Рудаки

 

(Абу Абдулла Жафар ибн Мухаммед)
(858-941)

Фарси — тажик адабиятынын башатындагы эң улуу акындардын бири, башкача айтканда акындардын Адам атасы Рудаки болгон. Анын өмүр жолу тууралуу маалыматтар өтө сейрек. Ошентсе да айрым адабий, тарыхий булактарга кайрылсак үзүл-кесил маалыматтарды жолуктурабыз. Айрым окумуштуулар анын толук атын Абу Абдулла Жафар ибн Мухаммед десе, айрымдары Абдулхасан деп айтышат.

Рудаки акындын лакаб аты. Ал болжол менен 858-жылы Заравшан тоолорунун арасындагы эң алыскы Рудак деген айылда туулган.

Уламыш боюнча ал бир миллион үч жүз миң сап ыр жазып калтырган экен. Ошонунун ичинен биздин күнгө эки миң сапка чамалаш ыры гана жетип калды. Ал алгачкы ырлары оозеки түрүндө айткан. Эл арасында анын ысмы акын, музыкант катары кеңири таралгандан кийин гана падыша тарабынан Саманиддердин сарайына чакырылган. Акындын балалык чагы өзү туулган Рудак айылында өткөн ошол жерде элдик чыгармаларды, байыркы «Авестаны», диний адабияттарды эң мыкты өздөштүргөн.

Тарыхта Рудакинин акын катары кейиштүү тагдыры уламыш болуп кеңири айтылып жүрөт. Ал Саманиддердин сарайында алгач кадыр-баркка ээ болуп, турмуш-тиричилиги бардар жашайт. Бирок бийлик ээлери анны өздөрү үчүн кызмат кылууга, алардын мартабасын даңктап ырдоого мажбурлайт. Жүрөгү каалабаган нерсени ырдоо акын үчүн эң чоң трагедия. Акын менен  бийликтин ортосунда ажырым пайда болот. Кийинчерээк Рудаки мындай кагылышууну чоң поэтикалык эргүү менен ырдаган, өмүр бою көкүрөктөн кетпес терең так калтырган. Анткени падыша карматтардын көтөрүлүшүнө жан тарттың деп айыптап акындын эки көзүн ойдуруп койгон. Анан сокур акынды сарайдан кууп жиберген. Өмүрүнүн акырында өзү туулган Рудак айылында 941-жылы көз жумган, ошол жерге табыты коюлган.

1960-жылы Рудакинин туулганынын 1100 жылдыгына карата мүрзөсүнө мавзолей салынып эстелик тургузулган. Акындын поэзиясын урматтагандар ал жерге тынымсыз агылып келип турат.

Рудакинин чыгармачылыгында негизги орунду жөнөкөй адамга болгон жылуу мамиле, адамдын жандүйнөсү, ою, кыялы, арзуу-тилеги ээлейт. Анын поэзиясы адамдын жүрөгүнө төгүлүп турган жарык нурду, күндүн шооласын элестетет.

 

***
Жетти мында алма бактан соккон желдин илеби,
Ала келди жыпар жытын сүйгөн жандын. Минели.

Күлүктөрдү. Дарыяны кечип өтүп кенебей,
Кечмелиги – аттар үчүн төшөп койгон — килеми.

Көбүктөнгөн толкундары алар үчүн кеп эмес,
Тизесине жетет араң, бол, сүрдөбөй кирели!

О Бухара! Кубанычка бөлөнүп да шаттангын,
Мына, минтип орундалып күткөндөрдүн тилеги.

Кучагыңа  -калың бакка жыпар жыты аңкыган
Кирмей болду терегибиз, эл-журтунун тиреги.

Ачык асман болсо эл-журт, айга окшоп нур чачкан
Сени көктө жаркыраган керемет!- деп билели.

***
Уйкум качып, жаным сыздап кусалыктан канаган,
Мага окшош кыйналбаптыр дүйнөдөгү жан адам.

Кездешүүнүн сааты келип, бир заматта капа жок,
Жолуугуну чыдап, күткөн-бал, шербет! – деп санаган.

Ичим толуп кубанычка тааныш жолдо бараттым,
Тилим өзүн эркин сезип, жан арылып санаадан.

Бет алдымдан чыгып калды шынга бойлуу, ичке бел,
Ооз ачырып, акыл-эсти оодарганга жараган.

«Менсиз жүдөп, какадыңбы?» деди жана эркелеп
Уяңкырап: «Ак сүйүүгө бексиңби?» —  дейт кара жан.

Мен жооп бердим: «Нур кыздарын жүзүң менен уялтып
Сулуулуктун розаларын кемитесиң садагам!»

Жандүйнөм бүт туткунунда сенин тармал чачыңдын,
Чыкпас кылып мени андан көрк, жыпары камаган.

Жыпар чачтын тармалдарын сагынгандан уйку жок,
Көздөрүңдү эстейм сенин мени сүйкүм караган.

Күндүз-күнсүз жашообуз жок, толгон айсыз-түнкүсүн,
Жаансыз талаа такыр болот, аптап, ысык абадан.

Берметинен – эрдин өпсөм, шекер таткан өңдөнсөм,
Искегенде жыпар жыты көөдөнүмө тараган.

Каухарың бер! деп калат,-карматамын колуна,
Ич! – деп сунат, ичип кызыйм, кантип сопсоо кала алам?

***
Кара көз сулууң менен күлүп-жайна,
Өмүрүң түшкө окшош, келбейт кайра.

Кубанып эртеңиңди тосуп жүргүн,
Өткөнчө кейибегин, жоктур пайда.

Экөөбүз  -кара жаным, гүлүм менен,
Жашайбыз бакыт үчүн ушул жайда.

Алышып, беришкендин бактысы чоң,
Кайдыгер, битириңдин жаны майда.

Бул дүйнө өзү жалган, түтүн делет,
Канакей, ичеличи, шарап кайда?

***
Рудаки чангты күүлөп, чертип аны
Сүйгөнүн ырдап кирди, толкуп жаны.

Бул шарап – каухардын эритмеси,
Опокшош эриндерге каухары.

Экөөнүн табияты эки бөлөк:
Бул — уюп, мунун болсо кайнат каны.
Колуңду саал тийгизсең күйгүзөт да
Ооз тийсең – тынчың алат, өрттөп дагы.

***
Перизатым! Сүйөм, сага акыл-эсим жеңилди,
Бир жыргатчы, жүзүң ачып, угуп койчу кебимди.

Жүзүңдү бир ачып, жана өөп коюшту оор көрсөң,
Түбөлүккө тынчым алып, жанды эзиш жеңилби?

Мага оңой болгон нерсе сага ордой көрүнөт,
Кебелбейсиң, көтөрө албай мен оорутсам белимди.

***
Доско такыр таарынбастан, таарынычтын түбүн кый,
Ушундай бул өмүр деген, бүгүн күлкү, эртең ый.

Дос таарынтса уят эмес, намысыңа тийгендей,
Чатагыңды унутасың эркелетсе. – Эсти жый.

Жакшы иштин жүзүнөн да бир жаман иш артыкпы?
Тикенектен арданбайт да, салбайт роза башты ылдый.

Улам жаңы жан асылын күтөлүбү күнүгө?
Дос таарынтса кечиргин!- да  аны менен болгун сый.

***
Жаратканым пендесинин бирине да окшошпойт,
Сен эч кимге түспөлдөшпөй сулуураксың Алладан.

Таң аткандын себепкери күн дебестен оболу
Сени гана даңазалап күндү айтпайт жан адам.

Сен ыйыксың, кереметсиң даңкы чыккан илгери,
Болочоктун сөзүсүң сен мактаганга жараган.

***
Акыл-эстин багы үчүн алтын күзсүң мөмөлүү,
Махабаттын гүлдөшүнө себепкерсиң жазымдай.

Сүйүм мени пайгамбарым деп чакырат. Сен айткын:-
Ал сүйүүнү жаратуучу мен болом! – деп асылдай.

***
Сүйүп жаша, жутуп алтын аяктан,
Мындайды сен таба аласың каяктан?
Өмүрүңдү арна ушул экөөнө,
Бизди кудай Сүйүү үчүн жараткан.

***
Уялгандай ай, күн экөө паранжаны жамынды,
Көрүшкөндө жүзүңдөгү эки кызыл жалынды.
Алма менен салыштырам анын ээгин жибектей,
Мускус демдүү мындай алма жок: — Жебегин жаныңды.

***
Суранганга жетиштүүлөр каарын жаман  чачышып,
Теңин угуп теңин укпай кетет таштап, качышып.
Көңүл буруп, сөз угууга жетпейт сенин чыдамың,
Сурап жаткан мен кантемин жаны кейип, ачышып?

***
О аздегим, кымча бойлуу периштем,
Эңсеп жаткан ширем кайда мен ичкен?
Кубандырчы ошонуңдан жуткузуп,
Кыштын таза абасындай келишкен!

***
Жер кулпунуп, бакта куштар сайрашат,
Гүлдүн маалы келип калды шайма-шат.
Кыш да өтүп, жалындатып от жаккан,
Эми, оттой кызгалдактар жайнашат.

***
Шарабыңдан куйчу тигил Нилге тамса чыныңда,
Крокодилди бир мас кылган соолуктурбай кылымга.
Элик ичсе арстан болуп, коркпой жолборс, илбирстен
Эч кимисин көзгө илип, теңебеген чымынга.

***
Сазды чертип, суу боюнда шар аккан
Көңүл көтөр, ич! – деп сунуп шараптан.
Каухардай жалт-жулт этип, суктантып,
Жутканыңда ырахатты жараткан.

***
Ат – убакыт, сен  — чабендес, сал капталга союлду,
Топ-убакыт, чапкычы бол утуш үчүн оюнду.
Колу карлуу музыканттар чебер келет, а бирок
Калем кыскан акын колу артык — жазган оюмду.

***
Суроо берсем, өмүр мага жооп кайтарды мындай деп:
Жашап өткөн бүт өмүрүң – кеңеш берүү десем эп.

«Сен бирөөнүн бактысына ич тарытпа дегеле,
Түрлүү кепке илингенге өзүң болбо бир себеп».

Дагы мага минтип айтты: «Тизгиндегин ачууңду,
Болбогондо, толгон кырсык басат сени тебелеп».

***
Өлүм үчүн гана эмес кынга кылыш салышат,
Арамзалар арамдыкты жүз эселеп табышат.

Уксус жасаш үчүн эле жүзүм бышып, эзилбейт,
Анын тунук ширесинен шарап жасап алышат.

Жолдон Иса көрүп калып өлүп жаткан бирөөнү,
Бармак тиштейт, кайгыргандан кабыргасы кайышат.

«Кимдин жанын алдың элең? – Эми өзүң өлүксүң,
Өлтүргүч да өз маалында өлүм менен таанышат».

О, бейтааныш, каккылаба чоочун үйдүн каалгасын,
Болбогондо эшигиңди муштап, катуу кагышат.

***
Жатасың өлүктөрдү жууган жерде,
Чалкаңдан, кыймыйлдабай жансыз денең.

Шалпайып эмчектериң, чачың көрксүз,
Ыйлаймын үшкүрүнүп терең-терең.

Чал болуп, карып калган убагымда,
Кайтарып жаштыгымды берген элең.

***
Менимче, эмир эстен чыкса чыксын,
А бирок, тирүү болсун эки көзү.
Өлгөндү эстеп эмне? – Өлгөн өлдү,
Кеткендер кете берет, калып сөзү.
Ушулар боло берчү нерсе тура,
Ушундай экен көрсө дүйнө өзү.

***
Бул дүйнөгө түшүнбөйсүң, жан досум,
Таң калаарлык нерселери өтө көп:

Бир карасаң – көңүлүңдү ток кылып,
Ханга чейин сыйлап, бийик көтөрөт.

Бир карасаң – күм-жам кылып кескилейт,
Кечээ эле турган сени көкөлөп.

***
Биз –чымчыкпыз, карап көрсөк жашообуздун бир четин,
Жем экенбиз бул дүйнөгө, муну дагы бил – жетим!
Бир кезекте, болуп турган бар нерселер жок болуп
Жанды ажал алат экен аткарып өз милдетин.

***
Кабак бүркөп булут ыйлайт, бирде жарк! – дейт чагылган,
Жап-жаш кеткен кызын жоктоп, муңга баткан энедей,
Ыйлап –сыктап  жоогазынга «Кош!» — айтышты шүүдүрүм,
Жалбырактар жерге түшөт дарман калбай кенедей.

***
Жеңген жоксуң жүрөгүңдүн кайгысын,
Дары-шарап, ичип, капа болбогун.

Пейли таза табат кайгы басса да
Өйдөлөнүү, чыйралуунун жолдорун.

***
Шордуу башым! Мындай кордук болгон эмес кылымда,
Тили заарга күйөө болуп, чыдаш кыйын чынында.

Тоотпойт мени, келсем дагы арстанды жетелеп,
Карагандан коркуп турсам жанындагы чымынга.

Ошентсе да ишенемин, калган өмүр сак болуп,
Жашарыма, туруп калбай типтик жардын кырында.

***
Ар нерсенин наркын билип, баалабай
Согуш үчүн калган белең жаралып?
Көз ирмемдей – аттиң! – кыска өмүрдү
Дагы кыркып, не кыласың жан алып?

***
Элге маалым, — сөзү менен эстүү барктуу экени,
Ким кубаттайт акылсызды, жылытпаса чекени?
Бизге таттуу сүйлөп жаткан битир пайда тийгизбейт,
Семирбейт эч, жакшы сөзгө тойгузсаң да текени.

***
Жыланды баксаң дагы тамак берип,
Жасабас жакшылыкты жаны эрип.
Жыландан наадан жаман, жакындашпа,
Иттигин кылбай койбойт аның келип.

***
Төрт сапатым негиз болду жыргаганга бак конуп:
Акыл, мүнөз, ден соолугум, жашаганым ак болуп.
Ким болбосун, ушул айткан төрт сапатка жетишсе.
Өмүр жолун басып өтөт көп балээден сак болуп.

***
Түз кара табиятка өтө терең,
Эскиче карабастан, акыл менен.

Кемени жакшылыктан жасап алып
Өмүрдүн  деңизинен сүзгүн кенен.

***
Кара тору жан курбуңдун көздөрүн,
Шыңга боюн, толгон санын баалайсың.

Арпа нанга көңүл чапай, нандын сен
Топтомолок, көөп бышканын каалайсың.

***
Жадабадың жакындардан зыкым издеп, табыштан,
Тагдырда сен кайдыгер да, сокур болуп калыштан.
Ачкөздүктөн арылганда эчтемени эңсебей
Жоомарт болуп, дүйнө колу жазылат бейм карышкан.

***
Улуулар кетти мындан келбес жайга,
Шаттыкты, кайгыны да бербес жайга.

Жатышты кара жерге куруучулар,
Көр оокат жыйып-терген калып сайда.

Болгону бир кепинге ээ болушуп
Кур калып тапканынан ушул жайда.

***
Дүйнөнүн кылык, жоругу жаман бир түшкө барабар,
Бирок ал уктап жатпастан жаныңды кылат жарадар.

Жамандык турган жерлерден өзүнүн көрүп жыргалын
Кубанат тирүү кыйналса, сыздатып жанды жаралар.

Ошого эмне карайсың жай гана, капа, санаа жок,
Ал деген билбейт тынымды болбостон ага кападар.

Жаркырап жүзү турса да, ниети анын капкара,
Сулуу го, бирок түпкүрү жакшы эмес деген санаа бар.

***
Акылы жаркып турса аппак таңдай
«Өлдү» деш Муродини[1] кыйын кандай!

Жер эне алса өзүн, жанын асман
Алыптыр, ата болчу ага жандай.

Периште периштеге түптүз барды,
Иш соңу-башат болуп, токтоп калбай.

Чаң эмес, шамал соксо сапырылган,
Суу эмес, тоңуп калар – асыл андай.

Кемшийген тарак эмес, дан да эмес,
Кибиреп, жерге түшүп басылгандай.

Алтындай, көрүндө да жаркыраган
Жуп дүйнө болуп ага арпа дандай.

Денесин жерге берип, асыл жанын,
Акылын ала кетти таштай албай.

Ак бойдон Жаратканга жетти дагы
Алдында турду таза, жарык маңдай.

Ширенин коюусунан бөлүндү да
Туптунук шарап болду, ширин балдай.

***
Бир паска сен келе калып бул үч күндүк жалганга
Тырнактай да көнбө ага, тартылба да, алданба.

Жумшак төшөк болсо дагы жатып, көнүп калганың
Бары бир сен эс аласың өз жайыңа барганда.

Жалгыз өзүң көргө жатып, кыдырбайсың эл ичин,
Шартың болбойт сыйын көрүп, алкыштарын алганга.

Жер астынан курт-кумурска жолдош болот. Көзүңдү
Чоңураак ач тынымы жок тегеренген ааламга.

Ар бир тал чач бир диркемдин наркы менен теңелип
Эч бир теңдеш чыкпаса да көөдөй чачың – тармалга

Бир заматта унутушат сени сокур жүрөктөр,
Бул дүйнөдө  көзүң өтүп, келбес  болуп калганда.

***
Көп жашап да ак өлүмгө барасың,
Эч аябайт ал адамдын баласын.

Түйүндөлүп бүтөт өмүр арканы,
Аттиң! – дечи, кантип аны танасың?

Бардар болуп, кенен жаша, болбосо
Азап тартып, жанды кыйнап саласың.

Жашасаң да кичинекей короодо,
Ээлесең да жердин тоо, таш талаасын.

Баары жалган, түш сыяктуу жок болот.
Кайталанбай, ай, арманда каласың.

Көңүл коштук ээлеп сени өлөрдө
Айырбайсың агы менен карасын.

Эркелетүү – сулууларга мүнөздүү,
Сен ошону дал өзүңдөн табасың.

БАЛЫКТЫК ШАХИД ӨЛГӨНДӨ ЖАЗЫЛГАН ЫР
Шахид өлдү. Кербен чубап бул жалганды таштады,
Көрчү, биздин кербен дагы аны ээрчий баштады.

Көрүп турган көздөр айтса: «Бир адамга дүйнө кем»
Деди акыл: «Далайлардын жерде кайран баштары!»

Демдин күчүн бекем сакта, ажал келсе белгилүү
Өмүр жибин кыйып, сени сенек кылып таштаары.

Жанталашып, терип-тепчип жыйганыңды туш тушка
Обу жок сен чача бербе, ал  — өз энчиң баштагы.

Ачкөздөнүп: «Аз бердиң!» деп жакының да жат болот,
Айкын, анын жан кейитип, балакетти баштаары.

Ылаачынга чымчык теңби, шер арстанга — карышкыр?
Суроо берип, өз сурооңо жооп бер, коюп башканы.

***
Жок нерсени четке как, сезип чынын,
Тамашасы деп ойло сыйкырчынын.
Жакшылыгын ошонун жомоктой көр,
Жаманына тартылбай, баспай кырын.

***
Мен бул үйдө эң бактылуу адам элем эсирип,
Шаа, султандар менден төмөн турушкандай сезилип,.
Өзгөрбөдүм, үй баягы. Бакыт гана жолобой
Ордун анын балээ басты жүрөк жаман эзилип.

***
Башка мүшкүл түшкөн күнү мени издеп калышат,
Безгек гана анда-санда ач кенедей жабышат.
Суусаганда, көздөрүмдөн бөлөк эч ким ичкин! – деп
Ысык, туздуу суусун бербей жанды кыйнап салышат.

***
Биз өтөбүз  бул дүйнөдөн жазмыш жолу ушундай,
Таранчыбыз, — ажал болсо алгыр шумкар кушундай.
Эрте, кечпи, акыры бир аңкып жаткан гүл соолуйт,
Жаныбызды ажал согуп зор балбандын мушундай.

***
Бубак баскан чачтарымды карага мен боетом,
Жаш кезимдей көөп, кутуруш үчүн эмес, жок, ботом!
Жакынына аза күткөн, кара кийген адамча
Мен кайгырып, өтүп кеткен жаштыгымды жоктотом.

***
Кызматка ал келди мында алчыланып, ат минип,
Колунда бар, өңдүү-түстү, жаш гүлдөгөн куракта.
Жагаар бекен шахка эми, карып-арып, жөө басып
Он жылдан соң жарды болуп кайтып келген убакта.

ТАБЫШМАК
Кулагы жок, жакшы угат, аксак – жеңил басканы,
Тилсиз-чечен, көзсүз көрөт жок нерседен башканы.
Бели ичке, эң ийилчеек, кудум эле жыландай,
Өңү кара, болоттон курч, мокото албайт таш аны.
(жандырмагы: калем)

***
Жемишин мында келген кайдан терет?
Бул дүйнө ишенимсиз , ташбоор келет.
Бутаса жанды ажал, жалбырагын
Шамалы үзүп алып айдап кетет.

КАРЫЛЫК ЖӨНҮНДӨ ЫРЛАР

Тиштерим түштү менин каухардай,
Ошондо сездим-чырак өчтү жанбай.

Тиш эмес, күмүш эле ошолорум,
Таңга маал жымыңдашкан жылдыздардай.

Тиштерим түштү менин. Кырсык кайдан
Байкатпай басып калды өчү бардай?

Кудайдын кылган иши мунун баары,
Мыйзамын аткарабыз, ишин танбай.

Ушундай экен дүйнө. Мезгил тынбайт
Шылдырап, агып жаткан булактардай.

Уу болот бүгүн ичкен дарың эртең,
Ичишип ооругандар капаланбай.

Эскиртип мезгил баарын, — атак-даңкты.
Эскиртпейт канткен менен колу барбай.

Өзөндөр кагыраган чөл болушуп,
Гүлдөрү нечен чөлдөр кургап калбай.

Сүйгөнүм тармал чачтуу, билесиңби?
Туткунуң сенин мурда болчу кандай?

Жатасың чачың менен байлап аны
Мурунку анын чачын эске салбай.

Убакыт өткөн сайын сыны кетип
Көөдөй чач азыр кудум аппак кардай.

Бир кезде мейман эле сүймөнчүктү
Эми жок, токтоп калды басып бармай.

Сулуулар суктанышып, таң калышчу,
Өзү да ошолордон көзүн албай.

Бактылуу ошол күндөр өтүп кетти
Моокуму жыргалына толук канбай.

Акчасын кенен чачты түрк кызына,
Болбоду алтындарын аягандай.

Болсок деп аны менен сулуу күңдөр
Урданып, түн ичинде келчү жандай.

Камашкан кожолору ошолору
Түнүндө барган үчүн күндүз барбай.

Бирөөлөр жетпегенге оңой жеткем:
Шарабы, сулуусуна аппак таңдай.

Ырлардын кенчи кылдым жүрөгүмдү,
Элимдин керегине жарагандай.

Шаттыктын кенчи кылдым жүрөгүмдү,
Зеригип, болбодум мен чаарчагандай.

Таш болуп катып калган жүрөктөрдү
Ыр менен жибиткенмин жазгы жаандай.

Кулакты төшөчүмүн чечендерге
Сулууну кечке тиктеп, көзүм талбай.

Багам деп үй-бүлөнү кыйналбадым,
Жашадым өзүм билип, каалагандай.

Ошондо мени көрсөң болмок жаным,
Азыр го болуп калдым карган чалдай.

Ал кезде булбул элем безеленген,
Жер шаарын бүт кыдырсам бутум талбай.

Хандарга кызмат кылып, жолдош күткөм,
Бири жок булут жылып тарагандай.

Хорасан эли ырдан эрип калчу
Мындайды  турмушунда кулак чалбай.

Үйүнө асылдардын качан барсам
Курсагым, капчык толчу, жаркып маңдай.

Кырк миңди Хорасаныдын өкүмдары,
Беш миңди Макан берди досун чанбай.

Чогулттум сегиз миңди ордодогу
Эмирдин кулдарынан намыстанбай.

Эмирдин жол ачканы себеп болуп
Беришти бөлөктөр да калыстардай.

Дооруна Самандардын баардыгына
Мен жеттим. Ойноп-күлүп самагандай.

Өзгөрдү мезгил менен баары, өзүм,
Таяк бер карыларды таягандай.

ТӨРТ САПТАР

Жыпар жытын, өңүн уурдап алдың гүлдөн ачылган,
Жүзүң үчүн өң берилип, чачка жыпар чачылган.
Кызгылт болгон суунун өңү сен жууганда бетиңди
Не бир жыпар аңкыйт чиркин, кое берген чачыңдан.

***
Жусуптайсың, суктандыра бересиң,
Жан кансырайт, тынчым алып элесиң.
А дегенде кубандырып, өөп  коюп
Сагынычымдан пайдаланып, эзесиң.

***
Келди мына… «Ким?» — «Сүйгөнүң». – «Качан?» -«Таңда жаңылбай».
Качып жүрөт… «Душманы ким?». – «Өз атасы жанындай».
Үч ирет мен өптүм… «Кимди?» — «Эриндерин бал таткан».
«Эриндерин?» — «Жок». – «Эмнесин?». – «Каухарын жалындай».

***
Сен эзели ташбоордукка канбайсың,
Өртөнсөм да көзгө жашты албайсың,
Миң душмандан коркунучтуу болсоң да
Жандан артык көрдүргөн сен кандайсың?

***
Эч чыдамым калбай калды, катып бүттү кайран баш.
Сенсиз, акыл жүрөгүмдүн кереги не кара каш?
Кусалыгым куса эмес, Кап тоосундай заңкаят,
Сенин чиркин, жүрөгүң ай, жүрөк эмес, — зоока, таш!

***
Сагынчта жүргөн жанды куса болуп эземин,
Оор көрбөстөн, азабын да жыргалымдай сеземин.
Азаптарын майдай көрсөм, о кудайым андан да
Кандай болом өзү менен жолугушуп калганда.

***
Жүзүң сенин – сулуулуктун деңизи,
Тиштер – бермет. Ошолорду жапкан ооз.
Берметтердин кутучасы – негизи.
Жанды суурган өтө назик, өтө кооз.

Чекеңдеги бырыштарың – толкундар,
Кемелердей – эки кашың, ачык сөз.
Ээгиң сенин – мемиреген көлмөдөй,
Суунун тарткан айлампасы – эки көз.

***
Сени издеп дүйнө кездим. Күн өттү.
Жүрөгүмдү арман гана жүдөттү.
Кол шалдайып, буттарымды таш кылып
Кансыратып, айламды бүт түгөттүү.

***
Ак жүзүңсүз кереги жок тийген күндүн, — чырагым,
Сенсиз жаным, жактырамбы айлуу түндүн ыраңын?
Жакындабас болсоң дагы мага окшош оройго
Экөөбүздө жолугушпас күн болбосун ынагым!

***
Сен жөнүндө элден угуп мен тирилип жатамын,
Көздөрүңдөн турмушумду көрүп, балын татамын.
Кеп кылышса сенден бөлөк такыр башка бирөөнү
Ойду баары бүт чаташып, кайгы-муңга батамын.

***
Ышкы оту өрттөп мени, жансыз жерге суласам,
Ооздон сүйүү сөздөр чыкпай типтик жардан куласам.
Килемчеге олтур дагы минтип айткын жыйлмайып:
«Кордугума чыдай албай өлдү шордуу, бурасам!»

***
Ташбоор тагдыр алды сенин жаныңды,
Уялбастан ишин жасап, жаңылды.
Таң каламын, сезген жокпу жан алгыч
Өчүргөнүн сендей ысык жалынды.

***
Шакек катып ойногонбуз көкөлөтүп көңүлдү,
Жыдыган соң – утуш болуп. Оюн экен, — төгүнбү?
Тагдыр мага шакектердин бирин дагы берген жок,
Түн жарымдан ооду, анан аяктадык өмүрдү.

***
Азап тузун татчуу шордуу немебиз,
Кайгы-муңду ичке катып келебиз.
Арабасын сүйрөп катаал тагдырдын
Ташкындаган деңизинде – кемебиз.

***
Чалчык ойду колдобосоң – асылкечтин өзүсүң!
Азиздерди кордобосоң – асылкечтин өзүсүң!
Жыгылганды тебелеген асыл эмес, жатканды
Сен тургузуп, оордобосоң – асылкечтин өзүсүң.

***
О Рудаки, күүңдөн  тайба, өзгөчө жол тандагын,
Таза жүрөк, акыл менен аалымдардан калбагын.
Ойлобогун: баары жыргап, кыйналамын мен гана,
Жаман нерсе көп дүйнөдө, сен жакшысын тандагын.

***
Жемишин мында келген кайдан терет?
Бул дүйнө ишенимсиз, жалган делет.
Бутаса жанды ажал, жалбырагын
Шамалы үзүп алып айдап кетет.

КОШ САПТАР

Ыр жазууда мага жетпей далайлары кемишкен,
Таштан ырды жаратамын мен жибектей келишкен.

***
Сени макташ – өмүрдөгү кылган чоң иш, эрмегим,
Мен үчүн ал – дыйканчылык, талыкпаган эмгегим.

***
Жазда булут ыйлап, жашын нөшөөрлөтсө – той болот.
Анын төккөн көз жашынан жер көрктөнүп, ойгонот.

***
Жазды сүйөм, ал рахаты көз, кыялдын, кулактын,
Жанды козгойт куштар үнү, шылдырашы булактын.

***
Жалганчынын азабынан куурайм даба табылбай,
Өчүп, күйгөн көрүктөгү алоолонгон жалындай.

***
Өзүң эңсеп басып келдиң коркпой жайган торумдан,
Болду, эми жанталашпа чыгамын деп колумдан.

***
Суу бийиктен кулагандай сай нугунан суурулуп,
Сага өзү төп келишип кучак жаят сулуулук.

***
Сүйүп, балкып өпкөндүгүң туздуу сууну жуткандай,
Ичкен сайын ичкиң келет суусагандан куткарбай.

***
Керемет бейм гүл жыттанган жылуу, жумшак жазгы күн.
Ошондо да мага артык сени менен болгон түн.

***
Күндүз сааттан маалды билип, түнү жылдыз эсептеп,
Сен жанымда турсаң дагы корком: качып, безет деп.

***
Сүйсө дейсиң, бирок өзүң сүйбөй муздап калгансың,
Ак чындыкты издейсиң сен, бирок өзүң – жалгансың.

***
Сен дегенден мончоктогон жаш эмес
Көлмө ар бир кирпигимде мөлтүрөп
Куйкалаган жүз от күйүп жүрөктө
Жанды мыжып күндө кыйнап өлтүрөт.

***
От, жалындай жеңиштерге умтуласың айдайым,
Таразадай, калыстыкты жаның дегдейт ар дайым.

***
Тынбай сени кечке чейин өпкүм келет бетиңен,
Карызымды бөлүп-жарып бергим келбейт четинен.

***
Тигил бул бар, көрсөң болот тескеримди, оңумду,
Сен го жалаң мыскылдайсың жайып мага торуңду.

***
Шуулдап өтө тапансың деп таң калганга шашылба,
Өткүр бол! – деп кайрат берген сен болчусуң башында.

***
Чачтарыңдан не бир укмуш жыпар аңкып, төгүлгөн,
Уят кылган кара тактар кетпейт бирок көңүлдөн.

***
Түбү бекем сени мактап, көкөлөткөн кебимдин,
Макташ үчүн кереги жок кыпчыткычтын, желимдин

***
Душман сенин бет алдыңда кибиреген кенедей,
Кылычыңдын алдында ал чаап салуучу бедедей.

***
Учтап, жонгон кооз таякча купулуңа толо албайт,
Саамай чачын жайып салган мажүрүм тал боло албайт.

***
Мейли, кийимим кир болсо да пейлим кара болбосун,
Кара ниет, суук көздөр жарыбасын, оңбосун.

***
Берешендик – көркүң сенин, даңкың – кийим, сулуулук,
Ар-намысың – Ата мекен, турак-жайың-улуулук.

***
Эстүү эңсеп турса тынчтык, жакшылыкта болушту,
Макоо көөнү самайт чиркин! Жаңжал жана согушту.

***
Арман кылам эки кылым жашаганын карганын,
Чабалекей бир эле жыл өмүр сүрө алганын.

***
Талдаганда кылганыңдын агы менен карасын,
Кыяматта, турган жерде каткан бойдон каласың.

***
Назик обон, шаңдуу ырды сен күнүгө угасың,
Зар какшаган байкуштарды уккуң келбей турасың.

***
Нан сураган ач немени нысапсыз! – дейт карды ток,
Соо жүргөндүн бирөөлөрдүн оорусунда капа жок.

***
Жалгыз жаның, бир денеңде билим жатат ар кандай,
Акылына элдин батпай, көл, деңизге баткандай.

***
Айкөлдүгүң кармаганда элестетем дайраны,
Албууттансаң, пилге окшош кетиресиң айланы.

***
Ырыма сен Маж түшүнгөн адамдардын бирисиң:
Мен-жаныңмын, мен- оюңмун, сен – денеси, тилисиң.

***
Арстанча бөрү болбойт. Сөз бузулбайт чындыктан,
Кыраан шумкар коркмок беле кибиреген чымчыктан.

***
Топ ичинен муш жегенге түзүк менин саламым,
Бирок байкуш тагдырыма мен аркамды саламын.

***
Айрымдардын ашы белен, ток жүрүшсө эт жешип,
Арпа нанга жетпей булар күн көрүшөт эптешип.

***
Урпактарда өмүр улап даанышман эч тура албайт,
Укум-тукум уланса да даанышмандык уланбайт.

***
Өмүрүңдөн тажрыйба ал, кыпыны да кенедей
Жардам берсе, тоскоолдордон шыр өтөсүң кенебей.

***
Катаалдыкка, таш боордукка шашылып,
Тозок отун жаның эңсейт ашыгып.

***
Биз кой болсок, дүйнө — көрсө, окшош терең ороого,
Уйку келер замат ошол камалабыз короого.

***
Өлүм кыя өтпөйт экен карысынан, жашынан,
Ушул экен бул дүйнөнүн табияты башынан.

***
Топурактан жаралган соң топо болуп кала бер,
Өз жайыңда сен – чопосуң, жайың сенин кара жер.

***
Тагдыр ушул, аргабыз жок баш ийбеске жазганга,
Бирде бизди басып ылдый, көкөлөтөт асманга.

ПОЭМАЛАРДАН ҮЗҮНДҮ

 

Бир болуп, достор менен сайрандашкан
Бакыттан барбы бөлөк майрам ашкан?

О кудай, досторумдан ажыратпа,
Дүйнөдө тозок жоктур андан ашкан.

***
Аалам – асман жаралганы адамзаттын дилинде,
Билим алуу ниет турган, муктаж болуп билимге.

Кайсы доорду, кайсы тилди биз албайлы, жан, дилин
Эң оболу адам койгон зор нерсеге, ал – билим.

Акылманды көрсөң: угуп алышсын деп тилимди,
Аскаларга жазуу чегет даңазалап билимди.

Билим күндөй жанып турса адамдын чоң бактысы
Ар балээден сактап жүрчүү ал дененин сакчысы.

***
Билсем, мага бирөө душман экенин,
Жок кыламын деген ойдо бекемин.

Жакындашуу жолун ага табамын,
Сыр бөлүшкөн досу болуп каламын.

***
Ооздон чыгып кеткен сөзгө күйүнөм,
Сыртка чыкпай калганынан сүйүнөм.

***
Кен мыктысы – билим алуу, умтул ага тойбостон,
Колдон келип турган чакта жыйна аны тойбостон.

***
Күн күркүрөп күлмөйүнчө, жарк! – демейин чагылган,
Булут жерге кусалыктын жашын төкпөс сагынган.

***
Жалган дүйнө муздаганда шоруң кайнайт,
Периштебиз желмогуздай тишин кайрайт.

***
Бир душман – көптүк кылат, сактан андан.
Жүз досуң – аздык кылат дайым, абдан.

***
Жүз миң адам турса дагы сен жалгызсың короюп,
Жүз миң адам болбосо да жалгыз башсың сороюп.

***
Кийими убакыттын калды кирдеп,
Жууганга бердим жигит, аны чечип.

Бозоруп саймалардын өңү өчкөн,
Не болот? Күтүп жатам санаа кечип.

***
Өмүрүнөн таалим, сабак ала албаган нааданга,
Эч бир аалым бирдемеге үйрөтө албайт ааламда.

***
Ач адамга ток түшүнбөйт, ал тууралуу ой салам:
Кайсы жерим ооруп турса бир ошондо ой, санаам.

***
Жибек курту кепин сокту. Ажал аны соруптур,
Ошол кепин көрктү ачкан баалуу жибек болуптур.

***
Эмгегим да, оюм дагы бир сүйүүдө ак таңдай,
Ансыз мага бул дүйнөнүн кереги жок эч кандай.

***
Жөндөмдүүлүк билим экөө – жарык таң,
Сен аларсыз үмүт үзгүн жарыктан

***
Үйрөтүп жетектесе бизди карга
Бир күнү алып барып такайт жарга.

***
Акылман өзү да жейт, берип жыргайт,
Беришпейт, макоо жебейт, жалаң жыйнайт.

***
Тосуп ал буюрганды жайнап күлүп,
Өткөнгө өкүнбөгүн сыздап, күйүп.

Фарсчадан орусчага которгондор: В. Левик менен С. Липкин

Орусчасынан которгон: Кубанычбек Басылбеков


[1] Муроди – акын, Рудакинин замандашы.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий