Табылды Муканов, талаа, деңиз, булуттар

Омор Сооронов, Табылды Муканов, Меңди Мамазаирова жана Сагын Акматбекова. Сүрөт «Де-Факто» гезитинен алынды

Ага чейин билбепмин, көрсө бара турган багытыбыз, жолубуз бир экен. Жөө кете бердик, кете бердик. Шаардын ортосунан чекесине чейин, улам бир аялдамадан токтоп автобусту күтүп калабыз. Биз түшө турган 27-автобус улам элге жык-жыйма болуп келет. Батпайбыз. Батууга аракет да кылбайбыз. Аркы-беркини сүйлөшүп, кайрадан жолубузду улантабыз. Ал өзү жашаган туштан бир кыйла өтүп кетти. «Сени узатып койоюн»-деди. Мен үйүмө жетип, тышта бир аз туруп калдык. Ал өз балалыгын, тагдырын, эмне үчүн ысымы Табылды болуп калганын айтты. «Мени таап алышкан. Табылган баламын» деди. «Табылган баламын» дегендин артында бир туюк өксүк, өкүт жатканын туйдум. А мен: «Сагындырганмын»- дедим. «Талааны, жамгырды, сөксөөл, шыбакты жакшы көрөсүң». «Кайдан билесиң?» «Ырларың айтып айтпайбы»… Ушинтип сүйлөшкөнүбүз эсимде.

Илгерки Киров көчөсүндө, азыркы «Кыргызалтындын» имараты турган жерде иштейбиз, анда. Ал «Мугалимдер газетасында». Бир жолу кечинде кокусунан жумуштан чогуу чыгып калып, жанагынтип бирге жөө кеткенбиз. Көкүрөгүндө оор кайгысы бар экен. Улам үзүп, үшкүрүп, ортого тыштап коёт. Менин да өз үшкүрүгүм, өз кайгым бар эле. Ашыктыктын кайгысы. Мен сүйгөн адам алыста, деңиздин жээгинде… Деңизден делбиреген каттар келчү. Табылдынын ошондогу көп сыры, көп сөзү кулагымдын тышынан кетти. Анткени мени алыскы деңиз тууралуу ойлор чаңдатып, сагыныч менен улуу бук тумчуктуруп турган. Көп узабай менин «Айлуу дөң» (1978) аттуу китебим чыгып калды. Дзержин бульварында (азыркы Эркиндик) чоң кыргыз китеп дүкөнү бар болчу. Мына бул сүрөткө ошол дүкөндөн түшкөнбүз. Омор Сооронов, Табылды Муканов, Меңди Мамазаирова жана мен. Экинчи сүрөттө мен жана бейтааныш китепкөй. Менин жаңы китебим, жалпы чыгармачылыгым тууралуу телевидение сюжет тартып аткан. Агезде ыр китептери жупкадай жуп-жука чыгаар эле. Ошол жука жыйнактар менен эле кимдин ким экени билинип, талантсыз, таланттуусу иргелип калчу. Көзү тирүүсүндө Табылды ошондой үч китебин чыгарууга үлгүрүп калды. Көлөмдүү китеби кийин, көзү өткөн соң жарык көрдү.

Ошол жөө басышкан кечтен тарта мурда сыртыбыздан гана билишип, көрүшүп, сый-сыпаа саламдашып жүргөн биз, бири-бирибизге ылымсанай учурашып, ал-акыбал сурашып, кези келгенде ырларыбызды окушуп, башка жаш акындардын жарыкка чыккан ырларын да талкуулаша калып жүрдүк.

Түн ичинде бетиме түшкөн жумшактан ойгонуп кеттим. Ай экен. Топтолтура болуп асманда баратат. Бир кезде биз менен бирге Табылды жашаган, жазган, сүйгөн, кайгырган, ызаланган, кубанган, таарынган, жазылган жалган дүйнө аттуу Жарыктыкты, Болмушту аңтара аралап…

Уйкум качты. Жарыкты жактым. Дал ушул бүгүн тумандуу Альбиондон мындан туура жүз жыл мурда Нью-Йоркту көздөй бет алган «Титаниктин» багытын атайын кайталап, сапар тартып аткан дагы бир «Титаник» жөнүндөгү кабарды айтып жаткан «Түнкү жаңылыктарды» кулагымдын учуна иле олтуруп, көз кырыма ала олтуруп (азыркы «Титаниктин» жүргүнчүлөрү да ошол жүз жыл мурунку мода менен кийинип, скрипачтар дагы ошондогу музыканы ойношот экен. Оо, жүз жыл деген кандай аз жана кандай көп!) Ошол жүз жылдын отуз алтысын гана жашап, жазчусун жазып, аччусун ачып кеткен акын Табылдынын жатаарымда барактай жаткан «Жан дүйнөсүн» кайрадан ачып окуй баштадым:

«Самсаалаган салкын булут-
айкөл булут,
Көл булут,
Кез-кез ыйлап унутпачы
Кеткенде биз көз жумуп…»

АТЧАН КЫЗ
Капталдай чуркап баратам
каректи сага топчулап.
Жалындай чөпкө жел тийсе,
жалт этип атың кошкурат.

Кызыл кан качып жүзүмдөн,
кыйла күн жүрөк буулуккан.
Карагер атың кант берсем,
карматар бекен суулуктан.

Этегиң желде. Илинүү.
Жыланбоор камчың салааңда.
Кекилик болуп ким чуркап
келатат экен санааңда.

***
Сен сулуу, таксидейсиң:
бир көргөн адамыңа
шарт ачып кучагыңды
«айда!» дейсиң.
«Кайда?»
Каалаган жайга дейсиң.
Тилегим тилегиңе бир да коошпойт:
таксиге кимдер түшпөйт,
таксини кимдер тоспойт.

РЕПЛИКА 
— Акын бош болуш керек!
Күндө бир сулуу менен конуш керек! — дешет мага.
Жүрөгүм добуш берет:
— Акындын бош болгону —
Оштонгону.
Шыйпаңдап жаш балдарга,
тийишип картаңдарга,
Акындын бош болгону —
кызылдай калп болгону,
мезгилге нук сала албай,
бүт соолгону…
Ар жерге чачып өзүн жез тыйындай
Мекенге, ата-энеге жүк болгону…
Акындын бош болгону —
жок болгону!

***
Самсаалаган салкын булут-
айкөл булут,
көл булут,
кез-кез ыйлап унутпачы
кеткенде биз көз жумуп…

Булуттарды өчү бардай
тыткан бороон мыш кылып,
кез-кез бизди эстей жүрчү
бир аз муңдуу ышкырып.

Биз топурак болуп калсак
жолугабыз кайра анан:
Силер менен учуп-конуп,
дүйнөнү чарк айлана!

Даярдаган Сагын Акматбекова, “Де-Факто” («Кыргыз гезиттер айылы»), 10.04.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий