‎”Кыргыз көчүнүн” жаралуу таржымалы

«Кыргыз көчү» күүсү Асанбек Кыдырназаровго тиешелүү. А киши 1972-жылы Ат-Башы районунун мен жашаган Ак-Моюн айылына концерттик бригада менен оюн коюп келип, ошондо өзүнүн «Кыргыз көчү» деген күүсүн чертээрдин алдында таржымалын мындайча айтып берген.

«Улуу ата мекендик согуш башталар алдында Акылбек деген агам айылдык бир кызга үйлөнмөк болот. Ага чейин экөөсүнүн ортосундагы ысык мамилеге ортоктош болуп, бири бирине кат ташып жүрдүм. Чын эле экөө Ромео менен Джульеттадай десем жаңылбайм. Ал аңгыча согуш башталып кетти. Акылбек агам күтүүсүздөн согушка кетти. Жарым жылга жетпей артынан «кара кагаз» келди. Баарыбыз чурулдап калдык, ыйлап-сыктап. Баягы болочоктогу жеңем да ботодой боздоп, биздин үйгө келип кошок кошуп зээнди кейитти. Айтпаган армандарды айтып. Арадан бир ай өттү. Айыл чакан болгондуктан бири-бирибизди билип, көрүп турабыз. Бая кыз ыйын тыйбады. Акыры а кыз мага кайрылып, «мени үйүңөргө алпарып жоолук салгыла. Мен сага жеңе болоюн. Ошондо ыйым токтойт» деди. Мен апама, апам болсо атама айтып, акыры а кызды жеңе кылып алдым. Бирок, дале ыйы токтободу. Зээнибиз кейичү болду. Жаз алды менен жаңыдан көк чыгып келатканда «Солтон Сары» жайлоосуна үйдөгү кызды жоокалатуу иретинде жөнөп калдык. Жолду катар жеңем ыйлабасын деп комузумду колдон түшүрбөй күү артынан күү черте бердим. Залкар комузчулардын күүлөрүн билишимче чертип бүтүп болгон соң, өзүм да бирдемени кыңгырата бердим. Жайлоого жеткиче черттим. Ошондо «Кыргыз көчү» күүсүнүн пайдубалы түптөлгөн. Кийин бир топ өрчүтүп, өркүндөттүм» деген.

Сурат Жылкычиев, Фейсбуктагы баракчадан

Энесай — Кыргыз көчү

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий