Мен сүрдөгөн сүрөткер

1967-жыл. Фрунзе калаасы, Фрунзе көчөсү, «Мектеп» басмасы. Директору Аскар Осмонкулов. Ашым Жакыпбеков бөлүм башчы. Мен терүүчүмүн. Кечинде политехте окуйм. А кезде Ашым Жакыпбеков Стефан Цвейгдин, Лермонтовдун прозаларын которуп жүргөн. Лермонтовдун «Бэласындагы» Азаматтын ырын которуп көрчү деп мага берди. Котордум. Жактырды. Ошо бойдон чыгып кетиптир. Бирок мен көргөн жокмун. Москвада окуп калгам. Командировкалап барган сайын, сөзсүз кайрылып, учурашып кетет. Бир жолку окуя эсимден кетпейт. Үчөөбүз отурабыз, биздин бөлмөдө, мен, ал, Фуза деген курсташым. Ыр окуп бергиле дегенинен, окуп бердик. Фузанын ырларын мактады. Меникин «начар» деди. Көзүмдөн жаш ыргып, эшикке атып чыктым. Катуу ызаландым. Ошо бойдон бөлмөгө кирбей койдум. Каңгып көчөдө жүрүп, кечинде келсем Фуза күлүп коюп олтурат. «Жинди турбайсыңбы» дейт. Көрсө, менин ырларым тууралуу жылуу пикирин айтыптыр, көзүнө мактасак көөп кетет дептир. Кийин кат жазып, кол жазмамды алдырды. Акезде чыга турган китептер алдын-ала пландалчу. Меники планда жок, резерв деп коюшаар эле. Резервге киргизип, биринчи китебимди чыгарып ийишти. Жакшынын шарапаты дейт, устатым аркылуу жанына ким көрүнгөн даап баралбаган Касым Каимов, Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков, Шатман Садыбакасов, Омор Султанов, Бексултан Жакиев, Мырза Гапаров, Кеңеш Жусупов, Сүймөнкүл Чокморов сыяктуу таланттуу кишилер менен ошо гүлдөй кезимен эле тааныштым, аралаштым. Устатым баш болуп, баарысы мен урматтаган, жакшы көргөн, жазганып-сүрдөгөн сүрөткерлер. Сүймөнкул Чокморовдун «Ала-Тоо» кинотеатрынын бет маңдайындагы өнөрканасына эки-үч ирет чогуу барганыбыз эсимде.

Ашым Жакыпбековду искусстводобу, турмуштабы, карандай чындыкты туу туткан калыс, достукка, жолдоштукка бекем, кара сөздүн чебери, кашкөй стилист катары жогору баалашчу замандаштары. Ал бир нече мыкты китептердин автору болду. Кара сөздүн гүлүн терип жазган «Теңири Манасы» анын калкына мурас кылып калтырган соңку табериги болуп калды.

2002-жылы кеч күздө бир топ кишилер менен Таласка командировкалап бардым. Убакыт тар, баратканда ойлодум, кайтып келатканда, кайрылып өткөнгө мүмкүнчүлүк болор деп. Болбоду. Машинедеги топ кишинин каалаганы — тезирээк Бишкекке, үйгө жетүү болчу. Андыктан, токтоп өтөлү деп айтуудан тартындым. Өтүмсүздүк кылдым. Анын үстүнө түн кирип, жамгыр да катуулап жаай баштаган. Устатым туулуп, өскөн кыштакты, анын сөөгү жаткан көрүстөн тарапты караңгыда кылчактап, болжой карап: «жакшы калыңыз, таарынбаңыз, таарынбаңыз» деп ичимен тынып, узап кете бердим.

Чыгыш элдеринде устатты өтө урматташат, алдынан кыя өтпөйт. Устатты унутуу чоң күнөө деп эсептелет. Устатымдын элесин мен дагы унутпай, көө-чаң жугузбай, көкүрөктө сактап келем. Унутууга мүмкүн да эмес.

Сагын Акматбекова, 20.02.2012

«Де Факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 23.02.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий