Академик Абдылдажан Акматалиев: «Биз баарыбыз бир кайыктабыз…»

— Абдылдажан, Чыңгыз Төрөкулович «Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт» повестинде «өлгөндөрдү эскерүү тирүүлөрдүн өздөрүнө керек» деп жазганы бар эмеспи?.. Ошол сыңары улуу жазуучунун дүйнөдөн кайтканына жакында төрт жыл толот. Биз улут сыймыгы болгон Адамыбызды ардактай алдыкпы деген ой келет экен… 
 Туура айтасыз, «өлгөндөр баркталмайынча, тирүүлөр даңкталбайт». Биз дүйнөлүк маанидеги ойчул, кеменгер, акылман Адамыбыздын жаркын элесин түбөлүк калтыруу үчүн татыктуу иш кыла элекпиз, ага чын пейилден камкордук кылган жокпуз. Үмүттөр, пландар бар. Заман оңолсо, пейилдер оңолсо жылыштар болоор…

— Бүгүнкү коомдук-саясий турмушубуз, күнүмдүк тиричилик көйгөйлөрүбүз менен көбүрөөк байланыштуу болгондуктанбы, соңку мезгилдеги макала-маектериңден улуу жазуучубуздун «Кылым карытар бир күн», «Кассандра тамгасы», «Тоолор кулаганда» романдары, «Гүлсарат», «Ак кеме» повесттери жөнүндө ойлоруңду окуп калып жүрөбүз. Жазуучунун «Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт» деген дагы бир жакшынакай повести бар. Муну Чыңгыз Айтматов атайы Эрнест Хемингуэйдин «Чал менен деңиз» поветине атаандашып жазган дешет. Хемингуэй ушул чыгармасынан кийин Нобель сыйлыгын албады беле. Чыкемдин чыгармасын качан окудуң эле, чыгарма жөнүндо кандай ойлоруң бар, ушулар жөнүндө айтып берсең?
 Туура байкапсыз. Гезиттин өзүнүн табияты ошондой эмеспи, бүгүнкү учурдун проблемаларына, кызыкчылыктарына көбүрөөк басым коюлат. Мага эмне жөнүндө суроо беришсе да мен аны адабиятка, маданиятка, Айтматовго байланыштырып жооп бергим келет. Анын себеби, мен биринчиден, адабиятчымын, экинчиден, гезит окурмандарына саясат жөнүндө эле айта бербей, адабият, Айтматов, тил маселелери жөнүндө да кимдир бирөөлөр айтып туруш керек да. Адабият, маданият деген коомдун руханий азыгы, уюткусу, таянычы да.

Эми сиз айткан «Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөткө» келели. Эсимде, 1977-жылы «Знамя» журналынан окугам. Анда мен Ош педагогикалык институтунда окутуучу элем. Биринчи курска өткөн студенттерди «Сакалды» айылына пахтага алып барып калдым. Күн күйүп турган учур. Балдар пахта терип жатышат. Мен болсо халаттан кичине далдоо жасап алып, повестти «Знамя» журналынан баш көтөрбөй окуп жаткам. Чыгарманын акыркы барактары эле. Бир тамчы суу үчүн Орган, Мылгун, Эмрайин жандарын кыйып жатышты. Кирисктин ал-абалы оор. «Чычкан аке суу берчи…» деп эстен танды. Мен да аябай каным катып, суусап чыктым. Ошол учурда туш тараптан «Суусадык», «Суу жокпу», «Сууну качан алып келет» деген балдардын үндөрү чыга баштады. «Мына суу» деди арабаны токтотуп жаткан суу ташыгыч жигит. Баары жабыла арабага чуркап, талашып ичип жатышты. Мен да жетип бардым. Челектин түбүндө ылайланганы калыптыр, аргасыз кум, ылай аралаш суу ичтим. Ошондо, көрсө, мен чыгарманы окуп жатып, Кириск-тин образы менен жуурулушуп кеткендиктен ого бетер суусаптырмын. Дайыма эстейм.

Ал эми чыгарманын маани-маңызы жөнүндө сөзгө келе турган болсок, повесть — адамзаттын адам болуп жаралгандагы ыйык миссиясы, жашоодогу ыйык милдети жөнүндө.

— Айтматовдун философ-жазуучулугунун бир көрүнүшү дейсиңби?
 Ооба, көркөм образдары символикалык жалпылоочулук деңгээлге чейин көтөрүлгөн философиялык притча, жер жер болуп, суу суу болуп жаралган дүйнөнүн түптөлүүсүнөн бүгүнкү космоско ракета учурган учурга чейинки адамзаттын тарыхый тажрыйбасын бүтүндөй камтыган чыгарма. Белгилүү Айтматовтаануучу Георгий Гачев повестти алгач окугандагы таасири жөнүндө: «Прочитал Вашего «Пегого пса» — и онемел: глубина, простота!..» — деп жазганындай, бир-эки ооз сөз менен чыгарманын маңызы тууралуу ой айтыш абдан оор. Чыгармадагы мифологиялык образдар, табият көрүнүштөрүнүн берилиши, каармандардын образдары — алардын ортосундагы илме-кайып поэтикалык, идеялык-эстетикалык байланыштар — булар абдан татаал маселелер. Айым-Балыктын мифологиялык образы мисалы, «Ак кемедеги» Бугу-Эне сыяктуу жаратылыштын символикалык — энелик образынын бир көрүнүшү. Орган карыя өзүнүн күчтүү руху, акылы, кайраты, тажрыйбасы менен кудуреттүү табиятка теңата болууга укугу бар күчтүү образ. Деңиз, андагы жан-жаныбарлардын колдоочусу Айым-Балык деңиз жээгиндеги нивхилердин ачтан өлбөй, суукка тоңбой чоңоюп, эр жетип, көбөйүп тукум улашына мүмкүндүк берген материалдык негиз — Энелик негиз болсо, Орган карыя нивхи уруусунун руханий уюткусун түзүүчү, улантуучу жана Эмрайин, Мылгун, Кириск сыяктуу кийинки муундарга өткөрүп берүүчү Руханий Ата. Ал Улуу Туман (бул дагы символикалык образ) каптаган биринчи сааттан баштап башкалардын ичер суусу түгөнбөй тура турсун үчүн өз шыбагасынан баш тартат. Чаңкап, каны катып, акыл-эстен танып баратканда «Жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт» деген. Өзүм аттанам. Бул дүйнөдө улуу адам элем. Аны өзүм билем. Түшүмө дайым Айым-Балык кирчү. Аны сен түшүнө албайсың… Мен ошого жол тарттым…» деп, өз боюн деңизге таштап отурбайбы. Мунусу менден жаш, менден келечектүүлөр аман калсын деген аракети, келечек үчүн өзүн курмандыкка кыюусу да. Ал эми анын өзү чапкан кайыгы менен сүйлөшкөн жерин окуп көргүлөчү, — чылк эле философия. Азыр ден соолук, диетологияга байланыштуу сөздөрдө «Мен эмнени жесем — ошомун» деген сыяктуу бир чети күлкүлүү, оюн-чыны аралаш сөз афоризм катары көп эле айтыла калып жүрбөйбү. Мына ушундай көпөлөктөй жеңил афоризмдин карама-каршы маанилеши катары жердей көтөрүмдүү, ааламдай чексиз бир түшүнүк Органдын философиясында жашайт. Органдын түшүнүгү боюнча, муну Эмрайиндин ойлору да бекемдейт: «Мен бул дүйнөдө эмне жакшы, эмне жаман иштерди жасаган болсом — ошолордун баары чогулуп келип мени түзөт». Башкача айтканда, адам бул дүйнөдө эмнени жасаган болсо ошолордун баарында ал адамдын жан дүйнөсүнүн бир бөлүкчөсү сакталып турат. Балким, Айтматовдой Улуу жазуучу, Улуу Адамдын улуулугу, адабий каарман Орган карыянын улуулугу турмуштун мына ушундай өзөктүү акыйкаттарын таанып билгендигинде, башкалардын аны түшүнүүсүнө жардамчы болгонундадыр.

— Ырас, Айтматовдун улуулугу да жөнөкөйдөй эле көрүнгөн, бирок, биз маанисине анчалык көңүл бөлбөгөн акыйкаттын нагыз өзүн ачып бергенинде эмеспи. Ар бир адамдын өз жаны кымбат, ал эми кымбат жанды бирөө үчүн берүү да оңой эмес да…
 Туура, андай эрдик ар кимдин эле колунан келе бербейт. Бирок Айтматовдун айтматовдук артыкчылыгынын дагы бир жагы, адам өмүрүнүн курмандыгынын дагы башка тараптары жөнүндө да кошо айтып кетип жатканында. Искусстводо полифонизм деген дагы бир түшүнүк колдонулат, «көп фондуулук», «көп үндүүлүк», «көп тараптуулук» деген. Жогоруда айтпадыкпы, «мен эмне жасасам — ошонун баары мен, менин бир көрүнүшүм» деп. Көрсө, биз маани бербегенибиз менен кандай ишке болбосун биз өмүрүбүздүн, жашыбыздын, энергиябыздын бир бөлүгүн сарптап турат турбайбызбы. Бала тарбиялайбызбы, китеп жазабызбы, үй курабызбы — өмүр -жашыңды арнамайын жакшы натыйжага жетиш кыйын экен да. Орган карыя муну тубаса акылы менен баштатан туюп, акылдуусунбай, менменсинбей, жеке кызыкчылыгын гана ойлобой айылдаштары үчүн кызмат кылып келген болсо, Эмрайин бул акыйкатты өзү үчүн өмүрүнүн акыркы сааттарында, тукумун улаар жалгыз уулун учу-кыйыры жок деңиз үстүндөгү жалгыз кайыкка калтырып кетээр алдында ачып отурат. Ушундан улам ой келет да: «сандыкка салып» бекитсең болбой четинен кетилип, кемий берчү өмүрдү адамдар пайдалуу иштерге арнаса деп…

— Айтматовдук сүрөттөөдөгү эң бир сырдуу дүйнө — адам менен жаратылыштын гармониясы эмеспи? Бул чыгармадан сенин байкооң кандай?
 Жазуучунун кайсы гана чыгармасы болбосун, адам менен табият тең катар сүрөттөлөт. Бирисиз бири жок. Табият каармандын жан-дүйнөсүн гана ачып берүү үчүн гана эмес, табияттын сулуулугун, кооздугун, жашоонун көркүн чыгарып турган кереметтүү, сырдуу, укмуш дүйнө катары да зарыл. Айтматов табияттын каардуу, татаал, ошону менен жаркын, жылуу-жумшак көрүнүштөрүн карама-каршы коюп сүрөттөп, алардын ортосунда да түбөлүк чечилбей турган талаш өкүм сүрүп кала берерин, мыйзамченемдүүлүгүн көрсөтөт. Адам табият менен кубанат, сүйүнөт, аны кадырлайт, барктайт, ошол эле убакта каардуу табият менен жашоо үчүн күрөшөт. Бекеринен европалык өлкөлөрдө бул чыгарманын реалдуулугун күчөтүү үчүн театрлар атайы деңиздин, океандын жээгине барып, сахналарын коюп ойношкон эмес.

— Повестти белгилүү жазуучу Ашым Жакыпбеков которуптур. Ал киши менен сүйлөшүп калдыңбы?..
 Ооба. Ашым байкени жакшы таанычумун. Мыкты жазуучу эле. Бир тойго барсам, адатынча тамекисин буркурата тартып туруптур. Эл келгиче ары-бери басып сүйлөшүп калдык. Ошондо чыгарманын которулушу жөнүндө сөз козгоп: «Чыкемдин башка чыгармаларына караганда «Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт» — дегенин өтө азаптануу жана өтө кумарлануу менен котордум. Бир жарым ай бир сүйлөмүн да которууга даабай туруп калдым. Дегеле мындай процесс болчу эмес. Түйшөлдүм, капа болдум, кайгырдым. Бир күнү чыгармачылык илхам келе калды окшойт, ашканага машинкамды коё коюп, которуп да, тарсылдатып баса да баштадым. Күн-түн дебей иштедим, бир айда бүттүм, кийин бир сыйра эле карап койдум. Чыкемдин бул чыгармасы мен үчүн бир тең, башкалары бир тең болду. Ушунчалык берилүү менен котордум, чыгармачылык стихиясына кирип алып, чыккым келген эмес. Которбой эле поэма окуп жаткандай сездим. Нобель сыйлыгына повестти көрсөтсө болот» — деген эле.

— «Нобель сыйлыгы» — деп калдың, Хемингуэйдин «Чал менен деңизине» байланыштуу башында берилген суроого кайтып барсак…
 Чыгармачылык атаандашуу сөзсүз болот. Бирок, Чыңгыз агай чыгарманы жазаарда аны ойлобосо керек. Анткени, повестти жазууга нивх жазуучусу Владимир Санги түрткү болгон эмеспи. В.Сангинин Москвадагы квартирасында Чыңгыз агай мейманда болуп, өрдөктүн этин жешип, Лувр өрдөгү, аңчылык тууралуу легендаларды, окуяларды уккан. Ошондон кийин чыгармага дароо киришип, бир айда, тагыраак айтканда 1976-жылы декабрда баштап, 1977-жылы январда жазып бүтүп отурбайбы. Балким, жазып жатканда Хемингуэйди ойлосо ойлогондур. Чыгарма жарык көрөрү менен адабиятчылар Эрнест Хемингуэйдин «Чал менен деңизине» салыштырып киришти, идеялык-тематикалык жактан үндөш чыгарма катары европалык басылмалар повесттин котормосун «Бала жана деңиз» деп да атап жиберишти. Албетте, бул сыймык. Бирок, салыштыруулар чындыгында үстүртөдөн, жалпы тематикалык үндөштүктөн улам болушу мүмкүн. А чынына келгенде Айтматовдун сюжети курч, каармандарынын психологиясы терең, масштабы кенен, конфликтиси татаал иштелген. Өмүр менен өлүмдүн кармашуусу жеке адамдын тагдырынын тегерегинде эмес, жалпы адамзаттык деңгээлге көтөрүлүп, чечилип жатат. Повесттин өзөктүү метафорасы жөнүндө Ч.Айтматов: «Биз баарыбыз бир кайыктабыз. Айланабызда чексиз космос мейкиндиги…», — деп айткан эле. Хемингуэйде чыгарма жеке адамдын жеңиши, жеңилбестиги менен бүтсө, Айтматовдо табият үч адамдын өмүрүн алып кетип жатат, башкача айтканда. Хемингуэйде адамдын жеңилбестигин даңазалаган илептүү оптимисттик жыйынтык турса, Айтматовдук жыйынтыкта адамзат менен табияттын алака-катышына кабатырлануу менен көз салган, жалпы эле Жер планетасынын келечеги үчүн кооптонгон маанай, карыялык даанышмандык санаркоо байкалат. (Албетте, ал учурда Чыңгыз агай элүүгө да толо элек учуру болчу.) Мен муну менен дүйнөлүк жазуучу Эрнест Хемингуэйдин чыгармасынын маанисин кемитейин, бөксөртөйүн деген кыпындай оюм жок. Ал да өзүнчө күчтүү чыгарма.

— Маегиңе рахмат!

“Алиби” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 15.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий