Өмүр күзүндө гүлдөгөн талант

А.Жангорозова «Жамиля» тасмасында (1969-ж.). Сүрөт http://www.kino-teatr.ru сайтынан алынды

(Кыргыз эл артисти Алиман Жангорозованы эскерүү)

Алиман Жангорозова кыргыз кино-театрында аткарган ролдору менен көзгө жарк этип көрүнгөн Чолпон жылдыз сыяктуу эле. Биз «кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй» деп, кыргыз уулдарынын жүзүн Чокморовго салыштырсак, Алиман Жангорозова кыргыз энелердин жүзүн элестетет. Кадимки «Ак илбирстин тукуму» тасмасында кычыраган кыштын күнү боз үйгө алоолонто от жагып коюп, манас айтып эл энеси болуп олтурган элесин көргөндө накта Умай эненин өзү олтургансыйт. «Бакайдын жайытында» Урум апанын, «Көксеректе», «Кызыл алмада» эненин ж.б. көптөгөн тасмаларда жараткан образдарынын ар бири ар башкача. Бирок ушунчалык жүрөккө жакын. Бешинчи классынан тартып Алиман Жангорозова деген улуу актрисаны таанып, кийин эне-бала болуп нечен образдарды бирге жаратышкан эл артисти Жамал Сейдакматова эже улуу актрисаны мындайча эскерип олтурду.

Узун бойлуу Алиман эженин бак ичинде ырдаганы
Анда мен мектепте бешинчи ­класста окучумун. Алиман Жангорозова келиптир деген сөз айылга дуу дей түштү. Алиман эжени алгачкы көргөнүм али да көз алдымда. Арыраакта көл шарпылдайт. Бактын ичи. Узун бойлуу Алиман эже ырдап жатты. Ошондогу ­сулуулугуна суктанганым ай. Эженин солкулдаган жаш кези экен. Айылдаштарыбыз Алиман эже келип кеткенден кийин көпкө унуталбай, ырдаганын, сүйлөгөн сөздөрүн айтып жүрүштү. Кийин экөөбүз бир фильмге тартылуу бактысына ээ болдум. Бирибиз апасы, бирибиз кызы болуп аткардык. Ал — кыргыздын алгачкы фильмдеринин бири «Алыскы тоолордо» эле.

Алиман эже 22 жашында жесир калган
Алиман эженин тагдыры абдан эле оор болду. Согушка кеткен өмүрлүк жолдошунан 22 жашында ажырап калат. Кадимки тасмаларда биз көргөн кара кагаз Алиман эжеге да келген. Чиедей үч баласы менен оор тагдырды башынан кечирет. Кийинчерээк көлдүк жигитке турмушка чыгып, дагы уул-кыздуу болот. Эже Көлдөгү, Нарындагы облустук театрларда иштеп жүрүп, элүү жаштан өткөндө гана тасмаларга тартыла баштаган.

Баласын жоготкон күн
Ал кезде артисттер ач болуп, ток болуп, ысык-суукта, күндүр-түндүр гастролдоп жүрүп өмүр өткөрүшчү. Эже дайым бир окуяны эскерип күлүп калчу. «Ат араба менен гастролдон кайтып келе жатканбыз. Арт жагыбызда кичинекей балам уктап жаткан. Арабабыз да эски, тешиктери бар араба эле. Бир убакта карасам — балам жок. Артты көздөй издеп жөнөдүк. Көрсө, арабанын тешигинен шыпырылып түшүп калыптыр. Бозала чаңга чулганып жерде жатат. Мына, артисттин турмушу, биз көргөн күндөр» деп айтып калчу.

Чыңгыз Айтматов үй алып бергенде
Нарында, Көлдө иштеп жүрүп, борбор калаага кийин келген Алиман эже, өзү жалгыз бой болсо, балдары менен квартиралап жүрүп аябай кыйналат. Өз үйү жок, кыйынчылыкты башынан өткөрөт. Бир күнү Кинематографисттер союзунун ошол кездеги төрагасы Чыңгыз Айтматовго барып шартын түшүндүрсө, ошол замат Фрунзе шаараткомуна барып эки бөлмөлүү үй алып бериптир. Ошондо «Чыңгыздын машинесинде чогуу олтурабыз. Мен колун бекем кармап, аябай ыйлап баратам, алкышымды айтып баратам. Чыңгыз «кой эже, кой» деп коет. Ага да болбой токтоно албай койсом болобу»,- деп айтып бергени эсимден кетпейт. Алиман эже өтө салабаттуу, кайраттуу адам болчу. Сүйлөгөндө күйдүрүп, жетер жериңе жеткирип сүйлөчү. Ыйлап-сыктай турган аялга окшошчу эмес. Ошондо көөдөнүнө ыза толуп, башынан өткөргөн азап-кордукка чыдабай кетип бир буркурап алса керек.

Акыркы күндөр
Алиман эже өмүрүнүн күзү жакындап, фильмдерге кеч тартыла баштаса да эмне деген керемет ­каармандарды, жүрөккө жакын кыргыз энелеринин жүзүн жаратып кетти. Режиссерлор эжени абдан сыйлап, жакшы көрүшчү. Төлөмүш Океев Алиман эжени кайда барса ээрчитип алчу. Жөлөп-таяган тирөөчү, таянычы жок эже бир келген өмүрүн күрөш менен өткөрдү. Көп деле алдан тайыганын, оорудан кыйналганын көрсөтпөй, 80 жашка жакындап калганда, 1993-жылы 29-декабрда арабыздан узап кетти. Азыр, арабызда аман болгондо, 97-жазынын чайын ичип олтурмак экен.

Алиман Жангорозова тартылган фильмдер
» Аялдын турмушу», 1991-жыл
«Фудзиямадагы кадыр түн», 1988-жыл
«Кызыл алма», 1975-жыл
«Мен — Тянь-Шань», 1972-жыл
«Отко таазим»,1971-жыл
«Ысык-Көлдүн кызгалдактары», 1971-жыл
«Жамийла», 1968-жыл

Даярдаган Жамиля Таштанбекова, “Де факто” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 17.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий