“Байыркы кыргыз жазмалары” мыйзам долбоору талкууланды

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Байыркы кыргыз жазмалары” тууралуу мыйзам долбоору талкууланды. Иш-чарага мыйзамдын демилгечиси депутат Каныбек Иманалиев, тилчи, тарыхчы окумуштуулар жана окуу жайдын студенттери катышты. Анда Орхон-Енисей жазмаларын элге кеңири жеткирүү боюнча пикирлер айтылды. Бул жазмалар байыркы кыргыз элине тиешелүү экендиги илимде толук тастыкталган. Бүгүнкү болгон талкууда айрым стилдик өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу гана айтылганы болбосо, мыйзам долбоору окумуштуулардын колдоосуна ээ болду.Теманы кабарчыбыз Калыгул Асамбаев улантат.

Эл өкүлү Каныбек Иманалиев кыргыздарга тиешелүү баалуулук болгон байыркы жазмаларды сактап калуу үчүн аталган мыйзамды демилгелеп жаткандыгын айтты.

Бул айтылгандарды талкууга катышкан тарыхчы, профессор Кадыраалы Коңкобаев эл өкүлүнүн демилгесин колдойт. Мамлекет бул багытта жоопкерчиликти алып, улуттун байыркы адабий мурасын элге жеткирүүнүн камын көрүүгө убакыт келип жетти деген ойдо.

Иш-чаранын катышуучулары мындай бараандуу ишти жасоого жалпы коомчулук активдүү катышса деген тилекте. Буга чейин табылган баалуулуктар менен чектелбей, жазмаларды изилдөөнү улантуу учурдун талабы. Археолог Кубат Табалдиев ал үчүн мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилеп, студенттерди ишке аралашууга чакырды. Ал ошондой эле аталган жазма белгилерди Республикада Талас, Ысык-Көл облустарынан жана Кочкор өрөөнүнөн көп кезиктирүүгө болоорун айтат.

 Орхон-Енисей жазуулары 7-12-кылымдарга таандык. Бул табылгалар 19-20-кылымдардын көрүнүнүктүү окумуштууларынын көңүлүн бурган. Ремезов менен Страленберг Енисей дарыясынын боюнан, ал эми Ядринцев Монголиядагы Орхон дарыясынын жээгинен жазылмалар камтылган таштарды табышкан. Аларды алгачкылардан болуп Томсен менен орус түркологу Радлов окуп, чечмелешкен. Таласта табылган жазуулар Енисейдеги жазма булактарына тектеш экени айтылып келет. Бул жазмалар байыркы кыргыз элине тиешелүү экендиги илимде толук тастыкталган. Бүгүнкү болгон талкууда айрым стилдик өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу гана айтылганы болбосо, мыйзам долбоору окумуштуулардын колдоосуна ээ болду. Эми бул Жогорку Кеңеште жактырылса элге кеңири жеткирүү, окутуу программаларын даярдоо жана ЮНЕСКО уюмуна каттоо боюнча иш-чаралар көрүлө баштайт.

Калыгул Асамбаев, “Биринчи радио”

Соц тармактар:

Добавить комментарий