтаева дагы өз доорунун билимдүү аялдарынан болгон эмеспи. Кезинде ал киши тууралуу кыргыз басма сөзү, айрыкча аялдар журнал-гезиттери көп жазган.
— Апам Сабира Москвадагы коммунисттик университетти бүткөн. Бухарин менен Зиновьевден дарс уккан. Ташкенттеги Орто Азиялык коммунисттик университетинин аспирантурасында окуган. Кыргызстан КПБКнын аткаруу комитетинин мүчөсү болгон. Аялдар советин уюштурууга катышкан, жетекчилик кылган. 1933-жылы атама — Серкебаев Нурдинге турмушка чыккан, анан атам камалып кеткен соң жанагинтип экинчи мертебе күйөөгө чыгып атпайбы. Көрсө, атамдын атылып жок болуп кеткенин учурунда эле билген экен.

— Ал кездеги окуяларды «Ата Журт» романында жүрөк титирегендей сүрөттөп жазгансыз. Айрыкча Сабира апаңыздын курбусу Кенжекандын кармайбыз деп келген кишилердин бирөөнү өлтүрө атып, бирөөнү жарадар кылып, түн жамынып качып кеткен жерин, кандуу 1916-жылдагы кайран элдин Кытайга качып кырылганын, айтылуу Жусуп Абрахмановдун тагдырын ыргалбай-термелбей окуй албайт киши. Кезинде кашкөй сынчы Кеңешбек Асаналиев рецензия жазып, жогору баалаптыр. Ал кишинин көзүнө илинип, баасына татыш оңой эмес болчу. Романды жазууда далай кишилер менен сүйлөшүп, далай архивдерди аңтарган чыгарсыз.
— Албетте, анын үстүнө андагы кай бир каармандар өзүмдүн эң жакын кишилерим — апам Сабира, аталарым Нурдин, Кененбай, алардын курбулары, замандаштары болуп атпайбы. Көрүп, угуп, көздөн өткөрүп, көңүлдөн сыдырылган образдар.

— Ошол эле Кеңешбек Асаналиев: «Э.Турсунов буга чейин акын жана котормочу катары белгилүү эле, болгондо да айныгыс, өз жолунан чыкпаган, мындайча айтканда, баш-оту менен поэзияга берилген акын жана профессионал котормочу эле, анан кайдан жүрүп прозага, болгондо да романга келе калды. Эгер анын келгени чын болсо, отурукташкан жайы туруктуубу же кайрадан «көчүп» кетмейи барбы» деп күмөнсүнүп келип: «чынын айтсам жазуучунун мурдараак жарыяланган «Бадахшан» деген китебин окуганда «Евгений Онегин» менен «Божественная комедия» экөөнүн иш арасындагы «эс алгычы» деп ойлогом. Көрсө андай эмес экен. Э. Турсунов прозага чоң максат, күрдөөлдүү дилгирлик менен келгени ушул романдан байкалды» деп белгилептир. Ошо «Ата Журтуңуздан» соң кандай эмгектерди жараттыңыз?
— «Триумф жана трагедия» деген 50 басма табак көлөмдүү китепти жазып, басмага даярдадым, буйруса жакында чыгып калат.

— Атына караганда адабият, искусство тууралуу окшойт.
— Сагын, а дейбизби, бу дейбизби, Совет доорунда адабият, маданиятка жакшы камкордук көрүлгөн, ошондуктан адабиятыбыз да, кинобуз да, театр искусствобуз да дүркүрөп өстү. 20-жылдарда, бизде алгачкы театр студиясы ачылып, ага айыл-кыштактардан 24 киши тартылып, «Кожо Насирдин» пьесасы коюлган. Азыркы драма, опера-балет, филармония дегендерибиздин башаты ошол студия болуп, ошондон таралып, тармактанып өнүгүп, өскөн. «Айчүрөк» операсы, «Чолпон» балети жаралган. «Отелло», «Король Лирлер» коюлган. Жалил Абдыкадыров сыяктуу таланттуу режиссерлор, Муратбек Рыскулов, Ашыралы Боталиев, Сайра Кийизбаева, Бүбүсара Бейшеналиевага окшогон искусствонун мыкты өкүлдөрү чыккан. «Триумф жана трагедияда» мына ошол кыргыз театр искусствосунун тарыхы, ага байланышкан андагы, мындагы заман, мурдагы кийинки чыгармачыл адамдардын тагдыры баяндалат.

— Ырлар жазылып атабы же алардан такыр эле кол үзүп койдуңузбу?
— Жаш кездегидей ташкындабай, тартылып калат экенсиң. Ошо Кеңешбек Асаналиев агайың экөөбүз бир жолу «Артист» кафесинде жолугушуп, аңгемелешип отуруп калдык. Ал 2007-жылы дүйнөдөн өтүп кетти. Биз 2006-жылы кездештик, экөөбүз тең адабияттын айланасында жүргөн соң сөз, албетте, көбүнчө адабияттын тегерегинде кетти. Ал орус поэзиясынын улуу өкүлдөрү Фет менен Тютчевди мисалга тартты. Алар алакандай китептери менен эле элге алынып, атактуу болушкан. Чынында, уйкаштырып эле урдура бергенден не пайда? Информация баштан ашкан бул заманда том-том болуп чыккан ыр-поэмаларга ким таңсык? Бирок поэмалардын да доорону жүргөн кез болгон. Дүйнөлүк адабиятта да, бизде да. Сүйүнбай Эралиевдин, Алыкул Осмоновдун поэмаларын кантип жаман дейбиз.

— Алыкул Осмоновду көрүп калдыңызбы?
— Көрдүм, бирок сүйлөшкөн жокмун. Ал өзүнчө, жалгыздап жүргөн киши эле. Ал эми Мидинди көрүп, арак ташып берип, Жоомарт Бөкөнбаевдин колуна суу куюп батасын алып калдым.

Алыкулду айтсаң, менин эсиме 1952-жыл, 7-сентябрь түшүп атат — Нуркамал Жетикашкаева дүйнө салып, сөөгүн жайына узатып барганбыз. Биз, университеттин студенттери, университеттин атынан венок көтөрүп ( анда Фрунзеде үч эле жогорку окуу жайы бар болчу, биринчиси- Кыргыз улуттук университети, экинчиси — Айыл чарба, үчүнчүсү — медициналык институт) ошондо бир жерди көрсөтүп жанымдагы Николай Удалов: «Поклонись!» деди. Көрсө ал жер Алыкул Осмоновдун бейити тура.

— Курсташтарыңыз менен кабарлашып, катташып турасызбы?
— Көбүнүн көзү жумулуп кетпедиби. Мынча болду, мени менен кимдер окуганын санап берейин, алар: Бексултан Жакиев, Мырзабек Тойбаев, Жалил Садыков, Ашым Жакыпбеков, Сейит Жетимишов, Камбаралы Бобулов, Сарман Асанбеков, Жанболот Абдраимов, Стамбек Усупов, Жапар Чабалдаев — 4 курстан ырчы болом деп кетип калды, Качкынбай Осмоналиев — окуудан жетишпей чыгып калды. Ал эми айтылуу Төлөгөн Касымбеков бизден бир курс өйдө, Салижан Жигитов бир курс ылдый окуду.

— Дээрлик баарыңыздар тең кыргыздын угуттуу, шыктуу, жөндөмдүү жигиттеринен экенсиздер. Кийин булардын кими менен чогуу иштештиңиз?
— Ар кимибиз ар кайда тарадык, катар, үзөңгүлөш жүрдүк. Мен университетти бүтөөр менен Совминге караштуу искусство башкы башкармалыгында орун басар болуп, театр искусство тармагына да аралашып калдым. 1972-жылы «Ала-Тоо» журналына бардым. Төлөгөн Касымбеков башкы редактор болчу, мени кызматка ошо киши алды. Анан ал кызматтан кеткенде артынан анын кадры катары мен да кошо кеттим. Аз мурдараак көптү көргөн киши эмеспи, Төлөгөн Касымбеков: «Жогор жактан (бийлик тараптан) мени карай атылган жаанын жебеси келатат, куйругу чоктуу, кызматтан мен да кетем, сен да кетесиң», — деген эле. «Сынган кылыч» аябай сынга алынып, сынып турган чак. Касымбековду БКга чакырышып романдын 120 бетин кыскарт дешкен экен, андан көрө чыкпай эле койгон жакшы деп кыскартпай койду. Шабданбай Абдрамановдун «Дыйкандары», Түгөлбай Сыдыкбековдун «Көк асабасы», Мар Байжиевдин «Дуэли» удаалаш тепкиге алынган.

— Ошол 70-80 жылдары биздин Жазуучулар союзунун съезддери, пленумдары, партиялык, партиялык эмес чогулуштары өтө кызык болуп, кыл чайнашкан кырчылдаш, кызылчеке болушкан талкуу-талаш менен өтөр эле. Президиумда Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Аалы Токомбаев сыяктуу лөктөр, залдын алдыңкы орундарында андан кийинки атактуулар, арт жагында бизге окшогон жаштар кырка тартып кызыкка батып отураар элек. Кайра куруунун желаргысы согуп, андан кийин эгемендик келип союзубуздун андай чогулуштары, талкуу-талаштары сейректеп, анан такыр эле дымып калгандай болду. Адабиятыбыз кандай абалда, өнүгүп атабы, артка кеттиби, аны менен эч кимдин иши жоктой. Учурдагы адабият абалына кандай карайсыз? Көңүлүңүзгө толгон жаштар барбы?
— Азыр акчасы көптөр китеп артынан китеп чыгарып атпайбы. Жазмакер көп. Жакшы жазып, бирок китептерин чыгаралбай жүргөн таланттуу жаштар бардыр деп үмүттөнөм. Бир жолу Абдулхай Алдашов аксакал айтып берди эле (ал Касым Тыныстановдон уккан экен): «Оо мурда, Совет доорунун алгачкы 1918-жылында казактын билермандары (анда алардын борбор шаары Кызыл-Ордо), эстүүлөрү чогулуп, советтик Туран республикасын курабыз деп, курултай чакырат. Биздин кыргыздан да өкүлдөр барат, курултай Сырдарыянын боюнда, мелжиген көк жайыкта өтөт. Ар тараптан атчан, төөчөн арабачан, жөө кишилер агылып келишет. Жайдын толук кези, бир арабаны трибуна кылып, бир топ киши президиумга жайгашат. Алардын арасында шляпа кийген, лорнет (көз айнек) тагынган, күрмөсүнүн тышкы төш чөнтөгүнөн модалуу капкактуу кол сааттын чынжыры чыгып турган, бүткүл туруш-турпатынан маданияттуулугу байкалган чокчо сакал, чүкөдөй киши да отурат. Курултай эки күнгө созулуп, казактардын чечендеринин баары сүйлөп бүтөт. Кылкылдап жыйылган калктын кызыгып караганы, күткөнү баягы кишинин сөзү. Бир кезде курултайды алып баруучу: «энди сөз казак элинин ана тилин жазган Ахмед Байтурсунга бериледи» деп баягы кишиге сөз кезегин узатат. Эл дымып эле калды дейт. Тиги киши: «Оо журтум, алдыда көргенден көрмегениң, оны да көрерсиңер өлмегениң» деп гана трибунадан түшүп кетиптир. Анысы кандай, баарысын өлбөгөн киши көрөөр, угаар. Эл-журт аман, замандын жолу түз болсун.

— Өзүңүз да бар болуңуз.

Баарлашкан Сагын Акматбекова, 26.03.2012,
«Де Факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 05.04.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий