Ричард Хевитт: шпион да, жөөт да, миссионер да эмесмин

– «Манас» эпосу тууралуу «Жоголгон табылды» аттуу илимий эмгегиң бүгүнкү күнү англис тилинде жарыкка чыкканы маалым болду. Сөздү ошол жаатында уласак, китеп канча нускада жарык көрдү?
– Европа тарапта китеп чыгаргандар 500 же 1000 нускада чыгарбайбыз. Адегенде түп нускасын (бир даана) басмаканадан чыгартып, китепти интернетке жайылтабыз. Эгерде кызыгуулар пайда болсо, кийин ошого жараша керектүү нускадагы китепти басып чыгаруу практикаланган. Мүмкүн 1000, же 500, же 100 дегендей… Меники азырынча 200 гана нускада жарык көрдү.

–Китептин негизги маани-мазмунуна кыскача токтоло кетсең?
– Анда негизинен улуу пайгамбарлардын тагдырына Жакып менен Манастын ушунчалык окшош тагдырларын салыштырып карагамын. Мени башынан эле кызыктырганы – «Манас» эпосунун сюжеттери улуу пайгамбарлар туурасындагы тарыхый далилдерге дал келгени. Андагы каармандардын тагдыры гана эмес, жадагалса мүнөздөрү да бири-бириникине абыдан окшош. Анан калса кыргыз салты да байыркы пайгамбарлардын үрп-адаты менен бирдей экени кимди болбосун кызыктырбай койбойт.

– Учурда коомчулукта «Манастын» тегерегиндеги талаш-тартыштар күч алып турган мезгилде сенин англис тилинде жарык көргөн эмгегиң да айрымдарды шектендириши мүмкүн. Себеби жакында белгилүү аалым Омор Сооронов сенин дарегиңе биртоп сын айтты. Мисалга сени Батыштан келген «жөөт», «шпион» «миссионер» деп чочулап атканын жашырган жок. Ал эмес атайы жөөттөрдүн саясаты менен «Манасты» изилдеп атат деди. А кишиге сен кандай жооп айтаар элең?
– Эми кыргыздар менен тарсалардын (христиандарды) же еврейлер менен кыргыздардын түбү бир дегенден таптакыр алысмын. Омор Сооронов менин изилдөөмө ушундай көзкараштан карап, канча жылдан бери чочулап жүрөт. Мен ал кишинин кыргыз адабиятындагы эмгегин абыдан терең баалайм. Мен айтаар элем, Сооронов өзү Советтик идеологиянын рамкасында тарбияланып калгандыктан, «Манас» боюнча изилдөөмдү илимдин көзү менен карагысы келбей атат. Ошентсе да Омор аксакалга таарынычым жок, тек гана «Манастын» чексиз, түпсүз экенин терең түшүнгөн киши катары Манас же болбосо Манастын атасы Жакыптын сюжети менен улуу пайгамбарлардын тарыхындагы окшоштуктарды бутага алган илимий эмгегимдин маани-мазмуну менен жакындан таанышпай туруп эле менден үрөйү учуп атканына түшүнбөйм. Кыргыздар эч качан жөөттөр менен жуурулушпай турган эл. Кыргыз өз дини, өз дүйнө таанымы бар, түпкүлүктүү калк. Мени аны иритип-чиритчү «шпион» да, «жөөт» да, «миссионер» да эмесмин. Мен силер менен мамыр-жумур эле жашап жүргөн адаммын.

– Болуптур аныңа. Бирок ошентсе да азыркы тапта англис тилинде жарык көргөн китебиң туурасында кабарды «24kg» маалымат агенттиги өз оозуңдан эң биринчилерден болуп угаары менен биздин арабыздагыларда да шектенүү болбой койгон жок. Сен дегеле Манас темасына ушунчалык кызыгып калганыңда бир мандем бар сыяктуу…
– Мен 6 жашка чыкканда өз атамдын дининен баш тарткамын. Мунүчүн далай жолу токмок да жедим. Кийин 16га чыкканда ыйык китептерге кызыгып, диний адабияттарга көп көңүл бура баштадым. Бирок ал китептерге кайсы бир чиркөө же мечиттин үгүтү менен кызыкканым жок. Болгону өзүмөн өзүм берилип кеттим. Артымда эчбир диний секта же демөөрчүсү жок эле кийин Кыргызстанга келдим. Келгенде да таптакыр башка максат менен… Бирок бара-бара кыргыздын каада-салты, «Манас» эпосу тууралуу угуп калып, баягы ыйык китептердеги сюжеттерге дал келишкен нерселерди өз көзүм менен көрүп, угуп, окшоштуктарды изилдөөгө, салыштырууга баш байлаганга туура келди. «Манас» темасына кызыгып калуумдун башка эч сыры же мандеми да жок. Болгону убагында диний адабияттардын таасирине катуу берилген экем, кийин ошол ыйык китептердеги байыркы турмуш кадимки 21-кылымдын босогосунда жашап аткан кыргыз элинин бүгүнкү турмушунда сакталып калганы – менин тагдырым үчүн күтүүсүз белектей туюлду. Балким «Манас» эпосу туурасында эч нерсе укпаганымда менин тагдырым да таптакыр башка болмок. Кийин өзүм байкаган окшоштуктарды жаза баштасам эле ушул болду: менин илимий эмгегимден чочулагандар чыкты.

– Демек, бул темага кайсы бир диний ишенимден эмес, жөн гана турмуштук илинчектен байланып калгамын дегенди айткың келеби?
– Ооба. Мен деле Омор Соороновдун принцибин карманган адаммын: кыргыздар өз динин алмаштырбасын, тарыхын бурмалагандарга жол бербесин, өз баалуулугун тапсын, байыркысын унутпасын.

– Азыр теңирчилер менен исламчылардын ортосунда да билинбеген тирештер пайда болуп келаткандай. Сен кайсы жагындагылардын пикирин колдойсуң?
–Мен тиги жагындагыларды да, бу жагындагыларын да колдобойм. Анткени аркимисинин өз чындыгы бар, пенде деген ушул экенбиз да… Бирок кандай болбосун баарыбыз тең диний талаштардан сак болушубуз керек. Бул өтө аяр, өтө кооптуу нерсе.

– Сен теңирчиликти дүйнө тааным катары санайсыңбы же дин катарыбы?
– Кыргыз кайсы бир диндин астында эмес, үстүндө болууга тийиш. О.э. диндин ичинде эмес, сыртында болгону ийги. Мындайча айтканда, динден көзкарандысыз болушу керек деп ойлойм. Негизгиси кыргыз кайсы бир диндин бутагына же агымына кирип кетпеши керек. Силер байыркы элсиңер, ошондуктан түпкүлүгүңөрдү унутпай, ошол түпкү баалуулугуңарды таанышыңар керек.

– Демек, «Манас» темасына дин өкүлү катары эмес, илимпоз катары кызыгыпсың да?
–Ооба, мен бул эмгекти илим катары гана изилдеп келатам. Бирок өзүнөн өзү динге байланыштуу суроолор жаралбай койбойт экен да, себеби, «Манастай» улуу эпостун тегерегинде кантип талаш-тартыш болбой койсун. Биз дин жөнүндө талашып-тартышканыбыз туура эмес.

Маалымат үчүн: Ричард Хевитт – 18-19 жылдан бери Кыргызстанда жашайт. Кесиби – агроном. Өзүнүн айтымында, адегенде Кыргызстанга айыл чарба багытында теория жана практикалык иштер менен келип, Нарын облусунда иштеп калган. Теңиртоолуктар менен үйбүлөлүк катышта тыгыз байланышып жүрүп, эл оозунан улуу «Манас» эпосу тууралуу угуп калат. Эпостун таасири аны илимий изилдөөлөргө түртүп, акыры өз кесибин таштап, «Манас» боюнча материалдарды Ыйык китептеги пайгамбарлар менен салыштырууга өтөт. Учурда ал Кыргызстан жарандыгын алып (2010-жылы алганы белгилүү), борбор калаабызда жашайт. Колуктусу Корнелия экөө жетим балдар үйүнөн эки эркек бала багып алган. Алардын бири – Семетей, экинчисиники – Каныбек.

Кыргыз коомчулугуна ал Рысбек деген ат менен белгилүү. Өзү кыргыз тилинде эркин сүйлөйт жана кыргыздын каада-салтын жакындан билет.

Олжобай Шакир, «kyr.24.kg» MA, 30.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий