Мелис Маматжан уулу

1992-жылы 11- январда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында төрөлгөн. Ош мамлекеттик педагогикалык институтта сырттан окуйт.

Биринчи ырын 8 жашында жазган. Ырлары 2011-жылы жарык көргөн “Москва кайрыктары!” альманахына кирген. Учурда Екатеринбург шаарында эмгектенет.

Ырлар

* * *

Тоо колтугун таяп турчу белесмин,
Түшкө кирип унутулчу элесмин.
Мелис деген атым эле болбосо,
Мен ырларсыз эч ким деле эмесмин.

 

* * *

Турбасам да түбөлүккө эстелип,
Турам бир күн дөңчөлөрдө тепселип.
Тарых бетин таптап өтүп кетсем дейм,
Таштан мага тургузгуча эстелик.

 

СЕНСИЗ

Сенсиз карек көрбөй кирпик ирмемин,
Санаа турат көңүлүмдө бир менин.
Туйбай келем жада калса өзүңсүз,
Тунук күндүн жер бетине тийгенин.

Сенсиз сезип кусалыктын бардыгын,
Сагынычтын тескеп билдин тардыгын.
Түн уйкуйдан сени көрүп ойгонуп,
Терип жүрөм түштөрүмдүн калдыгын.

Сенсиз боштук пайда болуп денемде,
Сүзүп жүрөм аба жетпей тереңде.
Сүйлөй албай калсаң дагы бүт сөздү,
Суранарым жалгыз гана келем де.

Сенсиз оюм бир чекитке топтолбой,
Сүйүүм күчөйт атылуучу октордой.
Адамзаттын катарында болсом да,
Ар бир күнү жашап келем жоктордой.

Сенсиз мезгил такалгансып ылайга,
Сагынычтан батып келем убайга.
Каректеги элесиңди кучактап,
Күндөр дагы узагансыйт жыл-айга.

Сөздөрүмдүн чындыгына ишен дейм,
Сезимдеги азаптарды кишендейм.
Мээсиз деле жашарыма көз жетет,
Сенсиз жашап кетериме ишенбейм.

 

ЖЕҢИШ ИНИМЕ

Он биринде гүлдөй соолуп акырын,
Оюнга да тойбой кетти акылың.
Тарамыштай кармап сени турсам да,
Түбөлүккө алыстады чакырым.

Балдар менен ойноочусуң топурап,
Байкаганга эми ордуң жок турут.
Өткөнүңө ишенбедим дале мен,
Өз колумда салсам дагы топурак.

Жерди тиктейм түшүнө албай таң калып,
Жана гана жүргөн элең чаң салып.
Жансыз жаткан абалыңа чыдабай,
Жүрөгүңө койсом гана жан салып.

Ырлар менен элесиңди аралайм,
Ыйласам да эч нерсеге жарабайм.
Жашы өткөн дарак бир күн жыгылар,
Жаш чырпыктын кыйылганын каалабайм.

 

ТОКТО, ӨМҮР

Токто, өмүр, токто, кайда шашасың,
Топук кылчы бул жолду да басасың.
Жүгөнүңдү тартып турчу азырак,
Жок дегенде апам узак жашасын.

Өмүр өзүң тосмоосу жок кашаасың,
Орго карай канча белди ашасың.
Жип аркандап тушап турчу туягың,
Жок дегенде атам узак жашасын.

Керемет күч, бүт дүйнөгө паашасың,
Көбүк чачып толкунуңдан ташасың.
Мезгилиңди колго алып жөнөй бер,
Менден бирок ырым узак жашасын…

 

КҮЗГҮ

Кашына келип күзгүнүн,
Карашат кийим түздүгүн,
Кабаттап койсо упадан,
Карасы кетет жүзүнүн.

Оң-солго тарап чачтарын,
Ороктой терет каштарын.
Ооматтуу ушул учурда,
Орду жок болот башканын.

Илеби турса жалдырап,
Помада менен кандырат.
Калемдин учун тийгизип,
Көзүнүн четин жандырат.

Күзгүгө түшүн жоорушат,
Кол кыздар көрбөй оорушат.
Кирпигин тушка буласа,
Керемет сулуу болушат.

Айтарым менин соңунда,
Абалың турат ордуңда.
Күзгүгө карап суроо бер,
Киммин деп турмуш жолунда.

Суроого үмүт көздөтсө,
Айнектен өзүн өзгөртсө.
Азыркы көргөн күзгүлөр,
Жүрөктү деле көрсөтсө.

 

ТООЛОРУМ

Шашылган сууктун күчүнөн,
Шамал да ооруйт жөтөлүп.
Жыгылбас кыргыз тоолорун,
Жер турат араө көтөрүп.

Мөңгүлөр тоодо жан сактайт,
Меймандай кылып ардактайт.
Чечпестен кышы-жайы да,
Чокулар кийет ак калпак.

Катмарлап калың кийими,
Көк асман болуп ийини.
Колтуктап бара жаткансыйт,
Тоолорум бири бирини.

От-таштан жыйнап күчтөрүн,
Обого айтат түштөрүн.
Алыска бара жаткансыйт,
Артынып алып жүктөрүн.

Уйкашып жипче ийикке,
Узарат улам бийикке.
Уютку алып койгондой,
Улары менен кийикке.

Кошумча кубат турмушта,
Кошуна турат жылдызга.
Төбөсүн ийбес болсун деп,
Тоолорду берген кыргызга.

Тилеги көп да ойчунун,
Тек гана ойлоп койчумун.
Теңирим канат бергенде,
Тоолордон келбейт болчумун.

 

АБА МУЗДАТКЫЧ

Саратан кайнап жай күнү,
Кадамдайт ысык ар күнү.
Үшкүрсөң эле чыкпаса,
Жокко эсе желдин бар күнү.

Калаада аптап акчудай,
Каалгасын чертип какчудай.
Күпүлдөп кетет унаалар,
Күкүртү койсоң чакчудай.

Тепсесе күйгөн таманы,
Ордуна койдум санааны.
Аралап жүрүп базарда,
Муздаткыч алдым абаны.

Терлеген денем басылды,
Теринин жери ачылды.
Колдонсо болбойт көчөдө,
Бирок да мындай асылды.

Көралбай эмгек пайдамды,
Көөдөндө ойлор айланды.
Кутулбай аптап деминен,
Кетире бердим айламды.

Таң менен турдум оболу,
Толкуттум колдой обону.
Табият берген тоолорго,
Угузуп турдум жобону:

Акырын таптап амалды,
Ышкырык күчүм таралды,
Кыргыздын Ала-тоосунан,
Чакырып келдим шамалды.

 

ӨТҮКЧҮ

Кесибине кемсинбестен терикпей,
Кылдат карап чебер тутуп эрикпей.
Кыл мыктарды тырс-тырс уруп аярлап,
Кылар ишке тыным албайт зерикпей.

Коонун алып келип кеткен адамдын,
Көбүн билет чеки баскан кадамдын.
Тойтуктарды, туйтуктарды ылгабай,
Так аткарат жакшы кылып жаманын.

Тигип келсе жыртыктары арылат,
Түскө карай ар кыл жиптер табылат.
Көркөмдүгү күчүн берип ишине,
Колу тийсе эскилер да жаңырат.

Сөөмөйүнө шибегени кынап бат,
Сөгүлгөндү тигип чыгат кынактап.
Өмүрүнө өмүр кошкон эскинин,
Өтүкчүнүн өнөрүнө ырахмат.

 

ТӨРТ САПТАР

* * *

Көрүнбөстөн кусалантып билинчи,
Карегиңди кадап коюп тигилчи.
Сөздөн калып унутсам да бардыгын,
Сүйүү десе эстейм сени биринчи.

 

* * *

Арабызды болуп турат алыс жак,
Ак сүйүүгө келатамын карыштап.
Мен өзүңө жакындасам канчалык,
Сен ошончо баратасың алыстап.

 

* * *

Келбе дечи сүйлөбөй сыздаткыча,
Кебиң менен жүрөктү муздаткыча.
Салкын тартып кабагың бүркөлтөсүң,
Салынганбы жүрөгүң муздаткычка.

 

КОШ, ЧЫҢГЫЗ

Чыңгыз өттү, өттү Чыңгыз дүйнөдөн,
Чындык сөзгө пенде барбы күйбөгөн.
Жараткандын буйругуна түшүнбөй,
Жер-Эне да топурагын үйбөгөн.

Жел үйлөгөн уча албас канатка,
Жер үстүндө бир жаралчу талант да.
Ийип башын кеткенинде түбөлүк
Ичим жаман эңшерилди заматта.

Балбыл жанып өчпөй турган чок кетти,
Бир атылып кайтпай турган ок кетти.
Ууз дүйнөсүн катып алып койнуна,
Учкундарын чачып бүтпөй от кетти.

Дүбүрттөрү жер бетине теңделип,
Денесине чуркаганда тер келип.
Гүлазыгым сезимдеги даярдап,
Гүлсаратты багып турам жем берип.

Арабачан бүт дүйнөгө жол курам,
Акылыма ак сүйүүнү толтурам.
Сыйкырланган Даниярдай үн менен,
Сени жоктоп аза күтүп олтурам.

Кимдер гана кордободу кайранды,
«Кыяматтай» табалбадым айламды.
Адамдардын айбанчылык мүнөзү,
Акбаранын көз жашына айланды.

Маңкурт сөзүн улуттарга жооруттуң,
Раймаалыны сүйүү менен ооруттуң.
Кылым бою бирге келген баянды,
Казангаптын бир күнүнө чогулттуң.

Жүрөм улам тилегимди термелеп,
Жаралсачы мындай адам кетме-кет.
Чыңалганда кыялымдын күчтөрү,
Чыккым келет сени менен «Бетме-бет».

Соолуп улам бара жаткан акылга,
Суу сепкендей чыйрыктырат бул таалим.
Сөзгө мокок, ойго сараң акынга,
Сиз болдуңуз эң «Биринчи мугалим».

Байлыгым жок, китебин бар колумда,
Баардыгынан мага ушул сонун да.
Бийиктикке Жер-Энени кучактап,
Баратамын «Саманчынын жолунда».

Алгач сезип ак сүйүүнүн ууртамын,
Аруулукка толуп турду кучагым.
Ээ-жаа бербес сезимдерге тушалып,
«Эрте келген турналардай учамын».

Бул ырым өзүңүзгө салам болот,
Биринчи жан-дуйнөмө кадам болот.
Айтыңчы, Чыңгыз ата, улуу сырды,
«Канткенде адам уулу адам болот».

Түгөнгүс чыгармаңдан байлык алдым,
Турмушка кош калактуу кайык алдым.
Дүйнөдөн демиң чыгып узаганда,
Долондон канатымды кайрып алдым.

Кыялымда мага келип жандашып,
Калем күчүн койгонсуйсуң талдашып.
Көк деңизде улуу туман ичинде,
Көрүнбөстөн кайда кеттиң адашып.

Жазуучулар чыкса дагы миңдеген,
Жаңы ойду, жаңылыкты издеген.
Бирок дагы эч кимиси басалбайт,
Чыңгыз баскан,Чыңгыз баскан из менен.

Кайра келбейт өкүнсөк да сыягы,
Кетсе керек бизди таштап кыязы.
Ыйыктыгын эстеп алып жазганда,
Ыйлап жатты калемимдин сыясы.

Повесттериң өз-өз оордун тапкансыйт,
Коңгуроосун бут ааламга каккансыйт.
Кетсең дагы, калган бардык чыгармаң,
Күркүрөөдө көбүк чачып жаткансыйт.

Өтсөң дагы калды бизде ойлоруң,
Өткүн болуп төгүлүүдө боегуң.
Салбасам да топуракты жайыңа,
Саптарыңды элесине коемун.

Катарлашкан канча ойлор тизилди,
Кимге гана калтыргансың тизгинди.
Ыйык кылып сактап калат карт тарых,
Ысык-Көлдүн жээгиндеги изиңди.

Бир күн соолуйт гүлдөп турган бак деле,
Жөн жеринен кетпегендир ак неме.
Толкун менен түбөлүккө күрөшүп,
Ысык-Көлдө сүзүп жүрөт «Ак кеме».
Ысык-Көлдө сүзө берет «Ак кеме».

 

Соц тармактар:

Мелис Маматжан уулу: 5 комментариев

Добавить комментарий