Таанышкан күнүм алигиче эсимден кетпейт

Т.Абдиев. Сүрөт «Азаттыктан» алынды

Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү төкмө акын, дастанчы жана чебер комузчу Тууганбай Абдиев менен алгачкы жолукканым эч качан эстен чыкпас.

1978-жыл. Тууганбай төкмө эмгек өргүүсүнө чыгып, 50 жашка толгон курагы экен, ал мааракесин өзү туулуп өскөн Кетмен-Төбө өрөөнүнүн эмгекчилеринин арасында өткөрөм деп районубузга келип, райондук маданият үйүнөн азыркы белгилүү куудул Жаныбек Алыкуловду жанына алып, өз алдынча эле тоют топтоочуларды кыдырып, өнөрүн тартуулап жүрүптүр.

Ошол кезде Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин катчысы К.Молдобаев биздин районго иш сапары менен келип, тоют топтоонун ыргагын карап жүрүп, Чоң-Дөбөдөн Тууганбай акеге жолугуп калат.

-Мына, кыргыздын анык өнөрпозу деп Тукемди айтыш керек,-деп ыраазы болот К.Молдобаев. –Илгерки ырчылардын театры ушундай эле ачык асмандын алды болгон. Элге белет саттырып, бардыгын клубга камабай эле алар ушундай талаада, эл арасында өнөрлөрүн тартуулашкан. Ырахмат сизге, Туке.

Анан эсине бирдеме түшө калгандай жанында жүргөн партиянын Токтогул райкомунун биринчи катчысы Сагынбек Буларкиевге кайрылат.

— Сиздерде  райондук газета бар да.
-Бар,-дейт С.Буларкиев.
-Анда Тукемди газетаңарга жазбайсыңарбы. Кыргыздын анык өнөрпозун даңктабайсыңарбы?
-Бүгүн эле кабарчыларыбызды жөнөтөбүз,  Карыбек Молдобаевич.

…Райондук “Учкун” (азыркы “Шам¬шыкал”) газетасы да тоют топтоого карата күн сайын жарык көрүп, бир кабарчылар да районубуздун туш тарабынан маалымат топтоп, газетага жарыялап аткан чагыбыз эле. Тоют топтоочуларга концерт коюп жүргөн Тууганбай акени жазып келүүгө жаш кызматкер катары мени жиберишти. Тоют ташыган машинелердин бирине отуруп Чоң-Дөбөгө жетип барсам Тууганбай аке Караган-Жайыктын чөпчүлөрүндө жүрүптүр, кечинде келет дешти. “Ага чейин жөн отурбай көргөзмөлүү  агитациябызга жардам кыл”-дешти тоют топтоо штабынын жетекчилери мени ишке салып.

Тууганбай аке менен Жаныбек Караган-Жайыктан бешим ченде келишти.

-Бүгүн кечинде Сары-Сөгөткө оюн коёбуз,-деди Тууганбай аке мени менен таанышып,  газетадан атайын келгенимди билгенден кийин. –Ошол жакка чогуу баралы, балам. Концертибизге да күбө болосуң.  Газетаңа да маалымат топтоп аласың. Ага чейин маектешсе маектешели. Суроолоруңа жооп бергенге аракеттенейин.

Адамдын оюн илгиртпей түшүнүп, ишиңдин жылышына көмөк берген Тукемдин сапатына чынында ыраазы болдум.

-Сиз төкмө акынсыз. Анан киного тартылууга эмне түрткү болду?-деген суроону узаттым “Махабат дастаны” фильмин эске түшүрүп. -Ээ, кызык, -деп күлүп калды ал. –Бир күнү ишке баратсам Дооронбек Садырбаев келатыптыр. Ал мени “таяке” деп коёт. Өзү Кетмен-Төбөгө жээн болот экен. Мени көрүп эле: “Кашайган жаным кашайып мен мурда кайда жүргөм. Ээ, кокуй, ушу таякем менен күндө болбосо да күн алыс жолугуп жүрүп, байкабаганымды карасаң, кашайгырдыкы”-деп эле наалып келатат. “Ой, эмне болду?”-деп сурадым. “Мага окшогонду кантип жазаласаң болот ыя, таяке. Сага көп эле жолугам. Анан байкабай..”-дейт. “Ой, эмнени эле айтып атасың. Наалый бербей түшүндүрбөйсүңбү”-дедим. “Ой, таяке, мен кино тартам деп, ага башкы каарман издеп убара болуп жүрбөймбү”. “Анан таптыңбы?”. “Тапканын го тапкам, дечи. Сени байкабаганымды карасаң”-деп чын дилден эле кейийт. “Тапсаң болуптур да”-дедим.

Дооронбектин кейип аткан кебетесин көрүп күлдүм. “Доке, баш каарманың табылганга да ушунча кейийсиңби?”. “Жок, таяке”,-деди ал бир нерсени так кесе чечкендей. –Мен мурдагы оюмдан айныдым. Раймалынын ролуна Эстебести эптеп көндүрдүм эле. Андан айныдым. Сени тартам, таяке, сени”-деди жоготкон буюмун таап алгандай кудуңдап. Киного ошентип тартылып калгам.

Андан бери арадан жыйырма беш жыл өтүптүр. Албетте, кийин да көп эле жолугуп жүрдүк. Тойлордо бирге отурган күндөр болду. Өзү адамдын көңүлүн калтырбаган, юмор аралаштыра сүйлөгөн, улуу-кичүүгө тегиз караган, деңиз киши эмес беле. Ар бир жолуккан сайын Тууганбай аке эл-журттун эсенчилигин сурап, ажырашаарда “Менден бардыгына салам айт” деп калчу эле. Быйыл 23-майда Эл артисти Тууганбай Абдиев 75 жашка толот. Аттиң ай, көзү тирүү болгондо Тууганбай Абдиев эл-журтуна канчалаган мыкты чыгармаларын тартуулайт эле. Дагы канча шакирттерин өстүрөт эле? Ошентсе да, Тууганбай акенин артында нечен кылымдарды карытаар орошон чыгармалары калды.

Качкынбай Керимбаев, “Эркин-Тоо”, 22.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий