Адабияттын Баба дыйканы

Сүрөт «Азаттыктан» алынды

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Кеңеш Жусупов агай менен ар дайым жолуккан сайын, бул дүйнөдө ушундай улуу тазалык бардыгын, токпейилдик бардыгын, көп адамдар жете албаган бийиктик бардыгын сезип келем. Агай жашоону сүйүп, ага сыйынып, урматтап гана келбестен, Достоевский айткандай, өзү жарык болуп жанып, ошол жарыгы менен өзүн курчап турган адамдарга жарыгын чачып келет.

Кеңеш агайдын өмүр жолуна көз чаптырсак, ал 1954-жылы Азыркы Нарын районунун Оттук орто мектебин бүтүп, эки жыл “Коммунизм” колхозунда колхозчу, китепканачы, баштапкы комсомолдук уюмдун катчысы болуп иштеген.

Менимче, агайдагы жазуучулук тагдыры сыдыргыга салгандай шыдыр, ооматтуу болуусу, эч качан атак-даңкка умтулбаган бийиктиги, укмуштай рухий кубаты Тянь-Шандын ак кар, көк муз баскан аскаларынын таасири, ал эми талыбаган мээнети, түмөн-түйшүктүү изденүүсү, тыным албай эмгектенүүсү күр-шар түшүп ээ-жаа бербей буркулдаган Нарын дайрасынын, киндик каны тамган Эчкибашы айылынын деми го! Тууган жер, Ата Мекен ар адамдын тагдырын курайт.

Туулуп-өскөн жердин салт-санаасы, ыр, жомогу, жаратылышы, абасы – бүткүл турпаты адамдын адам катары калыптанышында жана өз тагдырына ээ болуусунда зор таасири бар эмеспи! Ошол таасирден, ошол демден алгандарынын бардыгын агай көңүлдүн элегинен өткөзүп, жүрөгүнө сактап, бул дүйнөдө сен кимсиң, эмне үчүн жашап жүрөсүң, көр тирликтен cилкинип, жашоо кумарын сезе бил деп өз окурмандарынын ой-сезимин ойготуп, аларды ойлонтуп келет.

Кайсы чыгармасын албайлы, жазуучунун жаркын таланты, патриот сезими, жалын жүрөгү окурманды жан алакетке түшүрүп, бул дүйнөнүн сулуулугун сүйүп, өзүңдүн акыл-эстүүлүгүңдү ыраста, табийгат менен толук шайкештикте таза, ак жаша, өзүмчүл болбой, адамдарга жакшылык жаса деп тарбиялап келет, бул дүйнөнүн сырдуулугун, тирүүлүктүн миң сан сырын, ырын, ыйын коңгуроо болуп кагып келет.

Тунук акылы, асыл адамгерчилиги, адабияттын гана эмес, мезгилдин да күрөө тамырын кармай билген жана жоопкерчиликти сезе билген өзгөчө сезимталдыгы, болот мизиндей курч, чагылган огундай чарт жанган сыйкырдуу таланты менен улуттук адабиятыбыздын төрүнөн орун алган чыгармаларынан кийин 5 томдон турган “Кыргыздар” аттуу китепти түздү. Балдарга арнап “Манас” эпосун кара сөз түрүндө жазуучу А.Жакыпбеков менен биргелешип жазды, киносценарист катары да “Ата Журт”, “Тоо балдары” деген телефильмдерге жазган сценарийлери Бүткүл союздук фестивалда байгеге татыктуу болду. Бир топ чыгармалары орус, украин, татар, казак, араб, чех, француз тилдерине которулуп, адабияттагы байланышты кеңейтти.

Ооба, жазуучу ар дайым, окурмандарына бүгүн жагып, эртең алардын көңүлүн кайт кылып алуудан чочуп турат. Алардын убактылуу суктанычына эмес, түбөлүк сүйүүсүнө ээ болуу түмөн түйшүк, изденүүлөрүнөн улам өзү­нүн жусуповдук деңгээлинде, дүйнөлүк адабияттын деңгээлинде түйшүктөнгөндүгүн ар ирет тастыктап келет. Айрыкча соңку мезгилде агай кыргыз рухий маданиятындагы бир чоң жаңылык болгон 14 томдон турган “Кыргыздардын” негизги түзүүчүсү болду. Мына ушул китептери менен Кеңеш Жусуповдун ойчулдук, философтук, тарыхчылык, окумуштуу­лук, изилдөөчүлүк таланты да ачылып чыга келди. Өтө көптөгөн китептерди, илимий журналдарды казып окуп, үңүлө изилдеп, ушунча көп чыгарманы тек гана окуп чыгуу бир кеп, андагы фактыларды бири-бирине салыштырып, тыкыр талдап, жыйынтык чыгаруу эмне деген зор түйшүк.

Кыргыз элинин маданий да, рухий да дөөлөттөрүн, тилин, дилин, динин, деги койчу, кыргызга тиешелүү ар бир нерсени ар тараптуу изилдеп, бири-бирине байланыштырган “Кыргыздардын улуттук маданияты” энциклопедиясы да жарык көрүп, бүгүн басмадан чыгып жатат. Кыргыздын өзүнүн маданий философиясын, каада-салт, үрп-адат, нарк-насилин чечмелеп, байыркы таш эстелик, оозеки мурас жана азыркы адабий жаратмандар ортосундагы карым-катыштар, мейкиндик менен мезгил алкагындагы оошуучулуктун өзгөчөлүктөрүн ынанымдуу түрдө кашкайта жазып койгону келечек муун, деги эле кыргыз эли үчүн баалуу. Бул китепте да агай негизги түзүүчүлөрдүн бири катары “өз элин элдей албай, өз улутун колдой албай, башка элди жолдой албай, өз короосуна таш ыргыткан” айрымдарды эсине келтирип, даанышман кыргыз элинин ата-бабасынан бери келаткан тарбиячыл улуу сөз уламасын урпактардын кулагына куюп, кыргыз элинин башка элден кем эмес өнүгүү, өсүү жолу бар экенин, улуу сөзү, урматтап сыйлай турган маданияты бар экенин айтып, далилдеп берет.

“Бизге жеткен мурастын баары өткөн бабалардын жүрөгүнөн жана колунан өткөн. Доор да, мезгил да, тарых да, маданият да, накыл кеп да, ой да, акылмандык да, салт да, тил да, керээз да ошолордон бизге калды. Алардын акыл мурасы – бизге мурас, эртеңкилерге – бизден мурас”. Ооба, Кеңеш агай өзү жазгандай, өлбөс-өчпөс учкул калеминен жаралган чыгармалары, сүрөткерлик дүр-дүйнөсү өз мезгилинин жандуу көркөм документи, улуттук көркөм ойлоонун тарыхынын урунттуу кубулушу катары адабиятыбыздан, маданиятыбыздан түбөлүк орун алат.

Кыргыз адабият асманында чолпон жылдыздай жаркыраган жусуповдук кубулуш али толук изилденип, айтыла да элек, бул али келечектин иши. Агай бүгүн улуулуктун үлгүсүн, таза, бийик абийирдүүлүктүн, маданияттуулуктун үлгүсүн көрсөткөн, балдарынын урмат-сыйына бөлөнгөн очор-бачар, бакубат, ырыс-кешиктүү үй-бүлөнүн да кадырманы. Ылайым жер үстүндө бүт өмүрүн эл кызматына арнап, моюбай мээнеттенген адабияттын баба дыйканы Кеңеш агай, аман болуңуз! Өмүрүңүздүн 75-ашуусу – кутман курагыңыз кут болсун!

Жылдыз БАКАШОВА, филология илимдеринин доктору, профессор

“КЫРГЫЗ ТУУСУ”: Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Кеңеш Жусупов агайыбызды кутман курагы, торколуу тою менен биз да куттуктайбыз. Бар болугуңуз, Кеңеш агай!

«Кыргыз Туусу», 17.04.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий