Эстен кетпейт элеси

Кыргызстан жазуучулар жана журналисттер союзунун мүчөсү, акын-сатирик, жазуучу жана санжырачы Жапар Кенчиев кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал киши эле. Убакыт учкан закымдай зымырап, бул жаркын адамдын дүйнө салганына беш жыл өтүп кетиптир. Антсе да, анын жаркын элеси эстен кетпей, эскерип отурганым.

Жапар менен мен 1946-1947- окуу жылында Фрунзе шаарындагы №5 кыргыз орто мектебинде онунчу класстан окуп жүргөндө таанышкам.

Биринчи чейректин аягында адабият кружогу иштей баштады. Ага ар бир класстан таланты бар окуучулар тандалып алынды. Мен да ошолордун катарына кошулуп калдым. Кружокко адабият мугалими К.Аюпова эжей жетекчилик кылды. Кружок жумасына бир жолу болот. Арабызда маркум Качкынбай Осмоналиев, Жапар Кенчиев да бар.

Кружокто ар кимибиздин жазган ырларыбыз, аңгемелерибиз талкууга алынат. Бир күнү кружок баштала электе чогулуп калсак, арабыздан бир кара тоголок арык бала жазган ырларын окуй баштады. Көңүл коюп тыңшап калдык. Аты Жапар, фамилиясы Кенчиев экен. Ал колундагы бир барак кагазды көзүнө жакын кармап:

«Таң калам карап отуруп,
Беш жылга согуш созулуп.
Косинусту биле албай,
«чосинус» деп окудук»! –деп калды. Баарыбыз каткырып күлүп жибердик. Анткени, согуш учурунда латын тамгасы менен окуп, латынча «с» тамгасын «ч» деп көнүп калганбыз. Дагы оку, деп жаалап кирдик. Жапар жылмайып:

«Отуз күн тердик машакты,
Оорубай тартып азапты.
Кыйноого салып ачкалык,
Кылгырып көздөн жаш акты!

Каргаша бизге жабышты,
Ачкадан жаагым карышты.
Картошка издеп үшүгөн,
Каманча түрттүк аңызды!» – деп 6-класста окуп жүргөндөгү жазган ырын жатка айтып берди. Анан Жапар ошо мезгилде ооруганын айтып, төмөнкү ырга токтолду.

«Айттырбай ойдо сөзүмдү,
Алдыңбы оору өчүңдү.
Ачтырбай салдың акыры,
Айнектей тунук көзүмдү.

Тогуз күн болгон жатканым,
Каруум жок көздү ачпадым.
Салмагын салып келте оору,
Салыптыр ажал капканын», – деп үнү муңдуу чыкты. Дагы шатырата кол чаап, туш-туштан куттуктадык.

Жазган ырларынын мазмунуна, уйкаштыгына, маанисине жогорку баа берип, бардыгыбыз ыраазы болдук. Каралашар кишибиз жок болгондуктан Жапар экөөбүз мугалим болуп иштөөнү туура таптык. Мен Балыкчы районундагы «Улахол» жети жылдык метебине физика-математика мугалими болуп орноштум. Жапар болсо өзү туулуп-өскөн Чаекте иштеп калды.

Жыл өткөн сайын педагогика окуу жайы менен пединститутту бүткөндөрдүн саны арбый берди. Орто билими жоктор орундарын бошотуп берип жатты. Бизге да кезек келди. Институттан сырттан окуубузду талап кылды. Ушуга байланыштуу 1953-жылы Фрунзедеги политехникалык институтуна келип кирдим.

Бир күнү лекцияда отурсам Жапар да отурат. Аны көрүп жанына басып бардым. Тууганча өбүшүп-жытташып, кучакташып учураштык. Жанында Токталы, Кубат, Токтожума деген балдар бар экен. Аларга мени досторчо тааныштырды. Орто мектепте бирге окуганыбызды баяндады.

Көрсө, бул төртөө бир жылдык кайра даярдоо курсунан бирге окушуптур. Ошентип кайрадан Жапар экөбүз бирге окуп калдык Институтту бүтүп, геологиялык чалгындоо экспедицияларына орноштук. Эми мурдагыдай болбой, бирибизди бирибиз айлап, жылдап көрбөй калдык. Билинбей жылдар өтүп жатты. Мен институтта окутуучу болуп иштеп калдым. Жапар «Кыргызгипроводхоз» долборлоо институтуна которулду.

Кыргызстандын бардык жеринде болду. Улуу кишилерге, аттуу-баштууларга, эл башкаруучуларга жолугуп, кыргыздын санжырасын чогултту. Көптөгөн ырлар, аңгемелер, повесттер, тарыхый романдар жазды. Андан кийин Кыргыз энциклопедиясында редактор болуп иштеп турду. «Тоо сыры», «Наристе», «Долон», «Минерал», «Калемпир», «Мидинге кат», «Балбай», «Медет датка», «Алимбек хан», «Кемпир Баатыр», «Куйручук», «Эркинбек», «Бабалар баяны» деген китептери басмадан басылып чыкты.

«Мидинге кат» деген китебинде Жапар:

«Каңырык минтип түтөдү,
Коррупция күчөдү.
Адабий китеп сатылчу,
Аракка толду дүкөнү.
Менчикке сатып жиберди,
Ушинтип теке сүзөбү? – деп, социалисттик доор кулагандан кийинки мезгилдеги окуяларды катуу сынга алат.

Жапар экспедицияда жүргөндө топтогон санжыраларын архивдик материалдар менен салыштырып, анализдеп, илимий жол менен тактап чыккан. Үзүлгөн жерлерин улаган. Кемтигин толтурган. Ошол себептен республикабызда басмадан басылып чыккан санжыралардын жети томдугун түзүүгө активдүү катышкан. 1991-жылы Ысык-Көлдө болуп өткөн санжырачылардын кароосунда биринчи даражадагы диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланган.

Өмүрүнүн акыркы жылдарында ден соолугуна байланыштуу эки жакка чыга албай калды. Ошондо да болбой жанталашып, санжыра, ыр, аңгемелерди биринин артынан бирин басмадан чыгарып жатты. Бир күнү ден соолугун сурап, көңүлүн ачып коёлу деп мен, Кубат, Тельман, Закон, Качкын бешөөбүз барып калдык. Сүйүнгөнүн айтпа! Машинка басып жаткан экен, ордунан тура калып, биз менен кукчакташып көрүштү. Өткөн-кеткенди айтып, бир топ отурдук. Мындан кийин да бир нече жолу бардык. Барган сайын машинка басып отурганын көрдүк.

Бир күнү Жапардын оорусу катуу деген кабар угуп, баягы беш дос жетип бардык. Барсак Жапар өтө начар экен. Жакшы сүйлөй албады. Биз ар кайсыны айтып жатсак, алаксып, башын ийкеңдетип жатты. Башы айланып жыгылганын, эч нерсе сезбей калганын, тилинин булдуруктаганын өмүр шерик жолдошу Шаршебүбү айтып берди. Биз өтө кайгырып, ичибизден тындык. Кайрат айттык. Көп отурбай чыгып жөнөдүк.

Мен колунан кармап, “жата бербей тез сакайып кет?» – десем бир аз тиктеп турду да, “бир ишим бүтпөй кала турган болуп турат. Ошону бүтүп анан кетсем жакшы болор эле! Сага ыраазымын! Келип тур? Кош Чаке!» – деп колумду катуу кысты. Мен да кысып, колунан өптүм.

Чаланбай ИМАНАЛИЕВ, Кыргызстан журналисттер кошунунун мүчөсү,
«Кыргыз туусу», 17.04.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий