Сыйкырдуу музыканын ээси — Алтынбек Жаныбеков

Кайсыл убакыт экени эсимде калбаптыр. Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарынын баш жагы болсо керек, күндөрдүн биринде радиодон концерт угуп олтурсам: «Түндө», музыкасы — Алтынбек Жаныбековдуку, сөзү — Сооронбай Жусуевдики, Кыргызстандын эл артисти Артык Мырзабаев ырдайт» деп, диктор кыздын үнү чыкканда менин чочуп кеткеним ырас. Себеби бул кабар мен үчүн күтүлбөгөн жаңылык эле. Эфирден жай, созолонгон музыка угулуп, анан атактуу ырчынын жагымдуу үнү менен: «Жай түнү жалгыз жүрөм илкип басып, Жылдыздар жымыңдашат — асман ачык…» деп ырдай баштады. Ырды аягына чейин уккандан кийин ошондогу менин толкунданганымды айта көрбө. Бул менин ырыма чыгарылган алгачкы музыка болушу мүмкүн. Ал эми ырга мындай уккулуктуу музыка жазган Жаныбеков Алтынбек деген композитор ким болду экен?

Сооронбай ЖУСУЕВ, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл акыны 
Башкалардан сураштыра баштадым. Акыры таптым. Жолугушуп, таанышып, узакка маектештик. Фрунзе шаарына жакын Аламүдүн районунун Ала- Арча кыштагында туулган жигит экен. Алгачкы таанышканда эле ал мага чоң таасир калтырды. Ачык-айрым мүнөздүү, көптү билген, маданияттуу, менден 9 жаш кичүү, интеллигент мырза экен. Маектешип олтурганда ал өмүрүн бүт бойдон профессионалдык музыкага арнап койгонун түшүндүм. Ал жакында эле Алматыдагы Курмангазы атындагы консерваторияны бүтүрүптүр.

Менин «Түндө» деген ырыма музыка жазганынын жагдайы жөнүндө Алтынбек төмөнкүлөрдү айтып бергени эсимде: «Москвага сапар тартканга камынып жатып, жолдо окуп барайын деп үч- төрт акындын ыр китептерин сатып алып, вагондо окуп баратканда сенин китебиңдеги ушул ыр мага жагып калды. Ал кезде азыркы жубайыма ашык болуп жүргөн кезим болчу. Ырдын мазмунунун көңүлүмө төп келген себеби да ошол болду деп ойлойм. Москвага жеткенге, Фрунзеге кайра келгенге чейин сенин ырыңды кайра-кайра окуп, жаттап, ичимден кыңылдап ырдап жүрдүм. Анан бир күнү олтуруп ошол обонду нотага түшүрдүм. Бирөөлөргө ырдын музыкасын пианинодо, фортепианодо ойноп угузуп көрдүм. Бардыгы эле жактырышып мени куттукташты. Анан Артык Мырзабаев агайыма көрсөтүп, ырдап берүүсүн сураганмын, ал радиого жаздырып, аларга жаккандыктан дароо алтын фондго алышып, эфирден бере башташкан».

Алтынбек Жаныбеков менен ошентип таанышканмын. Андан кийинки жылдар анын талантынын тынымсыз өркүндөшүнүн жылдары болду. 1965-1967-жылдары Москвадагы Чайковский атындагы консерваторияда стажировканы ийгиликтүү өттү. Композиторлор Союзуна мүчөлүккө кабыл алынды. Мен аны менен тыгыз чыгармачылык байланышта болуп, анын музыка майданында жетишкен ийгиликтерине күбө болуп, анын ар бир чыгармасын куттуктап кубанып жүрдүм. Кийин дагы менин ыр кечелериме катышып, жаңы чыккан ыр китептеримди белекке алып жүрдү.

Ал тыным албай эмгектенген, чарчап-чаалыкпаган, чыныгы таланттуу композитор эле. Кыргыз акындарынын ырларына музыка жазгандан башка симфониялык музыка дүйнөсүнө баш оту менен кирип, көп жылдардын ичинде эң маанилүү музыка чыгармаларын жаратты. Кыргыздын атактуу ырчысы Токтогул Сатылгановдун эстелигине арналган №1 симфониясы, «Менин бабаларымдын жергеси» аттуу №2 симфониясы, Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун эстелигине арналган жана «Менин Кыргызстаным» аттуу симфониялык поэмалары композитордун ысмын жогорку баскычка көтөргөн, атагын алыска угузган ири формадагы мазмундуу, мыкты музыкалык чыгармалар болгону кубанычтуу факт.

Симфониялык музыканын ар кыл жанрларына жана түрлөрүнө кайрылып Алтынбек Жаныбеков нечен увертюраларды, картиналарды, кантаталарды, бийлерди, сонаталарды, хорлорду, романстарды жаратып, көп жылдар бою жемиштүү эмгектенип жаратканына күбөмүн. Алардын бардыгын тизмелеп олтурсам көп убакыт кетер эле. Мунун бардыгы Алтынбек Жаныбеков таланты көп кырдуу, симфониялык көп жана терең мазмундуу чыгармаларды жазган композитор экендигине далил.

Аны менен жеке маектешкен кезимде ал биздин республикада симфония музыкасынын өнүгүшүнө ойдогудай көңүл бурулбай жатканын айткан. Симфония музыкасынын концерттери өтпөй, кыргыз композиторлорунун жараткан симфония чыгармалары элге жетпей, пропагандаланбай, жайылтылбай жатканына, бул маанилүү ишке республиканын композиторлор Союзу, радио, телевидение кайдыгер карап келатканына өкүнгөнүн билдирген.

Ал экөөбүздүн ортобуздагы чыгармачылык байланыштар ийгиликтүү улана берди. Айрыкча «Ак куу, ак куу, апакай куу, аппак куу, ак канаттуу, жаш канаттуу жапжаш куу» деп башталган менин «Ак куу» деген ырыма Алтынбек Жаныбековдун жазган музыкасы өтө ийгиликтүү чыккандыгы чындык. Бул ыр «Түндө» сыяктуу кеңири белгилүү ыр болуп, музыка сүйүүчүлөр тарабынан, угуучулар тарабынан жогору бааланганы мени чексиз кубанткан, мага дем берген. «Көрүшкөндө жамгыр төгүп турганда» деген менин сөзүмө жазылган романсы композитордун кезектеги ийгилиги эле.

Экөөбүздүн «Кыргыз улуттук гвардиясынын маршы» деген чыгармабыз конкурста жеңип чыгып, көп жылдардан бери улуттук гвардиянын жоокерлери күн сайын ырдап жүрүшөт. «Панфилов дивизиясынын маршы» да Жаныбековдун талантынан жаралган. Марштын сөзүн мен жазганмын. Экөөбүздүн чыгармачылык мамилебиз анын өмүрүнүн аягына чейин уланып келгендиги чындык. Кийинки эки-үч жылда гана анын ден соолугуна байланыштуу кээде гана жолугуша турган болуп калганы өкүнүчтүү эле. Мен анын композиторлук талантын жогору баалап, 1991-жылы ага «Сыйкырдуу күү» деген ыр арнап, «Күмүш жылдыз» аттуу ыр китебинде жарыялаганмын. Ырдын текстин бул макалада келтирип, кыргыздын чоң композитору менен көп жылдар бою чыгармачылык байланышта болгонумду, аны менен сыймыктанганымды билдиргим келет.

Кышта, жазда, жайда, же бир күзүндө,
Музыканын нуру жайнайт жүзүңдө.
Күү жаралса жүрөгүңдө, жадырап,
Күчкө толуп батасың сен үзүргө.

Көрүп гүлдүү нечен мейкин, белесин,
Көзгө кармап тууган жердин элесин.
Ак тоолордон, дайралардан ак шардуу,
Ар кыл сонун күүлөр жыйнап келесиң.

Канаттуу ырың кайкып учкан кырларга,
Канча мукам, канчалык бай сырларга.
Өмүр таттуу, өмүр кызык адамга,
Өзүңкүндөй сыйкырдуу күү, ыр барда.

Алтынбек Жаныбеков кыргыз элинин таланттуу залкар композитору эле. Ал узакка созулган оорудан 77 жашында дүйнө менен коштошкон. Артына бай, түркүн музыкасын мурас калтырып кетти. Бүткүл өмүрүн музыкага арнаган кыргыздын сыймыктуу уулун кыргыз эли жүрөгүндө сактаарына, анын сонун музыкалык чыгармалары элге кызмат кыларына ишенем.

Zaman-Кыргызстан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 11.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий