«Бугу-Эненин» шакар самындары тери ооруларына даба

Шакар самындар. Сүрөт АКИpressтики

Түп районундагы Тасма айылында «Бугу-Эне» аттуу аялдардын чакан жамааты бар. Анда 6 аял иштеп, өз алдынча шакар самын чыгара баштады. Учурда алар даярдаган шакар самын Каракол шаарына чейин жетип, «Ысык-Көл Бренд» продукциясынын жогорку сапаттагы критерийине кирди.

— Биз шакар самын жасай баштаганда сын таккандар да, ишенбегендер да көп болгон. «Азыр шакар самынды ким пайдаланмак эле? Базарда самындын түрү турса. Обужоктонбой отурсаңарчы» дегендер эми шакар самыныбыздын ден соолукка тийгизген пайдасын айта башташты, — деп күлөт «Бугу-Эне» аялдар жамаатынын жетекчиси Майрамкүл Муратова. Анын айтымында, шакар самын жасоо айылга волонтер болуп келген Нонура Миссаго аттуу жапон кызынын демилгеси менен башталган. Жапон кызы шакар самыны жөнүндө бирөөлөрдөн уккан көрүнөт, өзү дагы кызыгып, элеттик аялдарды дагы кызыктырып олтуруп, акыры чакан бизнес башташат.

Шакар самындын жасалыш ыкмасы да өзгөчө. Жамааттагы аялдар май айынан тартып дарылык касиетке ээ ала бата, эрмен, чалкан өңдүү чөптөрдү терип, кургатышат. Чөп толук кургаган кезде аны өрттөшөт. Андан соң чөптүн күлүн тай казанга бир күн кечке кайнатышат. Суу бууланып олтуруп, соолуган кезде казан түбүндө кичине калдык калат. Ага эчкинин майы кошулуп дагы кайнатылат. Бул шакардын бир кайнатымы болуп эсептелет. Андан 18 даана самын чыгат. Даяр болгон шакар самын 35-45 грамм өлчөм менен формага келтирилет. Мурда 35 гр самындын баасы 40-50 сом болчу, азыр кардарлары көбөйүп, баасы 60 сомдон 80 сомго чейин көтөрүлдү. Байкаганым, илгери шакар самындар кара түстө болчу экен. Ал эми булардыкы сары түстө, анан жыттуу. Атаандаштык деген бар эмеспи, жамаатта иштегендер самынды жасоо технологиясын ийне-жибине чейин айтышкан жок. «Жыпар гүлдөрдөн кошобуз» деп тим болушту.

«Бугу-Энедегилер» айтпаса да, улуу муундан укканымды кошумчалап коеюн, чөптү кургатуунун, самынды кайнатуунун өз эрежеси бар. Аны туура сактабаса, самын чийки болуп жарабай калат. Илгери энелер шакар самын кайнатып жатканда үйгө чоочун киши киргизчү эмес экен. Кокус даяр болгондо үстүнөн чыкса, сөзсүз түрдө ырым кылып бир кесим кармата салышчу тура. Согуштун убагында мындай шакар самынга жеткен да, жетпегендер да болуптур. «Каат күндөрдө биттегендер, котур болуп жара чыккандар четтен чыкчу. Ошол кезде шакар самын менен жуунсак, жанагы балээ сен көр, мен көр болуп жоголчу» — деп чоң энелер айтышчу эле.

Жок жерден кыргыз айымдарга кызыктуу, ошол эле маалда кирешелүү иш таап берген жапон кызы Нонура айылда эки жыл жүрүп, жакында эле өз өлкөсүнө кетиптир. Ушул аралыкта кыргыз тилин, салт-санаасын жакшы өздөштүргөн экен. Жамааттагылар Нонуранын «Өз элимде чоочун кишидей жүрөм. Кыргызстанды, Ысык-Көлдү дагы көргүм келет, сагындым» — деп даттанып чалып жатканын айтышты. «Бугу-Эне» жамаатынын жасаган шакар самындарын азыр экзема баштаган тери ооруларына кабылгандар көп сурашат экен. Көрсө, миңдин бири тура. Ушинтип Түптүн түпкүрүндөгү Тасма айылында кыргыздын байыркы өнөрү жанданып жатат.

Шейшекан Жаналиева, “De-факто” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 11.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий