Тайгандар төрөпейил келип, башка итти теңине албайт

Кыргыз баласы байыртан мергенчилик, аңчылык менен тирлик кылып келген. Мындай учурларда кыргыздар колдогу курал, асмандагы бүркүттүн жардамынан сырткары алгырлыгы, өткүрлүгү, күлүктүгү менен өзгөчөлөнгөн тайгандарды да пайдаланышкан. Белгилүү тайганчы Замирбек Акунов «Кыргыз тайганы» китебинде бул эң эзелки аңчы иттин тукуму экенин айтып, анын жаралыш тарыхы тээ байыркы доорлорго барып такаларын жазган. Биз бүгүн атактуу тайганчы Майрамкул Асаналиев менен баарлаштык. Майрамкул мырза, кесиби боюнча сүрөтчү. Ата-бабадан калган бул өнөргө бир топ жыл мурда ыктаган. Учурда таза кандуу тайганды сактап калуу аракетин көрүп жатат.

Тайган байыркы доордо пайда болгон

Замирбек Акуновдун жазганына таянсак, Саймалуу-Таш, Кочкор, Ысык-Көл, Талас, Алай, Сармыш-Сай ж.б. аймактардагы аска-таш беттериндеги петроглифтерден аңчылардын тайгандар менен тоо текелерине, аркар-кулжаларга аң уулоого чыккан сүрөттөрүн көрүүгө болот. Алар болжол менен биздин замандын 7-8-кылымдарына чейин тартылган. 1974-жылы Ысык-Ата капчыгайына жакын жайгашкан Кара-Булактагы мүрзө-дөбөдөн үч иттин скелети табылган. Аны Москвадагы палеозоолог-окумуштуу Н.М. Ермолова изилдеп, сөөктөр тайган тибиндеги аңчы иттерге таандык экенин аныктайт. Ал эми мүрзө-дөбөгө «мындан 2000 жыл мурда пайда болгон» деген тыянак чыгарат. Кыргызда тайгандын өзгөчөлүгүн, дене түзүлүшүн эң алгач кагаз бетине тарыхчы Белек Солтоноев жазып калтырган.

Айылды баккан тайгандар

Илгерки заманда илбирс, карышкыр, чөө, кийик, эликтерди алган тайгандар болгон. Айтсак, Солто уруусунан Жамансарт Кошой уулунун Какбаш (1760-1780 ж.ж.), Бугу уруусунан Балбай баатырдын Ак таман (1830-1850-жж.), Балбайдын замандаштары чүйлүк Баястан Эшкожо уулунун Көк добул, Турдубайдын Кумайык, Баястан уулу Керимбектин Чоң ооз (1840-1870-жж.), Ата Мекендик согуш учурунда тоодон кийик тиштеп жүрүп, чакан айыл­ды баккан Эстебес мергенчинин Көкчөө деген тайганы болгон. Андай тайгандар бүгүн да бар. Карышкырды жалгыз өзү алып кожоюнун кубанткан Сактан атуу тайган өзүнчө легендага айланып, ал тууралуу тасма да тартылган. Мындан сырткары Кумайык, Учар, Алгыр, Кара Куш, Алгара, Акжолтой, Көк куш, Көк Жал, Таканак, Бешала ж.б. тайгандарды айтсак болот. Булардын ар бири карышкыр, чөө, кашкулак алып, тайгандардын көргөзмөсүндө жеңишке жетишкендер. Ал эми Көк куш деген тайган жалгыз өзү жети карышкырды жайлаган.

Тайган багуу сырлары

Тайган эр жүрөк келет. Табиятынан карышкырга тиш салуу инстинктине ээ. Тиштеген жерин жулуп алып, олжосун кое бербей өлтүргөндөн кайра тартпаган жырткычтык жайы бар. Башка иттерди жактыра бербейт, теңине албайт. Ачуусу келсе, талап өлтүрүп коет. Шамдагайлык, күлүктүк да тайганга мүнөздүү. Таза кандуу тайгандын денесиндеги түктөрү эчкинин тыбытына окшош. Тайгандын күчүгү өтө назик келет. Ошондуктан бир жылга чейин калориялуу, сүт азыктары менен багуу зарыл. Убагында вакцина берип дарылабаса, башка иттер моюн бербеген оорулардан өлүп калышы да ыктымал. Бир жылга чейин семиз багылган тайган гана карышкырга тиш сала алат. Жакшы багылбаса, тайган болуудан калат. Экинчи эреже: тайган табиятынан жүрөктүү туулат. Күчүгү да чоң иттерге тиш кайрай берет. Мындайга жол бербөө зарыл. Анткени, чоң ит катуу тиштеп талап салса, тайгандын жүрөгү мокоп, коркок болуп калат. Эр жүрөктүүлүк күчүккө кандан өтөт. Аңчылык эмне экенин билбеген, карышкырга тиш салбаган тайгандын баласы да карышкырга жолобойт.

Сандан сапатка карай умтулуу

Адатта карышкырдан жалтанбаган тайган жакшы чуркай албайт. Күлүк тайгандын баары эле карышкырга тиш салбайт. Ал эми тайганда ушул эки сапат тең болсо, анда ал таза кандуу, экстерьер деп эсептелет. 1964-жылы советтик окумуштуу С.А. Минюхин Кыргызстанга келип тайгандын сымбатын илимий түрдө изилдеп, эл аралык талапка ылайык стандартын түзүп чыккан. Минюхиндин жазганы боюнча, таза кандуу, экстерьер тайгандын маңдайы менен тумшугунун ортосу жылма, тумшугу түз же саал кочкор тумшук, көздөрү күрөң же кара күрөң, моюну эки капталынан бир аз кысыңкы, жука, таманы узун тегерек, манжалары тыгыз жайгашкан, куйругу жоон эмес келет. Учурда күлүк менен жүрөктүү тайганды аргындаштырып, ортодон таза кандуу, орусча айтканда, «идеалдуу» тайган алуу аракети жүрүп атат.

Кыргыз кыймылдагыча, коңшулар кыр ашууда

Казактарда тайган «таз» деп аталат. Орустар «борзая», түркмөндөр «салюки» деп аташат. Ал эми кошуна өзбектер да тайганды бизден алып, эмне деп атаарын билбей олтурушкан чагы. Булардын ичинен кыргыз тайганы гана чыныгы аңчы итке тиешелүү сапаттарды сактап калган. Суукка чыдамдуу, тоо-ташка карабай бат чуркап, чапчаң, шамдагай келет. Казак тайгандары андай эмес. Суук климатка чыдай албайт. Ошол себептүү, алар башта бизден тайган алып кетип өздөрүнүкү менен аргындаштырган. «Казактар атайын питомник ачып, мыкты экстрерьер алууга умтулуп жатышат. Ал тургай мамлекет тарабынан да колдоого алынган. Бизде буга жаңы гана көңүл бурула баштады»- дейт Майрамкул Асаналиев.

Эми тайгандар спортчу болушат…

Өкмөткө караштуу спорт, дене тарбия боюнча агенттиктин алдындагы улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунан тайгандардын эл аралык мелдешин өткөрүүгө кам көрүлүп аткандыгын билдик. Ага тайганчылык өкүм сүргөн бардык өлкөлөрдүн тайгандары катышат экен. Майрамкул Асаналиев бул боюнча дагы таттуу кыялдары менен бөлүштү. «Мен мурда тайганчылык менен алектенип жүргөнүмдө, «эмне эле иттерге убактыңды коротуп жүрөсүң…» деп күлүшчү. 10 жылдан ашык убакыттан бери тайганчылыкты сактоо, жайылтуу аракетим текке кеткен жок. Ушул жылдан баштап фестиваль өтө баштайт. Келечекте бул фестивалга Кыргызстандан эле эмес, алыскы Япониядан да атайын көрүүчүлөр келип, тайгандардын алгыр, өткүрлүгүнө күбө болуп кетчү деңгээлге жетебиз»- деди узатып жатып.

Тайган менен «ооругандар»

Кыргызстанда Алмаз Акунов менен Майрамкул Асаналиевден сырткары көптөгөн адамдар өз чарбаларында тайган кармап, багышат. Алардын катарында тайганды аңчылыкка салбаса да, хобби катары тайган багып келатышкан аттуу-баштуулар да бар. Мисалы, ЖК депутаты Марат Султанов, Ысык-Көлдүн экс-губернатору Эмилбек Анапияев, белгилүү ишкер Эмил Керимкулов тайганчылык өнөрдүн чоң ышкыбоздору. Акыркы жылдары карышкырлардын малга кол салганы көбөйүп, эл ичинде да тайганга болгон талап өскөн. Айрыкча Талас, Чүй, Ысык-Көл облустарында тайган баккандар акыркы жылдары кескин көбөйдү. Учурда тайгандын күчүгү 200 доллардан өйдө бааланып, чоң тайган бир тайдын наркына сатылып жатат.

“De-факто” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 11.05.2012-ж. 

Соц тармактар:

Добавить комментарий