Манас таануучулар эмне кылып жатышат?..

Сүрөт КТРКнын сайтынан алынды

Кыргыздардын укмуштуу «Манас» эпосу — элибиздин тарыхын эле эмес, анын турмуш-тиричилигинин ар кыл жактарын: этникалык курамын, чарбачылыгын, каада-салтын, адеп-ахлагын, дүйнөгө болгон көз карашын, эстетикалык табиятын, диндик түшүнүгүн, астрономиялык, географиялык ж.б. билимдерин элдик поэзиянын салттык ыкмасы аркылуу өтө көркөм чагылдырган уникалдуу нукура эпикалык чыгарма. Ал — элибиздин миң жылдык баатырдык тарыхынан кабар берген руханий байлыгыбыз, байыркынын жаңырыгы, учурдун сыймыгы. Мына ушул улуу эпосубузду иликтеп-жиликтеп уникалдуу көркөм кубулуш экендигин дүйнөгө таанытууда, Улуттук илимдер академиябыздын манас таануучу окумуштууларынын жасаган эмгеги өтө зор.

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтундагы бөлүмдөрдүн эң орчундуусу — «Манас» бөлүмү болуп эсептелет. Бул бөлүмдө не бир илимдин дөө-шаалары эмгектенишип, кажыбас кайраты, чаалыкпас эмгеги менен манас таануу илимин жолго коюшкан. Алсак, Б.Юнусалиев, З.Бектенов, М.И. Богданова, Б.Керимжанова, Ө.Жакишев, С.Мусаев, Р.Кыдырбаева, Э.Абдылдаев, З.Мамытбеков, М.Мамыров, К.Кырбашев, А.Жайнакова, Р.Сарыпбеков, О.Сооронов сыяктуу окумуштуулар «Манас» эпосун жыйноо, жарыялоо жана изилдөө иштерин жүргүзүшүп, эпостун зоболосун көтөрүп келишкен. Улуттук илимдер академиясындагы «Манас» эпосун жыйноо, жарыялоо жана аны комплекстүү изилдөө иштерин жүргүзүүчү бөлүмү («Манас» сектору, «Манас» бөлүмү) 1924-жылы Ташкенде уюштурулган. Академиялык борбордун кыргыз бөлүмү 1925-жылы Фрунзеге көчүрүлүп, Кыргызстандагы илимий иштерди координациялаган. Илимий комиссия катары кыргыз тилинде окуу китептерин, мектеп программаларын түзүү, ошондой эле элдик оозеки чыгармаларды жыйноо, системага салуу иштерин жүргүзгөн. Аталаган илимий мекеме 1930-жылы Кыргыз тили жана жазмасы илим изилдөө институтуна, 1940-жылдын 14-мартынан бери тарта Кыргыз СССР ИАнын Тил жана адабият институтуна айланган. Ушул институттун тутумунда «Манас» сектору уюштурулган. Кыргыз фольклорун тарыхый аспектиде карап чыгуунун, өзгөчө, «Манас» эпосунун проблемалык маселелери боюнча изилдөө жүргүзүү зарылдыгы келип чыккан. Институттун кол жазмаларды сактоо жана жарыялоо фондусунда (азыркы Кол жазмалар фондусу) 60тан ашуун «Манас» эпосунун ар кыл көлөмдө, ар кыл көркөмдүк сапаттагы варианттары сакталып турат. Ошол материалдарды 1922-жылдан баштап Ы.Абдырахманов, К.Мифтаков, К.Кыдырбаева сыяктуу фольклорчу-жыйноочулар «Манастын» тексттерин эбегейсиз зор эмгек жумшап жазып алышкан. «Манас» бөлүмүнүн илимий кызматкерлери варианттарды үйрөнүү, аларды изилдөө иштери менен эле чектелбестен, жыйналган материалдарды жарыялоо, элге жеткирүү иштерин да жүргүзүшкөн. Мындай өтө оор, жоопкерчиликтүү иштин башында академик Б.М. Юнусалиев турган. Анын жетекчилиги менен 1958-1960 — жылдардын аралыгында «Манас» үчилтигинин «бириктирилген варианты» жарык көргөн. Мындан кийин, манас таануучу кызматкерлеринин күчү менен 1970 — 80-жылдардын ичинде С.Орозбаков менен С.Каралаевдин варианттары басмага даярдалып, ал элге тартууланды. Ошол эле учурда, Москвадан чыгуучу «СССР элдеринин эпосу» сериясына «Манас» эпосунун 4 томдугун басмага даярдап беришти.

«Манас» бөлүмүнүн илимпоздору эпостун жаралуу доорун, тарых менен болгон байланышын, айрым варианттардын идеялык-көркөмдүк өзгөчөлүктөрүн, композициялык, сюжеттик курумун, варианттардагы салттык окуянын сакталышы жана жеке айтуучулук чеберчилигин, стилдик жактан өзгөчөлүктөрүн, поэтикасын ж.б. проблемалык маселелерине көңүл буруп, манас таануу илимине өз салымдарын кошту. Ошондой эле «Манас» эпосунун ар кыл маселелери боюнча мезгилдүү басма сөз беттеринде илимий макалаларды жарыялашып, теле-радио берүүлөрдөн эпосту элге терең тааныштырууга көп күч жумшап келе жатышат. Өзгөчө, «Манас» — 1000дин ар жак, бержагында окумуштуулар активдүү иштешип, «Манастын» академиялык басылышын даярдашты. Алардын күчү менен эл аралык, республикалык масштабда «Манас» эпосунун ар кыл маселелерине байланыштуу илимий-теориялык конференциялар өткөрүлдү. Манас таануу илими 19-кылымдын биринчи жарымынан бери тарта башталган. «Манас» эпосу боюнча алгачкылардан болуп Ч.Валиханов, В.В. Радлов, Д.Алмаши, П.Фалев, М.О.Ауэзов, В.М.Жирмунскийлер илимий пикирлерди айтышса, кийинчерээк улуттук окумуштууларыбыз өсүп чыгып, эпос боюнча бир катар кызыктуу изилдөө иштерин жүргүзүшкөн. Академик Б.Юнусалиев «бириктирилген вариантка» өзүнүн терең мазмундуу, көлөмдүү «баш сөзүн» жазган. Р.З. Кыдырбаева «Манас» эпосунун генезиси» деген темада докторлук ишин коргоду. Эпостун ар кыл проблемалары боюнча ондогон кандидаттык диссертациялар корголуп, жүздөгөн илимий эмгектер жазылды. Алсак, С.Мусаев — «Эпос Манас», «Манас» эпосунун кара сөз түрүндөгү баяндамасы», «»Манас» жомогу уруу түзүлүшүнүн учурунда»; Р.З.Кыдырбаева — «»Манас» эпосундагы традициялык жана индивидуалдык маселелерине карата», «Манасчынын айтуучулук чеберчилиги», «»Манас» эпосунун генезиси», «»Манас» эпосунун варианттары», «В начале было слово», «Кыргызско — монгольские эпические паралели», «Мезгилдер муундар жана манасчы»; Э.Абдылдаев — «Манас» эпосунун алтайлыктардын баатырдык поэмалары менен болгон эпикалык катышы», «Манас» эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптары»; «Кыргыз фольклорунун тарыхынан», «»Манас» эпосунун историзми», «»Манас» эпосунун эпикалык формулалары»; С. Бегалиев — «Манас» эпосунун поэтикасы; «»Манастагы» көркөм каражаттар»; «К.Кырбашев — «Манас» эпосунун стили»; «М.Чокморовдун айтуусундагы «Семетей» эпосунун өзгөчөлүгү», «»Манас» эпосунун варианттары»; З. Мамытбеков — «Манас» эпосунда кыргыздардын турмушу менен күрөшүүнүн чагылдырылышы»; М.Мамыров — «Саякбай Каралаевдин «Манас» эпосунун идеялык көркөмдүк өзгөчөлүктөрү», «Семетей» — «Манас» трилогиясынын экинчи бөлүгү, «Орус окумуштуулары «Манас» эпосу жөнүндө»; А.Жайнакова — «Семетей» эпосунун тарыхый-генеологиялык негизи», «Сейтек» — «Манас» трилогиясынын корутунду бөлүгү», «Семетей, Сейтек, Манастын урпактары; Р.Сарыпбеков — «Алмамбеттин образын эволюциялык өнүгүшү», «Манас» эпосунун баатырдык мотивдеринин эволюциясы»;

О. Сооронов — «Тоголок Молдонун вариантынын өзгөчөлүгү» сыяктуу илимий эмгектери жарык көргөн. Жогорудагы окумуштуулардын монографиялык эмгектеринен башка жүздөгөн илимий, публицистикалык макалалары, интервьюлары байма-бай мезгилдик басма сөз каражаттары аркылуу коомчулукка жетип турду. «Манастын» тексттерин басмага даярдоо, элге жеткирүү иштери өтө машакаттуу, түйшүктүү иш. Академик А.А. Акматалиевдин демилгеси, «Манас» изилдөөчүлөрдүн кажыбас кайраты, маңдай тери менен С.Орозбаковдун, С.Каралаевдин варианттары «академиялык басылышта» окурмандарга тартуулана баштады. Алардын түздөн-түз катышуусу менен 1995-жылы эки томдон турган «Манас» энциклопедиясы» жарык көрүп, республикабыздагы зор маданий окуя катары кабылданды. Ал эмгектин баалуулугу жана сапаттуу аткарылышы өкмөт тарабынан эске алынып, «Манас энциклопедиясы» Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болду. Натыйжада, манас таануучу окумуштууларыбыздын дээрлик бардыгы Тыныстанов атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси болушту. Ырас, бизде баардыгы жайында, идеалдуу дешке болбойт. Ал, ириде кадрлар маселеси. «Манас» илиминде иштөө абдан оор. Көлөмдүү тексттердин түп нускалары менен таанышып чыгуу үчүн (араб, латын графикасындагылар да бар) эле кыйла убакыт кетет. Андан кийин эпостун теориясы боюнча ЖОЖдон алган билимди тереңдетиш керек, айлык аз ж.б. себептер менен манас таануу илимине жаштар көп келбей жатат. Улуу муундагы тажрыйбалуу окумуштуулардын катары жылдан-жылга суюлуп, алардын ордун баса турган кадрларды даярдоо, аларга шарт түзүп, стимулдаштыруу зарылдыгы келип чыгууда. Ошого карабай, «Манас» эпосуна байланышкан ар бир маселеге кайдыгерлик кылбастан, активдүү катышып, эпостун духун, асыл баалуулуктарын коомчулукка жеткирүү вазивасын аткарып жатышкан манас таануучулардын «ыйык огородуна» таш ыргытып, «Манас таануучулар эмне кылып жүрүшөт?» — деген «ыңгайсыз суроо» салгандарга, жогорудагы окумуштуулардын жок дегенде эки китебин окуп алып анан айткылачы, бай болгурлар, ошондо көзүңөр ачыла түшөт да, экинчи бүбү-бакшы, думана, эшен-калпа, көзү ачыктарга, ишенбей каласыңар, Анан дагы, «Манас» жөнүндө чыныгы, илимий түшүнүккө ээ болосуңар, демекчибиз! Манас таануу боюнча жүз жылдан бери жазылып келген жүздөгөн эмгектер менен эч бир кабары жок туруп «капталдан качырып сала берген Соотбек Токтогазиев сыяктуу калжырактарды,
«Кара жаак булдурсун
Кармай калып имерип,
«Каңк» дегизе чокуга,
Тартып-тартып жиберип»-
басып кеткиң келет…

Мурат Мукасов, «Фабула» («Кыргыз гезиттер айылы»), 24.04.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий