Жыпар Акунова

Нарын облусунун Тянь-Шань районундагы 8-март айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы улуттук университеттин)  филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. Эмгек жолун “Ленинчил жаш” гезитинде кабарчылыктан баштаган. Бир катар облустук жана республикалык басылмаларда кабарчы болуп эмгектенген. Ошону менен катар “Мектеп” басмасынын  көркөм редакциясында кенже редактор, Ош облусунун губернаторунун жана Ош шаарынын мэринин басма сөз катчысы болгон.

“Шок жылдыз”(1985), ”Дил чырак” (1994), ”Каректе калган жаз” (2009) ыр жыйнактарынын автору.

Жеке сайты: http://akunova.journalist.kg/

 

Китептер

«Жүрөгүңө барчу жолду издепмин…»

 

Ырлар

МЕН СЕНСИЗ…

Мен сенсиз жашап жүрөм жашай албай,
Бир үмүттү көпөлөктөй айланып.
Жетпей келем талпынып сен тарапка,
Өткөн күнгө наристедей алданып…

Бекинип канча жылдын далдасынан,
Ошол күндөр келет мени азгырып.
Тинтип турат дүйнөмдү тааныш кыял,
Түгөй жүрөк эми минтип азгырык.

Бул турмушта экөөбүз эки өйүз,
Үмүттүн көпүрөсү агып кеткен.
Чебеленип жээк бойлоп жүгүрсөк да,
Аруу сезим капкачан сууга чөккөн.

Мен сенсиз жашай албай жашап жүрөм…

 

ӨЧҮРСӨМ ОШОЛ КҮНДҮ

Сураба, сурабачы,
Эзбечи жүрөгүмдү.
Ырбатып, ыйлатпачы,
Ансыз да бырчаланып,
Бүлүнгөн тилегимди.

Ансыз да көз жаш төгүп,
Ыйлагым  келип турат.
Бозоргон ээн талаада
Бозоргон ойлор кулап.
Боздогум келип турат.

Көңүлүм   талкаланып,
Өрттөнгөн үйлөр менен
Алоолоп жалын болуп
Өрттөнүп кеткен сымал,
Үмүтүм жанбай турат.

Жан дүйнөм сыздап, сыздап,
Ишенчим  калбай  урап.
Боздогон энелердин
Абалын сураганга
Жүрөгүм даабай турат.

Айтпачы, айта көрбө,
Таш жолдо кан акканын.
Беш көкүл жапжаш балдар,
Тайманбай төшүн тосуп
Апа-лап!- окко учканын.

Кыздарчы, ананайын,
Өмүрү талкаланып.
Бойго эми жетээринде
Көңүлү назик, бүчүр
Гүл ачпай уйпаланып.

Айталбайм, айталбаймын,
Оштогу алааматты.
Шаарымдын жүрөгүндөй
Суу акчу Ак-Буурадан,
Суу эмес, адам акты!

Сураба, сурабачы,
Эстетип каран күндү.
Өчүрүп салсам гана,
Эсимден ошол күндү!
Өмүрдөн ошол түндү!

Эстетпе, эскертпечи,
Оштогу кандуу түндү!
Көргүм жок күйгөн үйдү
Өчүрө алсам гана
Тарыхтан  ошол күндү!

 

ТУРМУШ СЕН — ЖАНДЫРМАКСЫЗ ТАБЫШМАКСЫҢ

Эртеңдериң дарексиз да, дайынсыз,
Турмуш сен — жандырмаксыз табышмаксың.
Колума тамчы болуп тамса бакыт,
Бүркүттөй шукшурулуп илип качтың

Жомоктой кереметтүү жан-дүйнөмдүн,
Тынымын өчүң бардай бузасың да.
Талпынып, таруу сымал бакыт тапсам,
Таранчы болуп илип качасың да.

Төгүлгөн бариктери дарак сымал,.
Күбүлүп, күйүп турса өрттөйсүң да.
Жаркырап жазгы күндөй тийип турсам,
Жалындап, нуруң төгүп өчпөйсүң да…

Дарбазаң ачык, жабык ким бирөөгө,
Тагдырым, таалайымды таптырбассың.
Көз жумуп кетип калсам ээрчий баскан,
Турмуш сен — жандырмаксыз табышмаксың.

 

ТАГДЫРЫҢ БОЛАЛБАДЫМ

Тагдырың болалбадым…
Ал үчүн кимге таарынам?
Кайрылып өзүң кайтпасаң,
Чөгөлөп кантип жалынам?

Кылчактап кыйбадым да,
Кош эми дей албадым.
Баш багып тагдырыңа,
Таалайың болалбадым…

Санаамды көтөрө албай,
Күбүлүп түштү баары,
Үлбүрөк кыялымда,
Үзүлүп үмүт калды.

Кош уучта толо сен элең,
Байкабай төгүп алдым.
Бактыма жакын элем,
Бакытың болалбадым…

Өмүрүң болалбадым,
Өзүңө кантип таарынам?
Тагдырым турса кошулбай,
Теңирге не деп жалынам?

 

* * *

Өмүрдү жашаганың сезээр күн бар,
Каректе калган жаздын деми менен.
Бакыттын табын сезип тураарың чын,
Бактылуу көз ирмемдин илебинен.

 

***

Кезиккен күндүн ак таңын,
Кечиккен күндүн аптабын.
Бактылуу түндүн ак шамын,
Коштошкон күндүн муздагын,
Сүрөттөп айтып бералбайм.

 

***

Көңүл чөгүп, буулугуп күйгөнүңдө,
Жакшы күндөр бар экенин унутпа.
Жалгыз  ирмем  өрттөп турган көөнүңдү,
Эртең эле калып кетээр унутта.

 

***

Жылдар уурдап жашыңды да, эркиңди,
Турмуш гана кайратыңды мокотот.
Кыйындардын кыйыны да баш ийип,
Бул тагдырдын жазмышына мокошот.

 

***

Бир өмүр да жетпейт тура чындаса,
Жүрөктү бир тыз эттирген ирмемге.
Бир өмүрдү жалган жашап өткөнүң,
Түшүнөсүң  кээде жалгыз ирмемде.

 

***

Кирпигиңдин бир талына сайылып,
Көз нуруңа байланганым сезбепмин.
Жүрөгүңдө жашап жүрүп байкабай,
Жүрөгүңө  барчу жолду издепмин.

 

***

Оюм, дүйнөм, баары  кетип сен менен,
Көнүлүмдө дегдөө калды сен деген.
Бар бактымды кайда кеттиң азгырып,
Сезимиңде учкун барбы мен деген?

 

ЖАҢЫ АЧЫЛГАН КЫЗГАЛДАКТАЙ ЖАН КЫЗЫМ…

Жаңы ачылган жоогазындай алоолоп,
Көзгө өтө сүйкүмдүүсүң ай кызым.
Мен өзүмдү көрүп турам өзүңдөн,
Жаңы ачылган кызгалдактай жан кызым.

Таң аткандай жарык түшүп сен тарап,
Тиктеп-тиктеп көркөмүңдөн көз талат.
Шилекейин тарталышпай боз балдар,
Ширин-ширин шыпшынышат бир карап.

Апкаарышып батына албай өзүңө,
Тик карабай телмиришип көзүңө.
Имерилип, не кылаарын билишпей,
Кошаматты кош айтышат өзүмө.

Жаштыгың бар, тал чыбыктай чырагым,
Андан ашат сулуулугуң, чырайың.
Акылдуу бол, намыскөй бол көлөкөм,
Мен теңирден  сенин бактың сурайын.

Үйүбүздү шаңга, нурга бөлөгөн,
Перисиңби, ананайын ай кызым.
Жаңы ачылган гүлдүн баары сага окшош
Көз тийбесин, аман жүрчү жан кызым!!!

 

КҮЧТҮҮРӨӨК ЭКЕН БУЛ ТАГДЫР

Алдыңды тороп бастырбай,
Эркиңди сынайт бул тагдыр.

Байлыкты төгүп жолуңа,
Алкыңды сынайт бул тагдыр.

Дөөлөт берип чирентип,
Акылың сынайт бул тагдыр.

Мээнет артып мойнуңа,
Күчүңдү сынайт бул тагдыр.

Дос алдында басынтып,
Баркыңды сынайт бул тагдыр.

Тамшантып туруп таарынтып,
Таалайың сынайт бул тагдыр.

Чөгөлөтүп алсызды,
Көрөңгөң  сынайт бул тагдыр.

Көңүлүңдү оорутуп,
Сөзүңдөн сынайт бул тагдыр.

Жалындап турсаң суу төгүп,
Сүйүүңдү сынайт бул тагдыр.

Күчтүү деп жүрсөм адамды,
Күчтүүрөөк экен бул тагдыр.

 

БАЁО  БОЛСО МЕНЧЕ БОЛСОЧУ…

Канча жылды бекер уттуруп,
Кайыгыпмын сени күтүүдөн.
Алоолонгон оттун боюнда
Азыр дагы денем чымырап,
Жылый албайм ошол үшүктөн.

Эселектик менче болсочу,
Өзүмдү-өзүм чокко салыпмын.
Ызаланып, бекер күйүгүп,
Жарык издеп жиксиз туюктан,
Жарым жолдо калып багытым.

Канча күндү эстейм чыйрыгып,
Көз ирмебей аппак таң тосчу.
Көөдөнүмдө жанып бир үмүт,
Жолуң карап күтүп жүрүпмүн,
Баёо болсо менче болсочу…

 

БУЙРУБАГАН БАКЫТЫМ

Теңир сени өзүмө ыраа көрбөптүр,
Тагдыр мага буюрбаган бакытым.
Мен ийилген сайын өйдө бийиктеп,
Мен талпынган сайын өтө алыссың.

Бүт өмүрүм жетээр бекен өтүүгө,
Жүрөгүңдү жүрөк менен калкалап.
Алаксыйын деген оюм жайдак ой,
Чимирилтип алып кетет сен тарап.

Куюн үмүт кубалашып көңүлдө
Уйгу-туйгу убайымга салат да.
Чарт үзүлсө деген тилек чачырап,
Чабалактап бүт өмүрдү алат да.

Буйрук сени мага ыраа көрбөптүр,
Бакыттын да ченелгенин карачы.
Бешенеме буюрбаган адамым
Тагдырыма түшүп  турат арачы.

Тагдыр мага буюрбаган бакытым…

 

КАНТИП ЧЫДАП МЕНИ ТАШТАП КЕТТИҢИЗ?

Өмүр тилеп, бакыт тилеп сиз мага,
Тынч албастан түн уйкудан кечтиңиз.
Жетимсиреп калат дебей апаке,
Кантип чыдап мени таштап кеттиңиз?

Жашык кызым, менсиз кантип жашайт деп,
Ойлобостон кантип таштап кеттиңиз?
Сизсиз мага аалам күүгүм экенин,
Билип туруп кантип таштап кеттиңиз?

Кимге эркелейт, кимге сырын айтат деп,
Кылчактабай кантип таштап кеттиңиз?
Небереңдин укпай туруп күлкүсүн,
Апакебай, кантип чыдап өчтүңүз?

Ыйлап турам боздоп-боздоп, эчкирип,
Көзүң ачпай, кантип чыдап жаттыңыз?
Бул ааламга жалгыз таштап өзүмдү,
Бул өмүрдөн мынча эрте кайттыңыз?

Көңүлүмдүн баары сынып бычырап,
Көөдөнүмдү өрттөп турат жалганай.
Сенин ордуң толтура албайт эми эч ким,
Аттиң арман, аны кимге айтам ай…

 

“СИЗ МЕНИН АПАМСЫЗБЫ?

(Өтүп баратып балдар үйүнүн дарбазасында жөлөнүп, күндө жол караган жылдыздуу кызды саамайынан сыласам ушинтип сурады эле)

Карегиңди кадап айнекке,
Телмиресиң күндө жол карап.
Үмүт болуп сага бир караан,
Талпындырып, сени азгырып,
Нурун чачып күйөт бир тарап.

Кирпиктериң сенин жазыксыз,
Мончок жашын төгүп себелейт.
Кыялыңды алыс учуруп,
Балалыктын таттуу жомогу
Апакеңе сенин жетелейт.

Кокусунан эшик ачылса,
Умтуласың шашып үмүттүү.
Унута албай койдум садага,
Сай-сөөгүмдү мыкчып сыздаткан
“Апамсызбы?” деген сөзүңдү!

Бүгүн, балким болдуң бозала,
Күтө берип кечке апаңды.
Ичим түтпөй сени сооротуп
“Апаң келет” дегем аргам жок,
Апаң балким такыр келбестир…

“Апам болсо” деген кыялда
Бир адамды издей бересиң.
Сөөмөйлөрүн менен быйтыган
Терезенин буусун өчүрүп
Өткөндөрдү тиктей бересиң.

“Келбейт энең” десе   ишенбей,
Жылынасың жылуу көздөргө.
Анан издеп, издеп элеңдеп
Улутунуп кала бересиң

Бир энени күтүп жүрөсүң,
Нур жүзүңдөн жыттап сүйбөгөн.
Бир аялды күтүп жүрөсүң
Көздөрүңдү сенин жайнаган
Жүрөк эзип тиктеп көрбөгөн…

Кокусунан эшик ачылса,
Умтуласың шашып үмүттүү.
Унута албай койдум, садага,
Сай-сөөгүмдү мыкчып сыздаткан
“Апамсызбы?” деген сөзүңдү.

 

АЛГАЧКЫ КАР

Түшүмө да кирип далай эңсетип,
Балалыкта аруу, сонун күндөр бар.
Дегдеп, дегдеп, демимди ичке каталбай,
Уктасам да  көздү жумуп  жаталбай,
Сени кандай күтчү элем аппак кар…

Жүрөгүмдө учуп-конуп жаткандай,
Жагымдуу бир сезим төгүп көңүлдөн.
Бийлеп учуп жааганыңда сампарлап,
Бакытымдай  сезилчү элең сен анда,
Асманымдан аппак болуп төгүлгөн.

Балалыкка алып кетчү жалгыз жол,
Чыйырыңда, муз жолуңда калгандай.
Адам жоктур сага сугун артпаган,
Сыйкырыңа, сымбатыңа арбалып,
Акын жоктур сени жоктоп жазбаган…

 

АЙЫЛЫМ

Сыдырым жел аймалап нур жүзүмдү,
Айылым, сен тараптан сагынч сунат.
Сүйдүрүп шүүдүрүмгө балтырымды,
Жыңайлак баягыдай кыткылыктап,
Саамайыма ак бантик байлап алып,
Шибериңде чуркагым келип турат.

Чуркагым келип турат кызыл кечте,
Жарышып өзүм кырдуу балдар менен.
Узатып тептегерек кызыл күндү,
Ыза кылгым келип турат азыр дагы,
Жоош баланы ыйлаган далай менден.

Жапжашыл жазда куйган тентек жамгыр,
Жоктоп мени балким жашын төккөндүр.
Бейкапар ошол кечте мемиреген
Ак жолтой бешиктеги сиңдилерим
Жазда гүлдөп, жазда бойго жеткендир.

Жазда барам, дечү элем жазга окшоп,
Ак жаандай аппак көйнөк кийип алып.
Ошондо жамгыр төгүп, жамгыр ырдап
Турса  деп  балалыкты эске салып…
А бирок  барбай калдым ошол жазда,
Жигитин башка жактын сүйүп калып…

 

ОО, ЫСЫК- КӨЛ, КЕРЕМЕТИҢ – КЕРЕМЕТ

Оо, Ысык-Көл, кереметиң керемет,
Перидейсиң он сегизге келе элек.
Толкундарың тосуп чыгып аймалап,
Амандашып, башын иет чөгөлөп.

Жан дүйнөмдү удургутуп бир сезим,
Көл ичинде жалын болуп жагылып.
Наристедей толкундарга бой урам,
Келгенимде мен көлүмдү сагынып.

Кытыгылап кыялымда бир сезим,
Толкундарга саамайларым өбүлүп.
Кочушумда көк кашка суу мөлтүрөп,
Көз ирмемде  салаалардан төгүлүп.

Түндө көлгө баргансыңбы, мемиреп,
Ай жаркырап көлдө жатат төгүлүп.
Анда-мында жымың, жымың чачылып,
Жылдыз дагы көл түбүнөн көрүнүп.

Таң атканын көргөнсүңбү агарып,
Көлгө күндүн шоолалары төгүлөт.
Көлдү сүйүп, анын сырын билгендер,
Таңкы жылдыз тараганда чөмүлөт.

Оо, Ысык-Көл, касиеттүү Ысык-Көл,
Чалкып кээде, кээде толкун тараган.
Кереметиң келишкен бир чүрөксүң,
Кыргызымдын маңдайына жаралган.

 

МЕН ӨЗҮМДҮ ТҮНДҮК МЕНЕН ТҮШТҮККӨ БЕКЕМ ТҮШКӨН КӨПҮРӨДӨЙ СЕЗЕМИН

Мен өзүмдү Түндүк менен Түштүккө,
Бекем түшкөн көпүрөдөй сеземин.
Түндүк мага жакын десем Түштүктө,
Бүт өмүрүм калган өңдүү сеземин.

Балам, үйүм, дос, жолдоштун баарысы,
Түштүктө деп канатымды жыйнасам.
Түндүк жакта агам, эжем, досторум,
Ата-Журтту, ата-энемди кыйбасам.

Кайсыл күнү  кеткенимде Түндүккө,
Унуткансыйм жүрөгүмдүн жарымын.
Түштүк жакка кеткен күнү элеңдейм,
Жоготконсуп өмүрүмдүн жарыгын…

Мен өзүмдү  Түндүк менен  Түштүктүн,
Ортосуна түшкөн жол деп жүрөмүн.
Бөлгөндөрдү алакандай Мекенди,
Эл-Журтуна чыккынчы деп билемин.

 

КУРСТАШТАРГА ЖОЛУККАНДА

Шарактаган шайыр бойдон, жаш бойдон,
Мен силерди ойлоп жүрө берипмин.
Солкулдаган сонун кыздар келет деп,
Кучагына гүл батпаган курсташтар,
Кучак жайып, жүзүбүздөн сүйөт деп.

Тамашөкөй жаш жигиттер баягы,
Ойлоптурмун жигит бойдон жүрөт деп.
Жолугушту небересин жетелеп,
Каада күтүп, ак аралап чачтарын,
Эр ортону элүү жашка келиптир.

Жолукканда мен силерге курсташтар,
Мен өзүмдүн жаштыгыма кезигем.
Ал мезгилде ошол күндүн кубанчы,
Ошол ирмем муңаюуну билбеген,
Түбөлүккө калуучудай сезилген.

Шарактаган шайыр бойдон, жаш бойдон,
Мен силерди эстеп жүрө берипмин…

 

БАЛА БАГЫП, АЯЛ  БАГЫП…

Кылчылдап, кыштын күнү суукка тоңуп,
Базарда наристебиз сагыз сатса.
Кыргызды аял багып, бала багып,
Чайпалып, эркектери оонап жатса.

“Алып кет, эжекебай” деген бир сөз,
Жүрөгүң тарам-тарам тилип кетээр.
Үшүгөн жаш баланын жалдырашы,
Сөөгүңдөн чучугуңа түшүп жетээр.

“Өтүгүң майлап бере коём”,-десе,
Өңгөчүм үзүлгөндөй денем дүр дейт.
Өзгөнү коёлучу, калайык-журт,
Өз бала, өз тагдырдын камын ким жейт?

“Садага берип кетчи, эже”-,десе,
Садагадай миң бүлүнүп чачылам.
Колун сунган жаш баладан уялып,
Кийиминин жыртыгына жашынам.

Тиктебейин десем көзгө сайылып,
Көйнөгүнүн көзөнөгү төгүлөт.
Кимдин көөнү бир зырп этип албаса,
Анын жаны анык таштан көрүнөт.

Быйтыйган колу тоңуп эпке келбей,
Балабыз балалыгын кошуп сатып.
Башкасын не кыласың айтып, нетип,
Базарда самын сатып, арын сатып.

Кыргызды жаткан чагы аял багып,
Кыргызды жаткан чагы бала багып…

Соц тармактар:

Добавить комментарий