Жаштар талкуусунда – “Үй-бүлө деген эмне?”

Сезими улуттук дымакка бекиген, салттуулугун жоготпогон, аӊ-сезими бышкан, зирек акыл кыз-уландардын катарын көбөйтүү  мамлекеттик башкы саясаттын милдети. Кыргыз жаштарынын кенен аӊ-сезимдүү  калыптанышына жана мезгил шартына ылайык, элибиздин салттуу түшүнүктөрүнүн негизинде коомдун, ошондой эле жаштардын өнүгүү  багыттарын иштеп чыгуу максатында иш алпаруу олуттуу орунда турат. Ушул себептен улам, «Ак шумкар КУТ» жаштар коомдук бирикмеси ар шейшемби жана жума күндөрү  саат 18-00дө ЖОЖ студенттеринин арасында Адам таануу руханий талкууларын өткөрүүдө. Талкуулардын максаты — жаштардын улуттук дымагын бекемдөө жана жан дүйнөсүн, руханиятын түптөөдө нравалуулукка, мекенчилдикке чакыруу, ошондой эле рухий жана эстетикалык таламдарынын маданий деӊгээлин көтөрүү, жогорку адепке тарбиялоо, табигый туура жашоо образын калыптандыруу. Чечендик чеберчилигин, сүйлөө маданиятын арттыруу, өз оюн эркин билдирүүсүнө тарбиялоо жана ой жүгүртүү  масштабын кеӊейтүү  болуп саналат.

Ал эми мүдөөсү  — жалпы жаштардын арасында талкуу уюштуруу менен биримдикке чакыруу жана ынтымакка үндөө. Талкуу ар кыл тармак боюнча жана түрдүү  формада өткөрүлүп, атайы курс менен аякталат. Көтөрүлүп жаткан маселе олуттуу жана түшүнгөн киши үчүн маанилүү . Талкууга кызыгып, катышам дегендер болсо, каалоочулардын баардыгына эшик ачык. Мезгил сааты жебесин токтотпойт, биздин дагы токтоп калууга акыбыз жок. Анткени, биз мезгил менен тандалып алынганбыз. Тагдырыбыз башыбызда, ар ким тагдыр жолун өзүнө карап түзөт, бирок, биз кыргыздар мекенибиздин келечегине карай түзөйлү. Мекенибиздин даӊазасы ар бир кыргыздын тагдырына бүткөн бакыт болсун. Кубаттуу Кыргыз Элин түзүүгө баш уралы.

Ал эми төмөндөгү талкуу «Үй–бүлө куруу. Анын жалпы түшүнүктөрү» деген темада өтүп, жаштардын ой-пикирлери адаттагыдай эле ар кыл жана кызыктуу айтылды. Биз мындан ары «Ак шумкар КУТ» жаштар коомдук бирикмесинин Адам таануу руханий талкууларын гезит бетинен жарыялап турмакчыбыз.

Айбек Байымбетов

Алгачкы сөздү «Ак шумкар кут» жаштар коомдук бирикмесинин мүчөсү Айбек алды:

— Бүгүн биз сөз кылчу тема — баарыбызга керектүү маселе. Анткени, баарыбыздын башыбызда үй-бүлө куруу турат. Менин оюмча, үй-бүлө деп, эки адам баш кошуп, бир бүтүндүккө айланып, бир үйдүн түтүнүн булатса, үй-бүлөнү түшүнөбүз. Үй-бүлө — бул жашоонун табигый институту болот. Кыргыз үй-бүлөсү чындыгында башка мамлекеттердин үй-бүлөсүнөн айырмаланып турат. Мисалы,  Америкада «үй-бүлөӊүздө сиз үчүн эӊ манилүүсү эмне?» деп суроо берилген. Кээ бирөөлөрү акча дешсе, кээ бирөөлөрү машина, анан экинчи орунда аялым же күйөөм деп жооп беришкен. Анткени, аларда баалуулуктар башкача болот экен. Оюмча, азыркы учурдагы ажырашуулар жаштардын үй-бүлө курууга даяр эмес, ар кандай жеӊилдиктерге азгырылып эле үйлөнүп алышкандарынан келип чыгып жатат деп ойлойм. Үй-бүлө курууга даяр болгон адамдар моралдык жактан бышып жетилиши керек. Үй-бүлө курганымдан кийин жашап кете алам деп, өзүн даярдап, үй-бүлө жөнүндө  маалымат алуусу зарыл. Үй-бүлө курам деген жаштар тажрыйбалуу үй-бүлөлөрдөн, ата-энелеринен билим алуулары керек. Үй-бүлө кургандан кийин көптөгөн курмандыктарга барып, аялынын же күйөөсүнүн ар кандай кулк-мүнөздөрүнө чыдай билүүгө туура келет.

Кенжебек Салимбеков:  — Үй-бүлө курганда кичинекей мамлекет пайда болот. Мисалы, мындай сөзүбүз бар: «Бир жылды көздөп дан өстүр, он жылды көздөп дарак өстүр, жүз жылды көздөп бала өстүр» деген. Ошондуктан, үй-бүлө курулгандан кийин баланы өстүрүп тарбиялоо да чоӊ ролду ойнойт.

Наргиза Нурболот кызы:  – Мен дагы «үй-бүлө — бул кичинекей мамлекет» деген ойго кошулам. Себеби, мамлекеттин башчысы, кичүүсү, закондору бар сымал эле, үй-бүлөдө да башчы (ата), орун басары (апа) болуп, алар үй-бүлөнүн закондорун түзүшөт. Канчалык мыкты кылып закондорун иштеп чыгышса, үй-бүлө да ошончолук бекем жана үлгүлүү болот. Үй-бүлөнүн негизги максаты ушул деп ойлойм.

Замир Иманкалиев: — Негизи адамдар үй-бүлө курушпаса, жашоо кыска жана кызыксыз болуп калат. Биз, кыргыздар, айрыкча үй-бүлө курганга өтө маани беребиз. Себеби, артыӊда туяк калтыруу чоӊ роль ойнойт. Үй-бүлө курбай жалгыз өтсөк, парзыбызды аткарбагандай болобуз. Тукум улап, өзүбүздүн салт-санааларыбызды кийинки муунга өткөрүп берүү эӊ негизги максатыбыз болуп саналат.

Абдылхан Алипбеков: — Үй менен бүлөнү ажыратып карап көрсөк, үй — бул мекендин чеги болсун дейли, ал эми бүлө — анын ичиндеги жашоочулар дейбиз. Эгер биз үй-бүлөбүздү жакшылап кура алсак, анда мекенибизди гүлдөтө алабыз. Азыркы учурда биздин мекенибиз кандай болсо, үй-бүлөбүз да ошондой болуп жатат. Себеби, бүлөдөн жакшы тарбия албаган бала мекенге да күйө албайт.

Бекжан Жапаркулов: -Негизги сөзүбүз кыргыз үй-бүлөсү жөнүндө болуп жаткандыктан, муну айткым келет. Кыргыз үй-бүлөсү көбүнчө ата-эненин макулдашуусунан же ала качуудан жаралып жатат да. Бул негизинен туура эмес. Ажырашуулардын баары ала качуунун натыйжасынан келип жатпайбы. Анан кыргыз фильмдеринин дээрлик көбү ажырашуу жөнүндөгү окуяларды чагылдырып жатат, бактылуу жашоого умтулуу жөнүндө кинолорубуз жок. Эгер, жаштарды тарбиялоочу фильмдер жаратылса, балким жаштарыбыз ал кинолордон тарбия алышар.  Дагы бир мисал, башка өнүккөн өлкөлөрдө жаштар университетти бүтүшүп, анан турмуш курушат. Ал эми бизде мектеп окуучулары да үйлөнүп жатышпайбы, ушулардын натыйжасында ажырашуулар келип чыгып жатат.

Ноорузгул Турусбек кызы: -Мыкты  үй-бүлө качан жаралат? Качан гана аялы менен күйөөсү бири-бирин толуктап, бир бүтүндүккө айланганда жаралат. Негизи элде айтылат го: «Бир акылдууга бир акылсыз» деп. Эгер экөө теӊ акылдуу же экөө теӊ акылсыз болсо деле жакшы бүлө жаралбай, бузулуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан, үй-бүлө курган адамдар бири-бирин толуктап, колдоп, эриш-аркак жүрүп жардамдашуулары керек.

Улан Үсөйүн уулу: — «Аял — үйдүн куту» демекчи, бир үйдү отуз эркек толтура албайт, бир аял толтура алат экен. Ошон үчүн ал кут. Ал эми эркектин үй-бүлө куруудагы ролу абдан чоӊ, себеби, ал мыкты аялды тандоосу керек. Жусуп Баласагындын «Кут алчу билиминде» айтылган экен:
Кээ бирөө жүрөт, байдын кызын алам деп,
Кээ бирөө жүрөт сулууну аламын деп,
Ал эми жакшы жигит акылдуусун аламын дейт.
Ошондуктан, байдын кызын алба,
Өмүр бою кул болуп өтөсүӊ.
Эгер акылдуу кызга үйлөнсөӊ,
Өмүр бою падышадай жашап өтөсүӊ
, — деп. Ошондуктан, туруктуу  үй-бүлө курууда, аял тандап көрөгөчтүк кылууда эркектин ролу негизги орунда турат.

Жакшылык Ынтымак уулу: — Үй-бүлө курууда дагы бир маселе чоӊ ролду ойнойт. «Теӊ теӊи менен, тезек кабы менен» дегендей, баш кошуп жаткандардын бар-жогу теӊ болуусу керек. Мисалы, байдын уулу кедейдин кызына үйлөнсө, кызга кысымдар көп болуп калат.  Ошондуктан, жаӊы бүлө курганда, жаштардын бар тарабы теӊ болуусу керек. Адам үй-бүлө курганга чейин жарты экенин билүүсү зарыл . Анан жартылыгын сезип, экинчи жарымын издеп табуу — бул үй-бүлө куруу. Бир жагынан, үй-бүлө куруу нике кайыпка барып такалат. Кандай болбосун, неке кайыбыӊ байда болсо байга, кедейде болсо кедейге үйлөнөсүӊ. Тилекке каршы, биздин жашоодо өзүнүн, жан дүйнөсүнүн анык жарымын издебей, тапкан кишисин жүрөгү менен тереӊден сезбей, катуу сүйүп калдым деп эле үстүртөн мамиле кылып баш кошуп атышат. Анан келишпестиктен ажырашууга туура келет. Муну менен алар өздөрүнүн тагдырына, түгөйүнүн тагдырына, туулган балдарынын тагдырына кесепет келтиришүүдө. «Жети өлчөп, бир кес» дешет эмеспи. Айрым жаштар эки-үч жолу өлчөп койгонго да жарашпайт.

Турат Акимканов: — Мен азыркы үй-бүлөлөр эмне себептен ажырашып жатат, ошол боюнча билгенимди айтайын деп жатам. Негизи статистика боюнча алып караганда, эркек киши бир күнү 2000 сөз, аял киши 6000 сөз сүйлөйт экен да, ошондо экөө теӊ канааттанат экен. Азыркы учурда ажырашуулар эки жаштын бирин-бири түшүнүшпөгөнүнөн келип чыгат. Ар бирибиз өзүбүздү ойлойбуз, «мени сүйсө, мен аны сүйөт элем» деп. Эч качан ойлобойбуз, «мен аны сүйсөм, анан ал мени сүйөт» деп. Бир сөз менен айтканда, эгоистбиз. Болгон окуяны мисал катары айтып кетейин. Кыргыз улутундагы жубайлар Америкага көчүп кетишет. Үй-бүлөдө эркек киши эртеден кечке иштейт. 2000 сөздү жумушта сүйлөйт да, үйүнө чарчап келет. Аялы чет тилин билбейт, үйдө баласы менен кечке олтурат. Күйөөсү  үйүнө келгенде аялы аны менен сүйлөшкүсү келет, анда 6000 сөз бар да, баласынын ар кандай кылык-жоруктарын айткысы келет. Күйөөсү аялын укпайт да, «мен чарчадым, эс алышым керек» деп жатып алат. Бул көрүнүш күн сайын кайталана берет. Анан аялы да «сен мени укпайсыӊ» деп чыр чыгара баштайт. Акыры күйөөсү аялын чапканга чейин барат. Адам чарчаганда көӊүлүнө эч нерсе жакпай калат, баарыбыз билебиз. Ушундай түшүнбөстүктөрдөн улам, көпчүлүк кыздарыбыз төркүнүнө кетип калып жатат. Ал эми жанагы, күйөөсү чаап ийгенден кийин, аялы түшүнүп сыртка чыгып кетет да, бир аздан кийин тазикке жылуу суу алып келип, күйөөсүнүн чарчаганын сезип бутун жууй баштайт. Ошондо гана күйөөсү өзү да ката кетиргенин сезип, аялы менен маектешет. Булардын үй-бүлөлүк чыры аялынын акылдуулугунан чечилди.

Мирхамид Токтогул уулу: — Бир аспирант айылга практика өтөө үчүн барып, ал жерден карыя киши менен кемпирдин үйүндө жашап калат. Кечинде карыянын балдары, неберелери менен чогуу олтуруп тамактанышат. Анан ошондо абышкасы кемпирине «алтыным, муну берчи, кымбатым, тигини берчи» деп, ушундай укмуш сөздөрдү колдонот экен. Бала таӊ калат. Анан карыядан: «чоӊ ата, кемпириӊизди аябай жакшы көрсөӊүз керек, ээ?» деп сураса, карыя: «ээ балам, сүйүүӊөр курусун, 30 жыл болду кемпиримдин атын унутуп калганыма. Өзүнөн сурайын десем таарынып калабы деп корком, балдарымдан сурайын десем, атам жинди болгонбу деп ойлошот деп, сурай албай жүрөм» деген экен. Албетте, бул тамаша катары колдонулду. Бирок, карыганда да ушундай жылуу мамиленин сакталышы үчүн, башынан үй-бүлө курууга даяр болуу керек деп ойлойм. Ошондуктан, адам үчүн эӊ негизги баалуулук үй-бүлө экенин билүү керек.

Айзада Карабаева: — Үй-бүлө курулгандан кийин анын туткасын кармап, коломтодогу отту өчүрбөй кармоо — бул албетте аял кишинин колунда. Күйөө чындыгында жаш балага окшош болот. Анын кылык-жооруктарын сиӊирип алуу, бул чоӊ жетишкендик. Ошондуктан, аял кишинин көкүрөгү кененирээк болуусу зарыл.

Гүлкайыр Рахматуллаева: — Жаратканыбыз биринчи эркек кишини жараткан экен. Анан ал жалгызсыраганынан, ага жөлөк болсун, ич-сырлары менен бөлүшүп турсун деп аялды жараткан. Ушул сыяктуу эле, үй-бүлөдө да жубайлар жашоонун ысык-суугун, ачуу-таттуусун бөлүшүп, бири-бирин түшүнүп жашашса, бүлөсүнүн пайдубалы бекем болот деп ойлойм.

Талкуунун соӊунда жаштар үй-бүлөнүн негизги тиреги, пайдубалы болуп сүйүү эсептелет дешип, келечекте ар биринин үй-бүлөсүндө сүйүү, ынтымак, ырыскы болсун деп тилешти. Ошондой эле, бул тема жабылбагандыгын, дале болсо ар кимиси өз алдынча дагы тереӊирээк ой жүгүртүп, сөз уланып кете берет дегенге токтолушту.

Пикирлерди жазып алган Айпери Сыражидин кызы, “Көк Асаба”

Соц тармактар:

Добавить комментарий