Айтматовдун артындагы бүгүнкү кыргыз адабиятынын абалы кандай?

– Абдылдажан Амантурович, чыгармачыл адам катары бүгүнкү күндүн адабияты кандай, кайсы багытта өнүгүп жатат, жаңылыктар барбы? Дегеле адабиятыбыздын ал-абалы, келечеги тууралуу ой бөлүшсөңүз?
 Ачыгын айтайын, азыркы адабият барбы? – деп мен да ойлоп кетем. Бирок, жанр жагынан алганда поэзияга кызыгуу жаштар арасында дагы эле бар экен. Жаштар поэзиясында Жыпара Исабаева, Зайырбек Ажыматов, Элдар Аттокуров, Мирлан Самыйкожо, Эрнис Талканов, Алтынбек Исмаилов сыяктуу жана башка бир нече жаштар өзүнчө изденүүгө умтулган, стилдери калыптанган муун өнүгүп келатканы, албетте, кубандырат. Ал эми прозада дүбүртү катуу чыккан жаштарды көрө элекмин. Анын үстүнө, прозаны жазуу үчүн турмуштун өзүндө көп кагылып-согулуп, тажрыйба топтоо керек деп ойлойм. Поэзияны жаштык романтика, жүрөккө толгон сүйүү коштоп жүрөт, кыял канаты кайда гана алып учпайт. Философия­лык, жарандык поэзия болсо жашоо менен акырындап келет. Мен чыгармачыл адам катары да, окурман катары да адабиятты жүрөгүмдөн өткөрүп турам.

– Окурман катары жа­кында кайсы чыгармаларды окудуңуз?
 
Казат Акматовдун “Күндү айланган жылдар” деген романын кайрадан окуп чыктым. Анткени классик жазуучубуздун 70 жылдык мааракеси болгону турат. Казат Акматовдун 5 томдук чыгармалар жыйнагы даярдалып, баш сөзүн жазууга туура келди. Чындыгында Эгемендүү  мезгилдин ондогон чыгармасы бул романга татыбайт. Жазуучунун романдык ой жүгүртүүсүнө, масштабдуулугуна, тереңдигине, стилинин ийкемдүүлүгүнө, жандуулугуна, каармандардын психологиясын ачып берүүдөгү, портреттерин тартуудагы, жаратылышты сүрөттөөдөгү, сюжет, композиция куруудагы ж.б. чеберчилигине дагы бир жолу абдан баа бердим. Бул чыгарма замандын оош-кыйыш учуруна туш келип, адабий сындын көлөкөсүндө калып калган экен.

– Романдан жаңы кандай жаңылыктарды  көрө алдыңыз?
– Албетте, романга илимий, адабий баа берүү алдыда турат. Ошентсе да, алгачкы, окурмандык десем да болот, оюм мындай. Роман болгондон кийин көп тармактуу, көп тарамдуу сюжеттик окуялар бар. Мени мында кызыктырганы Казат Акматовдун манасчылык өнөрдүн калыптанышын, өнүгүшүн, анын кылымдан-кылымга өлбөй-өч­пөй айтылып келиш улуу касиетинин сырын таап, ушунчалык берилүү менен жазганы болду. Мен ыр нөшөрүн окуп жаткандай туйдум. Казат Акматовдун интерпретация­сында “Манас” эпосунун нукура элдүүлүк касиети манасчылык өнөрдүн калыптанышы жана Чойке баштаган манасчылар жөнүндө кеңири, элестүү түшүнүк алууга болот.

– Манасчылык өнөр жөнүндө эмне айта аласыз?
 Манастаануучулар В.Радлов, В.Жирмунский, Ч.Валиханов, Б.Юнусалиев, М.Ауэзов, К.Рах­матуллин, З.Мамытбеков, С.Му­саев, Р.Кыдырбаева, Э.Аб­дылдаев, Р.Сарыпбеков, А.Жайнакова эмгектеринде тигил же бул манасчынын “Манас” эпосун айтып калуу себептери туурасында илимий көз караштарын билдиришкен. Эң биринчиден бул окумуштуулар манасчыларды төкмө ырчылардан бөлүп карашкан, “Манасчы” деген терминди колдонушкан, манасчылык өнөрдүн мүнөзүн, атайын белгилерин, өзүнчө касиетин көрсөтүшкөн. Айтылуу манасчылардын дээрлик бардыгы “Манас” эпосун түш көргөндөн кийин гана айтып калдык дешкен. Түштөрүнө Манас, Бакай, Кошой, Семетей, кырк чоро кирет. “Баатырдын эрдигин айтасың” деп тапшырма берет. Бул сырдуу жөрөлгөнү аткаруу үчүн болочок манасчы психологиялык бир топ жан алакеттен өтөт. Мына ушул көрүнүштү Айтматов да, Акматов да психологиялык жактан ачып берүүнү максат кылышкан. Албетте, Айтматовдун “Кайрылып куштар келгенче” аңгемеси алгач ойлонулгандай романга чейин уланбай калгандан кийин, ал маселе ачык бойдон калган, а Акматов болсо Чойке, Жайсаң аркылуу манасчылык өнөрдүн сырдуулугун ийне-жибине чейин, элестүү, ынанымдуу реалисттик планда сүрөттөйт.

Мына ушул жерден Чыңгыз Айтматов менен Казат Акматовдун чыгармачылык изденүүлөрү экинчи жолу тогошуп турганын байкадым. Биринчиси, Айтматовдун “Кассандра тамгасы” романы менен Акматовдун “Архаты”. Ал жөнүндө макала жазган элем. Экинчиси, манасчылык өнөрдү көркөм объектиге алып, чыгарма жаратышкандары. Бул деген чыгармачылык таасирдин акыбети, Айтматовдун Акматовго таасири, теманы улоо, тереңдетүү, жалпылоо. Ч.Айтматовго аңгемесин романга жеткирүүгө бир топ субъективдүү да, объективдүү да себептер болгонун билебиз. Менин жеке пикиримче, Казат Акматовдо андай тоскоолдуктар болгон жок. Тескерисинче, советтик тарбиянын кесепетинен манасчылык өнөрдүн уланбай калыш трагедиясын айтууга мүмкүнчүлүк, шарттар түзүлгөн эле.

– Айтматов жазган мезгил менен Акматов жазган мезгилдин ортосунда асман менен жердей айырма бар эмеспи…
 Албетте. Мында менин кубанганым Айтматовдун чыгармачылык күчтүү оюн Акматов көркөм салт, багыт катары бекем позициядан улап кеткени. Чыңгыз агайдын Саякбай Каралаев жөнүндө жазган укмуштуу макаласын Акматов нечен жолу окуса керек. И, баса, К.Акматовдун романында манасчылык өнөрдү сактап калганга аракет кылган Төрөкул деген каарман бар. Албетте, бул Чыңгыз агайдын атасы – Төрөкул Айтматов. Жылдыздуу жигит катары сүрөттөлөт. Манасчы  Чойке карыяга Төрөкул жан тартып, “Мына эми теңдик замана келди го! Ушундай заманга, элимди боштондукка жеткирем деп жүрүп, Манас кырк чоросу менен кырылса, анан эми ырдабай коёсуңарбы. Ырдагыла! Эркиндик жөнүндөгү элдин мүдөөсү түбөлүк жашап турушу керек” – дейт.

–  Абдылдажан мырза, кайрадан Айтматовдун аңгеме-сине кайрыла кетсеңиз экен…
 Чыңгыз агайдын “Манас” эпосун роман кылып жазайын деген ою бар болчу. Ал жөнүндө мен бир маегимде айткам. Балким, манасчылык өнөрдү жазып, анан “Манасты” жазайын дегендир. Манасчылык өнөр Айтматов үчүн баа жеткис улуу касиет болгон. Сөзсүз түрдө бул аңгеменин жаралышына Саякбай Каралаевдин таасири чоң болгон. Анын жанында көп жүрүп, манасчылык өнөрдүн табышмактуу сырын чечмелегенге аракет кылып көргөн.

Эламанга Койчуман агасынын “Манас” айткандары чоң таасир берет эмеспи. Ошол себептен Эламанга түшүндө аян берилип, көк өгүзү менен адашып кетип, боздоп жүрсө ак боз ат минген алп адам чыгып, сооротуп, кеңеш берет. Бул колунда найзасы бар, белинде кылычы бар сакалдуу адамдын кеңеши менен айткан жерине барса, агасы Койчуман төгүлүп “Манас” айтып жаткан болот. Эламан да агасынын жанына отуруп, кошулуп “Манасты” нөшөрлөтүп айтып жатыптыр. Бул аян түш тегин эмес, түшүн атасы Сеңирбай катуу ооруп, баш көтөрө албай жатса да жоруп, “башыңа аябай чоң бак конот, байлык да эмес, дөөлөт да эмес, өнөрлүү болот экенсиң” деп керээз, батасын берет эмеспи. Манасчылык өнөрдүн учугун Айтматов дал ушинтип баштап отурбайбы. Улуу манасчылардын бардыгы түш аян менен “Манас” айткандары легенда катары айтылып келет. Айтматов да түш аянга бекер кайрылган эмес. Айтматов манасчылык өнөрдүн башат ачкычын көркөм чагылдырууга из салып отурат.

–  Казат Акматовго келсекчи?…
 “Манас” айткан жез таңдай журту болот. “Манас” – бул боштондуктун, эркиндиктин ыры. Жазуучуда дал ушул негизги ой романдын ички сюжеттик чыңалуусун кармап турат. Кыргыздарды душмандар кылымдар бою кырып-жоюп жибергенге канчалык далалат кылышса да жез таңдайдын тукуму уланып, “Манас” жаңырып келген, укумдан-тукумга калган. Дүйнөдө бир эле ырчы калса да, “Манас” жоголуп кетпей, унутулуп калбай, кайсы заманда болбосун жаңырып чыга келген. Бирок, ар бир замандын запкысын жеп, кордугун көргөн. Совет мезгилинин алгачкы жылдары Манас­ты “Байбы, же кедейби?”, “Хан Жакыптын баласы болсо ким болот?” – дешип талашышкан. Казат Акматов улуу эпосубуздун оозеки жандуу өнүгүүсүнүн токтолушун, биринчиден, советтик кызматкерлердин манасчылык өнөрдү партиянын ишине тоскоолдук кыла турган эскинин, феодализмдин калдыгы, бай-манаптардын чыгармасы катары көргөн ашкере кесепетинен, экинчиден, “Манас” айткан жез таңдай тукумунан чыккан чыккынчылардын айыбынан көрөт. (“Жез таңдай” – бул шарттуу аталыш, кыргызда мындай уруу жок, “жез таңдай” деп кыргыздар сөз өнөрүнүн чеберлерин айтышкан да, б.а. акын манасчылардын өзүлөрүнүн ичинен чыккан өнөргө болгон чыккынчылык жөнүндө айтылып жатат). Ошентсе да, Төрөкул, Осмон Атабеков (прототиби Касым Тыныстанов) сыяктуу патриот интелигенттердин (каармандардын) аркасы менен боштондук ыры – “Манас” китеп болуп чыгат, искусствонун башка түрлөрүндө да жашоосун уланта берет.

А бирок, романдагы жез таң­дайлар уруусунун бир мүчөсү, мурдагы Жайсаң, кийин атын Элебай Сатаров кылып өзгөртүп алган каармандын тукуму, б.а. уулу Адылбектин (ал дагы өнөр адамы) балдарынын токтобой, төрөлөөр менен чарчап калып жатканында ойлонто турган маселе жатат. Ушул көрүнүш аркылуу Казат Акматов саясатка ашкере көз каранды болгон чыгармачылык өнөрдүн келечек тагдыры жөнүндө өзүнүн оюн каймана берүүгө аракет кылса керек.

– Оозеки айткан манасчылар менен жазма манасчылардын ортосунда кандай жалпылыктар жана айырмачылыктар бар деп ойлойсуз?
 Эми оозеки айткан улуу манасчылар негизинен үч көрүнүштү тегиз алып жүрүшөт: жаратуучу, айтуучу жана аткаруучу. Манасчылардын классикалык тиби десек болот. Бир эпизодду кайра айтса сапма-сап кайталабайт, жаңы саптарды кошот, аткаруу мүнөзү, кыймыл-аракети, ритми, темпи да ар кандай болот, өздөрү окуя­ларга сүңгүп кирет, аралашып кеткендей таасир этет, эргип кетишет, угуп турган элге да, манасчынын көңүлүнө жараша да болот. Саякбай Каралаевдин аткаруусундагы кино тасмаларды көрүп жүрбөйбүзбү, “Тайторуну чапканда”, же Манастын кырк чоросун жоктогондо буркурап, боздоп жибергенде угуп тургандар да көз жаштарын токтото албайт эмеспи.

А кагазга түшкөн “Манаска” угуучулар катышпайт, бир жазылат, редакцияланат. Болду.

“Манастын” классикалык  доору оозеки айтуу менен байланыштуу.

– Учурда Жайсаң тууралуу  талаш-тартыш чыгып жатат, деги Жайсаң деген ким, Казат Акматов дагы сиз кеп кылып жаткан “Күндү айланган жылдар” романында башкы каарманына эмне үчүн Жайсаң деген ысымды тандап алган?
 Чынын айтсам мени кызыктырганы дагы дал ушул суроо. Албетте, бул турмуш чындыгы менен көркөм фантазиядан жаралган шарттуу образ, шарттуу ысым. Эмне үчүн автор азыр талаш болуп жаткан Жайсаң деген ысымды тандап алган? Эмне үчүн Ырамандын ырчы уулун эмес? Эпостогу Жайсаң менен романдагы Жайсаңдын кандай байланышы бар? Ушул эле ысымды Шайлообек Дүйшеев “Эки дөөнүн күрөшүндө” колдонуп жатат. Менин пикиримче, авторлордун өздөрүнөн суроо менен көп маселеге ачык түшүнүк берилет эле. Чыңгыз Айтматов “Кыямат” романындагы Бостон деген каарманынын атын атайын чечмелеп, америкалык окурманга жооп кылып жазган эмеспи.

Бактыгүл Чотурова, “Кыргыз Туусу”, 08.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий