Тарых тасмадан жаралат Артыкбай Сүйүндүков, кинорежиссер: “Кино бул тамак. Кандай тамакты жешти адам өзү тандайт»

Артыкбай Сүйүндүков. Бул ысымды кимдер гана билбейт. Буга чейин өзүнүн философиялык тасмалары менен көрөрмандарды ойго салып келсе, учурда анын шакирттери бул милдетти үзүрлүү аткарып келишет. Наргиза Маматкулова, Алижан Насыров, Акжол Бекболотов сыяктуу эл аралык кинофестивалдарда бир нече башбайгени багынткан жаш кинорежиссерлордун устаты болгон Артык агайды кепке тартып, кыргыз киносунун азыркы абалы жөнүндө сүйлөштүк.

— Азыркы кыргыз киносунун жалпы абалына адис катары кандай баа бересиз?
— Кыргыз киносунун акыркы 5-10 жылдагы абалын түзүк деп айтсам болот. Биртоп мыкты тасмалар тартылды. Анын ичинде өзгөчө кыска метраждуу тасмалар көп. Ошол эле учурда коммерциялык тасмалар да чыгып жатат. Жакшы болобу, жаман болобу тасмалардын тартылып жатышынын өзүн жакшы көрүнүш. Ушул тасмалардын бардыгы кино агымына кирет. Кичинекей агын суулар чогулуп келип бир дайраны түзгөндөй, аталган тасмалар да кино тармагын түзгөнгө аз да болсо өз салымдарын кошот. 1993-жылдан 2000-жылга чейин Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Темир Бирназаров, Марат Сарулу сыяктуу кинорежиссерлор өкмөттүн жардамы жок эле кыргыз киносун көтөрүп келишти. Өзгөчө акыркы 3-4 жылда кыргыз киносунда жарылуу мезгили болду. Менимче, ушул убакта чыккан жаңы муун келечекте кыргыз киносунун байрагын желбиретип, аброюн көтөрөт деп терең ишенем. Анткени алардын арасында терең ой жүгүрткөн режиссерлор бар. Ар бир кадрдын артында бир философия болуш керек. Автордун жеке позициясы камтылыш керек. Мага негизинен философиялык негизде тартылган фильмдер жагат. Ар бир кинонун өз орду бар. Кинону тамакка салыштырсак, тамактын түрү болуш керек. Кайсы тамакты жешти кардар өзү тандайт. Табитине, көз карашына, деңгээлине жараша тандайт. Кино деле ушул сыяктуу. Мен ойлойм, азыркы жеңил-желпи тартылып жаткан тасмалардын авторлорунан деле келечекте мыкты режиссерлор чыгат.

— Кино индустриясынын өнүгүшүнө мамлекеттен жардам болуп жатабы?
— Эмнегедир мамлекет башындагылар кино тармагына жетиштүү көңүл бөлбөй келет. СССР убагында деле башкаларга салыштырмалуу «Кыргызфильмге» аз каражат бөлүнчү. Жыл сайын эле жаратылыш кырсыктары болору белгилүү да. Өкмөт мына ушуларды шылтоолоп тигил жак минтип атат, бул жак тигинтип калды, коё тургулачы деп атып арадан 60 жыл өтүп кетти. Тилекке каршы азыр да ушундай. Казакстанда, Өзбекстанда азыр совет дооруна караганда көп каражат бөлүнүп жатат. Казакстанды алсак, ал жакта чоң каражат талап кылган тарыхый, даректүү тасмаларды тартып жатышат. Нурсултан Назарбаев ар бир эки-үч айда бир келип «Казакфильмдин» абалын сурап турат. Маселе болсо дароо жеринде чечип берет. Материалдык-техникалык базасына эле 300 млн. доллар жумшашты. Ар бир кинонун бюджети орточо 5-10 млн. доллар турат. Кыргызстанда «Курманжан датка» тасмасына араң 800 миң доллар бөлүп беришти. Бул «Курманжан датканы» тартканга жетпейт. Ошон үчүн фильмди эмитен токтотуш керек, же каражатты көбөйтүү керек. Болбосо жарымына жеткенде токтойт же болбосо эптеп-септеген бир тасма тартылат. Эми Курманжан датка сыяктуу ыйык адамды эптеп тарткандан көрө андан баш тарткан артык. Кээ бир аткаминерлерибиз Манасты тасмага тартабыз деп жатышпайбы. Манасты көбүнчөсү оңой көрөт. Кыргыздын ыйык нерселерин мамлекеттик деңгээлде көңүл буруп тартыш керек же жөн коюш керек. Эми Курманжан датканы тасмага түшүрүш үчүн 100-200 атчан, алардын формалары, ошол учурдагы манаптардын кийимдери, генералдардын формалары керектелет. Курал-жарактарды ижарага же сатып алыш керек болот. Ушуларды ойлонбогон аткаминерлердин деңгээли пас. Себеби кыргыздарда улуттук аң-сезим абдан начар. Азыркы учурда көпчүлүк дүңгүрөтүп аш-тойлорду өткөрөт. Көк тиреген үйлөрдү салат. Ал эми маданиятка келгенде негедир өкмөт өз чөнтөгүнөн чыгарып жаткансып кыйылып туруп берет, тим эле карызга берип жаткансып. Азыркы учурда «Кыргызфильмдин» абалы өтө оор. Имараты кышкысын суук. Иштегендердин айлык акысы 4-5 миң сом, эч ким иштебейт. Элдин баары кетип калды. Материалдык-техникалык база өтө начар. Кино — бул өндүрүш. Өндүрүштө жалгыз киши эч нерсе кыла албайт. Көптөгөн адамды жана каражатты талап кылат. Кыргыз киносуна мамлекет тарабынан азыр көңүл бурулбаса, кийин кыйын болуп калат. Дагы бир айта кетчү нерсе, кино — бул кыргыздын алтын казынасы. Биздин тарткан кинолорубуздун баары алтын фондго өтөт. Буга чейин канчалаган таланттуу манасчыларыбыз, акындарыбыз тасмага түшпөй көзү өтүп кетти. Келечек муунга эмне калтырабыз деп ойлонуш керек. Жок дегенде азыркы чыгаан инсандарыбызды, өнөрпоздорду тасмага түшүрүп калышыбыз керек. Тасма түбөлүк сакталат. Бул иш жалгыз гана өкмөттүн колунан келбейт. Андыктан кыргыз эли жапа тырмак колдоого алыш керек.

— Көптөгөн чет өлкөлөргө чыгып эл аралык фестивалдарга катышып жүрөсүз. Мурун го кыргыз киносуна «кыргыз керемети» деген баа берилчү эле. Ал эми азыр сиздин чет өлкөлүк кесиптештериңиз кыргыз киносуна кандай баа беришет?
— «Кыргыз керемети» 60-жылдары болгон. Азыр да уланып келатат. Анткени канчалаган фестивалдарга барып башбайгелерди алып жатабыз. Совет доорунда эле чет өлкөлүктөр биздин кинону көрүп чалкасынан кетишчү. Азыр андан бешбетер. Эч нерсеңер жок туруп эле укмуш кинолорду жаратып жатасыңар деп таңгалышат. Техникалык база, акча каражаты аз туруп кантип тартып жатасыңар деп көп сурашат. Казакстандын бир гезитине «Биз, казактар, кинофестивалдарды уюштурабыз, сыйлыктардын баарын кыргыздар илип кетет. Биз эмне фестивалдарды кыргыздар үчүн уюштуруп жатабызбы?» деп тамаша-чыны аралаш жазып чыгышкан. «Манас» университетинин кинолору менен былтыр барып дагы бир жолу казактарды таңгалдырып келдик. «Кыргызфильмде» эмес университетте ушундай мыкты фильм тартылабы деп суктанышты. Казактар чоң-чоң кинолорду тартып жатабыз, каражат деле жетиштүү бирок эмнегедир кинолордун ичинде рух жок деп өздөрү кейишет. Биздин турмуштан алынган жандуу кинолорго жогору баа беришет.

— Жакында эле бетачары болуп коомчулукта кайчы пикирлерди жаратып жаткан Нурбек Эгендин «Ээн үй» тасмасын көрдүңүзбү? Кесиптешиңиздин аталган тасмасына кандай баа бересиз?
— Биринчиден, Нурбек Эген менин кесиптешим. Тасманы сындаш үчүн атайын киносынчылар бар. Учурда киносынчылар абдан аз. Гезиттерде, телевизиондук каналдарда да аз. Эгер сынчылар терең билимдүү, өз ишин мыкты биле турган болсо, кыргыз маданиятына чоң салым кошмок. Жол көрсөтүп, режиссерлордун көзүн ачыш керек. Албетте менин өзүмдүн пикирим бар. Бир сөз менен айтканда, суктанарлык тасма эмес. Эми Нурбек Эгендин өз позициясы бар да.

— Соңку жылдарда массалык маданият абдан жайылып барат. Өзгөчө Батыштын тасмалары аркылуу келген «жылаңач» маданиятка каршы кандай чара колдонуп кыргыз маданиятын сактап кала алабыз?
— Буга менимче, бир эле жол бар. Аларга теңелип, атаандашуунун эч кандай зарылдыгы жок. Массалык маданият бизди эле эмес дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдү да басып алды. Биз биринчиден, өз маданиятыбызды, улуттук баалуулуктарыбызды жакшы билишибиз керек. Батыштын өнүккөн технологиянын жардамы менен тартылган тасмаларына атаандаш боло албайбыз. Ар бир маданияттын өз орду, өз жолу бар. Андыктан кыргыз маданиятын, өзүбүздун баалуулуктарыбызды тасмаларда көбүрөөк чагылдырышыбыз керек. Басып өткөн тарыхыбызды эч качан унутпашыбыз керек.

— Улуу муундун өкүлү катары жаңы өсүп келаткан жаш киночуларга кандай сын-пикир же сунуш айтар элеңиз?
— Окуучуларыма дайыма айтам, өзүңөр жакшы билген нерсеңерди тарткыла, көбүрөөк жандүйнөңөрдү чагылдыргыла деп. Экинчиден, ошол нерсени тасмага түшүрүш үчүн билим керек, окуш керек. Мындан тышкары, айрым режиссерлор кыска метраждуу фильм тартпай туруп эле толук метраждуу тасма тартып жатышат. Акча табары менен толук метраждуу тасмага асылып калышат. Менимче, бул чоң ката. Анткени андай тасма тартыш үчүн чоң даярдык, билим жана тажрыйба керек. Мисалы, мурда «Кыргызфильмге» келгендер алгач жөнөкөй жумушчу, андан кийин ассистент, анан барып очерк тарткандан кийин гана чоң киного аралашчу. Мындан тышкары, турмушту жакшы билиш керек. Анүчүн кыска метраждуу даректүү тасмаларды көп тартыш керек. Дароо эле толук метраждуу тасма тарткан режиссерлор убактылуу гана материалдык кызыкчылык үчүн бул кадамга барып жатышат. Азыр акча болсо эле камера сатып алып жоро-жолдоштор же белгилүү ырчылар менен кино тартсам эле белгилүү болуп кетем деген ой калыптанып баратат. Бул туура эмес. Ар бир кесиптин өзгөчөлүгү, түйшүгү болот. Ылдыйкы тепкичтердин бардыгын басып өтүш керек. Мындайча айтканда, колуна мылтык алса эле генерал болуп алгандар көп.

— Актерлор тасманын маанилүү бөлүгү. Кинолордо сөзсүз түрдө чебер актерлор роль жаратышы керекпи? Өзүңүз айтмакчы, ырчылардын «актер» болуп кетишине кандай карайсыз?
— Эми бул боюнча бир позиция жок. Себеби мыкты актерлор кээ бир режиссерлордун образына туура келбей калышы мүмкүн. Тескерисинче ошол жылдыздар туура келип калышы мүмкүн. Кээ бир учурда театр актерлору да аша чаап кетишет. Эми бир гана театр актерлору роль жаратыш керек деген ойдон алысмын. Башка тармактардан келип эле кинодон ордун тапкан актерлор да жок эмес. Мисалы, Сүймөнкүл Чокморов. Актерлор сан жагынан аз да, ал эми көпчүлүктүн ичинен тандоо мүмкүнчүлүгү жогору.

Уланбек Эгизбаев, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 11.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий