Канча тил билсең, ошончо дил билесиң!

Учурда өз эне тилинен башка чет тилде сүйлөй албаган замандаштарыбыз сапаттуу билим алуу же жакшы жумушка орношу мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырап калууда. Анткени жумуш берүүчүлөр кеминде эки чет тилде сүйлөгөн адамдарга артыкчылык беришет. Мындан улам тилге болгон муктаждык менен бирге тил үйрөтүү курстарынын сандары да күндөн-күнгө өсүүдө.

Тил үйрөнүү убакытты талап кылат

Тил үйрөтүү курстары каалоочуларга кыска мөөнөт ичинде чет тилин үйрөтүү кызматын сунуштаганы баарына маалым. Он күндүн ичинде англисче үйрөтө коёбуз деген курстарга телефон чалып, окутуу шарттары жөнүндө сурадык. Ошондой курстардын биринде окутуучу болуп иштеген Мария Чечина аталган курстун акысы 4000 сом турарын, окутуу 20 саатка созуларын билдирди. 10 күндүн ичинде англисче үйрөнгөн чилистендерди издеп, тилекке каршы таба алган жокпуз. “Кыска убакыт ичинде тил үйрөнүү мүмкүн эмес. Тилди акыл-эске сиңириш үчүн көп убакыт талап кылынат,” — дейт кыргыз полиглоту Турусбек Мадылбай. Буга мисал катары мектепте бир нече жылдап чет тилин окуган балдар, ал тилди жакшылап өздөштүрө албай жаткандарын кошумчалады. Анын айтымында, күнүмдүк турмушта колдонулуучу кээ бир сөздөрдү үйрөнүп алуу, бир тилди үйрөндүм дегенге жатпайт. “Мен башка тилди үйрөндүм” — деп айтуу үчүн, ошол тилде окуп жана жаза билүүнү, сүйлөөнү өздөштүрүү керек. Эсиңиздерге сала кетсек Турусбек Мадылбай учурда 32 тилде сүйлөп, 170 мамлекетке котормочусуз бара алат.

Талап болсо, сунуш да бар дегендей Бишкекте чет тилин үйрөтүү борборлору көп. Ошондуктан кайсы борбор кандай үйрөтөт? Канча убакыт жана каражат талап кылынат? Мына ушул суроолорго жооп издеп, бир канча тил үйрөтүү борборуна баш бактык. Негизинен бардык тил үйрөтүү борборлору студенттин убактысына жана тил билүү деңгээлине көңүл бурат. Бир топто 6-7 киши билим алат. Тил үйрөнүү акысы бир айда 1500-2000 сомго чейин жетет. Анын ичине китеп, диск сыяктуу окуу куралдары кирет. Баасына жараша тил үйрөтүү сааттары бир күндө эки сааттан кем эмес убакытка созулат. Адистер бир чет тилин жогорку деңгээлде үйрөнүү үчүн кеминде 6 ай керектигин баса белгилешет.

Бир айда эч өзгөрүү болгон жок

Жумасына бир нече сааттык курстарга жазылгандар да аз эмес. Алардын бири студент Аскербек кызы Назгүл. Анын айтымында курска катышуусуна университеттик программага жетишпей жатканы себеп болгон. “Мен мектептен англис тилин жакшы өздөштүрбөгөндүктөн, жогорку окуу жайга тапшыргандан кийин сабактан аксай баштадым.  Ошентип, досторумдун сунушу менен тил үйрөнүү курсуна жазылгам. Бирок, эч кандай жыйынтык чыккан жок. Анткени агайыбыз кыска убакыттын ичинде, көп темаларды биринин артынан бирин түшүндүрүп жатты. Окуучулардын түшүнбөй жатканы аны кызыктырган да жок. Бир айда менде эч кандай өзгөрүү болгон жок,” — деп кейип алды Назгүл.

Көп нерсе мугалимден көз каранды

Англис, француз, испан, итальян, немис тилдерин суудай сүйлөгөн КТМУнун профессору, философия илимдеринин доктору Үмүт Асанованы кепке тартканыбызда төмөнкүлөрдү айтып берди. Чет тилдерин үйрөнүүдө эң башкы фактор мугалим болуп эсептелет. Мугалим канчалык билимдүү болуп окуучуну өзүнө тартып алса окуучунун да кызыгуусу ошончолук артат. Андане кийин сөзсүз түрдө окуучунун кызыгуусу керек. Кызыгуу, каалоо болсо бул жашоодо баардык нерсеге жетишүүгө болот. Убакыт да өтө маанилүү. Билим алуу үчүн, тил үйрөнүү үчүн эч качан кеч эмес. Бирок, жаш кезде чет тилдерин тез үйрөнүү мүмкүнчүлүгү жогору экенин унутпашыбыз абзел.

Кыргыз полиглоттору

Кыргызстандын Гиннес рекорддор китебин барактап отуруп, төмөнкүдөй куызыктуу маалыматтарга ээ болщдук. Эң көп тил билген кыргыз жараны, жазуучу Турусбек Мадылбай баш-аягы 32 тил билет. Ал эми Италияда жашаган Цицерон Козубеков Улан кыргыз, орус, испан, француз, немис, англис жана итальян тилдерин билет. Ошондой эле Сейтек Качкынбай аттуу кыргыз жигити түрк тилдерин кошуп эсептегенде 15 тилде түш жоруй алат.

Жогорудагы мисалдардан кийин жыйынтык чыгарсак. Чет тилдерди үйрөнүү үчүн:

1)    Тил үйрөнүүгө болгон кызыгуу,

2)    Күчтүү окутуучу,

3)    Талыкпаган эмгек,

4)    Убакыт,

5)    Акча каражаты,

6)    Күн сайын оозеки, жазуу жана окуу жүзүндө практика талап кылынат.

Динара Мадиярова, «Манас» гезити

Соц тармактар:

Добавить комментарий