Бексултан Жакиев, Кыргыз эл жазуучусу: «Эстеликти жулунгандар гана коюп атат»

— Бексултан агай, жакында Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун 100 жылдыгына байланыштуу конференция болуп, анда сизди элди түндүк-түштүккө бөлдү деп айрым басылмалар күнөөлөп чыкты. Бул чынбы? Ал жерде кандай кеп-сөз болду эле?
— Өкмөт Т. Сыдыкбековдун 100 жылдыгына карата комиссия түзгөн. Анын алгачкы иш пландарында ар кандай иштер көрсөтүлүптүр. Ал жерде Т.Сыдыкбековдун эстелиги Каракол шаарына коюлсун деп жазылган экен. Мен ошону көрүп комиссиянын биринчи жыйынында көзү өтүп кеткен кишилерди да трайбализмге байланыштыра бересиңерби дедим. Учурунда Жусуп Абдрахмановдун да эстелигин көлдүк болгон үчүн Караколго койдурушкан. Ошондо мен бул туура эмес, Жусуп Абдрахманов деген жалпы кыргыз эли, Кыргызстан үчүн чоң эмгек кылган. Ал болбогондо 30-жылдары эгинди бүт өкмөткө тапшырып берип кыргызстандыктар бүт кырылып калмак. Ж.Абдрахмановду Советтер Союзундагылар да жакшы билген. Ал Маяковский, Мейерхольд менен дос болгон. Көлдүк экен деп эле Көлгө эстелигин кое бериш туура эмес деп Аскар Акаевге айтсам, болбой эле Караколго коюп коюшкан.

Азыр да Түгөлбай Сыдыкбековго ушундай мамиле болуп атканы туура эмес. Анын эстелиги Бишкекке коюлушу керек. 2003-жылы март айында ошогездеги президент Аскар Акаевге, премьер-министр Николай Танаевге, Бишкек мэри Медет Керимкуловго Т. Сыдыкбековдун көзү өтүп кеткенден кийин аты эч жерде аталбай, эстелиги тургузулбай атат деп аттуу-баштуу инсандардын атынан кат жолдогонбуз. Кийин Ысык-Көл фондусуна мэриядан Т.Сыдыкбековдун эстелиги Чүй-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишине тургузулмай болду деген жооп келген. Ошондон бери тынчып, эч нерсе кылынбай калган эле. Анан жүз жылдыгы келатканына байланыштуу бул маселени кайра көтөрүп чыктым. Т. Сыдыкбеков менин агам, таякем же атам эмес, ал кыргыз элине, кыргыз элинин адабиятына, маданиятына, руханий дүйнөсүнө, ар-намысына зор эмгек өтөгөн атактуу инсан. Анын эстелигинин өзүнө эч кереги жок. Ал тирүүлөрдүн, улуу-кичүүнүн намысын козгоп туруш үчүн керек. Комиссиянын биринчи жыйналышында мен ушуларды айттым. Ошондо эстелик качан, кай жерге коюлат, марафон өткөзүш керек деген сөздөр болду. Анан мен Бишкек мэри Иса Өмүркуловго чалып, ушуну тактап берсеңер, жок дегенде таш коюла турсун дедим. Мэр менин айтканымды туура көрдү. Ага чейин Кыргызстандагы белгилүү академиктер, жазуучулар, баатырлар, коомдук ишмерлер кол койгон Т.Сыдыкбековдун эстелигин койдуруу, атын көчөгө берүү маселесин чечип берүүнү сураган катты президентке, спикерге, премьер-министрге, мэрге жөнөткөн элек.

Бул кишинин туулган күнү 14-май экен. Ошол күнү өзү музей болсун деп Сталиндик сыйлык акчасына курдурган үйүнө мемориалдык такта илинди. Ошондо бирөө таш коелу деген сунушуңузду иш планга киргизбей коюптур деп калды. Каяктан киргизбей коюшуптур, ким экен десем Маданият министрлигинен деп айтышты. Анан такта илинип атканда мага сөз берилди. Мен «Фрунзе шаарынын мурдагы генералдык планы боюнча темир жол вокзалынан азыркы Жибек жолуна чейин маданият, адабияттын атактууларынын эстеликтери тургузулары белгиленген эле. Бул кийин бузулуп кетти. Бульварда жалгыз Жоомарт Бөкөнбаевдин эстелиги гана мыйзамдуу коюлган. Калгандары мыйзамсыз турат. Болгондо да алар жалаң эле бир өрөөндөн, түштүктөн болуп калган. Муну мен бөлүп-жаруу үчүн айткан жокмун. Байкамаксан болгондо болбойт. Ким жулунса ошол коюп атат. Насирдин Исановдун эстелигин Аскар Акаев түштүктөгү бийлигин узартам, түштүк элине жагынам деп койдурткан. Буларга эстелик коюлсун, бирок момундай жол менен эмес. Темиркул Үмөталиевдин эстелигин Кубанычбек Жумалиев премьер болуп турганда туугандык, жердештик кылып койдурткан. А Жумабек Ибраимовдун эстелигинин ордуна 1995-жылы Исхак Раззаковдун эстелиги коюлат деп менин боюмдай таш коюлган. Кийин Жумабек Ибраимовдун эстелиги коюлуп калыптыр. А чынында Раззаков ким, Ибраимов ким? Ошондо мага бирөөнүн мүрзөсүнө башка бирөөнүн эстелигин койгондой таасир калтырган. Коомдук ишмерлерге ушундай да болобу кокуй десем, эми айла канча деп кол куушурушкан» дегем.

Ушундайларды айтып койсом түштүк-түндүк деп бөлдү деп атышат. Мен бөлүп- жарганга жаратылышыман каршымын. Бирок бөлүп-жарылып атса, билмексен болуп атса, жулунуп атса кантип айтпайсың? Айтыш керек. Дегеле эстеликтерди коюу маданияты бизде жулунгандардыкы эле болуп атат. Жулунбаган үчүн Түгөлбай Сыдыкбековдун көзү өткөнүнө 15 жыл болгонуна карабай эстелиги тургай, көчөгө да аты коюла элек. Атын Бишкектеги эч ким билбеген, үзүлгөн Линейный деген көчөгө коюшуптур деп уктук. Андай болсо ал жарабайт. Эстеликтерди коюуда да өтө атактуу, ар-намысыбызды көтөрө турган, дем берип, курчута турган инсандарды гана эске алышыбыз керек. Мына, Чыңгыз Айтматовдун, Манастын эстелиги коюлду. Булар боюнча да ар кандай кеп-сөздөр чыкты. Менимче, ар бир инсан эстеликке татыктуу болсо, сиңирген эмгегине жараша эстелиги болуш керек. Эстеликтерди өтө жайнатып кое берүүнүн да кажети жок. Кыскасы, эстеликтер биздин сыймыгыбыз болуп, сырттан келгендер бул элде ушундай атактуу адамдар болгон турбайбы деп суктангыдай болушу керек. Мен айтпаган сөздөрдү бузуп айтышыптыр. Айта беришсин. Азыр кырк уруу болуп жашасак мыкты болобуз дегендер да бар, элди бөлүп-жармак түгүл, андай пикирлерди мен туура көрбөйм. Кыргыз бир эл катары бирдикте түндүк-түштүгү, батыш-чыгыш жок бөлүнбөй гана жашаганда өнүп өсөбүз.

Мелис Совет уулу, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 23.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий