Агасынын атын өчүрбөй келаткан карындашы Сания

Өгүнү Какен Алмазбековду эскерүү кечесине чакырышкан. Ооруканада жатып бара албай калдым эле. Ошондо айтчу сөзүмдү азыр деле айтсам кечтик кылбас.

1976-жылы Кыргыз кинокомитетинен (Госкинодон) Маданият министрлигиндеги бириккен репертуардык — редакция коллегиясынын башредактору кызматына которулдум. Жарым жыл өтүп-өтпөй ишиме Сания Сатарова келди. Ал ошол кездеги кыргыз министрлеринин тыңдарынын бири, жеңил өнөр жай тармагын жетектеген Калдыбай Сатаровдун келинчеги эле. Биртоп жылдан бери Сатаровдор менен тааныштыгыбыз болгондуктан, албетте анча-мынча ал-жай сурашкан болдук.
Сания кепти узартып отурбай:
— Бексултан, мен сага атайын келдим, — деди да кабыргасынан суроо койду. — Акындар жазган ырларды сен кабыл аласыңбы?
— Ооба. Обон чыккан, обон чыкчу ырлардын сөзүн да биз кабыл алабыз. А обонун композиторлордон, обончулардан, акындардан, ырчылардан куралган комиссия кабыл алат. Эмне, ыр жаздың беле? — деп тамашаладым.
Сания күлгөн деле жок.
— Ыр жазган авторго гонорар төлөнөбү? — деди такыгансып.
Гезит-журналга, китепке басыла элек ырларга обон чыкса гонорар берилерин айттым.

— Эмесе, — деди Сания, — менин байкемдин көп ырына обон чыккан, эмгиче акысын албай жүрөт…
— Байкең ким эле? — дедим мен.
— Какен Алмазбеков, — деди Сания күлүмсүрөп.
— Кайсы? Байдылданын батальонундагыбы? — Мен таңыркай түштүм. — Бир-эки эле ыры ырдалып жүрөт го анын…
— Ыры көп. Аты аталбай жүрөт… — деди Сания.
— Жаңылыш айтып алдың окшойт, чын эле агаңбы, сенден кичүүдөй, жаш көрүнөт го? — дедим оюн-чыны аралаш.
Бул сөзүм Санияга жага түшкөнсүдү:
— Жаңылыштыгы жок, карындашы экеним чын, — деди күлүмсүрөп.
— Ырларын алып келсин, — десем, Сания:
— Келбейт, — деди.
— И, эмнеге? — Себебин түшүнбөй таңыркадым.
Сания акырын күлүп койду:
— Силерден көңүлү калганбы, уялабы, билбейм…
— Анда сен алып кел, — дедим.
Үч-төрт күндөн кийин Сания биртоп ырдын тизмесин алып келиптир. Карап көрсөм баары эле тааныш, такай ырдалып жүргөн жагымдуу ырлар. Сезимди ойготкон ушунча жакшы ырдын баарын сыртынан жүдөө көрүнгөн, бала сымал, бою пасыраак жоош неме жазган деп Какен Алмазбековду карындашы Саниядан башка бирөө айтса мүмкүн ишенмек эмесмин. Ушул ырлардын сөзүн чыгарган акын көп жашап, көптү көргөн бирөөдүр дегенчелик кылып жүрө бериппиз да! Сөз — обону жакканга корстон болсок керек. Атактуу Байдылда Сарногоевдин тегерегиндеги жоон топ жигиттердин арасында Какен Алмазбековдун жүргөнүн Дзержин көчөсүндөгү «Сейил» кафесинин маңдайындагы скамейкадан, дагы башка жайлардан көрүп калар элек. Ал топтун «Байдылданын батальону» деген тамашалуу аты бар болчу. Кээде Байдыкенин батальонуна «туткунга» түшүп калсак, жүздөшө коюп кутулган учурларыбыз болгон. Бирок Какен Алмазбековдун ырлары кенен ырдалып жүрсө да авторлугу аталбагандыктан ырларын элдики же башка бирөөлөрдүкү деп өзүн элес албай, көптүн бири деген ойдо жүрө бериппиз да. Көрсө ал көптүн бири эмес, абдан таланттуу, адамдын тагдырына күйүп-бышкан, намыстуу кыргыз акыны экен!
Маданият министрлигинин Алексей Трофимович Буряк деген өтө тыкан башкы бухгалтери бар эле. А кишиде кайсы драматург, кайсы композитор, обончу же акын качан кайсы чыгармасы үчүн канча гонорар алганы шуру тизгендей каттоодо сакталчу. Сания алып келген ырлардын тизмесин Алексей Трофимович текшерип чыкты эле, гонорар алган авторлордун катарында Какен Алмазбеков жок экен. Мындай болгон соң калем акысын төлөп берүүгө милдеттүүбүз. Редколлегиянын протоколун түзүп, тиешелүү колдорду койдуруп дегендей, бухгалтерияга өткөрдүк. Кептин мааниси мында деле эместир. Кеп Какен Алмазбековдун калем акыны берсе берээр, бербесе жок дегендей акчага кайдыгерлигиндедир? Андай деле болбосо керек. Же анын чыгармачылыкка баш-оту менен кирип кетип көроокатка көңүл бурбай калганындадыр? Андай болушу мүмкүн. Мүмкүн, Сания айткандай, министрликте иштеген кимдир бирөө көңүлүн оорутуп экинчи келгис кылгандыр? Мүмкүн. Бирок эмнеси болсо да карындашы агасынын намысын коргоп, атын өчүрбөй келатканы өтө кымбат. Баягыда Сания бизге келип Какендин авторлугун тактап кетпегенде, агасынын ырларынын канчасы «элдики», дагы канчасы «башка бирөөлөрдүкү» делинип ээсин таптай адашып кетмек. Адашкан ырлары дале бар деп угабыз. Андайларды «бул менин ырым» деп көзү тирүү болгон күндө деле Какен Алмазбеков айтмак эмес деп ойлойм. Аны бир айтса музыка изилдөөчүлөр, Какенге сырдаш акындар айтышы мүмкүн. Карачечекей карындашы Саниянын күйүмдүүлүгүнө ыраазы болбоско чарабыз жок.

Бексултан Жакиев, Кыргыз эл жазуучусу, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 23.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий