Кыргыздардын тукумсуздукка каршы ырымдары

(Уландысы. Башы бул жерде)

Карышкырга байланышкан ишенимдер

Дагы бир  кызыктуу ырым бөлтүрүктүн жардамы менен аткарылган. Эгер балдар токтобой чарчай берсе, акыркы төрөлгөн баланы  көзү ачыла элек бөлтүрүк менен кошо так санда – үч, беш, жети күн эмизишкен. Анан бөлтүрүктү таап алган болсо, ошол жерге кое берген, сурап  алган болсо ээсине кайтарган. Кыргыздарда мындан башка да карышкырга байланышкан ишенимдер менен ырымдар көп таралган. Ишеним боюнча, жаңы төрөгөн аялдын өмүрүн бөрү бала менен сактоого болот делген. Карышкырдын оозуна жана  сыйрылган терисине өзгөчө маани берилген, аны айрым аялдар ымыркайды өлүмдөн коргоочу каражат катары сакташкан. Терини сууга салып жибитип, керип-чоюп, андан жаңы төрөлгөн бөбөктү өткөрүшкөн. Бул ырым, балдары турбаган ата-энелер аткарчу кеңири тараган ырымдардын бири болгон. Аны жасап жатканда: «Карышкыр жутту!» деп кайталап айтып турушкан. Көз тийүүдөн жана жин-шайтандардан сактоочу тумар катары балдардын кийимине бөрүнүн тишин тигип коюу кеңири колдонулган. Ушул эле максатта балдардын бешигине карышкырдын ашыгын тагышкан. Боюнан көп түшкөн аялдар кийимине карышкырдын  тишин же жүнү бар терисинин үзүгүн тигип алышкан. Бул ишенимдердин элибиздин турмушуна бөрүнүн тотемдик  маанисинен улам киргендигинде талаш жок.

 

Бешикти мүрзөгө таштоо

Балдары токтобой жүргөн келин төрөп, наристенин туруп калышына ишеним пайда болгондо эчки союп, кудайы өткөрүшкөн. Эчкинин этин сөөгүнөн ажырап калганга чейин кайнатып, анан айыл аксакалдарын чакырып даам таттырган. Муну акыйка той деп койгон. Келгендер сөөккө тиш же бычак тийгизбей этти жешке милдеттүү болушкан.  Эт желип бүткөн соң үй ээлерине, бөбөккө бата беришкен. «Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эр көгөрөт» деп, батанын күчүнө болгон ишеним күчтүү болгон. Эчкинин сөөгүн үйгө калтырбай ак кездемеге ороп, же сууга ыргыткан, же атайын казылган жайга (мөмөлүү дарактын түбүнө) аксакалдар алып барып коюшкан.

Балдары турбаган адам бешикти мүрзөгө алып барып, таштап койгон  ырым да бар. Сыягы, аны ажалды адаштыруу, «мына, мен сенсиз эле өзүм билип, ыктыярым менен бейитке баланы таштадым» деп, алдоо максатында аткарышкандай. Бирок, эгер ал бешикти бала көрбөй жүргөн адам көрүстөндөн таап алып үйүнө алып кетсе, ал балалуу болот деп коюшат.

Үй-бүлөдө бала төрөлүп, чоңоюп, бирок анын артынан туулгандар чарчап кала беришсе, кандайдыр бир деңгээлде тун бала күнөөлүү катары саналган. Бул кырсыкты токтотуу үчүн төмөнкүдөй ырым кылышкан: атайын чакырылган бүбү кемпир же баланын өзүнүн эле энеси баланы желкесинен кармап, табакка атайын салынган же капта турган унга башын тийгизип туруп: «Унду жейсиңби же удааңды жейсиңби?» — деп сурашкан. Эгер «унду жейм» деп жооп берсе, кийинки төрөлгөндөр токтойт дешкен. Сөзүнүн маанисине түшүнбөй эле «удаамды жейм» деп тескери жооп берсе, кырсык улана берет деген ишеним күчтүү болгон. Ошондуктан, бул ырымды жасоодон бир чети чочулап, ага аргасыз учурда гана кайрылышкан. Артындагылар токтобогон бала бөбөктүү болуп, ага ымыркайды көрсөтөөрдө бетине элек коюп коюшкан. Агасы бир тууганын элек аркылуу гана көргөн. Антпесе, жаш баланын көзү курчтук кылып, иниси дагы чарчап калат дешкен. Дегеле бала жаңы төрөлгөндөн кийин, аны көргөнү келген туугандарына же бир туугандарына адегенде ымыркайдын бетин көргөзбөстөн,  чүргөөсүн ачып, бутун көрсөткөн. Антсе ошол бала бир туугандарына күйүмдүү болот экен деген ишенимден аталган ырым аткарылган.

Төрөбөгөн келин көп балалуу аялдын төшөгүнө оонаган

Жаш балага жентек бергенде, ал жентекке төрөбөгөн аял барып калса, башка аялдар аны менен учурашпай, сөз менен чычалатып, ардантышкан. Ардануудан аял төрөйт деп  ишенишкен. Бул ишенимдин байыртан жашап келгендигин «Манастагы» айрым мисалдар көрсөтүп турат. Азыркы  мезгилге чейин  жолуга калган  касиеттүү жерлерге, мазарларга  барып сыйынуу, анын жанында түнөп калуу ырымынын жогоруда  көрсөтүлгөн салт менен байланышта болуусу да мүмкүн.  Кошумчалай кетчү нерсе, касиеттүү,  ыйык деп эсептелген жерге келин зыярат кылган соң боюна бүтүп төрөсө, кийин баланын карын чачы алынган убакта төбөсүнө бир тутам чач калтырылып коюлган да, кийин аны ошол ыйык жерге  барып алдырып келишкен. Балдардын андай чачтарын алдырганда төрөбөс аялдар перзент көрөйүн деп чачты ырымдап сатып алышкан.

Кандайдыр бир өзгөчө касиети бар нерсени түздөн-түз кабыл алса, тагыраак айтканда, андан ооз тийсе да, келин өзүнүн төрөбөстүк дартынан айыга алат деген ишеним күчтүү болгон. Андай касиетке сүннөткө отургузган баланын эркектик белгисинин кесиндиси ээ делген. Аны жеген төрөбөс келиндер менен жалаң кыз төрөгөн  аялдар өздөрүнүн тилегинин аткарылышына ишеним артышкан. Ошол эле максатта ташбаканын жумурткасын да жедиришкен. Айрым ырымдарды жасагандан кийин, андай касиетке кадимки, күндө эле жасалып жүргөн  тамактар да ээ болушу мүмкүн деп эсептелген. Алсак, төрөбөс келин  көп балалуу аялга атайын тамак  (боорсок, чүчпара, манты ж.б.) жасап барып: «Муну оозуңузга салып, кайра кайтарып бериңиз» деп суранган. Эгер бала-чакалуу аял ошентип кайтарып берип, аны төрөбөс келин жеп алса, ал да төрөйт деген ишеним болгон. Бирок, мындай ырым аткарылган  соң көп балалуу аялдын кийинки төрөгөн балдары токтобой калат дешип, төрөбөс келиндин өтүнүчүн аткарууга бардык эле аялдар макул боло берген эмес. Ошондон улам, келин да мындан ары төрөбөөнү  чечкен аялдарга, же өзүнүн жакын,  кыйбас туугандарына гана кайрылган. Туугандары да келинди андай кырсыгынан арылтуу үчүн көптөп көмөктөшүп, ал тургай өздөрүнүн балдарынын бирин берүүгө чейинки чараларды жасашкан. Себеби, төрөбөс аял ырымдап туугандарынын баласын багып алса, артынан бала ээрчитип келет дешкен. Эгер ошондон кийин ырас эле келиндин боюна бүтүп,  перзент көрсө, асырап алган баланы ак жолтой эсептеп, аны өзүнүн баласынан кем көргөн эмес. Көп балалуу аял төрөбөс келинге кандайдыр өзгөчө сапаты бардай сезилип, анын мындай касиетин өзүнө жуктуруп алууга аракеттенген. Төрөгөн аялдын кырк ичинде жаткан төшөгүнө төрөбөс келиндин жатып, оонаган ырымдын маанисин дал ошол себеп менен  гана түшүндүрүүгө болот. Ошол эле ой менен этегинен жалгабаган аял очор-бачар болуп калган зайыптын ыштанын (дамбалын) сурап алып: «Болду, сиз эми токтоңуз»,- дейт. Бала-чакалуу аял өзү да: «Мындан кийинки балдарымды сага бердим»-, деп ыраазылыгын билдирет. Төрөбөс келин ошол эле жерден сурап алган дамбалды кийип алат. Кээде аны  уурдап  да алышкан.

Күнөө эркекте болсо, «куу баш» аталган

Жогоруда саналгандар сыяктуу эле, байыркы жана кеңири тараган ырым: төрөбөс келин өзүнүн балалуу болуу жөнүндөгү  тилегин айтып, сүмөлөк кайнаткан (Нооруз майрамында же дегеле жаз айларында) оттун күлүнө отурган. Көп учурларда келиндин согончогу  канабагандыгын анын суукчандыгы менен түшүндүрүп, түрдүү  ыкмалар аркылуу  ысыктоого аракеттенишкен. Сөз болгон ырым ошол максаттан келип чыгышы мүмкүн. Анын дагы бир түрү, төрөбөгөн аялды сүмөлөк кайнаткан очоктун ичине киргизип, үч жолу  айланткан. Кыргыздар  оттун айыктыруучу, тазалоочу күчүнө дайым ишенишкен. Андыктан жогорудагы ырымдардын отко сыйынуучулук менен болгон байланышын да жокко чыгарууга болбойт.

Көптөгөн ырым-жырымдарды аткарып, аракет жасаган соң келиндин боюна бүтсө, бүт үй-бүлө кубанычка бөлөнгөн. Андай учурларда ырым боюнча келинди атка тескери миндирип туруп этегин тескери кайрып, бүгүп туруп тепчип койгон. Бирок бардык мезгилдерде эле баласыздык аялдын күнөөсүнөн улам болгон эмес. Кээде буга күйөөсү  себепкер болгон, көзү жокто эл аны «куу баш», «суу сийдик» атаган. Ооган Памириндеги кыргыздарды изилдеген француз окумуштуусу Реми Дор: «Кокус күйөөсү тукумсуз болуп («куу баш » деп коюшат), маселе эркекке барып такалса – ал да акыры барып ажырашуунун себеби болот — анда аялы ошол эрине эртең менен эртелеп балыктын жети көзүн кайнатып берет. Бирок мындай маалыматты өздөрүнүн мекенинде, Кыргызстанда жашаган кыргыздардын арасынан жолуктурган  жокпуз», — деп жазган.

Ошентип, кыргыз келиндери балалуу болуу тилегинин аткарылышы үчүн көптөгөн ырым-жырымдарды аткарып, бүт аракетин жасаган. Мындай умтулуу, биринчиден, энелик сезимден улам болсо, экинчиден, келиндин коомдогу ордун бекемдөө максатына шартталганын белгилей кетсек болот. Улам балдарынын саны көбөйгөнүнө жараша аялдын кадыр-баркы да артып, улам төргө карай жылып отурган. Турмуштун мындай эрежеси мыйзам ченемдүү көрүнүш болгон.

Абдымиталип Мурзакметов, тарых илимдеринин кандидаты, этнограф, “Көк Асаба”

Соц тармактар:

Добавить комментарий