Тургунбек Бекболотов, акын: «Токтогулдар топ ичинен сүрүлүп,/Тууга айланып алган бүгүн Арзымат»

Тургунбек Бекболотов — бүгүнкү кыргыз поэзиясынын көзгө басар өкүлдөрүнүн бирине айланган айылдык акын. Ал «мыкты акын болуш үчүн алардын орбитасында айланыш керек» — деген стереотип түшүнүктү жокко чыгарып, өмүр бою Таластын Кара-Буура районунда жашап келет. Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык сыйлыктын ээси, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

Т.Бекболотовдун өзүнө гана таандык мекенчилдик үнү, ыр куроо стили, Шырдакбектин жоргосундай төрт аягы куюлуша шилтенген уйкаштыгы окуган адамды өзүнө тартпай койбойт.

«Алиби» гезитинин поэзия ышкыбоздоруна акындын жакында жарык көргөн «Зоолу» ыр жыйнагынан алынган айрым ырларын тартуулайбыз.

 

МЕКЕН, СЕНИ КОР КЫЛЫП АЛАБЫЗБЫ

Кыбырасам кыбырап, жулкунбагам,
Шыбыраган чыгармын, кыйкырбагам.
Кылым келди өзүңдү көрсөтүүгө,
«Кыргызмын»- деп сен эми кыйкыр, балам!

Аттап өтпөй чийилген чийиндерден,
Какайганга какайбай, ийилгем мен.
Эмне кылар айламды таппай турам,
Эркиндикке жеткенге сүйүнгөндөн.

Каршы туруп канча бир соккуларга,
Сөөгү калган кыр-кырда, коктуларда.
Кыргыз деген азаптуу элиң үчүн,
Керек десе от кечип, чокту карма.

Жүрөгүмдүн толтосун көзөп тийип,
Жан дүйнөмдү чүнчүтүп, эзет күйүт.
Колтугума корголоп кирип алып,
Өзүн неге өзгөлөр сезет бийик?

Иритпесе байкатпай арабызды,
Жөлөп-таяр бар бекен, кана, бизди.
Кулдугунан чыгалбай курсактардын,
Мекен, сени кор кылып алабызбы?

Ойгон элим, ойгонсун уулдарың,
Жылдыз эмес, турбайбы Тууңда Күн.
Эсибизден чыгарып коюптурбуз,
Эркек бала эл үчүн туулганын.

Биз ким элек? Ким болдук? Ойлонолу,
Жаралбаган чыгарбыз сойлогону.
Кана эмесе, кечинде жаталы да,
Бүркүт болуп таң эрте ойгонолу!

 

БИЙЛИК ЖАНА БАЙЛЫК

Бийликтин чоң, кичине эгелери,
Колуңар туткак болот неге деги?
Чырмооктой чырмалышып бир-бириңе,
Бар бекен араңарда жебегени?

Тамтыгы кетип сөздүн «элим» деген,
Тагдырды бийлейт колдор көрүнбөгөн.
Таш тиштеп канча жолу ызылдадым,
Тарттырып тапканымды терим менен.

Көз артпай жонумдагы көйнөгүмө,
Көңүлдү бургулачы көйгөйүмө.
Калкымдын канын соруп жашагыдай,
Кудайга кадырыңар өйдөбү же?

Курттай жеп, ички дүйнөң ириңдеген,
Байлык — бул кумар тура билинбеген.
Алдына салып берген абийириңди,
Бийлигиң ушунчалык ширин белем.

Манаттан болсун, мейли, байпагың да,
Кыпынсың мобу аалам алкагында.
Асылдык жатканына тебеленип,
Жүрөгүм ыза бүркөт кан тамырга.

…Тагдырга кылдык окшойт текеберлик,
Уйку — соо өйдө- төмөн жетелендик.
«Калкым» деп кан жөткүргөн кайрандарга,
Кайрылып карап койбой кете бердик.

 

ЭЛЕТИМ

Мынчалык неге өгөйлөйт, билбейм, элетти,
Атабыз башка, энебиз биздин бөлөкпү?
Же бийлик мүлжүп, ыргыткан сөөгүн талашып,
Жүгүнүп жашап, бүгүлүп басыш керекпи?

Ийилчээк жанбыз, ишенип байоо баладай,
Сыздатат ыза жарылбай жаткан жарадай,
Жалооруй сунган колуңду болот көрмөксөн,
Саламга түгүл аликке жөндүү жарабай.

Элетим менин, барпаңдап кенен пейилиң,
Ташпишин тартып келесиң турмуш көйүнүн.
Канчалар сенден көтөрүп боорун алган соң,
Кайрылбайт дагы, кадырлап койбойт же кийин.

Элетим менин, айылым -алтын бешигим,
Огожо кылып бийликтен арткан кешигин,
Кыбырап эптеп жан багып жүрсөң, корсулдап,
Кожойун жайнайт колдору түктүү, төшү жүн.

Убакыт деген муунду муунга жаңылап,
Удургуп күндөр, кайдадыр заман агылат.
Элетим үчүн көксөгөн жолу көрүнбөй,
А бакыт неге арылап барат, арылап?

 

* * *

Капастан чыкты десек Чындык эми,
Карс этип бүгүн дагы сынды бели.
Кан какшап жатат, ана, босогодо,
Калкым ай, кандай айла кылдык эми.

Шам болуп жалган үмүт күйөт бүгүн,
Шал болуп калбай улут билек түрүн.
Шамалдай согуп Чындык оңдон, солдон,
Шатырап келер күнүн тилеп жүрүм.

«Чындык» деп чыркырамыш болгон менен,
Чындыктан качат түрлүү жолдор менен.
«Чукуйм» деп калптын көзүн, сөөмөй кезеп,
Чындыкты муунтушат сол кол менен.

Калпына жаш баладай ишенишкен,
Калкыма ыза боло түшөм ичтен.
Кан жутуп жатса дагы атырылып,
Ким эле кечээ күнү кишен үзгөн?

Чыңыртып күч келгенде кара жанга,
Чыгааның чыгат дечи таянарга.
Чок болуп күйгөн жүрөк керек экен,
Чындыктын жүзүн тике караганга.

 

КАЯКТА КАЛДЫ АР — НАМЫС?

Тайкыбы тагдыр? Такалып калдык жарга биз,
Максатпы бүгүн кыбырап эптеп жан багыш.
Калкыбыз үчүн карууну кызык кылалбай,
Көкүрөк бар да , калган жок окшойт ар- намыс.

Зыкымбы бакыт? Кол менен кармап албагыс,
Адашып жолдон, түгөнүп турат аргабыз.
Тегерек-четке теңата боло албаган,
Канакей? Канча? Калдыбы бизде ар- намыс?

Жогуна чыдап, каниет кылып барга биз,
Жонубуз жооруп, жорголоп калган алдабыз.
Баарынан дагы кашайтып жанды турганы,
Канакей? Канча? Калдыбы бизде ар- намыс?

 

ЖАҢЫ КЫЛЫМ

Айткылачы, кыргыздын мырзалары,
Калптын гана өйдөгө ташы кулап.
Көздү сайып көрүнүп турса дагы,
Чындык неге дайыма жашырылат?

Калкка айланып калдыкпы, канаты жок,
Намыс туусу сабынан сынды дечи.
«Чындык өлдү» дейсиңер койгулачы,
Өлмөк беле, жок болсо чындык өзү.

Чындык жүргөн окшойт го башка жакта,
Бул ортодо караанын көрөт элек.
Калп кашайтып, жаныңды баарынан да,
Эртели кеч эликтейт, келекелеп.

Эй, кыргыздын жигити, салбырабай,
Тап чындыкты! Жетелеп келбейсиңби!
Жок дегенде бир жолу башты сайып,
Тобокелге бел байлап көрбөйсүңбү!

 

УЛУТ АБИЙИРИ

Туман басып, туш тарапта уйуп чаң,
Адаштыкпы, жол табылбай туйуктан.
Убадакөй уул-кыздар көбөйдү,
Уйат деген Улуу журтту унуткан.

Көрө албастык көкүрөккө чылк уюп,
Туура сөздү айта албайбыз култуйуп.
Кимдер менен сүйлөшсөм да тургансыйт,
Колтугунан калптын башы кылтыйып.

Жол издебей жоктугунан жетемин,
Эмне дешсе ээрчий берген экемин.
Эки көзүң карайт мени жалдырап,
Эмне болуп калган сага, Мекеним?

Эркибиз бош, рухубуз алсырап,
Ээрчип кайда баратабыз мал сымак.
Токтогулдар топ ичинен сүрүлүп,
Тууга айланып алган бүгүн Арзымат.

Айбаты күч, арстан чабыт эл элек,
Алдык окшойт намыс — арды тебелеп.
Этегине ээ болбогон зайыптар,
Эми бизге шерди кайдан төрөмөк.

Ач көздүктөн дүнүйөгө байланып,
Кыйчалышта кылабыз ээ майдалык.
Баталгага башын тоскон баатырлар,
Бара жатат ажыдаарга айланып…

 

* * *

Жандап жүрүп жарабас керегиңе,
Жалак жолдош күтүүнүн кереги не?
Тойбой калса өзүңдү торой чалып,
Доо кетирер бир күнү беделиңе.

Үзөңгүдөн бут тайса карабастыр,
Ал — акыбал сурашка жарабастыр.
Базарыңды өткөрүп ийген кезде,
Бармагыңды тиштетээр, кара баскыр!

 

* * *

Чыңырат Чындык, чыңырат,
Чыкыйга үнү угулат.
Чарчаган окшойт бечара,
Чалынып улам жыгылат.

Жакшылык күткөн кул сымак,
Жалооруй тиктеп умсунат.
Жалгандын торун үзүүгө,
Жардамга колун ким сунат?

 

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН 20-ЖЫЛЫНДА

Айчыктуу ак калпагы алчылана ,
Тулпардын туягынан чаң чыгара.
Тоо койнун жойлоп жүргөн бабаларым,
Колунда курал болуп камчы гана.

«Арсыз, — деп, — убадага бек турбаган»,
Кары-жаш сөз кадырлап, кеп сыйлаган.
Туш-туштан жоо жакадан алса дагы,
Эзели баш калкалап, чеп курбаган.

Эр сайыш эрдик эмес — оюн деген,
Мылтыкка каршы чыккан союл менен.
Кыргызым кылым кезип келатасың ,
Буйруган белгисиз бир жолуң менен.

Тажатып бийликтеги сайпаналык,
Алса да курал кесеп, калкаланып.
Ак үйгө муштум менен чабуул койдуң,
Көкжалдык каныңдагы кайталанып.

Ооба, ырас, өлкө бүгүн чабал, жарды,
Жер тырмап, багат көбү араң жанды.
А бирок, бийлик талаш жүрүп жатат,
Алдына калкан кылып аялдарды.

Элим ай, туман болуп ары жагың,
Эркиндик тийген менен жарыбадың.
Эрлериң элди экиге бөлүп-жарып,
Калыстык кылбай калды карыларың.

Көргөндө жан дүйнөнүн иригенин,
Басар жол, барар жерден түңүлөмүн.
Уйку-соо, бүттү сунуп ныксырабай,
Ойгончу, эртең эмес бүгүн элим!

«Алиби» («Кыргыз гезиттер айылы»), 17.04.2012-ж.

Тургунбек Бекболотовдун дагы ырлары

Соц тармактар:

Добавить комментарий