Салттуу билимдерди каттоо, коргоо, маалымат базасын түзүү жана улуттук баалуулуктарды сактап калуу көйгөйлөрү

Сүрөт http://www.advantour.com сайтынан алынды

Азыркы мезгилде кеп кылып жаткан салттуу билимдер, каада-салт, оозеки чыгармачылык, кол өнөрчүлүк дегеле маданият эң орчундуу, актуалдуу маселелерден болуп саналат. Себеби, кыргыз эли Борбордук Азиядагы эң байыркы элдер катары илимий дүйнөгө таанымал экендиги талашсыз. Кыргыз элин улут катары таанытып жаткан бул – биринчиден биздин маданиятыбыз болуп эсептелет.

Адамзат күнүмдүк турмушунда табигатты, жаратылышты таанып билүү үчүн көптөгөн маселелерди коюп келген. Миңдеген жылдар бою топтолгон тажрыйбаларын муундан муунга калтырып жүрүп ол­турган. Алар кыргыз элинин салт-санааларында, ырым-жырымдарында сакталып келе жатат.

Салттуу билим берүүнү маданияттан  бөлүп кароого мүмкүн эмес. “Маданият” деген сөз латын тилинен алганда “тарбиялоо, өнүктүрүү, жаратуу, эстеп туруу” дегенди түшүндүрөт. Маанисин талдай турган болсок кайсыл бир коомчулуктун өнүгүү деңгээли, адамдын чыгармачылык мүмкүнчүлүгү, дарамети, адамдардын жашоо-турмушу, алардын өз-ара байланыштары камтылат.

Баарыдан мурда, салттуу билимдердин жаратылышын чечмелеп көрсөк. Салттуу билимдер – бул байыркы коомдордун муундан муунга билимди жана чөйрө жөнүндө иш жүзүндөгү тажрыйбаларды берүүсү, булар материалдык эмес түрүндө кандай бекемделсе, ошондой эле материалдык түрүндө да ошондой бекемделет. Салттуу билимдердин көптөгөн тармактары бар: бул айыл-чарба, экология, медицина, тамак-аш өнөр жайы.

Кыргыз эли салттуу билимдерге ээ болгонбу? Албетте, шексиз “ооба” дейбиз.

Кыргыздардын салттуу билимдерин шарттуу түрдө билимдерге бөлүп койсок болот:

– тамак-аш жана суусундуктар (чучук, кымыз, максым, жарма, бозо даярдоонун ыкмасы);

– турак үй жана турмуш буюмдары (боз үй, бешиктин конструкциясы);

– материалдык маданият (боз үйдүн сырткы жана ички жасалгалары, кийизден жасалган буюмдар, чийден жасалган буюмдар);

– айыл чарбасы (жайыттардын ордун алмаштыруу, айыл-чарба жаныбарларын дарылоо);

– медицина (дарылоо ыкмасы, дары каражаттарын даярдоо жана чыгаруу);

Кыргыздардын салттарын эстеп көрсөк, анда биздин элдин байыртан эле жаратылышка чебер мамиле кылып келгендиктерин билебиз. Андан тышкары, жаратылыш күчтөрүн Теңир ата жана Умай катарында билип келишкен. Кыргыздар көптөгөн кылымдардан бери мал багуу менен тиричилик кылышкандыктан, аларды калыбына келтирүү үчүн мезгил-мезгили менен аларды алмаштырып, сарамжалдуу мамиле кылып келишкен. Ошондой эле булактарга жана көлмөлөргө, таза суунун запастарына сарамжалдуу мамиле кылышкан. Отун катарында тезек колдонулуп келген, бул бир жагынан жаныбарлардын калдыгынан кутулууга, экинчи жагынан токойлорду сактап калууга мүмкүнчүлүк берген. Кыргыздар көчмөндүк кылып, тиричилик жүргүзгөн убакта күн энергиясын, шамалды пайдалануу менен консерванттарды колдонбостон, эт, сүт азыктарын, жемиштерди кургатуунун, сүрсүтүүнүн көптөгөн ыкмаларын колдонуп жана арча менен аластоо, дары чөптөрдү пайдалануу менен дарылашкан.

Тилекке каршы, кыргыздардын улуттук баалуулуктары унутта калып, көпчүлүгү жоголуу коркунучунда.  Ушул сыяктуу талашка түшкөн салттуу билимдин объектилери бир топ. Кыргыз элинин сыймыгы болуп келген калпагы, боз үйү, комузу, оймо-чиймелери жана башка баалуулуктары мамлекет тарабынан коргоого жана көзөмөлгө алынышы керек. Себеби, кийимге түшүрүлгөн оюмдар, улуттук буюмдар өтө бурмаланууга дуушар болуп, маанилерин жоготууда. Эгерде дагы кенебей басып жүрө бере турган болсок, ата-бабаларыбыздын  сансыз улуттук баалуулуктарынан ажырап калуу коркунучу бат эле келип калчудай.

Мына ушул багытта Кыргызпатент акыркы беш жылдан бери көрүнүктүү иштерди жүргүзүп келе жатат. Бул боюнча бир нече семинарлар, тегерек үстөлдөр уюштурулган. Жакында эле кыргыздардын салттуу билимдери менен иштешип келген илимий кызматкерлерди, коомдук уюмдарды жана салттуу билимди алып жүрүүчүлөрдү чогултуп тегерек үстөл уюштурду. Дагы бир айта кетчү нерсе, ошол отурумдун катышуучуларынын б.а. этнографтардын, окумуштуулардын, салттуу билимдерди коргоо жаатындагы кызыкдар жактардын  жана Кыргызпатенттин кызматкерлеринин биргелешип чечкен чечими менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри  Ө.Бабановго салттуу билимдерди өнүктүрүү жана сактоо максатында көмөк көрсөтүү сунуш-өтүнүч катын жолдоону пландоодо.

Биз өткөрүп жаткан “тегерек үстөлдүн” максаты – салттуу билимдерди коргоо жаатындагы кызыкдар болгон жактарды чогултуу, ушул чөйрөдөгү көйгөйлөрдү белгилөө жана талкуулоо, ошондой эле салттуу билимдерди укуктук коргоонун жана пайдалануунун жолдорун жана механизмдерин аныктоо. Дагы эң башкы максатыбыздын бири болуп элибиздин кенчи болгон мүлктү каттоо, классификациялоо жана салттуу билимдердин маалымат базасын түзүү, ошондой эле салттуу билимдерди жана алар менен байланыштуу генетикалык ресурстарды коргоону укуктук жөнгө салуу механизмин түзүү жана мындан ары аларды пайдалануу сыяктуу маселелерди чечүүнү камтыйт.

Мындай кадам кыргыздардын материалдык жана руханий маданиятына таандык болгон салттуу билимдерди бир жерге чогултууга, китеп кылып чыгарууга, ошондой эле медиа мейкиндикке жайгаштырууга алып барат.

Салттуу билимдер жана аларга байланыштуу генетикалык ресурстарга укуктук коргоону берүү бүгүнкү күндө Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) алкагында актуалдуу жана кеңири талкуулана турган маселенин бири болуп эсептелинет. 2007-жылы Кыргыз Республикасында “Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө” Мыйзам кабыл алынган.

Бул Мыйзамдын максаты:

– салттуу билимдерди мыйзамсыз пайдалануудан коргоо;

– салттуу билимдерди пайдаланууга мүмкүнчүлүк алууну жөнгө салуу;

– салттуу билимдерди пайдалануудан түшкөн пайданы туура жана объективдүү  бөлүштүрүүнү камсыз кылуу эсептелинет.

Биздин ведомство Мыйзамды ишке ашырууда айрым көйгөйлөргө учурайт. Ошентип, бүгүнкү күндө салттуу билимдерди коргоо маселесинде негизги көйгөйлөргө төмөнкүлөр кирет:

– коомдун жетишсиз маалымат алуусу;

– салттуу билимдер боюнча маалымат ресурстарынын булактарын аныктоо;

– “жалпыга белгилүү” категориясына кирген салттуу билимдерди каттоо;

– салттуу билимдер боюнча маалымат базасын түзүү;

– үчүнчү жак тарабынан катталган салттуу билимдердин пайдаланылышы.

Ушуга байланыштуу, салттуу билимдерди коргоо маселесинде маалымат алуу деңгээлин, өзгөчө салттуу билимдердин ээлеринин жана негизинен коомдун маалымат алуу деңгээлин жогорулатуу зарыл. Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө маалыматты жайылтуу максатында Кыргызпатент тарабынан белгиленген иштер жүргүзүлүүдө: чоң-чоң Улуттук жана Эл аралык семинарлар, тегерек үстөлдөр, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоолор. Биз ушул багыттагы иштерди улантууну пландаштыруудабыз жана элди да биз менен кызматташууга чакырып кетмекчибиз.

М.НАЗАРБЕКОВ, КРнын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматынын төрагасы,
«Кыргыз туусу», 24.04.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий