Кайдасыңар, кеменгер карыялар?

Илгери Көл өрөөнүндө атагы алыска угулган акылман, калыс акелер жашаган экен. Болгон окуя, чыр-чатактар аларсыз чечилбеген. Бир мисал келтирейин. Бугу, сарбагыштын ортосунда нечендеген адамдар кырылып, Ормондун өлүмү менен аяктайт эмеспи.

Ошондо сарбагыштар Ормонго “кун” доолап, бугу элин кысымга ала баштаганда Садыр, Мойт, Сарт, Тилекмат, Кыдыр, Карга акелер элин чогултуп, булардын чатагын кантип басабыз, мунун айласын ким табат деп кеңеш кылышат. Ошондо Садыр аке: “Бул чырды басса, жалгыз Тилекмат басат, ошонун колунан келет”, – дейт. Жыйын курган акелер, эл-журт макул болушат. Ошол мезгилде Турпанда жүргөн Тилекмат акени алдырып келишип, болгон окуяны Тилекматка айткандан кийин, ал ар кандай айла-амал, калыстык менен эки урууну жараштырат.

Муну айткан себебим, учурда болуп жаткан чыр-чатактар, туура эмес иштер эл арасында өнүгүп-өсүп кетпес үчүн акылмандар жыйын өткөрүп, чечип коюшса деген эле ниет. Акелер сен бийсиң, сен болушсуң, сен байсың деген эмес. Ким туура эмес иш кылса, “тогуз” айып салып жазалашкан. Натыйжа өз жемишин берген.

Санжырада, тарыхта жазылбай калган дагы бир чоң окуя саяк-кыдык окуясы. Тоң районунда жашаган уруулардын чыры жөнүндө көп жыл эл аралап, окуяларды так өзүндөй баяндап берген агадан укканым бар. Тоңдун батыш жагында  саяк, чыгыш жагында кыдык уруусу жашаган.  Саяк уруусу малды кыдык жакка, кыдыктын уруулары малды саяк жакка өткөрүп турушкан. Бирок, уурулар эл баккан, колунда жокторго кайрылган. Муну билишкен эл билермандары уурулардын жосунсуз жоруктарын кыскартуу максатында, азыркы Темирканат айылынан 3-4 км. аралыктагы “Кактын сазы” деген жерде кыдык-саяк чоң чогулушу болуп, ууруларды эл алдына чыгарып уяткарышып, айрымдарына жаза колдонуп,  айыпка тартышкан.

Дагы бир кыска мисал. “Кулжыгачтын коосу” деген жер бар. Анын айтылып калышы мындай. Кулжыгач орой, кедей-кембагалдарды сабап, күн көрсөтпөй, ал тургай тамагын тартып ичкен, кески-ууру болгон экен. Жеткен чегине жетсе керек, чыдап туралбай үч-төрт уруу эл чогулуп, аны кармап келишип, элдин талкуусуна коюшуп, кылган кылыгы ашынып кеткени үчүн чогулган эл азоо байталга сүйрөтүп, өлтүрмөк болот.

Эл арасынан суурулуп чыккан аксакал карыялар: “Жок, эл-журт, мындай жол менен тартипке салалбайбыз, сөзүн угалы”, – дегенде, Кулжыгач чөгөлөп: “Бала-чакалуумун, кечиргиле, экинчи мындай иш жасабайм”, – дегенде кечирип жиберишкен экен. Мына ушундай, кыргыз эли туура эмес жагдайларды айыл аксакалдары чечип, элди ыйманга, ынтымакка чакырган экен. Эл да биринин сөзүн бири угуп, ынтымактуу жашаган.

Мусажан Абышов, ардагер мугалим, Аксакалдар сотунун төрагасы, Тоң району, Темирканат айылы,
«Кыргыз Туусу», 24.04.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий