Азыркынын агартуучусу

Адатта коомчулукту белгилүү адамдардын гана жашоосу кызыктырат. А катардагы кулпенделердин жашоосуна кызыгуу анчейин боло бербейт. Чынында арабызда кызыктуу адамдар көп. Биз аларга кезикпейбиз же кезиксек да калаты-кызыкты байкабайбыз. Андайлар менен мампайлашып сүйлөшө келгенде гана оозубузду ачырышат. Биздин каарман да окурмандарыбыздын бүйрүн бир далай кызытаарына ишенебиз. Ал деле көпчүлүгүбүз сыяктуу катардагы пенде. Бирок таптакыр башкача… Эмесе сөздү борбор шаарыбыздын Ата-Тоо аянтында китеп саткан Нурбек Калыгулов аттуу жигитке берели.

– Качан көрсөм шаар кыдырып китеп сатып жүрөсүң…
– Бул менин улуу максатым. Бул бир чоң көйгөй. Болгондо да улуттук көйгөй. Буга чейин чоң бир фирмада маркетинг бөлүмүнүн реклама иштерин жүргүзчүмүн. Иш тажрыйбамдан улам ойлондум: Европа, Америка, дегеле өнүккөн өлкөлөрдүн артыкчылыгы эмнеде? – деп. Көрсө, маркетинг өнүккөн жерде бизнес да гүлдөйт экен. Демек, чоң ийгиликке жетиш үчүн маркетингчилер рынокту изилдейт. Мен да Кыргызстандын шартында китеп боюнча маркетинг жаатын өздөштүрүүнү жандүйнөмдөн каалап, алгачкы кадам шилтедим. Иликтей келсем, Бишкекте 72 орус тилдүү китеп дүкөн бар экен. А кыргыз тилдүү «Нускадан» башка бир да китеп дүкөн таппайсың. Арданасыңбы?! Биз эмне ушунчалык артта калган караңгы элбизби?! Мен буга кыргыз уулу катары өзөгүм өрттөндү! Себеби бул көрүнүш – бизди улутту деградация каптады деген кеп. Андан да жаман жери, кыргыздын көзгө басар жазуучу-акындарынын китептерин издей келсең, эч жерден табылбайт. Ушул акыбалды өз көзүм менен көргөндөн кийин бассам-турсам кыргыз элин китеп дүйнөсүнө тартуу жагын ойлонуп, канткенде арбир кыргыздын колуна китеп жеткирсе болот дедим. Бул жерде бизнестен мурда, улутту агартуу маселеси мени көбүрөк ойлонтту. Мынтип отурсак, китеп окубаган элибиздин келечек тагдыры эмне болот? Жазуучулар китеп жазганы менен алардын эмгеги өз окурманын таппаса, бул эмне деген шумдук, байке!? Бул өтө олуттуу маселе. Бизде китеп маркетинги таптакыр жолго салынбагандыктан элге китеп жеткирүү жагы ушуга келген. Маркетинг дегенди кыргыздын жалпак тили менен түшүндүргөндө – сатуу жана таратуу деген эле кеп. Китеп дүйнөсүн изилдеген бир да маркетолог жок экен бизде. Мен анан ушуну жолго салайын дедим.

– Борбордо го, бирин-экин китепке болгон муктаждыкты канаттандырар мүмкүнчүлүктөр бар, бүгүнкү күндө дубандарга кантип китеп жетип атат?
– Азыр мен жер-жерлерден өнөктөштөрдү таап, ошолор аркылуу иштейм. Мисалга, элеттегилерге кандай китеп керек болсо, бул жактан мен таап берем. Албетте, жер-жерлерге китеп жеткирүү жагы оор болгондуктан адегенде борбор шаарыбыздан баштадым. Кантип? Жарыя иретинде баракчаларды чыгардым. Болгондо да 80 миң баракча.

– О-уу, мынча баракты кантип таратуу мүмкүн?
– Мен мунун жолун оңой эле таптым. Так ошол кезде парламенттик шайлоо жүрүп аткан. Менин бизнесим үчүн мындан өткөн ыңгайлуу учур жок болгондуктан шайлоо үгүтү бүткөнчө жанымды сабап иштедим. Себеби арбир партия 10 миң, 20 миңдеген калкты топтоп, өз программалары менен тааныштыргысы келет. А мен эгер 80 миң баракчаны көчөгө туруп алып арбир өткөн-кеткенге таркатсам, ага 1,5 жыл убактым кетмек. Андыктан ушул мөөнөттө таратып калыш маанилүү болчу. Анан жалаң жаш жигиттерди жыйнадым да: шайлоо үгүтүнө чогулган элге китеп маалыматы туурасындагы баракчаларды тарата баштадык. Бирок андай жигиттерди жыйнаганда да: кыргыз адабиятын элге жайылтууга ниети бар, тили сайрап турган санаалаштар болууга тийиш. Мага жөн эле бирөөнүн кереги жок, кагаз тараткан. Ошондуктан кыргызга өз салымын кошкусу келгендерди таптым. Дагы бир маанилүүсү – 80 миң баракча элге таркатылганы менен ал эртең жерге тебеленип калбас үчүн эмне кылыштан өйдө ойлонгом. Ошондуктан кыргызга эмне ыйык деген суроо койдум өзүмө. Менимче, Манас атабыз менен Чынгыз Айтматов ыйык болуш керек дедим да, баракчалардын бетине Манас менен Айтматовдун сүрөтүн бакыйта бастырдым. Себеби бул улуу эки инсанды сыйлабаган кыргыз жок. Демек, бул барактар 1-2 жылдап эл арасында сакталып каларына ишенсем болот. Сакталгандан кийин албетте, мен көздөгөн маалымат өз милдетин аткарат.

– Баракчаларды тараттың…
– Телефонумдун кулагы тынбай калды. Китеп издегендер көп болуп чыкты. Себеби кимге кайсы китеп керек болсо үй-үйлөргө жеткирип беребиз деп телефон номурумду да бергем. Мындайча айтканда, мага Кыргызстандын булуң-бурчунан телефон чалуулар боло баштады. Көрсө, мен бул жактан тараткан баракчалар Кыргызстандын бүтүндөй аймагына таркаптыр.

– Мисалга Оштон телефон чалуу болсо, китепти кантип жеткиресиң?
– Аркимдин Бишкекте таанышы, айылдашы, тууганы болбой койбойт, эч болбосо таксист тааныштары бар. Мен ошондой таанышы аркылуу керектүү китепти кардарга салып жибергенге өттүм. Бул экинчи этаптагы ишиме айланды.

– Ушул Ала-Тоо аянтында туруп китеп сатканыңа канча болду?
– Төрт жыл. Адегенде «Дордойду» кыдырып, Чынгыз Айтматовдун «Тоолор кулаганда» романын саткам. Кантип дебейсизби? «Тоолор кулаганда» Айтматовдун эң акыркы чыгармасы» – дегенди уккандын көбү жүгүрүп келет. Мен бул сөздү «Дордойду» аралаганда өзүнчө ураан салгандай кыйкырчумун. Эң биринчи күнү үйдөн 20 китеп көтөрүп чыккам. Чыкканда да өзүмө өзүм «ушуну сатмайынча үйгө келбейм» – деп. Бирок ал күнү кечке базар аралаганыма карабай, үч китеп сатылбай калды. Саат түнкү 1-2лер чамасы. Уйкум аябай келди, бутум тартпай калган. Бир убакта кудай жалгап, бир жердеги дарыканага кирсем, эки китебимди сатып алышты. Дагы бирөөсүн үйүмө жакын жердеги дүкөнгө кирип саткандан кийин гана «өх» дедим, 20 китептин баарын сатканыма жеңилдеп. Себеби бизнесте мындай принцип болбосо, болбойт. Эртеси китептин санын отузга жеткирдим, анын эртеси кыркка. Ошентип жүрүп китеп санын өстүрдүм.

– Бирок китеп оор да, көтөрүп шаар кыдырып сатканга?
– Башка эмне кылмак элем. Айлам канча, улуу максатты беттегенден кийин кайтпаш керек дедим да, кийин шаардагы кабат үйлөрдү кыдырып китеп сатканга көндүм.

– Бир өзгөчөлүгүң, базар тегерегинде китеп саткандар жеңил-желпи адабияттарды сатса, сен бул жерде өтө олуттуу китептерди сатканыңа ыраазы болдум…
– Булар улуттук баалуулуктарыбыз дээр элем. Керек болсо улуттук байлыгыбыз. Бул жердеги китептердин 70 пайызын өзүм окуп чыккан китептер. Мындайча айтканда, өз элегимден өткөн мыкты китептерди гана элге жайылткым келет.

– Бизде өзүң айткандай, чыныгы китепкөйлөр табалбай жүргөн чыгармалар колуңда экен. Буларды каяктан таап атасың?
– Өкмөт алдындагы китеп палатасы жана «Турар», «Бийиктик» басмаканалары менен тыгыз иштешем. Тилек Мураталиев, Жумадин Кадыров өңдүү байкелер болгон үчүн «көп тамчы көл курат» же «агып-агып көл, чыгып-чыгып жол болот» дегендей, ошолор болуп жол куруп атабыз. Муну менен биз кыргызга жол курганыбыз. Элге кайсы китеп керек болсо, ушул басмакана ээлерине айтам. Алар да ошондон улам керектүү адабияттарды басып чыгарууну ойлойт.

– Эми мындан аркы максатың кандай?
– Менин биринчи максатым – кыргыз адабиятынын татыктуу деңгээлин көрсөтүү. Менин максатым – акча табуудан мурда, эл агартуу ишин бизнес аркылуу күчөтүү. Өзүм алты тил билем, мен ошол билимим менен деле оокат кылып кетсем болмок, бирок анда кыргызга азыркычалык салым кошо албайм.

– Азамат экенсиң, Нурбек! Биз да сенин мындай аруу тилегиңди колдойбуз. Мүмкүн сени табууга кызыккан китепкөй кардарларың болуп калаар, телефон номуруңду берип койбойсуңбу…

0772 675-875

Олжобай Шакир, «24.kg» МА, 16.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Азыркынын агартуучусу: 1 комментарий

  • 19.05.2012 в 19:12
    Permalink

    Азамат жигит экен… акчасы бар далай адамдарга караганда маданиятка бир топ кызмат кылып жаткан экен! Ыраматылык Муктар Омуракунов тигуу жана аны сатуу иштерин жолго койгондой, Таабалды Эгембердиев улуттук Максым Шорону дуйного дун кылгандай сен дагы китеп бизнесин оз жолуна коондордон болсун!!!

    Ответ

Добавить комментарий