Манасчы Замир Баялиев: «Түшүмдө баатырлар эмне манас айтпайсың деп опузалады»

«Манасчы манас айтып бүткөндөн кийин мен аны түшүнбөсөм да жандүйнөм жана денем тең салмакка келип, ойлорум, сезимдерим өзүнүн табигый иретине келип калганын сездим.»
Тата Юхао Мани, индиялык окумуштуу

— Айкөл баянын кантип айтып калдың?
— Манасчылык өнөрдүн маани-маңызын, ыйыктыгын, бийиктигин, касиетин өзүмдө болгон өзгөрүүдөн улам жакшы түшүнүп калдым. 5-6 жашымдан бери кандайдыр бир чоң адамдар түшүмө кирип, мени кармайын деп кубалаган учурлары көп кайталанар эле.Түшүмөн чочуп ойгонуп, коркуп ыйлаган кездерим дале эсимде. Ал учурда эмне болуп жатканын аңдай алган эмесмин. Кийин 15 жашка келгенимде баатырлар түшүмө өңүмдөгүдөй эле даана кирди. Эс тартып калгандыктан ал түшүм мага өзгөчө таасир этти. Келечегимди туюнткан купуя сырлар болду. Ал тууралуу эч кимге айтпай, сырдуу дүйнөнүн сыры сыр бойдон калуусун туура көрдүм. Балким окумуштуулар же кээ бир адамдар мындай кубулуштарды манасчылардын өздөрүн сырдуу көрсөтүш үчүн тапкан акылы деп ойлошоор. Чындыгында таптакыр андай эмес. Кандай болгон күндө да бул аян бассам-турсам эсимден кетпей, жандүйнө менен байланышкан бир касиет эле. Көзгө көрүнбөгөн адамдар жанымда коштоп жүргөндөй туюла берди. Эмнегедир өзүмөн өзүм бук болуп, ээн талаага чыгып эч кимге көрүнбөй манас айтып жүрдүм. Манас айтсам бугум чыгып жеңилдеп сергип калам. Бир күнү Жолдошаалы чоң атам үйгө келип, кечээ уктап жатып аян көрдүм, ат минип алып элдин баарына менин неберем манас айтып жатат, жүргүлө, жакындан угуп келели деп тоону көздөй чакырып жатыптырмын дейт. Ал менин айкөл баянын айтып жүргөнүмдү биле элек эле. Тартынчаактыгымдан улам өзүм да манас айтып жүрөм деп ачык айталбадым. Манасчылык өнөр манасты ичке катпай сыртка чыгарууну, элге айтууну талап кылат экен. Тартынып элге манас айтпай жүрүп сыркоолоп, тумоолоп көпкө оорудум.

— Дарыгерлерге кайрылган кезиң да болду да?..
— Ооба. Бир күнү койлорду эртең менен эрте тоого айдап жеткирип үйгө кечкурун келдим. Атты аса байлап коюп, тамак бышканча эс алайын деп кыйшайып жаткам. Ортодон 10-15 мүнөттөй убакыт өткөндөн кийин тамак ич деп апам чакырды. Ордумдан турайын десем эле туралбайм, сөөктөрүм зыркырап ооруйт. Башымды көтөрө албай, көзүмөн жаш чыгып, өзүмдү өзүм түшүнө албай жаттым. Болбосо акыл-эсим баары жайында. Ата-энем жардамга келип ордуман тургузайын дегенде сөөгүм чачылып кетчүдөй чыдатпай ооруду. Мени кыймылдатпай өз жайыма коюуну сурандым. Ата-энем көздү ачып жумгуча эмне окуя болуп кеткенин түшүнбөй калышты. Анан мени ооруканага алып барып жаткызышты. Дарыгерлер бир ооздон бруцеллез деп божомолдошту. Мал жайгарып жүрүп малдан жуккан дешти. Ошол күнү уктап жатып түнү менен күңгүрөнүп манас айтып чыкканымды жанымдагылар айтышты. Таң агарган кезде кадимкидей сергек болуп калганымды байкадым, баягы ооруган жердин бири жок. Сыртта басып жүрсөм дарыгерлер көрүп таңгалышты. Апам көрүп көзүнө жаш алып чексиз кубанды. Тапшырган анализим таза чыкты. Дарыгерлер ишенбей кан алып кайталап текшерип көрүштү, жыйынтыгы таза болду. Арадан дагы күндөр өттү. Күндөрдүн биринде түшүмдө баатырлар эмне манас айтпайсың деп опузалады. Мен болсо айтам, айтам деп жүрөгүм оозума тыгылды. Эл чогулуп, эмне манас айтпай жүрөсүң деп туш-туштан жабылып сүйлөп жатышат. Мен болсо айтам, айтам деп элге убада берип жатыпмын. Ойгонсом алка-шалка тердеп, жүрөгүм лакылдап калыптыр. Ушундан кийин көргөн түшүмдү, өзүмдөгү өзгөрүүнү ата-энеме айтып, Манас атанын күмбөзүнө мал союп түлөө өткөрүп, элден бата алып ачыкка чыгып манас айтып калдым.

— Жеке өзүң манас айтып эле калбай бул өнөрдүн жанданышына да салым кошуп келаткандайсың…
— Жетекчибиз Шайыр мырза менен үч жыл мурун ЭлТРде «Манасчы» теледолбоорун баштаганбыз. Анда Садык Шер-Нияз баштаган биртоп ишкерлер манасчыларды бир көтөрүп алуу максатында илгертен кыргыз эли манасчылардын алдына ат тартып, үстүнө тон кийгизген деп алдыбызга ат мингизип, ал саамалык депутаттарга, министрлерге чейин жеткен. Чынында ушул долбоор менен биз элге манасчыларыбыз бар экенин билдирип, аз болсо да коомдун көңүлүн манасчылыкка бурдура алдык. Долбоордун ачылышында маркум, белгилүү залкар жазуучубуз Төлөгөн Касымбеков залкар атабыз Саякбай Каралаевдин чапанын азыркы манасчыларга жаап, өзүнүн урмат-сыйын көргөзгөн. Бул албетте коомчулукка жакшы пикир жаратып, манасчылардын кадыр-баркын өстүрүү эле. Буюрса, бул долбоор бүгүнкү күнү да иштеп келет.

— «Улуу баян» коомдук фонду жети манасчыга айткан автоунаасын берди. Эми алты манасчыга качан үй берилет экен? Үй алуучулардын арасында сен да барсың да.
— Бармын. Кудай буюрса, жакында «Улуу баян» коомдук фонду Бишкек шаарында жашаган алты манасчыга баасы 60 миң долларга барабар үй тартуулаганы турат. Албетте бул да болсо Манас атанын арбагы сүйүнгөндөй, кыргызга оомат келгендей, тамырыбызга кайрылып аткандай бир белги болсо керек.

— Учурда манасчылар да чет өлкөгө гастролго чыгып атасыңар, сен кайсы өлкөлөрдө болдуң?
— Мен 2010-жылы 25-28-октябрда Кипр шаарында өткөн «Коркут ата жана келечек түрк дастандары» фестивалына катышып лауреаттыкты алып келдим. Былтыр да Түркиянын Карс шаарында өткөн «Акындар майрамы» фестивалынын лауреаты болдум. Мындан сырткары, Делиде болдум. Ал жерде менин таңгалганым, бул эл эзелтен эле табияттын бир бөлүгү экенин унутпай келишет экен. Тактап айтканда, адамдын маймылдан бөлүнө элек кезиндеги табиятка аяр мамиле кылганы дагы деле сакталган. Мен манас айткан чоң конференцияга кыркка жакын өлкөлөрдөн келген окумуштуулар катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө мени ал жерде япон улутундагы айымдардын манас угуп, сөзүн түшүнбөсө да ыйлап турганы таңгалдырды. Көпчүлүк окумуштуулар «Манас» эпосун угуп таңгалып, баа берди. Биздин уюштуруучулар алардын эпос боюнча айткан пикирлерин атайын кыргызчага котортуп алыптыр.

— Учурда теледе да ийгиликтүү иштеп келатасың. Манасчылык менен азыркы жумушуң бири-бирине жолтоо болбойбу?
— Албетте жумуш менен чыгармачылык кээде бири-бирине жолтоо кылып коюшу мүмкүн. Бирок заманбап жашоодо бир эмес бир нече жумушту аркалап жүргөндөр деле бар эмеспи. Убагында Саякбай атабыз да айылдык кеңеште катчы болуп иштеген экен. Сагынбай атабыз болсо манасчылык менен бирге жар чакырып, айтор ушул сыяктуу өнөрдү кошо алып жүрүптүр. Илгери деле манасчылар ар кандай жумуштар менен тирилик кылып келген.

— Баса, учурда Бүбүмариям Муса кызынын варианты менен элдик «Манастын» ортосунда талаш-тартыш жүрүүдө. Бул боюнча пикириң кандай?
— Бул маселе боюнча манасчылар чогулуп атайын бир жыйынтыкка келе элек. Андыктан мен бул тууралуу эч нерсе айта албайм.

— Өткөндө Манастап уран чакырып жүрөт элеңер, ал акцияңар кандай өттү?
— Өзүңүздөр билесиздер, жыл сайын ушул айда ЭлТР Манас күнүн өткөрүп, түз эфирде манасчылар манас айтып, Манас таануучулар улуу баян тууралуу урунттуу кеп салып берет. Ага заманыбыздын белгилүү манасчыларынан баштап жаш манасчыларга чейин катышат. Бул идеяны былтыртан баштап жетекчибиз Шайырбек Абдырахман көтөрүп, КСДП партиясы менен биргеликте уюштуруп келет. Жакында Манас күнүнүн урматына деп 25-апрелден 30-апрелге чейин Манастап ураан чакыруу акциясын өткөрдүк. Канча кылымдардан берки турмушубузда көмүскөдө калган мындай ата-салтыбызды кайрадан жаңыртып, Ала-Тоо аймагында Манастап ураан чакыруу жөрөлгөсү алгачкы болуп бала бакчадан башталып, ЖОЖдорго, аскер бөлүктөрүнө чейин уланды. 25-апрель күнү Пригородный айылынын «Теремок» балдар бакчасында башталган. Мотурайган колдорун көккө карай көтөргөн бөбөктөр таттуу тилдери менен Манастап ураан чакырып, аталган акцияны патриоттук сезим менен баштап беришти. Бул жерде ар улуттун балдары бар. 21-майда таң аткандан түн ортосуна чейин Манас күнү өтөт. Ал ЭлТРде телекөпүрө аркылуу Бишкектен, Оштон, Таластан чагылдырылып турат. Иш-чаранын бет ачарына президент Алмазбек Атамбаев да келип катышмай болду.

Зайырбек Ажыматов, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 11.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий