«Күн автопортретин тартып бүтө элек»

(Куркуйган, тежиктенген Кубат Жусубалиевдин алгачкы повестин Түгөлбай Сыдыкбеков кантип жарыкка чыгарган)

«Мен баягы жаш кезде, өзүм алдуу, көзүм курч кезде жаштарын деле, карысын деле кыя өткөрбөй окучумун. Анан маал-маал өз оюмду айтып койчумун. Маселен, 63-жылы бизде жаштарга арналган бир чоң кеңешме өттү. Мынабу Чернышевка деген ошол кездеги жаңы китепкананда. А кезде Касымбеков, Гапаров, Кеңеш, Шабданбай, Кубатбектер, Аман Саспаевдердин кээси жаш, кээси кыйла такшалып калган кездери. Айтор, ошол кездеги жаштардын бир кыйласы шыктуу чыгышты. Анан ошол кеңешмеде бир катар жакшы ойлор, сунуштар айтылды. Жаштарга көңүл бурулду. Ошол эле учурда бир катарын катуу сынап да коюшту. Сыналгандардын ичинде жанагы куркуйган узун, «Карагай» деп коем аны, Жусубалиев да бар эле. А кезде мен аны тааныбайм, мурун көрө элекмин, ошонун «Күн автопортретин тартып бүтө элек» деген повестин сынап жатышат. Угуп олтурсам, ары жагында бир нерсе бардай сезилет. Мен өзүм повестти окуган эмесмин да, байкасам, баары эле жалтангандай, корккондой. Чыңгыз да көп дааган жок. Анан мен сурап калдым: «Автор ушунда барбы?» . «Бар» дешти. «Ким?» десем, бир көзү кылмыйган, дегеле эч нерсени тоготпогон, куркуйган бир бала олтурган эле, ошону көрсөтө беришти. Ошонун олтурганы мага жагып калды. Анан туруп: «Ушул Жусубалиевдин повестин мага берсеңер, мен окуп чыгайын. Анан оюмду айтармын» дедим. Дедим эле, баягы бөгөлүп турган эл: «Жакшы болот, Түкөм алсын» деп эле бере салышты. Алып эшикке чыксам, азыр кимдер экени эсимде жок, ошол жаштардан эле экөө-үчөө кошо чыгышып: «Түкө, бекер кылдыңыз, бул бала сиздин баркыңызды билбейт. Пикириңизди да кабыл албайт. Бул өзү кеп жебеген, жаңыча өсүп калган тежиктерден экен» деген кептерди айтышты.

А мен: «Эми тежик болсо мен деле тежик болуп өскөм, тил укпаса көрөбүз, байкайбыз», — деп үйгө кеттим. Баса, жанагы балага: «Сен кечикпе, көп болсо эки-үч күндө келип жолук. Чакан повесть экен, бат эле окуп коем», — дедим.

Анан келди. Ага чейин повестин аябай дит коюп окуп чыктым. Кадимки эле чоң-эне, кадимки эле боз үй, кадимки эле ой-тоо, кадимки эле эшек жүрөт. Бирок ошолорду өзүнчө бир байкоо, өзүнчө бир көрүү менен жазган. Кыскасы, кыргыз адабиятында мурда жолукпаган ык бар экен. Бул жаңылык да мага жакты. Анан эми чочуй турган эч нерсеси жок экен. Бирин-экин ошол кездин талабы менен алганда, жанагинтип бурулдап, дуулдап сынга алып кое турган деталдар бар экен. Анысын келгенден кийин ал-жайын сурап, таанышып олтуруп айттым. Повестке болгон пикиримди билдирдим. Талашып-тартышкан деле жок. Чатак деле салган жок. Жанагындай жаңжал чыгып кетчү жерлерин көңүлгө алды. Кыскасын айтканда, повестти чыгардык. Ошону менен Жусубалиевдин эшиги ачылып калды. Анан орусча кетти».

Түгөлбай Сыдыкбековдун эскерүүсү, «Ак-бата» журналы. 1991-жыл. 

Даярдаган Жамиля Таштанбекова
“Де-Факто” («Кыргыз гезиттер айылы»), 10.04.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий