Эл акыны наамын албай калган эл акыны

Ырлар, публицистикалык ой-толгоолор жана чакан поэмалардан түзүлгөн “Оштогу менин өмүрүм” аттуу китеп акын Кармышак Ташбаевге таандык. Бүгүнкү күнгө чейин анын 20дан ашык китеби жарык көрдү. Ал өз стили бар эч кимге окшошпогон акын. Аталган китебиндеги  ырлар маани-мазмунга бай. Чагылгандын чарт-чурт эткен сыныгындай саптар окурмандын эсинде калат. Орустун обологон акыны Андрей Вознесенский Евгений Евтушенкону поэтикалык журналистиканы өнүктүргөн акын деп жазган эле. Кармышак Ташбаевдин  “Оштогу менин өмүрүм” аттуу ырлар топтомунда ошол поэтикалык журналистика канатын кенен жайып, көгүлтүр мейкинге көтөрүлгөнүнө күбө болдук. Акын өзү 50 жылдан бери Ош шаарында жашайт. Ыр жазган киши борборго барыш керек деген трафарет ойлорду жыга чаап, эң сонун чыгармаларды жазып келет. Ийгилиги – эч кимге окшошпогондугунда. Маселен, мен анын ырларын фамилиясы жок жарыяласа деле жаңылбай таба аламын.

Элүү жыл Ошто жашадым,
Суусун ичип, абасын жутуп, тузун татып,
Дагы канча жашаарымды Кудай билет,
Эрте-кеч көчөлөрүн күндө басып.
Ыпысык нанын жедим наабайынын,
Канча да жер-жемишин алдым сатып.
Эсепсиз чайкананын чайын ичтим,
Булоолонгон палоосун жедим, базарына
түштүм.
Көп ирет Сулайман Тоого чыгып барып,
Багынан сүйгөн кызымды күттүм.
Кечкисин театрына шаштым,
Ижарага үй издеп
Далай коргондордун эшигин кактым.

Бул “Оштогу менин өмүрүм” аттуу ырдан үзүндү. Ыр көлөмдүү болгондуктан бардыгын мисал келтирип отурууга мүмкүн эмес. Бирок, ушул бир ырда акындын автобиографиясы бар. Бир жагынан кыскартылган поэма деп койсо да болот. Окурман ырды кыйналып-кысталбай эргүү менен окуйт. Көркөм сөздөр, салыштыруулар өз-өз ордунда тургандыктан ырдын  уйкашпагандыгына анча көңүл бөлбөйсүң. Автор ээн-эркин эч бир кыйналбай, кысталбай шилтейт калемин.  Ыр түз талаага жайылып аккан сууну элестетет.

Сөздөрдү угам самын сымал көбүргөн,
Сөздөрдү угам нөшөр болуп төгүлгөн.
Бирок анын болбосо эгер данеги,
Кумга сиңген суудай өчөт көңүлдөн.

Ооба, кептин баары данекте, саптарга бекитилген ойлордо. Автор өзү айткандай данек болбосо, ыр деген нерсе кумга сиңген суудай жок болот. Акындын ар бир ырында сезимди сергиткен элпек желдин жүрүшү байкалат. Ал ак ыр жазабы, көк ыр жазабы, верлибрби, традициялуу ырбы эркин канат какканын байкайсың.

Тирүүлүктү сездим ар бир кадамдан,
Үлгү албадым ач көз, арам, жамандан.
Мени кимдер кандай көрүп турушса,
Дал ошондой момун жумшак жаралгам.
Бул мүнөзүм өмүр бою калбады.
Канчалары калп айтышып алдады.
Бул мүнөзүм көрүнгөнгө  ишенген,
Кайра мага тийип келет жардамы.

Ошол момун, жоош болгондугу үчүн сыйлык деп жулунуп-жулкунбай, эмдигиче эл акыны наамын ала албай келет. Болбосо, борбордогу айрым жазмакерлер, же эптеп-септеп ыр уйкаштырып жүргөндөрдүн эл акыны болуп алганына күбө болуп жүрбөйбүзбү.  Белгилүү жазуучу, сынчы Самсак Станалиев: “Сыйлык алуу да өзүнчө чыгармачылык болуп калыптыр” деп айтканы эсимде. Кармышак Ташбаев андай адам эмес. Унчукпайт. Ким кандай көрсө, ошондой жоош, момун. Бирок, чыгармачылыгы күркүрөп агып жаткан дайра. Мөңкүгөн толкундарды ар бир ырынан байкаса болот. Төш койгулап көкүрөгүн каккылабай, өмүр бою бир шаарда чыгармачылыгы менен алек болуп жашап келет. Негизи ырларынын мыктылыгы, көркөм боёкторго бай экендиги менен ал төш каккыласа деле жарашып калмак.

Кыргыз эл акыны, пародиялардын падышасы, мезгилдин талабына ылайык кыска жана нуска ырларды жазган “Байчечекей” журналынын башкы редактору Токтосун Самудинов “Кармышак Ташбаевге” деген ырында:

Айтаарга наам жактан кем акынсың,
Андайга наалыбаган эр акынсың.
Эл сүйгөн, элин сүйгөн эмне болот?
Эстей жүр, эчак эле Эл акынсың!
-деп таамай айткан. Тулпар тулпарды алыстан тааныйт деген ушу. Албетте, Кармышак Ташбаев наалыбаган, кейибеген акын. “Мен ушунча томдук китеп чыгардым, Баатырдыкты бергиле, мен андан да көп саптарды жараттым, эл акындыгын бергиле” деп чуркап жүргөндөрдүн көбүн эле көрүп атпайлыбы. Ал эми Кармышак ага жыйырмадан ашык ырлар жыйнагынын, болгондо да мезгилдин талабына жооп берген, көркөм боёкторго бай ырлардын автору болсо да, алардай болуп тоголонуп, жумаланып сыйлык сураган жок..
“Публицистикалык ой толгоолор” бөлүмүндөгү Курманжандын эрки, эрдиги, кайраты, Токтогулдун арманы, “Акын Жоомарт аңызы”, “Жөнөкөйлүк тууралуу ыр”, “Комуз тууралуу легенда”, “Жар издеген жаш сулууга”, “Ош базарында”, “Акын жана Эрдик”, “Көралбастык, ич күйдүлүк жана алсыздык жөнүндө ыр” ырларын чындыгында ырахаттануу менен окуп чыктым. Мен макаланын баш жагында айткандай акындын эч кимге окшошпогон өз стили бар. “Жүргүнчүлөр” (Автобустан репортаж) аттуу ырында:

Бул жашоо ушундай бир чебер уста,
Келатам алыс жактан автобуста.
Биз барчу жерибиздин узун жолу,
Биз ойлоп бара жаткан ойлор кыска!
Эл тыгын ортолукта.
Сумка, кап, корзиналар урунуп ар бир бутка,
Көкүрөк көкүрөккө, далылар далыларга
кабатталып,
Жол жүрүп келатабыз болуп жупка!

Кандай жөнөкөй, кандай эркин, кандай түшүнүктүү. Акын жөн эле айтып берип жатат. Бирок ошол айтып берип жатканында эле керемет поэзия жатпайбы. Акындын  жөнөкөйлүгү татаал жол менен келген жөнөкөйлүк. Ал поэзияга жеткирүүчү азап-тозоктуу жолду басып өткөн. Ошондуктан анын ар бир сабы жарык чачып турат.

Карбалас Бакиров, “Эркин Тоо”, 11.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий