Коргошун-Дөбө шаар урандысы да четинен жоголуп баратат

Коргошун-Дөбөнүн калдыктары. Сүрөт http://www.ktrk.kg сайтынан алынды

Байыркы доорлорго таандык болгон археологиялык эстеликтерге көңүл бурулбагандыктан, айрымдары жеке топтун кызыкчылыгы үчүн талкаланып бүлгүнгө учуроодо. Ош облусунун аймагында жалпысынан 300гө жакын тарыхый-археологиялык эстеликтер болсо, бүгүнкү күндө алардын дээрлик жарымы жок болуп кетүү коркунучунда турат. Алардын бири, Ош-Кара-Суу жолунун 14-чакырымында жайгашкан Коргошун-Дөбө шаар урандысы да четинен жоголуп баратат. Бул жай улам айдоо аянттарына айланып олтуруп, ортосу гана сакталып калган. Оштон кабарчыбыз Асанбек Каракозуевдин материалын сунуштайбыз.

Миңдеген жылдар бою тарыхтын белгисиз сырын жашырып жаткан бул маданий мурас, Фергана өрөөнүндөгү Давань мамлекетине таандык шаарлардын бири болгон. Тарыхый изилдөөлөргө караганда, бул комплексте 2 гектар аянтты тоскон дубал болгон. 1940-жылдары орус окумуштуусу Александр Бернштам чалгындоо иштерин жүргүзгөнү менен толук изилдеп бүтө алган эмес. Ошондой эле Коргошун-Дөбөнүн топографиялык сүрөтү үстүнөн тартылган. Алынган материалдар дубалдардын түзүлүшүнө карап чеп бар экени аныкталган. Сырттан караганда тоо сыяктуу көрүнгөнү менен анын түбүндө Самарканд, Бухара шаарларында сакталып турган эстеликтер сыяктуу шаардын көрүнүшү бар экендиги аныкталган. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, дөбөдө мархамад маданиятына таандык археологиялык эстеликтер бар.

Мындан эки жыл мурун бул жерди жергиликтүү жашоочу Кубанычбек Бурканбаев Ак-Таш айылдык округунан 49 жылга ижарага алган. Учурда дөбөнүн айланасында 2 миңден ашык түп бак-дарак эгилип, атайын суу дагы жеткирилген.

Акыркы 10-15 жылдын ичинде жеке топтун кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга берилген эстеликтердин тарыхый жүзүн талкалоо адатка айланууда деп тынчсызданат археолог Чынарбек Жолдошбаев. Ал багбандын бул аракетин өз билемдик иш катары сыпаттап, тигилген көчөттөр жер кыртышына олуттуу зыян болорун эскертүүдө.

Бирок, ата-бабаларынын байыркы конушу болуп, көзү өткөн соң сөөгү да ушул аймакка жашырылганын айткан Кубанычбек Бурканбаев бул жерди жашылдандыруу үчүн эбегейсиз эмгек, эсепсиз каражат сарптаганын айтат.

Эгерде тарыхый жай кайсы аймакта жайгашкан болсо, ошол жердин жергиликтуу жетекчилери аны корукка алууга милдеттүү деп жазылган. Бирок, Ак-Таш айылдык округунун ошол кездеги башчысы Сүйүн Мойдунов, мындай жоопкерчилик бар экенин дегеле укпаптыр.

Сулайман-Тоо архиологиялык музей жетекчилиги бир жылдан бери багбандын ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча эскертүү берип келет. Багбан болсо буга бир жактуу жооп айта элек. Болгону жыл сайын жаңы көчөттөрдү тигип, улам айланасын көрктөндүрүү менен гана алек болууда. Бул уникалдуу жайдын тагдыры, талаштан улам бышып жетилген соттук териштирүүлөрдөн соң чечилет көрүнөт.

Белгилей кетсек, Ош облусунда тарыхый жайларга бай аймак катары Кара-Суу району белгилүү. Бул чөлкөмдө 100дөн ашуун эстеликтер болсо, учурда алардын дээрлик көпчүлүгү жеке топтун курмандыгына айланган.

Асанбек Каракозуев,«Биринчи радио», 21.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий