Турдакун Атабек уулу, Улуу Памир кыргыздарынын лидери: «Жашоонун оорлугу оогандык кыргыздарды кийик кылды»

-Турдакун аке, насип буйруп мына экинчи жолу дидар көрүшүп жатабыз. Сөздү Памылдагы туугандардан баштасак… 
-Памылдагы кыргыздар Кудайга шүгүр, аман-эсенбиз. Тамак-аштан, эгинден азар тарткандар жок. Алла-Таалам насип эткен ырыскысына шүгүрчүлүк кылып отурабыз. Биздин эң негизги көйгөйүбүз — ушул билим алуу, дарылануу, анан Кыргызстан менен байланышып, карым-катыш жасоодо болуп жатат. Ушул жаатта кембагал болуп, кыргыз өлкөсү жардам берсе (!) деп келип турганым. Балдарыбыз мектепте окубаганы, малдын гана аркасында жүргөнү бизди өтө кабатыр кылууда. Жашоонун оорлугу, шарттын катаалдыгы бизди кийиктей эле кылды.

-Мектеп ачылганы айтылды эле го?
-Ооба, мектеп ачылганына беш-алты жыл болду. Быйыл чоңдору 6-класста окуп жатат. Бирок, эне тилинде эмес. Кудайдын буйругу менен көрө жатарбыз. Албетте, кыргыз элине, жетекчилерине ыраазымын, бизди унутта калтырбай, «боордошторубуз, кандаштарыбыз бар экен» деп эстеп, көңүл буруп отурушат. Памирдеги кыргыздардын жоопкерчилиги менин мойнумда турат. «Катаал шартта жашаган элиме бир жакшылык болор бекен?» деген үмүт менен келгенден бери президент, өкмөт башчысы, спикер жана парламент депутаттары менен жолуктум, сүйлөштүм, жардам сурадым. Баардыгына ыраазымын, жакшы кабыл алды, «колдон келген жардамыбызды берели» дешти. Рахмат.

-Жолугушкан жетекчилер кайсы көйгөйдү көтөрүштү?
-Негизинен баардыгы эле «Ооганстандан көчүп келесиңерби, же ошол жерде эле турасыңарбы?» деген маселени койду. Мен «бул маселени жалгыз чече албайм, эл менен масилеттешип чечишибиз керек» дедим.

-Сиз «ата-бабамдын жери Алайда» деп, тамырыңызды  таап, ал жакка барып келдиңиз. Бирок, сарыколчу кыргыздардын көпчүлүгү миңдеген жылдардан бери ошол жакты мекендеген түпкүлүктүү эл. Туугандарын тапкан адам катары сиз эми барсаңыз, ал жактагыларга кандай кеңеш бересиз?
-Мен болгонун айтам, калганын эл өзү чечет. Көпчүлүгү кандай чечсе, ошого баш ийебиз.

-Негизи байланышуу маселеси кандай чечилсе дейсиз?
-Кандай болсо да, бизге ушул Мургаб менен байланыш түзүп берсе, дурус болот эле. Биз бир эл элек, баардыгы тууган уругун табат эле. Алды-бердини ошол жагы менен кылып берсе дурус болмок. Мургаб аркылуу Кыргызстанга байланышканга шарт түзүлсө, «көчүп келем» дегендери келип, «Памылда калам» дегендери калса да, жашоо шарттары жакшырат эле. Эми биздеги оор нерсе — деңиз деңгээлинен бийик жерде турабыз, ушул кыйыныраак. Аялдар төрөгөндө кыйналат. Жаш балдар торолгуча кыйын. Эгер дарыгерлер болсо, бул маселе чечилер беле (?) дейбиз.

-Сөзүбүздү башкага бурсак, тамак-ашты кайдан алып келесиздер, тартышчылык болбойбу?
-Тамак-аш Кудайга шүгүр. Кичи Памылдагылар Пакистандан алышат, биз болсо, Ооганстандын өзүнөн эле, Вахандан алабыз.

-Вахандык тажиктерден кыз алып беришкен учурлар жокпу?
-Тажиктерден кыз алып, кыз беришип, кудалаша элекпиз.

-Аял алуу маселеси, кыздын калыңы дегендер кандай? Аял албай жашы өтүп кеткен кишилер да барбы?
-Аял албаган адамдар бар, мурдараак көп болгон, азыр андай деле эмес. Кыздын калыңы болсо жогору. (100 кой, 10 топоз, 1 тай туяк жамбы — автор З.С.) Бирок, баардыгы эле калыңга карабайт, «бар барынча, жок алынча» дегендей эле.

-Чек ара, ууру-кески дегендерден саксыздарбы?
-Зор көлдөн түшкөн дарыя Тажикстан менен болгон чек араны бөлүп турат. Суунун өйүзү менен анчейин байланышыбыз жок. Ал эми ууру кыйнаган учурлар бар. Кичи Памыл жагында уурулар чыккан экен, элибизди көп кыйнады. Конок болуп келген адамдардын аттарын да уурдай качкан учурлар болду. Эртең менен туруп үйгө келген мейманга уят болгон мезгилдерди баштан өткөрдүк. Чоң Памылдан үч жолу топоз уурдаттык, баш аягы 60ка жакын топозду ууру алып кетти. Чек арадан өтө албай, ошо менен табалбай кала бердик. Ооганстан жактагы тажиктер алса, аларды тааныйбыз, алпарып сатса, бирөөгө берсе, изи менен табат элек.

-Эми сиз үйгө кайтканда, Кабулдан нары кандай кетесиз, ат-улоо мененби?
-Кабулдан машине менен Ваханга чейин барам, жол бар. Вахандан нары жагына ат менен жөнөйбүз. 200 чакырымдай жер. Үч күндө үйгө, чоң Памылга жетип калабыз. Ал эми кичи Памыл менен чоң Памылдын ортосунда кар көп. Кышында катташа албайбыз. Ортосу үч күндүк жол болгондуктан, ал жакка азыр бара албайм. Жайында жол ачылганда кабарлашабыз.

-Орус, англис, кытай аскерлеринин жер бөлүштүрүүсү сарыкол кыргыздарын бытыратып салган да. Азыр сиздерде кыштоого ылайыктуу жериңиздер көп элеби?
-Мурун кыштоолор күнгөй бетте болгон эле. Кийин Тажикстанга өтүп кеткенден соң тескей бетинде биз калып кеттик. Кар калың жааган жерлерде кала бердик да. Азыр эми кышында суу боюна түшөбүз, жылганын төрлөрүнө чыгабыз. Малга кыйын эле. Анын үстүнө быйыл кар көп жаады. Эл көп кыйналды, мал көп чыгымга учурады.

 

Памир кыргыздарынын бүгүнү жана эртеңи эмне болот?

Памир кыргыздары боюнча маселе көтөрүлүп, коомчулукта кызуу кеп-сөздөр айтылып жаткан маалда кандаштар туурасында кеңири маалыматты «Учур» гезитине жарыялаган элек. Анда «Памир кыргыздарын көчүрүп келебиз» деген маселени терең ойлонуу менен чечүү керектигин, анткени Памылда жаткан элдин баары эле түп көтөрүлө көчүрөбүз дегени күмөн (!) деген ойлорду ортого салганбыз. Айтканыбызды минтип, Памыл кыргыздарынын башында турган киши бекемдеп отурат. Ал жакта «көчпөйбүз» деп, кыргыздар байыртан мекендеген жерди ээнсиретпей, ата-журтунан ажырабай тургандар да бар экенин Турдакун аке өз оозу менен айтып берди. Демек, ошол көйгөйдү чечүүгө белсенген жетекчилер маселени тар мааниде карабай, кенен караса (!) деген ой булайып чыкты.

Дегенибиз менен, Памыл кыргыздарын көйгөйүн көтөргөн мекендештерибиз «көчүрүп келишибиз керек» деген нерсе менен гана чектелип жатышканы өтө өкүндүрүүдө. Ооба, «көчүрүп кетсеңер» дегендери бар. Бирок, ошону көчүрүп келүү менен маселе чечилеби, же башка жолдору барбы (?) дегенди карабай турушканы таңгалдырууда. Албетте, ошол көйгөйдү көтөргөн жердештерге, аны чечүүгө белсенген жетекчилерге ыраазылык билдирип, рахмат айтышыбыз керек. Ата-бабанын арбагы ыраазы боло тургандай ишти баштап, чечүүгө кызыкдар болуп жатышат. Тоодогу кийиктей болуп, унутта калган кандаштарыбызга токтоосуз жардам берүү ар бирибиздин жана биздин мамлекеттин милдети экени талашсыз. Аны эч кимибиз тана албайбыз.

Ошол эле маалда өлкөдөн качып кеткен жетекчилер «көчүп келгиле» деп куруйлап, чакырып алган этникалык кыргыздар азыр кандай абалда жашап жатканына көз чаптырып, көңүлгө түйүп коюу зарыл. Өз жеринде бардар, бакубат жашаган жүздөгөн туугандарыбыз көчүп келип, азыр корей менен дуңганга мандикер болуп калганы жеке менин жүрөгүмдү ушул кезге чейин оорутуп келет. Жан бакканга жумуш, башпаанек кылганга үй, эгин айдаганга үлүш жер, үй салганга жер тилкеси дегендерди мындай кой, мамлекет жөнөкөй болгон атуулдук маселесин чечип бербегенин кайда катабыз? Жоктон барды тапкансып, жаңы ачылыш жасагандай эрдемсинген ага-эжекелер эртең Памылдык кыргыздарды ушундай тагдырга кириптер кылып койбойбу (?) деген санаркоо жатат. Себеби, биздин жетекчилер бүгүн убада кылганын эртең эле унутуп, өз түйшүгү менен басып кетчү эле. Ошондо жер киндигинен ажыраткан улутташтарыбызды ай талаага таштап, бармак тиштебегендей болсок экен!

Ошондон улам, мен мурун да айткан элем, азыр дагы бир жолу кайталаганга аргасыз болуп турам. Чоң державалардын кызыкчылыгы менен кыргыздар өз жеринде туруп, башка өлкөлөрдүн курамына кирип кеткенин баарыбыз билебиз. Азыр коңшу турган мамлекеттердин баарында кыргыздар жашап, алардын саны миллиондон ашары айтылып келет. Тилекке каршы, кыргыз мамлекети болуп туруп, ушуга чейин этникалык кыргыздар менен иштеген кызмат түзбөгөнү таңгалдырат. Өкмөттүн бир чечими менен жүз миңдеген этникалык кыргыздардын көйгөйү чечилчү маселелер турат, аны жетекчилерге айта турган адам, ага маани берип карай турган, уга турган, чече турган башкаруучулар жок болуп жатат. Жыйынтыгында, кыргыз кыргызды курутуп жаткан маалы. Бир эле мисал, арыз муңун айталбаган этникалык кыргыздарды бажы, аскер посттору менен МАИ кызматкерлери кадимкидей кормушкага айландырып алганын канча жолу айтып какшадык. Бирок, азыркыга дейре бул боюнча бир дагы жетекчи үн каталек.

Сөздүн нугуна келсек, Ооган кыргыздарын ордунан козгоодон, ата-журтунан ажыратуудан мурун жеринде жардам берүү зарыл экенин дагы бир жолу баса белгилеп кетелик. Аларга азыр медицина менен билим берүү жагын чечип берсе эле көптөгөн көйгөйдөн арылары шексиз. 5-класска чейин ошол жерде билим берүү шартын түзүп, андан кийин Мургаб районундагы мектеп-интернаттарга апкелип окутса болот. Ал эми жогорку билимди Кыргызстандан алары турган иш. Байланыш жагын да тажик өкмөтү менен келишип, Мургаб аркылуу барып-келүү маселесин чечсе толук болот. Ошону сүйлөшүп эле, Мургабдагы кыргыз соодагерлерине уруксат алып берсе, оогандык кыргыздарга эмне керек болсо, бизден сурабай туруп жеткирип беришет да. Ал үчүн Ооган бийлиги менен кеңешип, кайсы бир учурга чейин Памыл кыргыздарына түз жардам берүү келишимин түзүү керек. Согуштан башы чыкпай, тоо чокусунда калган бурадарларына кантип жардам көрсөтөрүн билбей турган оогандыктар мындай жардамга кантип макул болбосун. Анын шарапаты менен он миңдеген этникалык кыргыздардын көйгөйлүү маселелери чечилип калышы ажеп эмес. Маселен, Мургабдык, Жергеталдык, Памирлик кыргыздардын Кыргызстанга келип кетүүсүнө борбордун көңүлү бурулгандан кийин, кыргыздардын кендирин кесип жаткан жолдогу «каракчылардын» алкымы бир нече эсеге тыйыларына бөркүбүздөй ишенсек болот. Мындай нерсени жасасак, кыргызга эле жакшылык жасаган болор элек. Биздин чоңдор чет өлкөгө учкан бир эле чыгымын (20 миллион сомду), Ооган кыргыздарына бөлүп койсок, гүлдөп жатып калбайбы?

Бетти даярдаган Зулпукаар Сапанов, «Учур» («Кыргыз гехзиттер айылы»), 19.04.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий