Бозо — гемоглобинди көтөрөт

Бозону жасоо учуру. Сүрөт http://azzzik.livejournal.com сайтынан алынды.

Кыргыздын акыркы убакта унутулуп бараткан салттарынын бири бул — бозо салуу. Тээ илгертен бери эле аталарыбыз көңүл көтөрүп, тамаша айтып бозо ичишчү экен. Ошол салттар кино тасмалардын нечен эпизоддорунда тартылып, адабий китептердин сюжетинде айтылып, «Манас» эпосунун саптарында да кездешет. Үйлөнүү тойлордо кесеге бозо ашыра куюлуп, даамын сындап олтурган чалдар эске келет. Калктын башына түшкөн ошол кездеги оор күндөргө карабастан «Эрте жазда келген турналар» тасмасында «бозо салып жатышат, үйгө келиңиздер» деп жүгүрүп кабар айтып келген бала көпчүлүгүбүздүн эсинде болсо керек.

Илгертен тамак-аштын сырын изилдөөсүз эле билген кыргыз эли адамга күч-кубат берген дандардан суусундук жасап, даамынан да пайдалуусу көп экенин билишкен. Жаңы төрөлгөн бала менен алек болгон аялзатын бозо менен канын көтөрүп, ден-соолугун чыңдаган. Бозону жаш келиндерге берип, чалдар жоро салтында келиндердин бозо салуу машыгуусунда мыктысын аныкташкан. Бозонун даамы айырмаланып, даярдоо ыгы да башка, дандардын түрү да башка болуп, бул машыгууда берилген ар бир казан ээсинин өзгөчөлүгү бар экени сезилип турчу. Ошону менен жолугууга, көңүл ачууга дагы бир себеп болуп бозо салуу салты чыккан.

Андан сырткары бозонун пайдалуусун азыркы убакта илимий-медициналык изилдөөлөр далилдеп чыккан. Адамдын каны гемоглобин менен ченелсе, гемоглобин энергияны ченейт экен. Кыргызстанда алсыздыктан кыйналгандар, гемоглобиндин азаюусу, тамак-ашта витаминдин жана темир иондорунун жетишпегендиги менен түздөн -түз байланыштуу. Карысы бар ар бир үйдө эртең менен сөзсүз түрдө бозо ичилмек. Себеби кандын көбөйүшүнө бозонун кандай таасир этээрин алар эң жакшы билишет. Биз көңүл бурбай турган бозо сырын ата-энелерден, же ата-бабалардан гана билебиз. Азыркы убакта фармацевтикалык дарыга гана көнүп, «даамдуу дарыны» унуттук.

Негизинен азык-түлүктөгү пайдалуу комбинациялар кычкыл чөйрөдө жакшы сиңип, ашказанды жакшы иштетип, тез арада органдарга пайдалуу комбинациялар жеткирилет. Кычкылдыктын бири болуп бозо саналып, ошол тамактануу процесси бозонун күчү менен тез жана пайдалуу өтөөрүн далилденген. Карандай чайдын ордуна бозо ичсе, каны аз адамдардын абалы оңолот деп доктурлар кайрылып келген пациенттерге кеңеш беришет.

Ахунбаев атындагы КММА окуу жайынын гигиеналык дисциплина кафедрасынын жетекчиси Эсенаманова М.К. кыргыз суусундуктарынын пайдалуусун белгилеп, адамдын организмине керектүү белок, углевод жана витаминдер бозонун курамында бар экенин тактайт. «Бозону азык-түлүк рационуна кошууда адамдын иммунитети көтөрүлүп, ЖДА (Темир жетишсиздигинин келип чыккан анемия) оорусун айыктырып, деги эле ден-соолукка күч-кубат берет», — дейт Эсенаманова.
Ошону мене бирге бозонун курамындагы дандар ашказан менен ичегилердин жигердүү ферменттерин көбөйтүп, тамак сиңирүүнүн жолун жеңилдетип, деги эле жайдары көңүлгө алып келип, сергектүүлүк сезимин берет.

Тиленбек Азык, «Фабула» («Кыргыз гезиттер айылы»), 24.04.2012-ж.

Соц тармактар:

Бозо — гемоглобинди көтөрөт: 1 комментарий

Добавить комментарий