Сүйүнбай Эралиев, Кыргыз эл акыны, Кыргыз Эл Баатыры: «Күнүм, тирүү кезде бир кол кармашып деңиз сапарына чыгып калалы!»

Өмүрдүн бардык кийинки учуруна…

Өмүрдүн бардык кийинки учуруна жарыгын чачып турчу менин балалык кезим эркин тоо койнундагы жашыл төрлөрдө өттү. 1921-жылы 15-октябрда Тегерек деп аталган бийик чокулуу өрөөндө жарыкка келипмин, анда боз үйдө олтурчу экенбиз. Айылдын аты — Үч-Эмчек, Кыргыз ССРи, Талас району. Айылдын күн батыш жагында анын көркүнө көрк кошуп, кадимки кур курчагансып, кийин мен ырларымда ырдаган өзүнчө бир кооз Кур-Таш бөксө тоосу турат. Апам Разия өтө адептүү, башкага эмес, өз балдарына өйдө карабаган мүнөзү жумшак, ­алпейим киши эле. Атам Эралы дагы ошондой эле жөнөкөй колхозчу, бирин-эки жылкысы, уй-кою бар, өз оокатына камкор болчу. Негизги кесиби — саяпкерлик. Күлүк аттарды таптап, чоң мелдештерге байгеден чыгарып, ошол чөлкөмдө бир топ кадыр-барктуу эле.

Бирок мен таятам Орозбай молдонун колунда чоңойдум. Ал жинди оору менен ооруган адамдарга чейин айыктырган дарыгер, анан дагы кол ойнотуп комуз черткен, кезинде атактуу Атайга күү үйрөткөн чоң комузчу эле. Атайдын таятамдыкында эки жылча жүрүп сабак алганын айыл аксакалдары кийин дагы көпкө чейин айтып жүрүшчү.

Мен эс тарта баштаганда биздикине ошол чөлкөмдөгү ырчы-комузчулар, кыякчы-сурнайчылар келе турган. Бирок алардын аты-жөнүн жазып коюу ойго келбегенге азыркыга чейин өкүнөм. Эсимде калганы — бир гана Кошой аттуу сокур ырчы. Мен ал киши жөнүндө болгонун болгондой көз алдыма келтирүүгө көп аракет кылып, өзүмдү казып, 1979-80-жылдары «Кошойдун жери» аттуу чакан поэмамды жазгам. Аны бир эсе таятамдын эстелигине да арнадым, анткени мен негизги тарбиямды таятаман алгам. Ал мени чыкыйтып кийинтип, күмүш чөгөрүлгөн ээр токулган сындуу атка мингизип, дайыма ырчылар чогулган жерлерге ала барчу. Антип жүрүп мен бала кезден тартып комуз үйрөнүп, көбүнчө таятам өзү чыгарган күүлөрдү, кийинчерээк чоң күүлөрдү чертчүмүн.

Аңгыча согуш чыкты…

Аңгыча согуш чыкты. Баары чакчелекей түштү. Аскерге жарактуунун баарына чакыруу келе баштады. Биздин мугалимдердин, жогорку класстагылардын бир тобу фронтко кетип, мектеп жабылды. Ошо бойдон окубай калдык. Мен бекер жүрбөй, «Сталиндик жеңиш» деген райгазетада корректор болуп иштеп калдым. Анан: «Баары кетип жатса биз бул жерде жүрө бербей, Мекенди коргошубуз керек» — деп, санаалаш жигиттер военкоматка бара бердик. Акырында, бир күнү чакыруу келди.

1941-жылдын июнь айында бизди Кара-Балта шаарчасына жакын жерде жаңыдан уюшулган кыргыз атчан аскерлерди даярдоочу полкко жөнөттү. Ар бирибизге бакканга бирден ат беришти. Биринчиден, ошол аттарды багып, анан атчан ­согушууга, ат үстүндө кылыч чаап, душманга чабуул коюуга, ар кандай согуштук ыкмаларга үйрөтүп жатты.

Алты айдан соң, 1941-жылдын декабрь айында бизди Фрунзе станциясынан поезд менен фронтко жөнөттү. Түз эле Москвага апкелди. Тек Москвага жетип-жетпей немецтер биздин поездди бомбалап, согуш деген эмне экенинин четин ошол жерден эле көрө баштадык. Ал жерде бизди бөлүктөргө бөлүштүрүп, мен мурда даярдалгандай атчан аскерлерге эмес, жөө аскерлер бөлүгүнө туш келдим. 8-гвардиялык дивизияда 747-аткычтар полкунда мен сержант наам менен командир отделения болуп, согуштун бардык азап-тозогун көрүп, өрт аралап, кан кечип үч жыл жүрдүм; 3 жолу катуу жарадар болуп, эң акыркысында Тбилиси госпиталында жаткандан кийин, 1944-жылдын февраль айында согушка жараксыз катары медсестра коштоп апкелди. Жарааттарым көпкө айыкпай, 2-3 жылдан кийин гана балдаксыз басып калдым. Тактап айтсам, ошол жарааттар жана контузиядан өмүр бою азап чегип келем…

…Тбилиси госпиталында жатканыма баш-аягы кырк жылдай убакыт болгондо Тбилисинин көчөлөрүндө кайрадан басып жүрдүм. Бул сапар соомун. Грузин достордун — жазуучулардын чакыруусу менен адабий кеңешмеге келгенмин. Фрунзеден аттанып чыккандан тартып, оюмда өзүмдү бир кезде өлүмдөн алып калып, айылыма аман жөнөткөн госпиталымды кайра бир көрүү тилеги делебемди козгоп, тынчымды ала баштаган. Кеңешменин бүтүшүнө араң чыдап олтурдум, бүтөр замат госпиталды издеп жөнөдүм. Тилекке жараша, бизди алып жүргөн шофер да согуш убагында дал ошол мен жаткан госпиталда дарыланган эски жоокер экен. Дароо эле алып келди. Мен анда үчүнчү кабаттагы палатада, күн батыш жактагы чоң терезенин түбүндө жатчумун. Терезенин нак тушунда адыр бар эле. Ошол адырга фуникулер (зымда жылган вагондор) чыгып, кайра түшүп келип турганын көрүп жатчумун. Ошондо бир бөлмөнүн эшигин ачар менен: «Менин палатам ушул болчу!» деп кыйкырып ийдим. Баягы фуникулер кудум ошондогудай болуп өйдө-ылдый жүрүп турган экен. Аянычтанбы же сүйүнүчтөнбү көзгө жаш тегеренди. Менин алдымда палата эмес эле, бир кезекте аябай жакшылыгы тийген, өз өмүрүм үчүн мен ага милдеттүү болгон бир боорукер, жарык жүздүү, кең пейил адам тургансыды. Жок, мээрман эне тургансыды. Андагы сезимди айтып берүү мүмкүн эмес…

«Казган конуш» деген жер ушул…

«Казган конуш» деген жер ушул. Мен бала кезде боз үй менен мында бир жай олтурганбыз. Типтик, апай бет. Илгеркилер казып конуш жасашкан. Бирок, малга жайлуу. Биз анда жалгыз үй олтурганбыз. Беш бээ саачубуз, он чакты жандыгыбыз бар эле. Аларды мен кайтарчумун.

Ошол өткөндөрдөн эсимде азыр эмне калды? Үйдүн жанындагы көк чөпкө малдаш урунуп алып, таятам Орозбай күндө комуз чертчү. Бир ирет үйгө милиция келип, таятамды алып кетти. Ал каргыш тийген отуз жетинчи жыл болчу. Тоо-таш, конуш, боз үй, баарыбыз аңгырап, жетим калдык. Ал эми таятамдын күнөөсү кайсыл эле? Бар болгону — кат-сабаты бар, чөптөрдүн тилин билген, бир өрөөн элдин дартына даба болуп жүргөн тамырчы. Көрсө, илгери ошондой прогрессивдүү адамдарды молдо деп аташчу экен. Мен азыр ошол Казган конушта турам. Жер эски. Бирок тиги тоолор, бул тоолор, аскалуу адырлар, айтор кайсынысы болсо да таятамдын аларга сиңип калган эски күүлөрүнөн үн козгоп, күңгүрөнүп турушкансыйт…

…1951-жылдын күзүндө ЦК КПССтин алдындагы жогорку партиялык мектептин студенти болуп калдым. Бул окуу жайы Кремль тарабынан камсыздалат экен. Ал кезде абдан барктуу, шарты эң жакшы болчу. Кремлден алыс эмес жайгашкан… Бул дүйнөдө адамдарда көралбастык деген калбайт окшобойбу. Окуу башталган 3-4 айдан соң: «Бул молдонун баласы, партиялык мектепте окууга акысы жок» — деп артыман бирөөлөр арыз жазып жиберишиптир. Кремлге чакырышты. Жолдо баратып түндө көргөн түшүмдү эстедим: Бир чоң казылган аңда жүрүптүрмүн. Чыкчу жол жок. Нары-бери чуркайм… Бир убакта таятамдын үнү угулат: «Сүйүнбай, сен эч качан менин азабымды тартпайсың!». Ошол замат аңдын бир жагы ачылып кетти. Ошондо мен түштүн табышмактуу өзүнчө бир дүйнө экенине таңгалып: «Касиеттүү арбагыңан айланайын атакем!» — деп таятамдын «молдо»делип бейкүнөө айдалып кеткен армандуу тагдырына кейип, жүрөгүм сыздап ооруп бараттым.

Жашоо тажрыйбасына каныккан…

Жашоо тажрыйбасына каныккан адамдарга дүйнөгө, турмушка көз караш бөтөнчө: кенен, кечиримдүү жана токтоо. Алар күнүмдүк тиричиликте кезикчү кээ бир мүчүлүштөрдү ­ырбатпастан, кайра жөнөкөйлөштүрүп, анчалык элес албай тургандай абалга айлантып коюшат. Алардагы каада-жосун ушундай. Жашоо ар дайым кызык. Жамандыгын унутуп, андагы жакшы жана кубанычтуу нерселерди гана эстей жүрүү — адамдык парз. Ушул умтулуштагы адамдар гана турмуштун ар кандай оордугун өздөрү үчүн да, башкалар үчүн да жеңилдетип коюшат.

Мезгил карылыгын жеңип…

— Мезгил карылыгын жеңип, узак жашап кала турган чыгарма бизде азыр барбы? — деп сурайт окуучу.

Айталбайм. Себеби азыркы чыгармалардын баары эле тирүү авторлорунун капшабы менен күн көрүп, жашап жатпайбы. ­Кийин, алардын көзү өткөндө гана белгилүү болот.

Деңиз жээгинде олтурам…

Деңиз жээгинде олтурам. Артымда бүт Сицилия аралы. Аңгыча болбой арал кораблге айланып, мени алган боюнча аягы жок, башы жок, таканчыктаар жери жок мезгилде, адамзат мезгилинде сүзүп бараткан окшоду. Артындагы чиркешкени — өткөн мезгил. Эмне үчүндүр мындай ой келди. Мага чейин бул дүйнөдө баары эле болгон, мен гана боло элек болчумун. Башкалар сыяктуу мен да бир ирет жаралдым. Бүгүнкү күн да бир ирет келген, батты-бүттү, экинчи кайрылбайт. Жаңы күндөр келет, бирок эч бири бүгүнкүгө окшобойт. Мен да ошондой. «Андай болсо кел. Күнүм, тирүү кезде бир кол кармашып деңиз сапарына чыгып калалы!» — дейм.

Ал эми мен кантип акын болуп калдым?

Ал эми мен кантип акын болуп калдым? Бул суроону мага окурмандар көп беришет. Кабарчы менен болгон кайсы бир маегимде мен бул суроого мындайча жооп бергеним эске түшөт: «Кайсы бир күнү кебелбес тоолор менен лепилдеп соккон шамалдын алым сабагын кулагым чалып калгандай болду. Ошол бир керемет кепке кызыгып кулак тоскуча, адырдан алкынып түшкөн дайранын толкуну аны алыска алып жөнөдү. Оро-пара кулагым чалып, жүрөктөн орун алган ошол Табият сырын алда кимдер менен бөлүшкүм келген. Анан ошого үндөш касиеттүү сөз ыргагын өмүр бою издеп келем. Бирок акындык кереметтүү тагдырдын табышмактуу сыры көп го…»

Өмүр баянымдын көпчүлүгү ырларымда, мезгилдин, турмуштун менде калтырган издери да аларда.

Даярдаган Сагын Акматбекова, «Де-Факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 03.05.2012-ж.

Сүйүнбай Эралиевдин ырлары

Соц тармактар:

Добавить комментарий