Чагылгандан от алып обон жазган…

Сүрөт КТРКнын сайтынан алынды

Ал – мени менен болгон  маектешүүдө: “Ысмыңдын Аксуубай аталып калышынын  бир купуясы бар  өңдөнөт” деген соболума, “Ооба, Аксуубай атка конгонум, кадимки эле Аксуу суусуна байланыштуу таржыма, ошо суу жээгинде төрөлүпмүн да” деп өзүнүн жарыкчылыкка келгенинин чоо-жайын айтып берген.

Тууган айылы Ак Булуң ак карлуу тоолордун, арашан суулардын мекени. Ай-күнүнө жетип турган энесин араба менен районго алып келатканда кан жолдо толгоосу кармап, жарык дүйнөгө ошол суу жээгинде келиптир. Өспүрүм кезинде эле обончулук, ырчылык өнөрдүн асманында жарк этип көрүнгөн топ жылдыздын катарынан татыктуу ордун тапкан.

Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарындагы он жылдын оро-парасында улуттук музыка өнөрүнүн чыныгы кадиксиз таланттарынын өзгөчө бир топ жылдызынын толуп жаркыраган доору келген. Булбул үндүү, музыка тилдүү, көөдөнүнөн обон булагы толкуп аккан Рыспай Абдыкадыров баштаган ошол топ жылдыз улуу-кичүү замандаштар жана таламдаштар, кашкөй таланттар Сардарбек Жумалиев, Аксуубай Атабаев, Калыйбек Тагаев, Мукан Рыскулбеков, Үсөн Сыдыков, Түгөлбай Казаков, Асанкалый Керимбаев өңдүү ак таңдай азаматтар эле.

Аксуубайдын “Курбуларга” деген алгачкы чыгармасына биздин муун да күбө болду. Анда биз университетти жаңы бүтүп, өлкөнүн ар кайсы жеринде иштеп жүргөн элек. Ошондон улам ыр атайы бизге арналып чыгарылгандай таасир калтырган. Тексти менен обону куп жарашып куюлушкан, укмуштай лиризмге толгон ошол керемет ыр ушул күнгө чейин биздин сезим дүйнөбүздө, жүрөк дилибизде нукура таптаза бойдон, жарашык татымы кемибес таасири менен жашап келүүдө.

Жакшы ыр менен жакшы обон тутумдаш, өзөктөш, эриш-аркак эгиз дүйнө, бири-бирине үндөш, тагдырлаш. Жакшы ырдын таасиринен жакшы обон жаралат. Жакшы обон да жакшы ырдын жаралышына жардамчы. Экөө бир куштун эки канатындай, экөөлөп чыгарманы бийикке учурат. Алардын катарында Аксуубайдын “Он сегиз жаш”, “Чагылган”, “Эне жөнүндө баллада”, “Кыргыз жери”, “Тоолор”, “Таалайбек” өңдүү жан дүйнөнү чагылгандын отундай жарк эттирген, адамдын өмүрүндөгү эң ыйык сезим-туюмдарды козгогон, анын баа-баркын ачып, алдыңа чачып берген, жашоонун өзүндөй терең маанилүү чыгармалар бар.

Бир күнү жолукканыбызда Аксуубай Атабаев кызык оюн айткан. “Жакшы ырдан дүйнө көрүнүп турат, – деген эле ошондо ал, – андан куду табияттын өзүн көргөндөй болосуң.  Андайлар окуганыңда эле жүрөктү толкутат, обон кайрыгын чакырат. Ошондой абалда калган учурларым эсимден кетпейт. Алар аялуу кыйбасымдай, жан-шерик сырдашымдай эш туткан пирим, кубат берген күнүм. Бир жолу Салижан Жигитовдун ыр китебинен бир элегияны окуп калдым. Ошондо эле бүткөн-боюм чымырады, укмуштуу бир күчтү сездим. “Шуулдаба, терегим, теректерим, шуулдасаң ыйлагым келет менин…” деген саптардан теректер көз алдыма жандуудай элестеди. Шуулдаганы кулагыма кадимкидей угулуп кетти. Опосуз армандуу дүйнө, өтмүш тагдыр, өксүгөн өмүр жөнүндөгү кошоктой болуп… Ыр – иримге кирип, чөгүп кеткен агасы жөнүндөгү арман экен. Теректердин шуулдаганы – опосуз тирүүлүктүн арман күүсү, ошону өмүр бою угуп жашайт экенбиз, аны түшүнө албай, ага чама-чаркыбыз жетпей жарыкчылыктан өткүчө.

Ырдын обонун үч ай жаздым, үч ай толкуп толгондум. Теректердин шуулдаганынан азаптандым, жыргап-куунадым. Ал каным болуп агып, жаным болуп балкыды.

Ырды жазып бүтүп, Салижанга тааныштырдым. Ал угуп отуруп, – классика түрүндө экен, менин оюмду таапсың деди.

– Ырды азыр ким аткарып жүрөт?
– Республиканын эмгек сиңирген артисткасы Майрам Дүйшөкеева эл аспаптар оркестринин коштоосу менен аткарат, Салижан ырын жөн эле элегия деп атаптыр. Мен ага “Шуулдаба, терегим, теректерим” деген атты бердим. Ошо менен обондун маанисин ачтым деп ойлойм.

– Дагы кандай обондоруңдун таржымалы бар?
– Андай таржымалдар көп. Обондордун тагдыры деле адамдардын тагдырындай. Алардын деле адамдардыкындай өмүрлөрү бар. Бири узакка жашайт, бири келип эле кайра кетет. Көп эле обон чыгардым, эки жүзгө жакын. Ар биринин өзүнчө тагдыры бар. Дагы бир ырым “Арман дүйнө, жалган дүйнө” деп аталат. Сөзү маркум Жалил Абдыкадыровдуку. Бир күнү Жалил ага тууралуу телеберүүнү көрүп калдым. Белгилүү адамдар анын өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө эскерип отурушту. Сөздү Кыргыз Республикасынын эл артисткасы Жамал Сейдакматова алып: “Жакемдин мындай деген эки куплет ырын айтып берейинчи” деп калды. Анан ырды жатка айта баштады. Ошондо эле таасирлендим. Ырдан өзгөчө кайгы-зарды, ичтен зыркырап сыздаган ачуу күйүттү туйдум. Улуу режиссердун акындык дарамети күчтүү экен. Таланттын касиети ушундай турбайбы, каерден болсо деле арашандай атылып чыга берген… таланты таш жарган деп бекеринен айтылбаса керек.

Ошол эле замат Жалил аганын жубайы Дамира эжеге телефон чалдым. “Эже, аганын ушундай ыры бар экен, кантип тапса болот?”. “Архивден карап көрөйүн”, – деди Дамира эже.

Бактыга жараша ошол ыр бар экен. Баарынан таңкалычтуусу, ырдын аягында: “Ушул ырды обончу Аксуубай Атабаевге берип койгула” деген аманат жазуунун бар экендиги. Ошого ичимден сыймыктандым… Ушундай асыл адам оор тагдырга туш болуптур. Куугунтук жептир, бийик бою басырылыптыр, курч ою мокоптур. Кызматтан сүрүлүп, көп ыдык көрүптүр. Ошондой кыйчалышта, куугун-сүргүндө жүрүп, көкүрөккө түйгөн көп ойлорун ишке ашыра албай жарыкчылыктан арманда өтүптүр. Ырда каңырык-түтөтүп, кабырга кайыштырган, айланы куруткан ачуу муң бар. Ырды жазып жатып ыйладым, ыйлап отуруп жаздым.

…Жазып бүтүп аткаруучу издей баштадым. Бакдөөлөт Мырзакматова аттуу өзгөндүк кыз бар, өзү дастанчы, үнү да жакшы. Ага айттым. Кыз угуп эле чап жабышты. Бир жарым ай комуз менен иштештик. “Арман дүйнө, жалган дүйнө” ушинтип жаралды.

…Азыр жарыкчылыктан кечээ эле көзү өткөн залкар талант Аксуубай Атабаевди акыркы сапарга узатуу азасынан келатып, анын тууган жер жөнүндөгү толгонуусу жөнүндө ойлодум. Ошонун тагдыры кандай болду экен деп? Эсил кайран Аксуубайдын теректердин шуулдашын укпас жайга кете бергенин ойлоп. Ал үчүн аны биз, тирүүлөр, талантка таазим этип, эшитип жүрөрүбүздү ойлоп!

Бекбай АЛЫКУЛОВ, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
«Кыргыз туусу», 20.04.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий