Европанын кызыгуусун арттырган кыргыз турмушу жана 80 жыл мурдагы сүрөттөр

Швейцариялык журналист жана саякатчы Элла Майяр 1932-жылы Борбор Азияга келип, Кыргызстанды ат менен кыдырып Пишпек, Токмок, Каракол аркылуу Теңир-Тоого чейин жетет. Кийин андагы жашоо шартты сүрөттөгөн, көчмөн элдин отурукташа баштаган учуру тууралуу чогулткан маалыматын тизмектеген китеби 1943-жылы биринчи жолу Парижде француз тилинде жарык көрүп, элге тараары менен бүтүндөй Европанын кызыгуусун туудуруп, кийин да бир нече жолу басылып чыккан. Былтыр бул китеп француз тилинен кыргызчага которулуп «Теңир-Тоодон Кызыл-Кумга» деген ат менен жарык көрдү. Бул долбоордун экинчи этабы катары учурда Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде төрт автордун «Өзгөчө саякат» аттуу ошол жылдардагы тарткан сүрөттөрүнүн көргөзмөсү өтүүдө. Андагы эмгектердин негизги бөлүгү Элла Майярга таандык.

Элла Майярдын китебин кыргызчалап, сүрөт көргөзмөсүн уюштурганга Кыргызстандагы «Чабандын изи менен» аттуу үй-бүлөлүк туристтик фирманын жетекчиси Ишен ОБОЛБЕКОВдун эмгеги зор. Биз ага төмөнкү суроолор менен кайрылдык.

— Элла Майяр тууралуу кененирээк маалымат бере кетсеңиз?

— Элла Майяр швейцариялык жазуучу, саякатчы, журналист, профессионал фотограф-сүрөтчү болгон. Өзүңүздөр билгендей, 1920-30-жылдары Орто Азия эли совет мамлекетине кошулуп аткан учур эле. Элла Майяр журналист катары так маалыматтарды өзү билгиси келет. Бирок бул ошол убакта өзүнүн өмүрүн коркунучка салууга барабар иш болгон. Ошого карабай 29 жаштагы жаш саякатчы Орто Азияны кыдырып кеткен. Китебинде эч кимге баш ийбеген, канча кылымдардан бери эркин, көчмөн жүргөн эл кантип совет өкмөтүнө макул болуп, ошолордун колхоздоштуруу, отурукташуу дегенине кантип кирип атканын жазган.

— Эмне үчүн Элла Майяр кыргыз окурмандарына эми араң жетип отурат? Буга чейин башка аракеттер болбоптурбу? Аны кыргыз окурмандары үчүн ким ачты?

— 80 жылдан бери бул китеп орусчага которулган эмес. Себеби түшүнүктүү эле болсо керек. Чындыгында Элла Майяр бул китебинде өз көзү менен көргөн ошол убактагы элдин социалдык абалы, негизи эле Орто Азияда болуп аткан чоң өзгөрүштөр, совет өкмөтүнүн бул жакка келип орношу тууралуу жазган. Майяр кээ бир жерде совет бийлиги бул аймакка күч менен кирип атканын да жашырган эмес. Албетте бул биздин советтик идеологияга туура келбейт эле.

— Силер бул китептин дайын-дарегин кантип таптыңар?

— Саякатчы, мугалим, тарыхка, географияга, өзгөчө кыргыздын маданиятына, тарыхына, жашоосуна абдан кызыккан швейцариялык Бернард Репонд деген досум бар. Ал 1992-жылдан бери Кыргызстанда жыл сайын 2-3 айга чейин ат минип алып тоолорду кыдырат. Туристтерден айырмасы — элдерге кезигет, тоолук көчүп жүргөн чабандарды, алыс жерде жашагандарды кыдырат. Биртоп жыл мурун Ак-Шыйрак, Жууку өрөөндөрүндө жүргөндө ушул жерди швейцариялык Элла Майяр деген аял ат менен кыдырган деп айтып калды. Кандайча, эмне үчүн, качан деген суроолор чыкты. Ишти пландагандан кийин идеябызды ишке ашырууга каражатты швейцариялык кызматташтык боюнча Бишкек бюросу берүүгө макул болду. Ошентип 2010-жылы китепти которгонго мүмкүнчүлүк болду. Бул биринчи долбоорубуз эле. Китеп былтыр окурмандардын колуна тийди. Французчадан кыргызчага которгон Нуралы Турганбаев, жардамчысы француз атуулу Жереми Канталуба, кыргызчасынын редактору Олжобай Шакир.

— Эми Элла Майярдын мындан 80 жыл мурун кыргызстандыктарды тарткан сүрөттөрүнүн көргөзмөсү өтүп аткан экен…

— Бул фотокөргөзмөнү эл аралык долбоорубуздун экинчи баскычы дедик. Ага «Өзгөчө саякат» деген ат койдук дагы, төрт авторду чогултуп, ошолордун фотосүрөттөрүн жана кол менен тарткан сүрөттөрүн коштук. Мында Юристанбек Шыгаев агайыбыздын да акварелдери коюлду. Авторлордун дагы бири — Түркияда жашаган кыргыздардын ханы Рахманкулдун баласы Малик Кутлу. Анан 2010-жылы швейцариялык башка бир аял Ооганстанга, Кичи-Памирге чыгып фото сүрөттөрүн тартып келген. Фото-көргөзмөбүздүн эң маанилүү бөлүгү — бул Элла Майярдын 109 документалдык, 80 жыл мурун тартылган архивдик сүрөттөрү.

— Бул сүрөттөр каякта сакталып турган экен?

— Швейцариянын Лозанна шаарында дүйнөдөгү фотолордун жалгыз музейи бар. Коллекциясында миллиондон ашык фото сүрөттөр бар экен. Бул долбоорго жигердүү катышып аткан Бернард Репонд швейцариялык да, ал Лозаннага барып директоруна, администрациясына чыгып атып түпнускасын бергенге макулдатты.

— Эми көргөзмө бүткөндөн кийин сүрөттөрдүн тагдыры кандай болот?

— Бул эмгектер Гапар Айтиев атындагы музейге калтырылат.

«Совет йаман…»

(Элла Майярдын «Теңир-Тоодон Кызыл-Кумга» китебинен үзүндүлөр)

«Кичинекей эшекке минген кыргыз коштоочу биринчи төөгө эки-үч кат үрпөкчөлөрү бар жүндөн өрүлгөн абдан кооз жүгөн кийгизип, тизгинин бекемдеди. Эки коңгуроо тумшугунун астына байланып, мурундары бир тутам саксайган жүн менен капталган. Кийинки төөнүн таноолору аркан менен алдыңкы төөнүн ээрине байланган. Алар ушундай тартип менен буттарын бүгүп узай берди. Жаныбарлардын моюндарына илинген цилиндр формасындагы коңгуроолор жүрөк толкуткан үн чыгарып турат».

***
«Үч кыргыз дубал тургузуп атыптыр. Экөөсү тууралган саманды суу топуракка аралаштырса, дубалга үчүнчүсү чыгып калыпка салынган ылайды жыгач сокмо менен уруп атат. Анысынын арты бырыш боз шымы мага криттик вракана эсиме салат. Ал колодон жасалган үч гүлдүү калпакка окшогон баш кийиминин кара жээктерин көтөрүп койду».

***
«Жол түздөлүп, кеңейүүдө. Оң, сол жагыбызда жепирейген үйлөр, токой, чаң жолдор, төөлөр, үч мачталуу кайык токтоочу жайдын башындагы бул жер — Рыбачье».

***
«Ак сөөк кыргыздардын арасында «Тең теңи менен, тезек кабы менен» деген түшүнүк бар экен. Алар сүйрү, суюк сакалдуу, көздөрү курч, боз же кара каракүл жээктелген төбөсү кенен тебетей кийишет. Бул тебетейлердин кээ бири бир тилке тери менен жээктелип, бүгүлүп тигилген баш кийим. Алар дайыма жапалдаш бойлуу аттарына узун үзөңгү, калың көлдөлөң, жыгач ээр жабышат. Аялдары көздү уялткан ак кездемеден чалма тагынышат».

***
«Бырышы жок кабагынын астындагы сары көздөрүндө арамы жок ал коргошунду эритип, аны жыгачтан жасалган калыпка ок жасаш үчүн куюп баштады. Ошентип мен ага көптөн бери тил учунда турган суроону бердим.
— Совет йакшы? (Жакшыбы?)
— Йаман… Оо, йаман. Ат, кой, джок! Франция, кой бар? (Жаман, жаман! Ат, кой жок. Францияда кой барбы?)
Булар үчүн албетте совет өкмөтү көргөн иш-аракеттер менен максаттар түшүнүксүз. Аларга балдарынын келечеги эмне болорун түшүнүп, убакытты күтүш керек.
Мен «ооба» дегенде алардын көздөрү жайнап кетти. Бул жерде акча эч нерсени чечпейт, жалгыз акча бирдиги — кой.»

Зайырбек АЖЫМАТОВ, «Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 27.04.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий