Жыпар Турдукожоева: «Оорубай тереӊ дем алуунун өзү бакыт»

Биздин маектешибиз убагында журналист болуп эмгектенген. Көп жылдардан бери Бишкек шаарында жашап, далай адамдардын ден соолугунун оӊолушуна себепчи болуп келет. Эмне үчүн ал тууралуу ушул убакка чейин эч жерден укпаганыбызды сураганда, «Тигил же бул ооруну айыктырам деп жарнама кылган, акча бычып эл көргөн табыптар Кудайдын күчү менен эмес экени айдан ачык. Баардык шыпаа бир гана Кудайдан, ал эми табыптар себепчи гана. Күчтүү табып издебей, ар бир пенде  Кудайга тереӊ ишенсе жана чын дилинен суранса, ар качан Жараткан колдоп берет» дейт.

— Сиз убагында телерадиодо журналист болуп иштептирсиз. Мындай касиет жолуӊузга кандайча түштүӊүз?
— Өзүмдөгү касиетти бала кезден эле байкачумун. Ал эми журналист болуп иштеп, элди көп аралап жүргөн кездерде, эл арасынан башы ооруган, шал болуп калган, оозу-мурду кыйшайып калгандарды карап эле оорусунун себебин билип койчумун да, боорум ооруп айыктырып, анан алардан суранчумун: «Менин журналист болуп туруп эл көргөнүм болбойт, эч кимге айтпагыла.  Оозуӊардан чыкпасын» деп. Бирок, болбой эле адамдар бири-биринен угуп келип жардам алып, мен командировкага барганда чогулуп калышаар эле. Биз совет доорунда Кудай жок деп жашап келдик. Көрсө, канча доор өтсө да Кудайга болгон ишеним жашай берет экен. Ошол учурларда мен өзүмдү айыптуу сезсем да, Кудай мага ушундай касиет бергенине сыймыктанаар элем.

— Бул касиетиӊиз менен жашоодогу милдет-вазыйпаӊызды аткаруу керектигиӊизди качан түшүндүӊүз?
— Негизи, ар бир жан-рух бул дүйнөгө жаралыш үчүн Кудайдан суранат экен, «Мен жарыкчылыкка жаралып, өмүр сүрүп жашап өтөйүн, муну аткарайын, тигини аткарайын» деп. Ушундай бир миссиялар менен келип, анан аны аткара албай калат экенбиз, өз вазыйпабызды билбей адашат экенбиз. Мен да ошолордун бири экенимди катуу ооруп калганда, тигил дүйнөгө кетип каларымда түшүндүм. Ал мындайча болду.

Эч жерим оорубайт, кудайга шүгүрмүн, өзүмдүн канча жашаар өмүр жашымды болсо билем деп жүргөндө, 1999-жылы күндөрдүн бир күнүндө жүрөгүм ооруп, кыйналып жатып калдым. Ошол учурда тамак ичмек турсун, өзүмдүн акыркы мүнөттөрүмдү жашап жатканымды сездим. Анан, «жакшынакай жүрүп эмнеге минтип калдым, мен жетимиштей жашты жашашым керек эмес беле» деген ойлор башымда айланды.  Ошентип кыйналып жатып, «Кудайым ай» деп алсыз үнүмдү акырын чыгарып көзүмдү ачсам, жаркырак-журкурак нурлар көрүндү. Ал жарык нурлар  мени кандайдыр бир күч менен бирде өйдө көтөрүп, бирде кыйнап жаткандай сезилди да, анан прездиумда  отургандай болуп, ак калпак кийген, абдан таасирдүү көрүнгөн кишилер катар-катар үч катта тизилип, мени карап отурганын көрдүм. Мен, «ии кудайдын сотунда отурган экенмин» деп түшүндүм да, Кудайдан сурана баштадым, «балдарымды таштап өлүп калбасам экен, мындан ары айтканыӊардын баарын кылайын, адамдарга жардам берейин» дедим.  Өзүмдү чыккынчылык кылып жүргөндөй сезип, «айтканыӊар менен болоюн, киши тандабайын,  улутун тандабайын, убакытымдын баарын ушуга жумшайын, айт дегениӊерди айтып, кыл дегениӊерди кылайын» деп өтүнгөнүмдө,  менин жүрөгүмдө айрыга окшоп сайылып турган нерсе суурулгандай болуп, өзүмдү жеӊил сезип, тереӊ дем алдым. Ошондо, оорубай тереӊ дем алгандын өзү бакыт турбайбы деп калдым. Мына ошол күндөн тартып, мен табыптар менен аралаша баштадым. Көптөрүн көрдүм, бирок, Бишкектин 12-кичи районунда жашаган Нурбүбү аттуу табып апа ак жолго салган ак табып экенин билип, ошого барып, «мага устат болуӊуз» деп кайрылдым.

— Демек, элди дарылабаганыӊыз үчүн тигил дүйнөгө кетип калмак турбайсызбы?
— Ошондой болмок. Приступ болуп жүрөгүм ооруп калганга чейин эки-үч күн катары менен ыраматылык апамды түш көргөн элем.  Түшүмдө, ал эки колун жайып, бир көрдүн оозун оозун тосуп алыптыр да, ыйлап жатыптыр. Мен бир туугандарыма апам ушинтип түшүмө кирип атат, таарынып атса керек, куран окутуп коелучу деген элем. Көрсө, Нурбүбү апанын айтуусу боюнча, жүрөгүм кармап ооруп калганга чейин эле менин көрүм казылып калыптыр. Башкача айтканда, мени өлүмгө буюруп коюшуптур. 13-14 жыл мурун каза болуп калган апам Кудай экөөбүздүн ортобузга түшүп, ошол көрдүн оозун тосуп, «менин кызым дагы жашай турсун, балдары не болот» деп ыйлап турганы экен.  Мен аман калгандан кийин, апам «кызым эми Кудайдын да, элдин да алкышына ээ болот» деп ыраазылык менен күлүп турганын айтты Нурбүбү эне. Эми пендебиз да, мага ошентип айтып атса да, апамды чын эле көрдүбү, кебете-кешпирин туура айтат болду бекен деп ойлоп жаттым анын маӊдайында олтуруп.

— Шектенүү менен…
— Ооба, ошентип шек санап жатсам, аны Нурбү апа сезди окшойт: «Апаӊ ыймандуу, жакшы адам экен» деп, кийген кийимин, кебете-кешпирин  сүрөттөп айтты. Чийбаркыт халатынын сыртынан алжапкычын тагынып,  колу менен ошол алжапкычтын бир учун кармалап турат деди. Чын эле көбүнчө чийбаркыт халатын кийип, мен тигип берген алжапкычты тагынып жүрчү, Нурбүбү апа айткандай бир учун кармалап турган адаты бар эле. Мен ошондо көзүмө жаш алып, апам байкуш мени өлүмдөн сактайм деп көрдүн оозун тоскон турбайбы, мага  аян берилген турбайбы дедим да, «оо Кудай, Нурбүбү апага көргөзгөн апамды мага да көргөзө көр» деп жүрөгүмдүн тереӊинен суранганымда, апам кадимкидей көз алдыма көрүндү. Так ошол учурдан тартып мен болгон-бүткөн турпатым менен Кудайга ишендим да, мындан ары адамдарга жардам берип жүрөйүн, ак  жолго түшөйүн, мени актыктын туу  чокусуна жеткизип койгулачы деп сурандым. Ошентип, он жылдан ашуун убакыттан бери кызматымды кылып, актыктын жолунан тайбайын деп суранып келе жатам.

— Сизге кандай адамдар келип көрүнөт?
— Ар кандай оорулар менен карапайымы да, бай-бизнесмени да, башка улуттагылары да  келет. Абройлуу ректорлор, элдин тагдырын чечип жаткан соттор, өкмөт башындагылар да кайрылышат. Чоӊ кызматтагылардын көбүнчө балдары, келинчектери ооруйт.  Акчалуулар болсо  банкрот болдум,  рестораным күйүп кетти, машинам жоголду, балам рак болуп калды деп ыйлап келишет.

— Касиет күчүӊүздөн жардам алып кеткендердин айрымдары тууралуу айтып берсеӊиз…
— Ушунча жылдан бери далай эле адамдар дарыланды. Эстегендеримди четинен айтайын. Мындан сегиз жыл убакыт мурун бир жаш жигит келди эле. Анын  көзү туруп-туруп эле жабылып калат экен. Бул өтө табышмактуу оору болчу. Ошол жигит тууган-уруктары менен акча чогултуп, Москвага барып 35000 $га операция жасатар алдында мага келиптир. Ал кирип келип мага оорусун айта электе эле «сенин сол көзүӊ ооруйт экен, карегиӊе менден нур түштү» десем, «ой эже, мен ушул көзүм үчүн операцияга барган атам» деди. Анан «бөйрөгүӊ да ооруйт экен» десем, «ооба, мага  5 килограммдан ашык көтөргөнгө, аял алууга да болбойт» деп, үйлөнбөй жүргөнүн айтты. Көрсө, ал балага чоӊ аталарынын күнөөлөрү өтүп кетиптир. «Сен жетим-жесирлерге жардам кылып, Кудайдан кечирим сура. Өзүӊ үчүн да, ата-бабаларыӊ үчүн да сура» дедим. Ал жигит  айыгып, 35000 долларын да кетирген жок, Москвага да барган жок.

— Биз адатта оорунун себептерин көзү өтүп кеткен адамдардан издебейбиз, бул нерсе оюбузга да келбейт эмеспи…
— Тилекке каршы, адамдардын мындай нерсени ойго албай жашаганы өкүнүчтүү. А чындыгында, бул сыяктуу мисалдар өтө көп. Бир жолу колу шал болуп калган келин келген эле. «Сенин көп күнөөлөрүӊ бар экен» десем,  «эч кимдин эч нерсесин уурдабасам, кайдан күнөөм болмок эле» дейт. Мен эмнегедир тигини туруп барып жаакка чапкым келди да, чаппайм деп туруп эле чаап алдым. Кайра Кудайдан кечирим сурап,    «мен далысына чабышым керек эле, эмнеге жаакка чаап ийдим» деп туруп калдым. Мага да кара кирип кеттиби деген ойдо колумду ак-ак деп кармаладым. Анан дагы чапкым келип, «о какмар!» деп айтып алып, дагы бир жолу чаап алдым. Чаап туруп каптал жагымды карасам, бир кемпир мени жылмайып карап туруптур. Мен «какмар!» дегенде эле келин жалтанып алып, ыйлап кирди. Көрсө, бул сөздү кайын энесинин эмоциясы, үнү  менен айтыптырмын. Ошондо келин «бул сөздү менин кайын энем эле айтчу эле, жакында баламды сабап койгом, демек, мени Кудай жазалап аткан турбайбы, кайын энем небересин баккан, аны абдан жакшы көрчү, дайыма болушуп турчу» деп ыйлады. Кудайдан кечирим сурасаӊ баары жакшы болот дедим.

— Сиз россиялык, ал түгүл чет элдик адамдарды да дарылаптырсыз. Алар кандайча сиз тууралуу угушкан?
— Бул жактагы орус улутундагылар Россиядагы тааныштарына айтса, ал эми ал жактагылардан чет элдеги жакындары угушат. Ден соолук баарынан кымбат деп ошон үчүн айтылат да. Адам ден соолук үчүн алыскы жерди да тандабайт, акчасын да аябайт.

Санкт-Петербургдан сөөгү чоӊ бир орус киши абдан арыктап келген эле. Өзү чоӊ болуп, сөөгү калган жаман көрүнөт экен. Анын арыктаганынын себеби, ичеги-карыны оорулуу  экен, Москвадагы квартирасын сатып туруп, эӊ мыкты деген профессорго жоон ичегисине операция жасатыптыр. Операциядан кийин кандай коюу тамак жесе да, 10-15 мүнөттүн ичинде ичи өтүп, жеген тамагынын баары чыгып кетет экен. Эмнеге минтип жатат деп профессордон сураса,  «мезгил өтсө айыгып кетет» деп коюптур. Бирок, күндөн-күнгө начарлап, арыктап, ошентип үч жылдан бери ичи өтүп жашап жүрүптүр.  Бу кишиден башка Германия, Бельгия, Австрия, Швейцария, Сочи, Новосибирск, Хакасиядан телефон аркылуу  кайрылышып, тигил же бул ооруларынан сакайып кеткен учурлар көп эле болгон. Кудайдын керемет күчү чексиз.

(Уландысы кийинки санда)

Кымбат Жолдошева, “Көк Асаба”, 16.05-5.06.2012-ж.

Соц тармактар:

Жыпар Турдукожоева: «Оорубай тереӊ дем алуунун өзү бакыт»: 2 комментария

  • 21.03.2014 в 21:50
    Permalink

    адресин кайдан алсак болот? кайрылат элем Ж.Турдукожоевага

    Ответ
    • 25.03.2014 в 08:51
      Permalink

      Интервьюнун автору Кымбат Жолдошевадан сурап көрсөңүз болот. Баш редактору Салтанат Кыдырмаева — Тел.: 0 558 72-87-78

      Ответ

Добавить комментарий