Шакен эженин элге жасаган эмгеги

Тарыхыбызды өчүрбөй сактап, аларды кийинки муундарга жеткирүү үчүн музей түзүп, эмгектенип жаткан кызматкерлердин эмгеги баа жеткис. Биз Ак-Талаа районунда тарыхый музейди түзүп, кийинки муундарга мурас катары калтырган Абдиева Шакен эженин зор эмгеги жөнүндө айткыбыз келди.

— Музей түзүү оңой эмес. Түзүү демилгеси кандайча көтөрүлгөн?
 Өзүм 21 жыл маданият тармагында иштеп, маданиятка эмгек сиңирген ишмер деген наам алгандан кийин, 2000-жылы бул кызматты жаштарга өткөрүп бергенимде, ошол мезгилдеги Ибраим Жолдошов деген акимибиз бир имараттын ачкычын колума тапшырып, сизди бошото албайбыз, жумуштан кетсеңиз дагы бир жакшы музей түзүп бериңиз деген сунуш киргизди. Ошондо бул жай ондоого муктаж, тосулган бөлмөлөр эле. Көп өтпөй белсенип башка сүрөтчү балдар Кожогулов Алмаз, Рыскул Акматбековдор менен ушул жерди бүткөрөлү деп мурдагы райкомдун имаратынан бөлүп берген төрт бөлмөгө оңдоо иштерин жүргүзүүнү баштадык.

— Каражатты кайдан алдыңыздар, музейди түзүү оорго турса керек?
 Ошол эле райондо эмгектенген кызматкерлер бир күндүк, үч күндүк эмгек маяналарын бөлүп беришип, ашар жолу менен бүтүндөй Ак-Талаанын жашоочулары кол кабыш кылып, ойдогудай жакшы музей түздүк. Музейди түзүү өтө оорго турду. Биз бул имараттын чатырынан бери алмаштырып, оңдоо иштерин жүргүзүп коюп, анан экспонат чогултууга туура келди. Бир бутубуз Бишкекте, бир бутубуз Ак-Талаада болуп, абдан кыйналдык. Жанымда эмгектенген кызматкерлердин, райондун жашоочуларынын салымы абдан чоң. Менин жанымда Мурзакматова Нурила деген кызматкер, эки сүрөтчү, кароолчуну кошуп алып, чогулган каражат менен чапкылап районду кыдырдык. Сүрөтчүлөр биздин бул жердеги карагайларды кабыл албай, атайын Россиядан карагай алдырып, жакшы сапаттуу музей түздүк. Музей 2002-жылдан бери иштеп жатат. Быйыл туура он жыл болот. +зүм бул музейде 2008-жылга чейин эмгектендим. Андан кийин Апилов Мыктыбек деген жигитке өткөрүп бергем, азыркы учурда директор болуп иштеп жатат. Ар дайым барып көз салып турам. Ак-Талаага келген министр же алыстан келген сыйлуу коноктор болобу музейди көрүп кетишет. Музей биздин тарыхыбыз, музейлерди куруп, азыркы жаштарга жакшы таалим-тарбия берүүбүз керек.

— Эмне көйгөйлүү маселелер бар?
 Тарых деген тарых боюнча калуусу керек. Ушул музейге ысымыбызды койдуруп алабыз деп элди үндөп чуркап жүргөн адамдар бар экендигин угуп көңүлүм ирээнжийт. Ал тургай бул музейди чуркап жүрүп түзгөн менин атым да коюлбайт. Эгер кызыккан адамдар ошончолук эле музейге атын койдургусу келип жатса, башка музей түзүп алып койдура беришсин.

— Музейде негизинен эмнелер бар? 
— Музейдин ичинде Тайлак баатырдын, Ак мөөрдүн, Ак-Талаалык профессорлордун, илимдин кандидаттарынын, 1936-жылдан бери жергебизде кандай адамдар жашап өткөндүгү, районго жетекчи болгон адамдар туурасында маалыматтар кенен. Муну менен катар эски оокаттар — ата бабаларыбыз колдонгон орок, чалгы, көөкөр жана башкалар, Ак-Талаанын өсүп-өнүгүү көрсөткүчтөрү, канча мектеп бар, аларды кимдер курганы да камтылган. Азыркы учурда экспонаттын саны 2800гө жетти. Райондун аймагынан көрүүчүлөр, окуучулар экскурсияга келип турушат. Экспонаттын көптүгүнөн 4 бөлмөбүзгө батпай бара жатат. Келечекте экспонаттар тематикасы боюнча өз-өзүнчө болуп жайгаштырылса деген оюм бар.

Айнура Шайкеева, “Айыл Деми”, 11.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий