Бабалардан осуят

Кыргыздар байыртадан эле жаштарды өзүнө-өзү талап кое билүүгө көнүктүргөн. Убаданы аткарбоо, көпчүлүктү көзгө илбөө, убадалашкан мезгилден кечигип келүүнү ж.б. айыптаган. Бул азыр илимдин тилинде этика деп аталат. Анда эл ичинен чогулткан адептерге кулак салалы.

Нандын күкүмүн шыпырба, ырыс-насибиң кемийт, ачарчылык болот.

Нанды тетири койбо, бир колдоп сындырба.

Нанды тегерете сындырбай, тең бөлүп сындыр.

Нан менен бычак аарчыба.

Туз — насибиң, аны тепсебе, алыска жол жүрөрдө туз таты.

Үйгө келген адамга нан ооз тийгиз.

Тамакты алгач өзүң ооз тий, насиптин алдын башкага бербе.

Алыска сапарга чыгарда нандын четинен ооз тийип, сактап кой, насип күтөт.

Алыска аттанарда ачууланба.

Чай же суусундук сунганда чыныны оң колго кармап, сол колду көкүрөккө коюп, бир аз ийилип сунуш керек, ал эми куйганда өз колуңа алып куй.

Мейман келгенде кабагыңды бүркөбө.

Тамакты сурап бербе.

Тамак ичип жатканда жер таянып отурба.

Тамакты чалпылдатып чайнаба, шорпону шорулдатып ууртаба.

Тамак ичип бүткөндөн кийин бата кыл, тамак ичээр замат жатпа.

Конок үйдөн чыкканча ичиңдеги уйгу-туйгуну басып тур.

Конгон мейманды эртең менен эрте ойготпо, ал кет дегенге тете.

Дасторкондо отурганда сыртка чыгууга туура келсе, олтурган адамдын бутун аттап өтпө, сакалдуу адамдын артынан өт.

Чайыңдын түбүн төкпөй ич, ырыскыңдан айрыласың.

Бышкан ашты таштаба.

Дасторконду жыйнай электе жата калба же туруп кетпе.

Тамакка сынтакпа.

Чыныны чертпе, куру казанды калдыратпа, үйдөн береке качат.

Кемегени теппе-ырыскың төгүлөт. Идиш-аякты тепе.

Чайдын чамасын булганыч жерге төкпө.

Супураны улагага илбе, жерге таштаба.

Караңгыда ак сураба.

Акты (сүт, айран, кымыз) төкпө.

Акты атынан айтпа. Мисалы, ак түстөгү малды «кызыл ат», «куу ит» деп терге.

Бирөөдөн тузду бекер алба.

Караңгыда сырттагы тамактын бетин ачык калтырба.

Эртең менен эрте турсаң, ырыскыдан куру калбайсың.

Эртең менен турганда бет жуубай туруп кишиге караба.

Эртең менен жаман сүйлөбө.

Күн шашкеге чейин жатпа.

Малды теппе, башка чаппа.

Канды тебелебе.

Жыйылган жүккө жатпа.

Жаткан адамды аттап өтпө.

Мылтыкты аттаба.

Жаткан төшөктүн баш жагын тепсебе.

Кийимдин жакасы менен жеңин тебелебе.

Жайнамаз менен супураны тебелебе.

Колуңду жууганда силкпе, ырыскы качат.

Жеңиңди тиштебе.

Жаздыкты тескери койбо, тепсебе.

Ысмайыл Кадыров, «Де Факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 19.04.2012-ж. 

Соц тармактар:

Добавить комментарий