Кыргыз курамындагы орустар менен сибирчилер

Кыргыз кырк уруудан куралат деп жүрөбүз. Азыркы билермандардан аларды атап берчи десең, ар кими ар башкача санап берет. Көбүнчө кыркты толук атай алышпайт. Булар «таза» кыргыз, тигилер кыргызыраак уруулар, үчүнчүлөр кыргыздашып калган башка калк деп бөлүп киребиз. Азыркы ала-тоолук кыргыздарда канча уруу, урук бар экендиги боюнча так маалымат табыш кыйын. Чынында кыргыз курама эл, арасында кандай гана аталыштагы уруу, уруктар жок.

Орустар – жедигер уруусунун курамындагы ири урук. Орустар – энчилүү ат катары кыргыздарда алгачкы орто кылымдардан белгилүү. XIII кылымдын баш чендеринде кыргыздардын бир бөлүгү жашаган Еди Орун областынын Урус Инал башкаргандыгы маалым. Ал мезгилде кыргыздар мамлекет башчысын «инал» деп аташчу. Бул тууралуу фарс илимпозу Рашид ад-Дин (XIII – XIV к.к.) эмгектеринде жазат. «Инал» терминин Махмуд Кашгари «энеси чоң, тектүү, атасы жөнөкөй, карапайым элден чыккан» деген мааниде чечмелейт.

Мындай аталыштагы этноним кыргыздын тынымсейит уруусунда, өзбек-коңураттар жана түркмөндөрдүн курамында бардыгын илимпоздор аныкташкан. Мисалы, түркмөндөрдөгү «орыс» этнонимин Алтын Ордодо 1361-1375-жылдары өкүмдарлык кылган Урус хан менен байланыштырган көзкарашты тарыхчы К. Бокс-ворт менен С. Атаниязов жактап келген.

Сибирчилер – кесек уруусунун курамындагы урук. Бул тууралуу тарыхчы Сабыр Аттокуров 1995-жылы чыккан эмгегинде жазат. Элдик санжырада сибирчилер уругунун келип чыгышын Сибир жергеси менен байланыштырылат. Сибир + чилер кыргыздын ичкилик диалектисинде «сибирликтер» деген маанини түшүндүрөт. Этноним кыргыздардын эсиндеги байыркы тарыхый мекенди чагылдырышы мүмкүн. Хакас тарыхчысы Виктор Бутанаевдин айтымында сагай-хакастардын курамында «Сибичин» аттуу урук бар.

Мама – кыпчак, мунгуш, тейит урууларынын курамындагы уруктар. Этнонимдердин семантикасын аныктоо татаал. Энчилүү ат бир нече мааниде чечмеленет. Махмуд Кашгаринин «Сөздүгүндө» «эгин жанчыган чоң жаргылчакты тегеретчү бука» делет. Константин Юдахиндин сөздүгү боюнча «мама» сөзү кыргыз тилинде эки мааниде колдонулат: 1) Чоң эне (түштүктө); 2) Карыган бээ. Бирок этнонимди төмөнкү мааниде чечмелөө кызыгууну туудурары шексиз: мама тунгус-манчжур тилдүү элдерде шамандын аял кебетелеш дух-жардамчысы, жаңыдан дүйнөгө келген наристелерди жана болочок урпактардын сактоочу-колдоочусу деген маанини аныктайт. Кош (параллел) этнотопоним формасында («мамалар») Крым жарым аралында кездешери аныкталган. Бул ат менен Ноокен районунун аймагындагы тоо белгилүү. Олжобай Каратаевдин болжолунда, бул этнотопоним орто кылымдардагы кыпчак тилдүү урууларга таандык болуусу мүмкүн.

Кыргыздар ак калпакчан эл делет. Кара-калпак калкы бар экенин билебиз. Азыркы Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстан автоном республикасы. Ал эми кыргыз курамында Сары калпак уругу бар экенин көпчүлүк билбесе керек.

Сары калпак – басыз, бугу, кытай, сары багыш, чекир, саяк урууларынын курамдарындагы уруктар. Бул тууралуу айтылуу Абрамзондун эмгектеринен окуса болот. Чыгыш Түркстандын тарыхын чагылдырган «Тазкира и-Ходжаган» (XV-XVIII кк.) аттуу эмгектеги кыргыздар тууралуу маалыматтар келтирилген бөлүгүндө кушчу, кыпчак уруулары менен катар «сары калфак» (сары калпак) уругу жөнүндө айтылат.

(Уландысы бар)

Олжобай Каратаевдин «Кыргыз этнонимдер сөздүгүнөн» алынды,
«
24.kg» МА

Соц тармактар:

Добавить комментарий