Элмирбек Иманалиев, төкмө акын, обончу: «Арты булганган саясатчылар айтышка келбейт, мен жөнүндө эмнени айтып ийет деп коркушат»

— Элмирбек мырза, эмнегедир акыркы учурларда көрүнбөй кеттиңиз. Учурда эмне менен алексиз?
— Ооба, кудай берген талантты жашырууга мүмкүн болбогондуктан, акыркы учурларда акындык өнөр менен бирге эле, манасчылык өнөрдү аркалап, Манас айтуу менен алектенип жатам. Былтыр, Шайырбек Абдрахманов башында турган «ЭлТР» элдик каналы 20-21-май күндөрү таңдан кечке Манас айтуу долбоорун уюштурган. Ошондон бери аталган долбоорго катышуудамын. Былтыр, Манастын зайыбы Каныкей энебиздин «Тайторуну чапканын» айтсам, быйыл «Чоң казаттагы» баатырлардын өрүшү тууралуу айтканы жатам. Колума комуз алып, төкмөлүк өнөргө аралашканга чейин мен чыгармачылыгымды колума калем алып ыр жазып баштагам. Ошол күндөн тартып, бүгүнкү күнгө чейин жазган ырларымды жана анча-мынча аңгеме, поэмаларым бар, ошолорду топтоп китеп кылып чыгаруунун аракетинде жүрөм. «Эмне көрүнбөй калдыңыз?»-деген сурооңо жооп бере турган болсом, акындык өнөрдү аркалаган Жеңишбек, Аалы, Азамат өңдүү кесиптештерим учурда телеберүүлөрдө алып баруучулукту аркалап, көпчүлүктүн көзүндө болуп жүрүп, мен көрүнбөй калгандай сезилип атсам керек. Мисалы Аалы менен Жеңишбек КТРКдагы «Ала-Тоо таңшыйт» көрсөтүүсүн алып барса, Азамат «ЭлТР» каналында алып баруучу болуп иштөөдө. Эл аларды күндө көргөнгөндүктөн мага салыштырып жатышса керек. Анын үстүнө мурдагыдай айтыштарга көп деле катышпай калдым. Акыркы жолу Таласта өткөн Эстебес Турсуналиевдин 80 жылдыгына арналган айтышка катышып, баш байгеге ээ болгом. Ошондой эле, өзүңдүн жеке чыгармачылыгың менен алектенгенде сырттан гана байкоо салып, эл көзүнө көп көрүнгүң келбей калат экен. Буга чейин болгон айтыштардын баардыгын көрүүчү катары көрүп, көп нерсени байкадым. Өзүм аралашып жүргөндө алардын баарын байкачу эмес экенмин..

— Адатта чыгармачыл адамдардын алгачкы эмгектери гезит бетине же китеп болуп жарык көргөн учуру өмүр бою эсинде калат эмеспи. Алгачкы ырыңыз жарык көргөн күндү айтып бербейсизби?
— Алгачкы ырымды 4-классымда жазгам. Кийин эс тартып шаарга келгени устатым раматылык Тууганбай Абдиев ошол кезде Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын адабий бөлүм башчысы болуп иштеп турган айтылуу акын Шайлообек Дүйшеевге алып барганы эсимде. Шайлообек байке ырларымдын арасынан бешөөнү тандап алып, «Кыргыз туусу» гезитине жарыялаган. Мына ошондон тартып ыр жазууга болгон шыгым мурдагыдан да жанданган. Жашоодо негизи тынымсыз өзгөрүү болуп турат да. Бала кезде жазылган ырларымдын көпчүлүгү ошол учурдун талабына ылайыкталып жазылганын билип турсам дагы, азыркы учурда ал ырларыма көз карашым башкача болуп, муну мындай кылып жазсам болмок экен деп ойлонуп калам.

— Учурда «эки тизгин бил чылбырды колго алып» акындык өнөр менен бирге, манасчылык өнөрдү дагы аркалап жатыптырсыз. Башка манасчылар сыяктуу Манас айтууда аян келип, же кандайдыр бир сыр болдубу?
— Албетте, аян алып, Манас айтып атканда чыныгы Манас дүйнөсүнө аралашам. Манасчылык акындык өнөр сыяктуу эле, каным менен жаралган талант деп эсептейм. Анткени, жогору да айткандай 4-классымдан эле ыр жазсам, 4 жашымдан тамга таанып окуй баштагам. Бөбөктөрдүн эң алгачкы окуган китеби «Алиппе» — же «Кыргыз эл жомогу»- болсо, менин эң алгачкы окуган китебим «Манас» болгон. Баарынан кызыгы Манаска чейин башка китептерди эжелеп окуй албасам, Манасты шатыратып эле окуп кеткем. Ошондон кийин Манас айтып калсам, менден улуу агаларым «сен китепти окуп, жаттап алып айтып атасың» деп ишенишкен эмес. Кийин акындык өнөрдү аркалап, тилекке каршы манасчылык өнөрдү таштап койгом. Бирок таптакыр эмес, аз-аздан болсо дагы эл арасында айтып жүрдүм. Бир жолу Кытайга барып атактуу манасчы Жусуп Мамайдын алдында да айткам. Манасчы, коомдук ишмер, акын-жазуучулар «Элмирбек сен акын болбой эле, Манасчы болсоңчу»-деп көп айтышты. Ошондуктан, Кудай берген талантты жашырбай Манасчылык өнөрдү да алып кетейин деп атам.

— Сиз акын гана эмес мыкты обондорду да жаратаарыңызды билебиз. Чыгарган обондуу ырларыңыз тууралуу да айтып өтсөңүз?
— Алгачкы ырларым «Жалгыздыктан жадап бүттүм», «Булбулум» , «Боздотпочу» деген ж.б. Сөзүн 20 жашка чейин жазып, обондорун он жылдан кийин жаздым. Акыркы жазган ырым, сөзү обону мага таандык Аскат Мусабеков ырдап жүргөн «Аруу затым» деген ыр. Аскат «эч кимге бербеңиз, мен ырдап чыгам» дегенинен эч кимге бербей сактап жүрүп Аскатка бердим. Эң кызыгы мага обон жөн учурда келбейт. Жан дүйнөм, турмушум, тагдырым, баардыгы жуурулушкан учурда гана обон жаралат. Болбосо, өзүмдү кыйнап обон жарата албайм. Оюма обондун кайрыктары келгенде мүнөзүм да өзгөрөт. Жалгыздыкты сүйүп , элден оолак болгонду жактырам, кимдир бирөөнү сүйгүм келип, шаркыраган тоо суусунун жээктей баскым келет, сөз көтөрө албай таарынчаак болуп калам. Ал эми акындык өнөрдө болсо, эл көп чогулган шаан-шөкөт жерге барганда төкмөлүгүм курчуп, оозума сөз келип эле төгүп ырдагым келип калат.

— Аталган ырларыңызды өзүңүз ырдап чыкпай башкага бергениңиздин себеби эмнеде?
— Ырчы Токтобүбү Черикчиева ырдап жүргөн «Жалгыздыктан жадап бүттүм» деген ырымдын эки куплетин Шайлообек Дүйшеев, калганын өзүм жазып ырдап чыкканымда коомчулук аябай жакшы кабыл алышкан. Ошентип эки жыл ырчылык менен ооруп, эмнегедир төкмөлүк өнөрдү таштап койгондой болдум. Көп өтпөй эле, устатым Тууганбай Абдиев, «Элмирбек, сен ырчылыкка алаксып, акындыгыңды таштап койбо» деди. Ошондон кийин кой деп, ырчылыкты таштап, төкмөлүк өнөрдү уланткам. Азыр ойлосом ошондо туура эле кылыптырмын. Айрым обончуларга окшоп, ырчы эмес же обончу эмес ара жолдо калмак экенмин.

— Каргашалуу 7-апрелде баатырларды акыркы сапарга узатуудагы кошогуңуз абдан муңдуу болду эле…
— Жоктоо жанры элибизде илгертен бери эле келе жатат. Өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан кийинки эле мезгилди алсак, коомдук ишмер А. Масалиев, жазуучу Ч. Айтматов акын Т. Абдиев, Э. Турсуналиевдер каза болгондо акындар кошок айтканбыз. Ал эми каргашалуу 7-апрелде болсо, ар бирибиздин жаныбыз кейип башыбызды кара булут каптап турганда комиссия түзүлүп, акын Ш. Дүйшеев, К. Урмамбетов үчөөбүзгө жоктоо кошогун жазуу иштери тапшырылган. Жазып жетишпегендиктен эртеси күнү «Ата-Бейитте» төкмөлүк өнөр менен эле кошокту коштум. Ачыгын айтсам, кошок кошуу мага абдан оор болду. Башында муун жүнүм бошоп, комузду таштап ийе жаздап, араң дегенде айткам.

Карагай ыйлап, тал ыйлап.
Калың журттун баары ыйлап
— деп, элди мен ыйлатып аткандай жаман болгом.

— Учурда манасчылык, төкмөлүк өнөргө мамлекет кандай көңүл буруп жатат деп ойлойсуз?
— Кудайга шүгүр, мурдагыга караганда манасчыларга үй, автоунаа сатып беришип, бир топ маселелерин чечип берүү боюнча жакшы иш-аракеттер көрүлүүдө. Борборубуздун чок ортосу болгон Ала-Тоо аянтына Манас атабыздын айкели тургузулду. Китептер чыгып жатат. Жалпыга белгилүү болгондой буга чейин аталган өнөргө мамлекет тарабынан таптакыр көңүл бурулган эмес. 2001-жылы Садык Шер-Нияз башында турган «Айтыш» коому түзүлгөнчө акындар айтыш өнөрүн сактап калуу боюнча көрүнгөнгө жалдырап акча сураган күндөрүбүз да болду. Бирок ошентип жалдырасак да, аталган өнөрдү жоготпой сактап калдык. Учурда айтыш өнөрү бир топ эле өнүгүп, айтыш болгон жерге эл толо келип колдоп атышат. Саясатчылардын арасында айтышты сүйгөн адам аз деген менен арасында сүйгөндөрү деле бар. Мисалы экс-президент Р. Отунбаева, Т. Акун сыяктуу аттуу баштуу саясатчылар убагында бизди колдоп, айтышка келип катышкан учурлары болду. Арты булганган саясатчылар болсо, келишпейт , анткени, алар мен жөнүндө эмнени айтып ийет деп коркушат.

— Айрымдар айтыш өнөрү казактарда абдан күч алган дешсе, кээ бири кыргыздарда күчтүү дешет. Сиздин оюңузча кимдики күчтүү?
— Ачыгын айтыш керек, айтыштын өсүшү боюнча казактар алдыда. Казактардан артта экенибизди кыргыздар ар дайым кур намыска алдырып жашырып келебиз. Анткени, биринчиден казактардын акындары көп, экинчиден мамлекет аларга абдан жакшы көңүл бурат. Мурда алар бийликти сындай алышчу эмес эле, азыр биздей болуп алар дагы бийликти ачык сындап, айрымдары куугунтукка кабылып атышат. Бирок, кандай болгон күндө дагы айтыштын жаралуу тарыхын алсак, кыргыздар казактардан алда канча өйдө турат. Мисалы 1980-жылдары казактарда айтыш өнөрү жок болгон. Кийин алардын төкмө акындары жанданып чыга баштаганда, биздин айрым төкмө акындарыбыз коомчулукка аты чыгып Эстебес атабыз сыяктуу алдыңкы акындар СССРдин эл артисти болуп калышкан. Ошондо казактар намысына келип, күч алышкан.

— Акыркы суроо болсун, биринчи жубайыңыз ырчы Гүлбүбү Иманалиева менен ажырашып, учурда экинчи жубайыңыз менен жашарыңызды уктук эле, мүмкүн болсо үй- бүлөңүз тууралу да кыскача айта кетсеңиз?
— Ооба, турмушта өйдө-ылдый нерселер болбой койбойт экен. Биринчи жубайым Гүлбүбү менен ажырашып, андан эки кыз, кийинки жубайымдан бир уул, бир кызым бар. Учурда кыздарым чоңоюп калды. Улуу кызым таланттуу, ыр жазат. Кийинкиси болсо, сүрөт тартчу эле, чоңойгону тартпай калды. Чогуу жашабасак дагы кыздарым атакелеп акыбал-жайымды сурап турушат. Уулум Эрулан учурда эки жашта, кичине болсо дагы комуз, гитара эмне экенин билип, музыканы тыңшап угат. Айтор, уул-кыздарымдын арасынан бирөө жарымы менин жолумду жолдоп чыгармачыл болобу деген үмүтүм бар.

Маектешкен Мирлан Алымбаев, “Фабула” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 15.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Элмирбек Иманалиев, төкмө акын, обончу: «Арты булганган саясатчылар айтышка келбейт, мен жөнүндө эмнени айтып ийет деп коркушат»: 1 комментарий

Добавить комментарий