Курманжан датканын даанышман ойлору

Кыргыз прозасындагы тарыхый романдардын чебери Т.Касымбековдун «Келкел» романындагы элдик педагогикалык билимдер каармандардын турмушта туткан позициялары, жорук жосуну, инсан аралык мамиледеги таалимчил нускасы аркылуу ачыкталат. Мындай руханий-педагогикалык дараметке ээ болгон борбордук каармандардын бири — Курманжан датка.

Курманжан датка «Келкелде» бир гана саясий ишмер, элди баштаган алгачкы кыргыз аялы катары эмес, эң обол эне, өзгөчө акылдуу, эрктүү жана кажыбас кайраттуу аял катары, ошондой эле жашоосунда көптү көрүп, эли-журту үчүн көптөгөн иштерди аткаргандыгы үчүн «Журт энеси» наамына татыган инсандын өрнөгүн берет.

Курманжан датканын башкалардан айырмалуу нускасы, өрнөгү айрыкча төмөндөгү эпизоддо ачыкка чыгат. Уулу Камчыбек жалган жалаа менен айыпталып, дарга асылып жаткан учурда Курманжан эл алдында: «…жашыба, балам, душманың сөз кылбайбы. Жашыды, майтарылды деп таба кылбайбы. Сал, сыйыртмакты моюнга!» деген кайрат сөз айтат. Датканын сөзүндө эң алгач намыс, сыймык, коштошуу, энелик күйүт байкалат. Ушул эпизод элдин эс тутумунда чыгарма жарыкка чыга элек мезгилде эле маалым болуп, ар намыстын, эрдиктин акылмандыктын таасирдүү сабагы катары аңызга айланып кеткен.

Элинин коопсуздугу, жарык келечеги үчүн балдарынан айрылган Курманжан аларга жаны ачышып, туугандарынын жасаган чыккынчылыктарына жүрөгү сыздап отуруп көзүнө жаш тегеренип, өзүн араң тыйып жанында ойноп отурган неберелери Азиз менен Кадырга күнүгө айтчу өмүр, өлүм, адамдын баасы, арам деген эмне, адал деген эмне, оң менен терстин жана ак менен каранын айырмасын, жарыктык дүйнөнүн үзүрүн кандай сезүү, түшүнүү жөнүндө накыл кеп айтат. Ал неберелеринин эл катарына кошулуп, абийир, адилет тутунуп, уккан сөзүнүн бирин болбосо башкасын эсине тутуп, чоң энесинин айткан даанышман сөздөрүн келечектеги өмүр жолунда акыл казынасы, пайдаланаар көмөкчүсү катары колдонушар бекен деген үмүт менен наристелерге кайрылып, дүйнөнүн оомалуулугу, тагдырдын жана адамдардын акылына жараша ар түрдүүлүгү жөнүндө мындай дейт: «Те алмусакта эле теңирим ар адамдын үрөйүн, көңүлүн, көрөр күнү ар башка кылып жараткан экен. Бу тар дүйнөнүн талашы көп, жеткенинен жетпей өксүгөн касырет арманы, наалышы көп, аттиң ай, ошон үчүн. Мунусу аз келгенсип, адам атпайдын баарына акыл чөйчөгү бир текши болунбаганын айт?! Өз акыл чөйчөгүнө жараша ар бир адамзааданын оозунан сөз чыгат, колунан иш келет. Кемисе кемийт, бирөө да акылды ашырып, көбөйтүп алмакчы болуп да, не ашырып, не көбөйтүп ала албайт — чөйчөгүнөн ашып төгүлөт…» Бул кырдаалдан кадимки эне-педагогдун салттуу илимдүүлүгүн көрүүгө болот. Элибизде «Акылдууга айткан сөз — колго конгон кушка тең, акылсызга айткан сөз — учуп кеткен желге тең» деп айтылат эмеспи. Курманжан датка да жаш муунга айткан сөзү, накыл кеби пайдалуу болоор бекен, эсте тутаар бекен деген ишенич менен адамдардын кылык-жоругу, адамдык сапатына жараша бир нече топко бөлүп көрсөтөт.

Биринчиси — колунан эч нерсе келбей калган учурда, башкалардын жакшылыгын, ийгилигин көрө албай, аларга бут тосуунун жолдорун издеп, жаман жолго түшкөн адам. Мындай адамдардан оолак болууну, аларга теңелип жаман жолго азгырылуудан алыс болуунун оң болоорун, турмуш аларды бир күнү жазалаарын мындайча белгилейт: «Бир түркүн адамзаада бар — көрө албас — теңирим анын колунан келерин чактоо кылып, а каалоосун, алкын өтө чоң кылып — куураткан. Кара жанын карыштап, колунан келбес, алы жетпес ишке жулунат — теңирим буйрубаган соң, эптей албай жыгылат. А бирөөнүн колунан иш келсе, айткан сөзү эп келсе, кудай куураткан ага алайып көз артат, атаандашат — өтпөйт, анан алдастап жамандык издейт, ошол бирөө анын шыбагасын, энчин бөөдө алып койгон таризде. Көп жолугар мындайлар, о бууданымдын кош көздөрү, чоочуба — көрө албастын көзүнө өзүнөн-өзү гөр топурак тыгылат, байкамаксан бол — ал ит болуп каба албайт, ат болуп тебе албайт, мар жылан болуп чага албайт, бай тууган болуп бага албайт…»

Экинчи типтеги адамдар — ичи арам, өз кызыкчылыгын баарынан жогору туткан, пайда көрүп калуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбагандар. Курманжан Датка мындай адамдарды «күн тийген жердин чоросу» деп белгилеп, төмөндөгүдөй оюн билдирет: «Бир түркүн адамзаада бар — келкелиң менен кошо келет — кабагын жаркылдатып, коюңду союп, казаныңды асып, көңүлүңдү жамдап багыңа, табагыңа кошулат, а кеткетиң байкалып, башыңа кара булут айлана баштаган чакта аны таламандын тал түшүндө сыйпаласаң таппайсың — бир убакта те башка «күн тийген» жакта башка бирөөнүн күйүп турган отуна алаканын кактап, аны баягы сени мактаган сөз менен мактап, сени ушактап, анын жылуу күнүнө суу канатын жайып курганып, жан багып отурганын көзүң чалат. Мындайдын келгенине кубанба, кеткенине кайгырба — мындайды ошон үчүн «күн тийген жердин чоросу» дейт, ага теңирим көк-жал бөрүнүн артынан ээрчиген жорунун, кузгундун, карганын кунун берип койгон…» Курманжан Датканын бул ою элибиздеги «Көзүң барда бал каймак, көзүң жокто чаңдатат», «Эки жүздүү эл бузат», «Арамзанын куйругу алты тутам», «Ары карап ыйлайт, бери карап күлөт», «Өңдү көрсө жүз таят» деген макалдар менен үндөш келет.

Үчүнчүсү — өз максатын туу туткан, көңүлү тойбогон ач көз, даңктын артынан түшүп, досторун тепсеп кетүүдөн тайманбаган адамдар. Бул тууралуу мындай деп айтылат: «Бир түркүн адамзаада бар — бейбапа дүнүйө издейт, калпыс да болсо мейли, жортуулчу сымал жан тынымын көрбөй күн ката даңк кууйт, өңкөй суукту жолдош кылат, бирок ал топуксуз — сукка кешик арттырбай тымызын чабат, жалгыз алат. Эки жагын каранбайт — жол жолдошу сууга агып, өзү калат. Бу жолукса аттын башын бура тарт…» Аталган типтеги адамдардын урааны «Өзүмдөн кийин дүйнөнү сел алсын», «Дүйнөнү сел алса, өрдөктүн тыйынча кайгысы жок», «Дүйнөнү сел алсын, кара башым соо калсын» деген кыргыздын макалдарында таамай чагылдырылган. Ал эми Курманжан Датканын берген насаатында мындай адамдардан алыс болуп, жолугуп калса алар менен байланышпоо баарынан оң.

Төртүнчү топтогулар — баарына ыраазы болуп жашаган, бирөөнүн эсебинен жан бакпаган, өз күчүнө, ак эмгегине таянып, көңүлү тынч уктаган каниетчил адамдар. Алар жөнүндө: «Дагы бир түркүн адамзаада бар — топуктуу, колдо барына ыраазы, адамчылыгына шүгүр, уйкусу тынч. Топугу жугат — бу тар дүйнө кең болот…» деп айтат. Элибизде топук деген түшүнүк калыптанган жана ал токтонуу, тыюу дегенди билдирип, топук кылуу деген сөз айкашы менен берилет. Ал эми топуктуу адам деп өзүн өзү тыя билген, бар нерсеге каниет кылган жана токтоо мүнөз адамды аташкан. Анын карама-каршы мааниси нысапсыз, сугалак, ач көз дегенди билдиргендиктен, мындай адамдарды топуксуз деп мүнөздөшкөн. Эл ичинде бул тууралуу «Тамакка да топук керек», «Жок болсо өз колуңда, топук кылып, бирөөнүн кол сунбагын алтынына» деген жана башка ылакап сөздөр бүгүнкү күнгө чейин айтылып келет.

Бешинчи типтеги адамдарга бирөөнүн жакшылыгына көз артпастан, тескерисинче чын дилден кубанган, жардамга муктаж болуп турган адамды көргөндө колун узаткан ак ниет адамдар кирет. Алар жөнүндө Курманжан төмөндөгүлөрдү айтат: «Дагы бир түркүн адам кездешет — өзү келип ыкташпайт, өзү жагынып сырдашпайт, жакшы болсоң, ишиң илгерилесе ал өзүнчө тең берип ыраазы, сырт жүрөт. Качан бир башыңа мүшкүл түшкөн чакта түз келип көңүл сурап, көмөгүн аябайт, акылашпайт. Сырттан дейт мындайды, достошсоң да, касташсаң да сырттан менен болмок абзел — кадырыңды билет, бөөдө арам өлтүрбөйт…» Элибизде бир гана коркпос, тайманбас, күчтүү, эр жүрөк адамдар эмес, жанындагы жолдошун урматтай билген, арам иш жасабаган, кадырлуу адамдарды да сырттан деп коюшат.

Жалпылап айтканда, Курманжан Датка неберелеринин өмүр жолунда кандай адамдар кездешээринен кабатырланып, аларга алдын ала жол көрсөтүп коюуну туура көрүп, кайсы учурда эмне кылуу керек экенин айтып, аларды тарбиялап жаткан кези ушул. Жада калса оюн ойноодо да тийиштүү эрежелердин бар экенин унутпай, коюлган чектен чыкпай ойноо керек экенин айтып ал мындай дейт:
«- Оюн эрежеси баарыга тең. Муну билесинби, Азиз?
— Билем.
— А түзүк! Үстөмдүк көрсөтпө, кычымдык кылба, оюн тартибин башкалардан да сен бекем сактап ойно, а бирөө бузса дароо как. Ушул бала күнүңдө оюн тартибин сактабаган кийин эрезеге жеткенде адилеттик дегенди сезбей, ал үчүн аттап өтпөй турган бир дагы кыйын босого жоктой болуп, ээнбаш, бейбаш өсүп калат. А кычымдык карөзгөй кылат. Бар, этият бол». Датканын оюнга мынчалык терең маани бергенинин себеби оюндун да өз максаты, тарбиялык маңызынын болуусунда жатат. Кыргыздар эзелтен эле «ат жалында эркин ойноп, көчүп-конуп жүрүүгө шай жаралган жоокер элдин кулк-мүнөзүнө, улуттук өзгөчөлүгүнө жараша сандаган кыймылдуу оюндарды ойлоп табышкан», «ал оюндарда элдин ой тилеги, үмүтү, кубанычы, өкүнүчү, эрдиги, эркиндик-теңдикке умтулуусу, адилеттик, акыйкаттык үчүн болгон күрөшү камтылган» [Х.Анаркулов, Кыргыз эл оюндары. Бишкек «Кыргызстан», 1991, 3-б.].

Оюнга алаксып кеткен Азизден айырмаланып, Кадырдын чоң энесинин жанында отурганын көрүп ага тымызын ыраазы болуп отурган Курманжан өзүнчө ойго батып: «Көөдөк, ойноо кездери, бири болбосо бири кулактарына кирип калар айтылгандын. Дегиси, ата-эненин акылы балага акыл боло койбойт, бала теңир буйруган акыл чөйчөгүнө жараша батышынча алат, ар сөздөн өз алдынча маани табат, а акыл чөйчөгү ичтүү болсо бир эмес, жети атасынан калган ой-санааны батырып, наркысын өзү улайт, жалгайт…» деп ойлонуп отуруп Кадырга эл башкарган адамдар жөнүндө айтып берет. Өз кызыкчылыгын, байлыкты көздөгөн өкүмдарлар менен кадырман калкы, мекени үчүн күйүнгөн чыныгы башчы аталууга татыган жетекчилердин ортосундагы айырманы ачык көрсөтөт. Кыргыз эли эзелтен эле жылкы багып өстүрүүгө өзгөчө маани бергендигине алардын жылкыларды жашына жараша өзүнчө топторго бөлүп, ар бирине ошол жаш курак өзгөчөлүктөрүнө жараша ат берүүсү; миң түркүн жабдыктардын аталыштары жана аткарган кызматы тууралуу бардык нерсени билүүсү; жада калса адамдарды жылкыларга салыштыруусу, бул тууралуу терең ойлорду камтыган макалдардын жашап келиши толук кандуу далил боло алат. Ошондуктан, Курманжан Датка да балдарга акыл айтып жатып, адамдарды, өзгөчө эл ишеничин туудурган башчыларды айгырларга салыштырат. Мисалы, биринчи башчы жөнүндө: «Кээ айгыр болот — пейили тар, кызганчак, кичине эле өсө баштаган тай-кунанын батырбай кажып кууп, үйүрүн өндөйтпөйт. «Жаман айгыр өз үйүрүнү тап» деген ошол. Маани ушул ки, эл ичи ар түркүн, адам ар башка, бирок журт агасы үчүн бирөө «жакын», бирөө «алыс», бирөө «өз», бирөө «жат» делиниши керек эмес. Демек, башчы баарыга тең болбосо, өз үйүрүн тоздурган жаман айгыр таризде элдин ыркын бузуп, таркин чыгарат…» дейт. Ушул сыяктуу сапаттарды өрнөк тутпастан, элге кызмат кылууга чакырган Курманжан экинчи типтеги, т.а. идеал өкүмдарды мындайча сүрөттөйт: «Кээ айгыр болот — үйүрүнө карамдуу, терс басканын имерип, үйүрүнүн аксак тайын чыгарбайт, чарк айланып, түн каткан ууруга алдырбайт, бөрүгө жардырбайт. Ошон үчүн элине карамдуу, кара кылды как жарган калыс, кечиримчил, пейили кең журт атасын «тай качырбас боз айгыр» деп коет. Болсоң ошо «тай качырбас боз айгыр» бол…»

Жыйынтыктап жатып, «Келкел» чыгармасындагы Курманжан эненин айткан накыл сөздөрү, насаат кептери, акылман ойлору бүгүнкү күндө өзгөчө мааниге ээ. Учурда адамдык сапаттарды, тарбия, адептүүлүк, ыйман деген улуу түшүнүктөрдү сандыкка салып, жөн гана сөз менен айтып коюп чыныгы жашообуз таптакыр башкача таризде өтүп жаткандыгы баарыбызга маалым. Мына ошондуктан, жогоруда айтылган Курманжан Датканын даанышман ойлорун дитибизге, акылыбызга, жүрөгүбүзгө бекем сактап, жашоодо алга карай баратып ушул идеология менен кадам таштасак, кыргыздын «кыргыз» деген сыймыктуу аты мындан ары да нечен кылымдарга сакталаар беле деген үмүтүбүз бар.

Асем Идаева, Кыргыз-Түрк Манас Университетинин магистранты,
“Заман-Кыргызстан” («Кыргыз гезиттер айылы»), 13.04.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий