Ырым-жырымдар

Нандын күкүмүн шыпырба, ырыс-насибиң кемийт, ачарчылык болот.

Нанды тетири койбо, бир колдоп сындырба.

Нанды тегерете сындырбай, тең бөлүп сындыр.

Нан менен бычак аарчыба.

Туз — насибиң, аны тепсебе, алыска жол жүрөрдө туз таты.

Үйгө келген адамга нан ооз тийгиз.

Тамакты алгач өзүң ооз тий, насиптин алдын башкага бербе.

Алыска сапарга чыгарда нандын четинен ооз тийип, сактап кой, насип күтөт.

Алыска аттанарда ачууланба.

Чай же суусундук сунганда чыныны оң колго кармап, сол колду көкүрөккө коюп, бир аз ийилип сунуш керек, ал эми куйганда өз колуңа алып куй.

Мейман келгенде кабагыңды бүркөбө.

Тамакты сурап бербе.

Тамак ичип жатканда жер таянып отурба.

Тамакты чалпылдатып чайнаба, шорпону шорулдатып ууртаба.

Тамак ичип бүткөндөн кийин бата кыл, тамак ичээр замат жатпа.

Конок үйдөн чыкканча ичиңдеги уйгу-туйгуну басып тур.

Конгон мейманды эртең менен эрте ойготпо, ал кет дегенге тете.

Дасторкондо отурганда сыртка чыгууга туура келсе, олтурган адамдын бутун аттап өтпө, сакалдуу адамдын артынан өт.

Чайыңдын түбүн төкпөй ич, ырыскыңдан айрыласың.

Бышкан ашты таштаба.

Дасторконду жыйнай электе жата калба же туруп кетпе.

Тамакка сынтакпа.

Чыныны чертпе, куру казанды калдыратпа, үйдөн береке качат.

Кемегени теппе-ырыскың төгүлөт. Идиш-аякты тепе.

Чайдын чамасын булганыч жерге төкпө.

Супураны улагага илбе, жерге таштаба.

Караңгыда ак сураба.

Акты (сүт, айран, кымыз) төкпө.

Акты атынан айтпа. Мисалы, ак түстөгү малды «кызыл ат», «куу ит» деп терге.

Бирөөдөн тузду бекер алба.

Караңгыда сырттагы тамактын бетин ачык калтырба.

Эртең менен эрте турсаң, ырыскыдан куру калбайсың.

Эртең менен турганда бет жуубай туруп кишиге караба.

Эртең менен жаман сүйлөбө.

Күн шашкеге чейин жатпа.

Малды теппе, башка чаппа.

Канды тебелебе.

Жыйылган жүккө жатпа.

Жаткан адамды аттап өтпө.

Мылтыкты аттаба.

Жаткан төшөктүн баш жагын тепсебе.

Кийимдин жакасы менен жеңин тебелебе.

Жайнамаз менен супураны тебелебе.

Колуңду жууганда силкпе, ырыскы качат.

Жеңиңди тиштебе.

Жаздыкты тескери койбо, тепсебе.

Ысмайыл Кадыров, «Де Факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 19.04.2012-ж. 

«Кепиниңди кийип кал» деп эч кимди урушпа.

Колуңду төбөңө койбо.

Тизеңди кучактап олтурба, бул жесирликтин белгиси.

Жаагыңды таянба, ыксыз үшкүрүнбө, капачылыкты чакырасың.

Миздүүнүн мизин каратып койбо, кан тилейт.

Боюңду карыштаба.

Жаш туруп, желбегей жамынба.

Итиңдин улуганы — жамандыктын жышааны.

Мойнуңа аркан (кур, жип) салба, анты болот.

Жер таянып олтурба, таякка сүйөнбө.

Колуңду аркаңа алып баспа.

Беймаал убакта ыйлаба, күүгүмдө уктаба.
Шайтан аттайт делет элде. Шайтандар түнкүсүн көбүрөөк чогулат. Беймаал келе баштайт, үстүңдөн аттап өтсө, сен да шайтандап каласың деп ырым кармайт.

Босогого жөлөнбө, бойлоп турба, астананы басып турба, астанага жатпа.

Босогодо туруп кол алышып учурашпа.

Шыпырынды менен күлдү чогуу чыгарба, өлүм менен той бир күнгө келип калат.

Отко түкүрбө, суу чачып өчүрбө.

Агын сууга түкүрбө, ылайлаба, даарат ушатпа.

Булак башын булгаба, ыйык сакта.

Агын сууну чачпа.

Сууну булгаба, суу боюна уктаба.

Караңгыда сууга барба, идиштеги суунун үстүн жаап кой.

Суу көтөргөн апкечти (баканды) аттаба.

Тили чыга элек баланын кийимин эшикке калтырба.

Караңгыда күл төкпө.

Аял киши түндө эшикте жүрбөйт.

Сууну баштан айландырган ырымы
Балдар армиядан, же догдурдан чыгып келгенде, баштан суу айландырып чачылат. Ошол ооруусу, жолдон жабышкан жаман нерселер  суу менен кетсин,  суудай таза болсун деп. Келген адамды эшиктин алдынан эле үйгө киргизбей,  чоң чыныга суу  куюп келип, башынан үч жолу айландырып “менин колум эмес, Батма Зууранын колу” деп, “балакет-салакет, илешкен  шайтандар кетсин” деп өзүн үч жолу түкүртүп, алыс көчөгө сууну чачуу керек. Ырымдалган адамды  артын каратпай үйгө киргизүү зарыл. Кылчактап карабаш керек. Жаман нерселер кайрылып келет анда. Чыныны талдын түбүнө үч күн көмөрүп коюулат. Анткени чыны  жылдыз көрүшү керек. Жылдыз, түн да жакшы нерсе. Жамандык узап кеткенден кийин, чыныны алып кийрип коёт.

Жаман түш көрсөң агын сууга айт
Ден соолук үчүн, үй-бүлө тынчтыгы үчүн ырымдар аткарылат. Жаман түш көрсөң агын сууга барып айтып ырымда. Жаман нерселердин баары ушул жаман түш менен агып кетсин деп. Аркаңды карабай кет.

Кечинде ак берилбейт.
Кечинде ак берилсе, береке-ырыскы, жакшылык да кошо кетип калат дейт элибизде.

Мал бергенде бирөөгө, баш боосун кайра алат.
Анткени короодо мал жок калбасын, жибибизди алалы дейт.

Бычакты кырынан коюу – жамандыктын белгиси.

Мийизи көктү карап турган үйдө , бычакты курчутканда мал көп өлөт дешет.

Така – байлыктын белгиси.
Таап алган же бир түгөйү жоголуп кеткен такаларды эшикке кагып койсо, байлык, береке кирет деген ырым бар. Эски така жакшы, анткени көп нерсени көрдү, көп жерди басты.  Эшикке же дарбазага өйдө жагына, ачык жагын өйдө каратып кагат.  Үй ээлери да ошондой кең пейил, ачык, март болсун деп ырымдашат. Така  кол жайып,  баардык нерсени күтүп тургандай элес берет. Аны таап келген киши же үйдөгүлөрдөн бирөө кага берсе болот.

Өлүк чыкса мык кагат.
Кадимки эле мыкты бир үйдөн катар өлүк чыкса кагып коёт. Арты бекем болсун мык менен тосуп койдук деп. Мүрзөгө да кулпуну таштап коёт. Артынан дагы эч кимди алып кетпесин, кулпулап коёлу деп.

Шыпыргыны өйдө тургузбаш керек.
Шыпыргыны өйдө тургузганда, душман көтөрүлөт деп айтылат.

Таштандыны үйбө.
Таштандыны үйсө, бирөөгө өлүм тилеген болосуң деп айтылат. Ырымды жакшылыка тилеп койсо, ошондой буйруйт.

Сөөлдү буудай, жыландын кабыгы, картошка менен жоготот.
Сөөлдөрдү буудай, жылаандын кабыгы,  картошка менен да ырымдайт. Жети даана буудай алдырып,  сөөлгө тийгизип, атайын сөздөрдү окуп, ырымдап буудайды сууга чачтырат. Суу менен кошо алыс агып кетсин деп. Анан дагы бир ыкма картошканы сөөлгө тийгизип, аны тең экиге бөлүп алып, аркаңды карабай кет. Анан дагы  айга көргөзүп,  тамдын башына ыргытып жибериш керек, картошка куураганда сөөл да түшөт. Өзүнүн ырымы ошондой. Жылаандын кабыгын берсе да болот. Өзү эч билбеш керек,  тамакка кошуп берип койсоң,  сөөл түшүп калат.

Аластоо эмне үчүн жазалат?
Үйгө киши-кара келет, үй оорлойт, бала чакаң да ооруп калат. Арча тазалыктын белгиси,  жыттуу,  анан аластап койсоң жеңилдеп каласың. Жаңы жылда, Ноорузда да үйдү ысырыктап койсо жакшы.

Конокко барганда, дайыма даам татпай туруп биринчи барган үйдүн арбактарына деп куран окутуш керек.

Баш кийимди эч кимге бербеш керек.

Бут кийимди тебелетпеш керек.

Жаман түш көрсөң күл менен ырымда.
Жаман түш көргөндө, аккан сууга айтса болот. Аябай жаман түш көрсөң күл менен ырымда. Пиялага күл салып, башынан айландырып, жаман балээден алыс бол деп пияланы жерге коюп, жанына газета коюп коюп, бут менен пияладагы күлдү төгөт. Анан газетадагы күлдү аккан сууга алып барып таштап,  тескери басып кетиш керек.

Жер тандап басыш керек.
Ар кандай таштанды төгүлгөн жаман жерлер менен баспаш керек. Ал жерде шайтандар ойноп турат. Бут кийимди дайыма таза алып жүрүш керек.

Жаңгактын жолу өзүндөй кату.
Жаңгакты эч ким тикпейт. Аны тиккен киши эрте өлүп калат делет элде. Жаңгактын жолу өзүндөй катуу.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий