Кубатбек Жусубалиев: «Жалгыздык макоолорду эле тажатат»

«Муздак дубалдар»… Түшүнбѳй, улам-улам кайталап окуганым эсимде. Жан дүйнѳсү татаал жазуучу менен маектешүү учурун күтүп, диктафонду улам кармалап коюп, ал жашаган Кердегей айылын кѳздѳй жол тарттым.

«Кубатбек аксакал, жактырган адамына гана эшик ачат. Анын үйүнѳн айылды карасаӊ, баары алаканга салгандай кѳрүнүп турат. Үйүнѳ келаткан адамды терезеден карайт да, эгер жакпасаӊ, бакты кѳздѳй басып кетип калат» — деп айылдаштары жазуучунун кызыктуу кылык-жоруктары тууралуу кеп куруп баратышты.

Бактыбызга Кубатбек Жусубалиев үйүндѳ экен. Биз менен жарым саат гана маектешүүгѳ макул болду.

— Кубатбек агай, балалыкка бир кайрылбай кетмек ким – дейт. Кепти адегенде бала кезиӊизден баштасак?

— Балалык кезим 10 жашка чейин кубанычтуу ѳттү. Аябай турмушту сезүү, адамдарды билүү, жамгыр, кар, күндүн күркүрѳгѳнү, шамал, катуу кыш менен катар эле менде чоӊ кайгы пайда болду. Себеби мен ал кезде 10 же 7 жаштамынбы кийин ойлой баштадым, атамдын жок экенин. Ал киши 1939-жылы, 22 жашында фин согушуна кеткен экен. Ошондо ѳпкѳсүнѳ катуу суук тийип, кайра эле жайында айылга келиптир. Боз үйдѳ тѳрѳлгѳм. Атам бечара мен туулгандан, 3 күндѳн кийин ѳлгѳн экен. Ошондон баштап чоӊ энемдин колунда тарбияланып калдым. «Күн автопортретин тарты бүтѳ электе» атамдын образы бар.

— Жазуучулук, бала кездеги эӊсеген кыялыӊыз беле?

— Жазуучу болот дегенди деле билчү эмесмин. 4-класска чейин кантип окуганымды да билбейм. Эсимде, мен мектепке жомок угам деп барчумун. Ал тургай дем алыш күндѳрү да барып алчу экем. Бир мугалимибиз жомок айтып берчү, «Семетей», «Олжобай менен Кишимжан», «Кожожаш» эпосторун берилүү менен угаар элем. Кийин университетке келгенде мен бул адабиятты жек кѳрүп калдым. Кѳрсѳ, алдоо турбайбы. Адамга жакыныраак экенин түшүнүп, батыштын адабиятына кирип кеттим.

— Чындык менен жашаган, чындыкты издеген кишилер ѳтѳ аз болот эмеспи?

— Ооба, балачактан эле менин чындыккка болгон мамилем күч болгон. Фантазия менен жазгандарды жаман кѳрчүмүн. Турмуштан байланышы жок, жасалма нерселер жакчу эмес. Ошон үчүн менин чыгармаларым 20 жыл басууга чыкпай калбадыбы. Мен шондой туулуп калыптырмын да. Кийин окугандан кийин гана туура экенин сездим. Бирок адамдарга жакпаган кѳз караш экен. Анткени, адамдар ѳздѳрү алдап, ѳздѳрүн-ѳздѳрү жасалма калп айтып жашашат тура.

— Айылда ѳскѳн тоолук жигит билимди кайдан алган?

 — Ѳзүм ѳтѳ кѳп окудум. Себеби, орустун тилин билчү эмесмин. Окуй турган китептердин баары орусча, аябай кѳп окуп, орусча түшүнүүгѳ аракет кылдым. Ушунчалык кѳп убакыт кетти. Ошондо жазса болот экен деген ойго келгем. Орустун тили жакшы экен. Кыргыздын баласы Айтматов да мага окшогон эле жигит, орусча жазчу.

— Кубатбек Жусубалиев, улуу идеяларды жаратылыштан, Кердегей айылынан, тоолордон алабы?

— Чыгышта жакшы сѳз бар: «Дүйнѳнү ѳзүӊүн корооӊон чыкпай туруп эле тааныса болот» деген. Бул эми чоӊ сѳз. Мисалы, кандайча болот корооӊон чыкпай жүрүп олтурсаӊ, кой, уй , эшек деле чыкпай турат. Эгерде бир нерсени жасабаса, адам деле ошолорго окшош болуп калат. Бул нерсе адамды ѳзүн-ѳзү таанууга бет койгону болсо керек. Анда адам эптеп кайгы-капа жеп жүргѳнүн билгенде дүйнѳнү тааный баштайт. Ал эми тоолор тынч, таза…

— Ѳзүн-ѳзү таануу деген эмне?

— Энем: «Ѳзүнүн жанына күйбѳгѳн, бирѳѳнүн жанына күйѳбү?» дечү. Себеби ѳзүн-ѳзү таануу, ѳзүнѳ күйгѳндүктүн эӊ туу чокусу. Антпесеӊ, сен ѳзүӊү билбесеӊ, башканы кантип билесиӊ? Башкага кантип билем деп айтасыӊ. Менин биринчи эле кайгым ушул болчу, кийин билдим. Бала кезде ойлочу элем, эгер жазуучу болсом, ушунча адам болсо, мен аларды кантип билем, аларды билишим керек да, ар биринин үйүнѳ барамбы? — деп кайгырчумун. Кийин анан ушул жолду билгенде түшүндүм.

— Окурмандарды дагы кандай жаӊы чыгармалар күтүп турат?

— Кол менен жазылган чыгармалар бар, каржы каатчылыгына байланыштуу чыкпай турат. Бечара «Муздак дубалдар» эптеп-септеп чыкпадыбы. Мунун мен такыр оӊдобой жазгам. Анда 28 жашта элем. Кол жазмада жазылган чыгармалар кѳп, анан орус тилиндеги жарык кѳрүүчү китептер бар.

— Раматылык, Мелис Эшимкановдун дүйнѳдѳн ѳтүшү сизге кандай таасир этти?

— Мен Мелис камбагал тууралуу бир ооз сѳз айтам. Мен аны ѳтѳ жакшы кѳрчүмүн…

Убакытты карап коем 1 сааттан ашык сүйлѳшүптүрбүз. Жазуучу улам ачылып, кароо-жайы менен тааныштырып жүрдү.

— Бак-дарактарды ѳзүӊүз карайсызбы?

— Дарактарды кесип атып кээде тѳбѳсүнѳ чыгып кеткенимди байкабай калам. Кесип атып аягына жеткен сайын күчѳйм, кайра дем алам. Ошондо мындай бир ой келди. Бул аябай жакшы ой, силерге айтып берейин, мага жакты багбанчылык, бакчы деген ѳзү негизинде акылмандык деген эле сѳз, себеби турмушта сүйүү деген сѳз бар, ушуларды реализация кылган аткарган, турмушка ашырган багбан. Мен айраӊ калып аттым кээде, анткени, ушунча жашка келип, улуу багыттагы киши болгондуктанбы билейм, ар бир даракты аябай кестим. Ким бири- бирине тоскоол болсо, кесе бердим. Бүткѳндѳн кийин карасам, сулуулук… Сүйүү, сулуулук, түшүнүк. Ошондо аябай таӊ калдым, ошол жасаган иштен рахат алдым, аржаке-маржаке ѳскѳндѳрүн кесип салдым. Бул дарактарга менин берген жообум болду.

— Үйүӊүздүн проекти кимге таандык?

— Эй, кимге таандык болмок эле. Архитектор досум бар болчу, ал 2 жолу келип пландаштырды. Ошону менен келбей койду. Бүткѳндѳ кийин келип кѳрүп таӊ калды. Ѳзүм ойлогондой, акча жок болуп калды чѳнтѳгүмдѳ, 1 тыйыным жок кургам бул үйдү. Асабада иштечүмүн а кезде, жаны жок Мелиске мына жетпейтат деп айтам ал мага калем акы берет, кээ бир достор бар Жалал-Абадда жардам берди, ал эми ремонтун Жамбы жасады. Калганын эптеп тырмалап ташып жүрүп бүтүрдүм.

— Чыгармачылык эргүү кайсы мезгилде келет?

— Чымчыктар менен теӊ жатам. Кѳп болсо 6 саат уктайм, аябай чарчаганда. Калган убакытта эмнени болсо бүтүрѳм. Компьютерде иштешти үйрѳнүп алдым. Жамбы зордуктап үйрѳтүп, ноутбук сатып берген. Кызым күлүп атат үйүндѳ 2 ай жашап, американский бир программаны кѳрүп, тил үйрѳнүп жатам, жакшы экен 56 күн уктум да, анда кийин кызымын башын айландырып, 115 сѳз жаттап койдум. Ал күлѳт. Менде Бишкекке барганда иш пайда болду. Телевизорум жок. Так что мен англис тилин тереӊдетип үйрѳнѳйүн деп жатам.

— Тамакты ѳзүӊүз бышырып жейсиз да?

— Мен суу ичем, анан нан, калганы эмне экенин азыр кѳрѳсүӊѳр. Эртеӊ менен турганда кофе ичем. Мына менин тамагым, ооз тийгиле, башка менде эч нерсе жок. (/йүнѳн чагылган жаӊгак менен кошо мейиз алып чыкты).

— Эт жебейт деп уктук?

— Ооба, эт жегенди 40 жаштан баштап таштадым. Арак, шарапты таштадым, кымыз да ичпейм, тамеки чекпейм. Кыздарга барчу элем, азыр барбайм.

— Эмнеге жебейсиз?

— Кызык экенсиӊ эй, жейт деп эле ар биринен ура берсеӊ, максатыӊ кайда калат? Шон үчүн кѳп нерселерди отказ берүүгѳ туура келет. Бул нерсе ѳзүн-ѳзү билүүнүн жүрүшүндѳ билинет да, камбагалсыӊбы же ишке жараган баласиӊби. Менде чоӊ кѳйгѳй болду. Жаш кезимде будданын бир сѳзүн окуп калдым, «Адам болуш кандай кыйын» — деп ыйлап ийиптир, мен ойлодум бул пайгамбар киши болсо, ыйлап муӊканып айтып атса, анда менин кѳйгѳйүм, кѳйүм эмне болот деп.

— Жылаӊайлак жүрѳт экенсиз?

— Ушул да сурообу? Жылаӊайлак жүргѳнгѳ кѳнүп калдым. Жердин жылуулугун, жумшактыгын жыӊайлак жүрбѳсѳӊ кайдан билесиӊ?..

— Жалгыздыктан тажаган жоксузбу?

— Жалгыздык макоолорду тажатат. Жагыздык – адамдардан алыстоо, аларды жаман кѳрүү, ѳйдѳсүнүү эмес, кайра адамга жакындашуу, ѳзүн ѳзү билүү деген сѳз. Жалгыздык деген сѳз түбүндѳ тазалануу деген маани жатат.

— Той-топурда, маркумду жерге берүүдѳгү ашыкча ысарапкерчиликке оюӊуз кандай?

— Салт-санаанын эч кандай жамандыгы жок. Бир абышка айтты эле, анын чоӊ атасы бар экен. Ошол киши бирѳѳ ѳлгѳндѳ гүпүйүп олтура берчү дейт. Кишилер гүү-гүү ѳтүп жатса, кемпири: — сен эмне барбайсыӊ? десе тиги: — ушулардан эт тиеби деген экен. Аны сыӊарындай, кыргыздардын бул илгертен берки салт-санаасы. Тыйып эмне? Ысырапкерчилик ошол берген кишинин үнѳмдѳп сарптаганында жатат.

 Тиштериӊиз бүтүн бойдон тура?

— Силер жаштар таттууну кѳп жейсиӊер да.

Маегибиз бүткѳн соӊ Кубатбек Жусубалиевдин 90 жаштагы апасы Канимет энеге жолугуу үчүн анын үйүн кѳздѳй жѳнѳдүк.

Канимет эне: — Кубат, боюна жараша, оюу да узун бала болчу. 1-класста окуп жаткан кези болсо керек эле, кѳзү азиз кайын энеме арызданып, колхоздо иштеген Мадиш деген киши келди. «Жетимиӊ мени гезитке чыгарып, уят кылды» — деп. Кѳрсѳ, Кубат Мадиштин суу жетпей куурап калган эгиндерин кѳрүп, «Мадиш жатат сулап, эгини жатат куурап» — деп гезитке жазып ийиптир. Ошондо Мадиш: — Жеӊе бул жетимден кѳп нерсе чыгат деген эле

Лира Акматова, «ОшПресс», 14.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий