«Котормо — биздин турмуш образыбыз»

Борбордук Азиядагы Америка университетинде окутуучу болуп иштеген америкалык жубайлар Алекс Сигал жана Дана Голина менен Кубат Жусубалиевдин үйүндө таанышып калдык. Алар экөө тең акын, орус тилдүү акындарды англис тилине которгон котормочу да экендигин билген соң, кийинки жолу жолугушканда поэзия тууралуу азын-оолак маек курдук. Алекс ырды англис, Дана болсо орус тилинде жазат экен.

-Алекс, котормого болгон кызыгууңуз кантип башталды?
Алекс Сигал: -Мен өзүм Батыш Украинада туулуп, тогуз жашка чейин Питерде жашагам. Кийин Америкага кеткенден кийин мектепте, Мичиган университетинде деле орус тилинде окуп жүрдүм. 70-80-жылдары ошол университеттин алдында «самиздаттык» авторлордун чыгармаларын баскан «АРДИС паблиш» аттуу аябай популярдуу бир журнал болор эле. Аксенов, Бродский сыяктуу акындардын чыгармалары дал ошол журналга жарыяланчу. Мен анда 22 жашта болчумун. Эң алгачкы котормом Бродскийдин ырлары болгон, ал ошол университетте сабак берчү.

-Эмне үчүн Бродскийди?
-Албетте, мен аны өтө жакындан билем деп айта албайм, бирок, 1985-86-жылдары, ал Нобель сыйлыгын алганга чейин анча-мынча сүйлөшүп, кат алышып турчубуз. Менимче, анын эң мыкты ырлары (эң соңку ырларын эсепке албаганда) Нобель сыйлыгын алганга чейин жазылган. Ал өзү англис тилинде жазгандыктан, ырларын которууга уруксат берчү эмес, англис тилине өзү которчу. Ошондуктан, мен жөн гана академиялык иш түрүндө которуп жүрдүм. Арадан он жыл өткөндөн кийин акыркы чейрек кылымдагы салттуу эмес орус поэзиясынын антологиясын даярдап калдык. Москвалык, питердик, сибирдик акындарды Нью-Йоркко чакырдык. Алардын арасында москвалык концептуалисттер, «Питердин филологиялык мектебинин», «Фергана мектебинин» өкүлдөрү да бар болчу. Бул китепке 88 акындын жүздөн ашуун ыры кирди. Антология 2000-жылы «Кылымдардын кесилиши» деген ат менен чыкты.

-Анда, сиз жалаң салттуу эмес акындардын ырларын которот турбайсызбы?
-Андай деле эмес. Ар түрдүү жанрдагы акындарды которо берем, бирок котормого кызыгуум дал ошол азыркы постмодернисттик поэзия-дан башталган. Мага Андрей Вознесенкий, Геннадий Айги, Алексей Хвостенко сыяктуу көп түрдүү, көп кырдуу акындар жагат. Айги -чуваш акыны. Он жыл Маяковскийдин музейинде катчы-котормочу болуп иштеген. Анын ырларынын мотиви салттуу, элдик болгону менен формасы батыштыкы. Француз, поляк акындарынын ырларын чуваш тилине которгон. Анан Бродскийдин, Пастернактын таасири менен орус тилиндеги ырларды жаза баштаган.

Айтмакчы, аябай өкүнүчтүү нерсе, Бродский өзүнүн керээзинде ырларын которууга уруксат берген эмес. Жана айткандай, акыркы ырлары бүт эле англис тилинде, өзү которгон. Мен бир нече жолу которгонго уруксат сурап көрдүм, бирок менин котормолорум ага жакканына карабастан макул болгон жок. «Рифма аябай так сакталууга тийиш» дечү.

Азыр мен «күмүш доорго» кайрылып, Анна Ахматова, Осип Мандельштам, Владимир Нарбут, Михаил Зенкевич сыяктуу акындарды которуп атам.

— Азыр Америка Кошмо Штаттарында кайсы поэтикалык агым басымдуулук кылат?
-Агымдар аябай эле көп жана ар түрдүү болгондуктан, алардын арасынан бир-экөөнү бөлүп көрсөтүү кыйын. Мындан жыйырма жыл мурда жүздөгөн жакшы акындар болсо, азыр алар миңдеп саналат. Батышта көп эле жаш акындар пайда болду, бирок алар бири-биринен көп деле айырмаланышпайт. Ушундай эле процесс Россияда да жүрүп жатат. Бирок бул бир жагынан табигый көрүнүш. Мыкты акын бир нече муун өткөндөн кийин гана билинет эмеспи.

-Америкада поэзияга кызыгуу кандай?
Алекс Сигал: -Шаар менен элеттин айырмасы чоң. Мен булардын бири экинчисине караганда маанилүүрөөк деп айта албайм, бирок, экөөнүн таасири эки башка, эки бөлөк. Калифорнияга Азиянын таасири көбүрөөк болсо, Нью-Йоркто француз адабиятынын таасири күчтүү. «Нью-Йоркер»(New-Yorker), «Атлантик мансли» (Atlantic Monthly), «Нью Рипаблик» (New Republic) сыяктуу кеңири профилдеги популярдуу журналдар бар. Ошолордун ар бир санында анча -мынча ырлар чыгып калат. Популярдуу басылмалардан тышкары поэзия академиялык (университеттик) чөйрөдө көп окулат жана бааланат. Негизги окурмандар — бул студенттер. Ал эми басымдуу көпчүлүк поэзияга анчалык деле кызыкпайт.

Дана Голина: -Мага орус тилдүү эмигранттар түпкү америкалыктарга караганда, поэзияны көбүрөөк окугандай сезилет. Мен чоң ата, чоң энелери башка өлкөлөрдөн келген көп кишилерди билем, алар ата-бабаларынын тилин жакшы билишпесе да эч нерсеге байланышпаган түпкү америкалыктарга салыштырмалуу көбүрөөк окушат.

-А Кубат Жусубалиевди которо баштооңузга эмне себеп болду?
Алекс Сигал: -Фергана поэзиясына болгон кызыгуудан улам. «Фергана мектебинин» ландшафты азиялык болгону менен таасири батыш поэзиясыныкы. Өзгөчө италиялык неореализмдин эстетикасы сезилет. Кубат Жусубалиевдин «Конфуций жана жети сөз» деген китебине кирген «Авангарддык ырларынын» да темасы салттуу болгону менен жазылуу ыкмасы модернисттик экен. Биз анын көлөмдүү поэмасынын бир бөлүгүн котордук. Ал кишинин юбилейи болгондо, Дана кириш сөзүн, а мен болсо поэмадан үзүндү окуп бердим.

Кубат Жусубалиевдин юбилейинде биз бир топ кыргыз акын-жазуучулары менен тааныштык. Алардын бири — Рамис Рыскуловду Кубат аябай мактап, «Нобель» сыйлыгын бир алса ушул алат» деди. Ошондон бери бул акынга аябай кызыгып, ырларын которсокпу (?) деп жатабыз.

-Котормочулуктан тышкары ыр да жазасызбы?
-Ооба. Мен англис, Дана болсо орус тилинде жазат. Мен орус тилинен англис тилине которгонум менен орусча жаза албайм.

-Борбордук Азиядагы Америка университетинде иштегениңиздерге көп болдубу?
Алекс Сигал: -Бир жыл. АУЦАнын президенти өзү котормочу. Экөөбүздүн тааныштыгыбыз да дал ушул котормочулуктан улам болду. Мына эми ал кишинин сунушу боюнча жазуу практикасынан сабак берип жатам.

Дана Голина: -А мен болсо психология кафедрасында сабак берем. Биздин бүтүрүүчүлөр Кыргызстандын, анан Американын дипломун алат эмеспи. Ошондуктан, биз окууга жаңыдан өткөн студенттерге белгилүү бир система боюнча жазуу стилдерин, форматтарын үйрөтөбүз. Психология, математика, экономика — бүт англис тилинде окутулат. АУЦАнын бир артыкчылыгы — бизде билим берүү эң жогорку деңгээлде экендигинен сырткары студенттер кош тилдүүлүк чөйрөсүнө аралашат. Америкада төрт жылда 120 саат окуса, бул жерде 144 саат окушат. Мындайча айтканда, студенттер эки программаны өздөштүрүүгө тийиш, ошондуктан, өтө көп эмгектенүүгө туура келет.

-Сиз ырды качантан бери жазасыз?
Дана Голина: -Бала кезден эле жаза баштадым. Али жазганды үйрөнө электе ыр жазгам десем болот. Ырларымды стилиме карап кээ бирөөлөр «Марина Цветаеванын, Анна Ахматованын таасири бар экен» дешет, Иосиф Бродскийге салыштырышат. Бирок 12-13 жашымда, жанагындай стилдеги ырларды жазып атканда мен Цветаева, Ахматова, Бродский ким экенин билчү да эмесмин. Табигый ритмика бала кезде эле келет…

-Алекс сизди орус тилинде жазат деди?
Дана Голина: -Англис тилинде деле жазам. Бирок станоктон чыккан жасалма ырлар, анан «Кудайдын керемети менен илхам аркылуу жаралган ырлар болот» деп коюшат эмеспи. Менин да англис тилиндеги ырларымды ошондой станоктон чыккан чыгармалар (!) десем болот. Ал эми орус тилиндегилери болсо агылып-төгүлүп өзү келет. Мен Ригада туулуп, орус тилдүү үй-бүлөдө өстүм. Канымда орус деле жок, ата-бабаларым швед, поляк, немец болушкан. Бирок орус тили ал кезде ар түрдүү улуттар бири-бири менен сүйлөшкөн, пикир алышкан тил эмес беле? Ошондон улам го, «ичимдеги кайнап-ташкан сезимдерди билдирейин, формага салайын» десем рифмалар орусча чыгат. Нью-Йоркко 12-жашымда, тилим калыптанып калган учурда бардым.

Ал эми англис тили болсо… Мектепте, университетте англис тилинде окудум. Кээ бир темалар боюнча мага англис тилинде сүйлөгөн жеңил. Ошондуктан, котормо жагынан Алекске жардам берип жатам. Анткени, кээде орустун бир сөзүн англисче бир нече сөз менен которгонго туура келет. Деги эле которулбай турган сөз айкаштары кездешет. Менин бир артыкчылыгым — ошондой которулбаган сөздөрдү которуп, эквивалентин таба алгандыгымда болсо керек деп ойлойм.

-Анда экөөңүздөр бир ишти жасайт турбайсыздарбы?
-Ал долбоорго жараша болот. Алекс кайсы бир сөздү которуп атып, менин пикиримди сурайт.
Кээде бул үч сааттык талашка айланып кетет. Кечээ жакында эле экөөбүз бир долбоордун, Нижне-Тагильск мектебинин акындарынын ырларын которуунун үстүндө иштедик. Тили аябай татаал, сибирдин регионалдык диалектиси менен азыркы шаардын лексикасы аралашкан жаңы тил экен. Менин вариантым да, Алекстики да жарабай, үчүнчү вариант чыгып калган учурлар көп болуп атты.

Алекс Сигал: -Бул долбоордун үстүндө эки айдай иштеп, сегиз акынды котордук. Аляска университетинин алдындагы адабий журналдын заказы болчу. Бирок алар эки акындын гана ырларын тандап алышты.

-Котормого калем акыны жакшы эле төлөшөбү?
Дана Голина: -Дээрлик төлөшпөйт. Эгер заказ болсо төлөп беришет. Бирок, өтө эле аз. Номиналдык гана акы десек болот. Котормо — биздин турмуш образыбыз. Алекстин адистиги өзү ошондой, ал адабият жана жазуу искусствосу боюнча. А мен психологиянын магистри катары кайсы бир клиникада иштеп, айлык алам. Котормо менен иштегендер адатта грант, ссуда алышат. Бирок андай каржылык жардамдар өтө таанымал, белгилүү окумуштууларга гана берилет. Анүчүн кайсы бир акынды тандап алып, диссертация жазыш керек. Мындайча айтканда, нукура академиялык эмгек да.

Мамат Сабыров, “Учур” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 10.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий